О`Шакир: Ээрчишкен эки досту эскерүү

– Элмирбекке жолуга элексизби? – деп калчу Зайырбек.

– Зайырбек эмне кылып жүрөт, көрө элексизби? – деп калчу Элмирбек.

Тирүүлүктө, көрүшүп, көрүшпөй калган учурда бири-бирибизден шунетип сурап калмайыбыз бар эле. Азыр кусалуу, өкүттүү угулат экөөнүн мындай суроолору.

– Бир күнү баягыдай чогулбайлыбы, ыя... чер жазыша кобурашып, – деп эле жүрдүк...

Экөө тең көрпай-шөрпай, темир-тезек жөнүндө сөз кылгандарды кыртышы сүйбөйт эле. Темир-тезек дегеним – бирөөсү авто-унаасы, көр дүйнөсү, байлыгы жөнүндө мактаныч кеп баштаса – Элмирбекке да, Зайырбекке да кызыгы жок эле. Экөө тең байлыкты көрпай-шөрпайга, темир-тезекке теңечү. Бул экөөнүн жан-тенинен берилген темасы өнөр, көөнөргүс мурас кеп болучу.

Маданий иш-чаралар болгон учурларда гана кездешпесек, көп учурда ар кимибиз өз тирлигибизден башыбызды суура албадык. Анан капыл-тапыл кезигип калган жерден “тиги кандай жүрөт, бу кандай жүрөт” деп алыстан амандыгыбызды сурашып калчубуз. А көзмө-көз кезигише калганда жарпыбыз жазыла каткырып, тамашалашып, бири-бирибизди чымчылаша чычалатмайын чер жазылмак кайдан...

Зайырбектин “Элмирбекке жолуга элексизби?” дегенинде санааркоо бар эле дайыма. Себеби Элмирбекти көрпай-шөрпай, темир-тезектүү байлар жолдон чыгарып койгон учурлар көбөйдү кийин. Алар кекиртек чертишке азгырып турган талантты сүйүүчөлөр десек болот. Өнөрпоздордун андай күйөрмандары канча таланттардын түбүнө жетип келбеди кыргызда! Шыңаарлашып, талантты шыпшынып мактайт, шыкап ичирет да, ошол чоң талант менен шишелеш дос болгонуна сыймыктана сүрөткө түшкөнүнө маашыр. Аны өз чөйрөсүндөгүлөргө мактаныч кылат. Аны көргөн дагы башкасы Элмирбекке шыңаарлашкан “доско” айланып чыга келет көп өтпөй! Ал да залкар талант менен сүрөткө түшкөнүнө курсант, төбөсү көктө!

Зайырбек экөөбүз Элмирбектин мындай окуяларына канча күбө болгон жайыбыз бар. Элмирбек анан ооруканага жатып дарыланган учурлары байма-бай маалым боло баштады бири-бирибизге. Чалсаң, телефонун албайт. Анан Зайырбек менден же мен Зайырбектен Элмирбектин акыбалын сурашканыбыз ошондон эле...

Элмирбектин “Зайырбек эмне кылып жүрөт, көрө элексизби?” дегенинде да санааркоо туюлуп турар эле. Себеби Зайырбекти да кээде жолдон азгырган достору чыга калып, ак көңүл кургурду аракка шыкап, чоң талант менен чөйчөк кагышканына өзүн каркыбар сезип, Зайырбек менен сүрөткө түшкөнүнө маашыр болбой коймокпу! Анан эле Зайырбектин боор оорