«... Мага болбойт чалынуу да, жыгылуу!»

  • 21.04.2021
  • 4481

Аалам төрдөгү поэзия ышкыбоздорунун сүймөнчүгүнө айланган Боз Торгой (Гүлзира Аматжанова) деген ысым бар. Бир топ жылдардан бери ушул кыздын посторуна т.а. ырларына эң көп “жакты” деген белги басылат. Жан дүйнөсүн, андагы өзүн, өзүнүн аёолуу, сырдана, чиеленген сезимдерин ушул кыздын ырларынан таап, тилектеш, саналааш, сапарлаш болгондор да арбын.

Сөзүбүз куру болбосун үчүн адегенде эле ФБ баракчасын колдонуучулардын пикирине назар таштап көрөлү: Арзыгүл Абдибалиева: “Аябай кыйын учурда жан дүйнөгө тынчтык бербеген санаалар кыйнаганда Боз Торгойдун страницасын ачып, ырын окуп, жеңилдей турган дары таап алдым окшойт. Кээде ыйлап, анан күлүп, кээде ырларынан позитив алып жашап калдым”, Айнура Максуталиева: “Ырыңдын бир сабында канча сыр, канча табышмак...”, Айгерим Таалайбекова: “Эң сонун! Берилүү менен окуганда, көзүңө жаш тегеренип, жүрөгүңдү ордунан бир булкуп койо турган ыр болуптур.” (Аскарбек) Асадулло Жакшынбек уулу: “Кремет! Менин жүрөгүмдөгү, күндөгү ойлорумду, дегеле адамдардын ички дүйнөсүн аңтарып чыккандай таамай жазасыз да э-эй. Бул чеберчиликтин мыктылыгынан. Калемиңиз курчуй берсин!”, Алмаз Адишев: Айланайын Күзгү... Мукам муза Боз Торгой. Чырактай кыздын чыгармачылыгы байтүп чынардай. Ар дайым биз каранып, уялып, таранып, тазарып, түздөтүп турчу Жан Күзгү, Эс Күзгү, эсен жүр... Эстетикалык эргүү берди элге. Рахмат.” деп тамшанган ушул сыяктуу комментарийлердин көптүгүнөн санак жетпейт.

Аялды ар тараптуу ачып берүү, аялдын татаал ой дүйнөсүн, табышмактуу ой сандыгын жекеликтен жалпылыкка айландыруу ар кимдин колунан келе бербейт. Боз Торгой: “Башканын баскан жолун билүү үчүн, \ ал кийген бут кийимди кийүү керек” дегендей, аялды аялчалык эч ким билбейт. “Ал таткан даамды татып көрүү үчүн-, \ жүрөгүн сурап көрүп сүйүү керек” деп жазгандай, аялды аялчалык эч ким талдабайт. “Ал кийген көйнөктөрдү кийбегендер, \ тардыгын, кеңдигин да сезбегендер-, \ Сын айтып териштирип кереги жок-, \ ал баскан жолду басып көрбөгөндөр...” деп жыйынтык чыгаргандай, аялдын ааламынын ачкычы ар бир аялдын өзүндө, өзүнүн колунда, өзүнүн жүрөгүндө. Ошол аялуу, аздектүү ары татаал, көп кырдуу, көп сырдуу, баскан из менен чыккан из байкалбаган чытырман токой сымал автордун: “Аял болуп кайра аялды жек көрүүң, \ бакытына көз артууңдур башканын?...”; “Сен өрттөнгөн өрттөн жанын аянбай, \ сени өрттөгөн отто - сендей күйө алган! - деген ыры менен айтканда, дүйнөнү аялчалык тааныган, анализдеген жан барбы?

Эркек акын-жазуучулар айрыкча орус жана дүйнөлүк адабияттагы классиктердин баш оорусуна айланган аял темасына ушул кезге чейин чекит койгон бирөө-жарым болгон жок. Табиятынан назик, үлбүрөк жаралганы менен жаратылыштын миң сырдуу, миллион кырлуу табериги сындуу суктантып, тамшантып ал гана эмес мыжыгып, тытып жибергидей абалга  жеткирген психологиялык кырдаалдын себепкери -Аялды таанып-билүү түбөлүктүү тема айланганы менен эсептешпеске арга жок. Мезгил, доор, коомдук формациялардын өсүп-өнүгүшүнө, бүгүнкүнүн модасына айланган глобалдаштыруу араанында деле аялзатына болгон түркүн түрдүү көз караштардын тенденциясы өзүнүн апогейине жете элек. Жетерине да көз жетпейт. Демек, адам баласы жашап турган өткөн-кеткен жана келерки чакта деле аялзатынын ыры ырдала берет, ырдалып да бүтпөйт.

Ошол себептен автордун ырларына болгон кызыгуум капилет ойгонду деп айта албайм. Боз Торгойдун ырларын жактырган, сүйүп окуган окурмандарынын өзүнчө аудиториясы пайда болгону кубандырат. Бирок акын кыздын поэзиясынын тилин, дилин, дээрин, айтайын деген оюн аңдап-билген, ага саресеп салган адабий журтчулуктун жымжырттыгы тынчсыздандырбай койбойт. Акындарга кол чаап кубаттаган жакшы, ал эми акындын демине дем, канатына канат, дилине мээр чөптөй дары, күч-кайрат берген ой-пикир менен анализдин болгону андан артык. Анткени, акындын таланты элдин таразасына түшүп турса, ого бетер эспандердей көкөлөйт, башы булутка жетчүдөй чамгарактап оожалат. Мени социалдык желенин окурмандарын бура бастырбай кармап турган кайсы күч болду деген ой азгырды.

2020-жылдын жаз айында “Боз Торгой” деген (Бишкек-2018) ырлар жыйнагы колума тийип калды. Китептин артындагы автор жөнүндөгү кыскача маалыматтан Боз Торгой деген ылакап атты алып жүргөн Аматжанова Гүлзира деген кыз Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Капчыгай айыл өкмөтүндө мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Жалал-Абаттагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, ОшПИ кыргыз тили жана адабият бөлүмүн сырттан окуп бүтүрөт. Учурда Россиянын Красноярск шаарында жашап, ишкердик менен алектенгени маалым болду. “Экинчи-үчүнчү класста ыр чиймелей баштагам. Биринчи “Бөбөгүмө” деген ырым “Байчечекей”, “к” тамгасынан куралган “Калаалык кыз Калыя” деген кичинекей аңгемем “Ленинчил жаш “ журналына жарыяланган. Анын акыркы жолу студент кезимде жазып жүрдүм. Турмушка чыккандан кийин ыр жазууну токтотуп, кайрадан 2015-жылдан баштап Фейсбукка жарыялай баштадым”- дейт автор.

Гүлзира ыр жазууга мектептен кызыкканы, ара-чолодо дубал гезитке чиймелей койгону менен акындык таанымга  ээ болуу үчүн жанын үрөп аракеттенбей эле, тагдырдын башка салган таржымалынан өзүн-өзү жазган, өз дүйнөсүнөн жеке автопортретин табууга умтулган акындардын категориясына кирет. Өзгөлөргө өзүн жазган оңой туйулганы менен өзүн жазуудан өткөн азап жок. Өзүм деген биринчи жактагы “менди” “ биз” деген көптүк формага айландыруу тобокелчилиги ийгиликтүүбү же ийгиликсиз болобу – башкы маселе ушунда. Адатта ырга шыктуулар жазганын көтөрүп алып гезит-журналдарга бастырып, аттуу-баштуу акындардын “батасын” алганга ашыгып турат эмеспи. Андай жулунуу, атакка ашкере умтулуу, атын чыгарууга далалаты деле байкалбайт.

“Акындык өнөрдүн башкы вазыйпасы төрт сап ыр жазсаң да өзүңүн жан дүйнөңү чагылдыруу, ички карама-каршылыктын чындыгын жашырбай жазуу. Поэзия алпы Алыкул айткандай, ырга калп айтпоо, дагы бирөө жазгандай, ырды жасап эмес, жашап жазуу... Жашап жазылган ырлар гана бирөөнүн жүрөгүнөн орун таба алат” дейт өзү. Басмырт, ыйбалуу, кем сөздүү, өзүнүн жана башкалардын чөйрөсүнөн, адамдардан өзүн окчун кармап, купуя жан-дүйнөсүн этияттап, бапестеп келаткан акынды ыр жазууга ынтызар кылган факторлор кайсылар болду экен деген ой баш багат. Келиңиз, акын кыздын ырлар жыйнагына үңүлүп көрөлү.

Китепти ачарыңыз менен мына мындай саптар тагыраак айтканда, эки куплет ыр акындын кредосундай туйулду.

Мага болбойт чалынуу да, жыгылуу!
Ушул күндү керек - басып өтүшүм...
Көз жашымды кулатканга акым жок,
Жакпайт мага-алсыз жандай көрүнүү...

Чарчаганым дагы жакпайт- бүгүнкү,
Кайратыман кайткан күндү кечирбейм!
Басканымды байкоочулар, атайы -
Күтпөгүлө, күтпөгүлө - жеңилбейм...

Ал ушуну менен бүтпөйт, мындагы көшөрө айтылган ой жыйнактын башкы барагынан кийинки барактарында “Сынсам да турмушумда, чогултуп сыныктарым, \ Кайрадан бүтүн болом, жамактап жыртыктарын” (17-бет), “Мен өзүмдү коргош үчүн өзүмдөн, \ Сага өлүп, кайра өзүмө төрөлөм!...”(67-бет), “Тизмедеги көптөрдөн бөлүп, \ Өз атымды келет өчүргүм.” (170-бет) дегендей, чыңалып-чыйралып, өң-түсүнө чыгып, окуган сайын сергек, сезимтал, максаттуу ойлорго жетелейт. Биз анын ырларынын жалпы аялзатына таандыктыгын мойунга алганыбыз менен өзү кандай аял, кандай акын деген собол келет.

Ыр жазган аялдын жан дүйнөсү тынчсыз, анын беймарал жүргөн күнү жок, анткени  поэзия жаратам деген акындын ыр жазуу түйшүгүн, жан азабын тарткандар, ыр окурмандары эмес, ыр жазгандар жакшы билет. “Мен өзүмдөн кээде катуу коркомун” (59-бет) деген ырында убайымга, санаага, үмүткө жетеленген жан дүйнөнүн ыймандын сыры угулат.

Эрким күчтүү майтарылбас деп жүрсөм,
Мен өзүмдөн качан калгам жеңилип?
Кышым менен тынч жашоомду кечирип,
Жүргөн кезде - калдым жазга кезигип...

Кышка-жазым калбаса экен жеңилип...

*     *     *

Качып чыгып жазды тосом буюрса,
Эрип кетип жок болууга макулмун.
Болгум келбейт муз сарайга каныша,
Кечиксе да жазга билем, жакынмын..

Турмуштун айынан туулган жерин таштап, учу-кыйыры көрүнбөгөн кең Россиянын Красноярск шаарында үч баласы менен жашоо кечирип, көр тириликтин мыйзамына  жараша эл катары жашаганы менен өзү айткандай: “бир кыркым сөөгү жок, кызыл эт-жүрөктүн” буйругун аткарып, поэзия дүйнөсүнөн өзү каалаган: “Жети түстүү күн желеси тартылган”, “Ыр тагынчак тагынсам дейм, сөз топтоп...”, “Ыр жыттанган тоо гүлдөрүм ачылат”, “Ыр боёогум мүмкүн мени карытпайт?... демекчи, өзүнө гана таандык, өзүнө гана ылайык, өзгөлөргө алмашкыс ыр-көйнөктүү болууга умтулган таланттуу кыздын инсандык принциби да сыйлоого, эсептешүүгө аргасыз кылат. Башкаларга окшоп, кааласа-каалабаса да көпчүлүктөн калбайын деп куру кептин, бекерге кеткен убакыттын, той-тамашанын, оюн-күлкүнүн, жашоонун жалтыр-жултур кызыкчылыгынан өйдө турарын минтип жар салат.

Кечелер. Табити жок кымбат кийим.
Анан да аягы жок, супсак суроо.
Куурчактай жасалма наз, кайдыгер сөз,
Калп күлүү, көңүл үчүн - калп куттуктоо...

Ким-кимдин болгон азыр көңүлдөшү,
Кимдиндир көптөн бери көрүнбөөсү,
Маанисиз, зериктирме боз түстүү сөз -
Жаңы алган кымбат таштар жөнүндөгү...

Жасалма мамилеңер мага да суз,
Ырларым - силерге да кызык эмес,
“Ыр жазат... имиш...” деп да айтаарсыңар,
Талкууңар үчүн болом бир күн себеп...

Мен башка, кечиргиле, мени демек... – деп айтат “... “Айымдар чөйрөмдөгү кечиргиле” (91-бет) деген ырында.

Акындын ырларынын тематикасы ар түрдүү болгону менен жан дүйнө абалдарын чагылдырууда башкаларга окшобогон өзгөчөлүк менен артыкчылыкка ээ. Ал кээде ушунчалык желдей жумшак, үнсүз шыбыштай, кээде чарт-чурт жаркыраган чагылгандын сыныгындай, албууттанган шамалдын таскагындай туюлат. Акын өзүн жазганы менен бүтүндөй аял дүйнөсүн ачып, анын ар бир көз ирмемдерин кармап калууга аргасыз кылат. Боз Торгой аял дүйнөсүнүн рентгенологу, психологу жана сырдашы менен камкорчусу.

Ырдын касиет-кудурети жөнүндө орустун улуу сынчысы В.Г.Белинскийдин: “Поэзия бактагы кулпурган роза гүлүн сүрөттөйт, анын жалаң заттык жагын алып таштап, анын жыпар жытын, назик өңүнүн кулпурушун алат да, ошолордон жаратылыштагыдан да башкача өзүнүн назик жана кооз гүлүн жасайт” деп айткандай, Боз Торогойдун поэзиясынын башкы орбитасында аялдын жан дүйнөсүнүн саат сайын (мүмкүн күн сайын) өзгөрүлүп, кулпуруп, түрлөнүп, агынан жарылып же тескерисинче жанын кашайткан, жүрөгүн мыжыккан суроолорго жооп таба албай жан алакетке түшкөн абалын, көз карашын, сезимдерин, ой чабыттарын образдуу туюндуруу чеберчилиги өнүккөн, ал интерпретациянын күчү менен жалпыга таандык даражага өсүп жеткен.

Поэзиясынын атрибуттары катары кызмат кылган жыл мезгили: айрыкча жаз менен кыш, түн менен караңгылык, ай менен жылдыздар, жарыгы өчпөгөн терезе, жамгыр, шамал, жамгырдын мөлт эткен тамчысы: “Коркуп кетем, аяп кетем өзүмдү, тамчы болуп, тамып бүтүп калчудай...” деп айтканы сыңар, өзүн курчап турган дүйнөдөн, жаратылыштан, өзү жашаган чөйрөдөн, ал предмет т.а. алган объектиси чоңбу-кичинеби же байкалабы-байкалбайбы – мааниге ээ эмес, турмуштан ой алып, аны поэзиянын багынан жасап-түзөп, чач жасалгасы менен кийимине, порумуна, айрыкча ички тулкусундагы ой туундусуна, ой берметтерине басым жасайт.

Мен жок кезде араласаң шиберди,
Шүүдүрүмдөр көз жашымдын тамчысы,
Арасында дат, чаң басып жаткандыр -
Сен жоготкон жүрөгүмдүн ачкычы... ( 37-бет)

Жалгыздык акындын ыр жаратуудагы концепти, жалгыздык ой түйүнүн чечмелегенге түртөт, жалгыздык аны кадыресе кишилер туйбаган нерсени туйдурат, сезбегенди сездирет, жалгыздык анын личностук калыптануусуна жол ачып турат. Ал жалгыздыктан коркпойт, кайра жалгыздык аны чыйралтып, ийлеп, такшалтып, эркин бекемдейт, өзү менен өзү күрөшүүгө үндөп турат, жакшы ырлар жазганга, изденгенге жанына кубат болуп берет. Ишенбесеңиз, мына бул саптардан авторду өзүн издеп көрүңүз.

Бүгүн дагы кечти жалгыз кечирип,
Жалгыз аял ойлуу тартат, муңайым...
Кусалыктын кучагына бой таштап,
Түнгө арнайт-жаш чайыган чырайын...

Күтүү болгон жандап жүрчү курдашы,
Жалгыздыгы - жары болгон, кыйбасы,
Кара чачын караңгы түн уйпалап,
Терезеси болуп калган сырдашы...

Сары түстүү сагынычтан көйнөгү -
Келбетинин көркөмдүгүн жашырып,
Кымбат болгон адамынын элесин
Катып жашайт карегине батырып...

Өзүнүн автопортретин тартып жатканда өз күчүнө, эркине, талантына ишениминин бекемдиги, күчтүүлүгү сезилет. Кайнаса каны кошулбаган сапаттар: дирилдеген назиктик, уяңдык менен тартынчаактык, сырданалык менен сыпайылыкка карама-каршы беттегенинен кайтпас тайбастык, өзүм билемдик, көктүк менен өжөрлүк муюган мүнөз-пейилин, кыял-жоругун да жашырбайт. Аны биз жөн эле айтып жаткан жокпуз, автордун “Мени издебе” (38-бет) аттуу төмөндөгү ырлары буга айкын күбө.

Кечээ гана бүтүн элек бөлүнгүс,
А мен жээкте калгым келди алыстап,
Колдон келет, менсиз деле сүзүп көр,
Бир сулууга коём сени табыштап...

Кайрылгандай басып өткөн издерге,
Кайра кайтып мени жээктен издебе,
Таштап кетем... бирок өзүм жок болом,
Жоолугумду жээкке өскөн шиберге...

Биринчи-экинчи жак мүчөлөрүн аттап отурбай эле, ар бир строфасынын тулкусуна кылдаттык менен кынаптап, эч бир жеринен шек алдырбай, аздектеп тартылган көркөм тасмадай  тартып берүү чебердигине тан бердиртет. Лирикалык “мен” таарынган, көңүлү калган кишиси менен бетме-бет келгенде, ичиндеги ызаасынан күйүп-жанып турганын сездирбей-билдирбей, башка бирөө менен менсиз жашап көр. “Бир сулууга коём сени табыштап...”деп, тымызын кектейт. Мурдагы  көзгө, дилге, тааныш аял жок, таптакыр башкача аялды көрүп, “Кызганычка эми менде себеп жок” дедирген бейтаанышка айланат да, “Таштап кетем... бирок өзүм жок болом, \ жоолугумду жээкке өскөн шиберге...” өзүн тааныбай каларына бекем ишендирип таштайт.

Боз Торгойдун поэзиясына дасыккан кыл калемгердей чебер сүрөткерлик мүнөздүү. Ал интимдүү лириканын жеке өзүнө таандык жүгүн көтөргөн, лирикалык каарман “мендин” өзөктүү белгилерин, нарк-насили менен күч-кудуретин  таасын тааныткан кыл калемгер. Анын “Жалгыз аял” (36-бет), “Жаады кар” (44-бет), “ Кышкы түндөгү ыр” (42-бет), “Сагыныч” (53-бет) деген ырлары турган турпатында лирикалык этюддардын катарын толуктайт. Жаратылыш менен жан-дүйнөнүн ич ара карым-катнашы, ажырагыс биримдиги, табият менен табиттин айкалышкан синтези, предметтен элестүү, реалдуу, жандуу образ жаратууга шыктуулук таасын байкалат. Мисалга: “Сары түстүү сагынычтын көйнөгү”, “Каалгып учту жерден сапар түгөтүп”, “Жетип-жетпей алаканым отуна”, “Калың жууркан жапкан түндү сагындым”, “Жомогунан кышкы түндү тапкым бар” деген ыр саптарын келтирүүгө болот.

Сүйүү темасын жазбаган акынды издеп табыш дегеле кыйын, болбогон иш. Анын сыңарындай Боз Торгойдун сүйүү лирикасында жалбырттаган оттуу сезимдерге “сүйдүм-күйдүмгө” караганда, лаззатын баштан өткөрүп, андан көңүлү сууган маанай, ошол табышмактуу сезимдин себеп-жүйөөсүн табууга, таарыныч менен кекти, жек көрүү менен көңүл калгандыкты чечмелегенге дилгирлик, сүйүүдөн сынбай, жүдөбөй, бошошуп, мөгдөбөй, кайра сүйүүсүнөн чыйралып, кайраттанып (турмуштан, сүйүүдөн жолу болбогондор кандай аянычтуу тагдырга кириптер болушканы жалганбы?) курчуйт. Сындыргысы, тебелегиси келгендерге тартынбай, кебелбей түз, ачык каяша айта билет, өз чындыгына бекем туруу жөнүндөгү туруктуу позициясы ачык байкалат. Акындын “Шахмат” (45-бет) деген ырында;

Бүгүнкү беттешүүбүз -
Ак-кара түстө гана,
Балким мен “шах” деп айтам,
Байкатпай туруп сага.

*     *     *

Таймашта кайра менин
Көктүгүм “мат” кыларсың.

*     *     *

Жакшылап жолдор изде!
Мен оңой багынбаймын,

Ал эми сүйүүдөн калган ички каяшасын “сот аркылуу” чечкиси келгенин кантесиз. Бул 51-бетте. Менимче ырды окуп туруп, ырдын тили менен сүйлөгөн жакшыбы дейм...

Мен сени сотко берем,
Абийириң соттоп алсын.

*     *     *

Күбөлөр мен тараптан
Таарыныч, Ызаа келет.
Далилин тактап айтып,
Көрсөтмө катуу берет!

*     *     *

Күнөөңдү жеңилдетчү
Актоочу макул, Сүйүүң.
Жактоочуң - Өкүнүчүң,
Эң жакшы мени билүүң...

Жашоодо абийир сотунун азабынан ашкан азап болбосо керек.Турмушта ажырашкан түгөйлөргө ушундай көрүнүш, ички туйгулар жат деп эч ким айта албайт. Расмий түрдө же жөн эле ич ара келишим менен ажырашкандын өзү оор процесс. Эки жактын тең жанын карайткан, жан дүйнөсүн азапка салган эки ача айрылыш жолду тандоо оңойбу?... Аялга жаратылыш назик, жумшак, сүйкүмдүү ырай-чырай бергени менен жан-дүйнөнүн чагылган-добулун кошо берген. Физикалык жактан тең келе албаганы менен кайрат-катуулугу, кекчил, ариетчил, намыскөйлүгүнөн Жер аңтар-теңтер болгонсуйт... Боз Торгойдун ырларын окуп жатканда, эмнегедир эсиме түркүн белгилүү жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памуктун: “Умение быть несчастным среди счастливых - первый признак ума, скорее даже не ума, а проницательности” деп айтканы түштү.

Акындын жыйнагында дээрлик көпчүлүк ырлары лирикалык “мендин” образын ар тараптан, терең жана ишенимдүү (айрыкча психологиясын, мүнөзүн, кыял-жоругун, принцибин, максатын ж.б.) ачып берүүгө арналса, туулган жерге, ата-энеге, Мекенге, балдарына багышталган ырлары да көңүлдөн түнөк тапканга шашып тургансыйт. Китептин 131-бетинен тартып, 173-бетке аягына чейин тема коюлбаган, ички сезимдин ар кыл, миң түрлүү аспектидеги  ачык-туюк, белгилүү-белгисиз, шардана-жашыруун ыргак-кылдарын үнгө салган жалаң эле меланхолиялык маанайдын  кайрыктарынан кабардар болосуз. Аялдын ички сезим-туйгусу анын чачынан да көптүк кылары чын. Анын сыңарындай, аялдагы кызгануу, таарынуу, жек көрүү сезими кандай болорун, акыркы чечимге келгенге чейин ичкеридеги тымызын каршылашкан кармаштын (албетте, сезимдин!) абалдарын, өз принциби үчүн күрөштө текебер, көкбет, тайманбас, кайтпас мүнөзүнөн чалынып-жыгылып, чарчап баратканына карабай, СҮЙҮҮ деген улуу сезимдин актыгы, тазалыгы, тунук жана кайталанбастыгы үчүн жанын сабаган лирикалык “мендин” образы менен жакшылып таанышасыз.

Ыр саптарындагы мындай: “Аялга эрдик- алсыздыгын жашыруу”, “Аялга аял болуп жашоо татаал, \ Аялга аял дагы өчтү үчүн”, “Өгөйгө аялдар да айланышат” деген бүтүмдүн кантип, кайдан жаралганына  ынандырат да, поэзиясынын баш жагында өзү менен өзү күрөшкө чыккан “Чыныдай чачылды эле, төгүлдү эле түмөн” деген сүйүүдөн кагуу жеп, көңүлү калып, турмуштун тепкисинен жабыркаган бечара аялдын, акырында кандайча “Күчтүүгө кайра баштан айлана алды бүгүн!”  деген көркөм ой туюндулары аркылуу баяндоонун, айтып бергенин өзү  жеңиш ким тарапта экенин айгенелейт.

Акын Гүлзира Аматжанованын позиясында кайра-кайра окуганга азгырып турган ажайып бир табиттүү, философиялык көз караштын учкуну жылтырап, өзүнө арбап турган салмактуу, жылдыздуу, ойлуу, учкул канаттуу тилек-кыялга бай  төмөнкүдөй  куплеттер арбын:

Күлгөнүм күзгө айланып сиңип кетти,
Бул шаарга батпай калдым Күз келгенде...
Ээрчитип кетчи менен Күндүү жакка,
Бир шаарга бир эле Күз жетет экен. (153-бет)

*     *     *

...Деңиздин бир аралындай болчусун,
Өз дүйнөмүн таштап келген бөлүгүн.
Эмнеге мен чөгөөрүмдү унуттум,
Эмнеге сен куткарчуудай көрүндүң? (155-бет)

*     *     *

Катарымдан калып кеткен жандарды
Мен эч качан күнөөлүсүң дебесмин,
Кимдир менин Күнүм, кимдир көлөкө,
Кыш келгенде унутушсун... эстешсин...  (158-бет)

*     *     *

Анан билбейм,.. Болдук бекен бактылуу?
Же кийинки жашообузга калтырдык?
Бул жашоодо эрте-кеч билмексиң,
Бул дүйнөнүн бир бурчунда бардыгым...  (167-бет)

Гүлзира өзүн кыйнап, уйкаштыгы төп келген салттуу ырларды жазбайт, тескерисинче көңүл отуна, жүрөк алоосуна каланып, бышып-жетилген, уйкашсыз, бири-бирине кыл келбеген, кээде бирин-бирин жалгап, бири-экинчисине айкалышкан сезим кылдарынан терилип, тазаланып, иргелип келген ойлорунан ыр токуйт. Анын тунгуч ыр жыйнагын окумдуу, сүйкүмдүү кылып көрсөткөн  басымдуу ырларынын катарында эски, шаблондуу кайталоолор “Жашаш керек – эртең үчүн жапжарык” (165-166-беттер), айрым беттердеги ыксыз эзилип-эбеленүү да жок эмес “Өзүмдү-өзүм койгум келген унутуп” (168-бет), мурдатан ырдала берип кулакка жат болуп бүткөн мына мындай саптар “ Жүз биринчи көктүгүмдү күнөөлө!..” ( 160-бет), (“Чарчоонун жүзүнчү ыры” эсиңиздедир...) ырдалып жүргөн обондуу ырды тууроодон  жаралган “Апапак көйнөк кийген мени эсте...” “Мен кеткенде-“ (29-бет) деген өңдүү бир нече ырлары да кирип кеткен.

Акыркы жылдары акындардын айрыкча акын кыздардын ырларына мүнөздүү болгон “үшүү, үшүдүм”, “чыйрыгуу, чыйрыктым”, “уурдоо, уурдалган бакыт” сыяктуу сөз тизмектерин ыксыз колдонуу модага айланып кетти. Мындай массалык мүнөздөгү симпатияны Боз Торгой да көп колдонгон. Мисалы: “Үмүттөрүм үшүп өчүп калбадым”, “Кеч күздөй болуп кайрадан үшүттүң”, “Үшүгөн  жарыгы жок коркпо, мени муздактыгың  үшүтпөйт”, “Жазда үшүгөн көңүлүмдү жылытат” сыяктуу куплеттер да бар. Ушунчалык сезимге жан тарткан, сезимдин абалын туюндурууга  ылайыктуу, эптүү ушул сөздөр канчалык көөдөнгө жакын, ымалалуу сезилбесин, жапырт пайдалануудан арып-азып, таасирин жоготуп, кунарсыз болуп баратканын эске алган оң деп ойлойм.

Ризван Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти

2020-жыл, сентябрь

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз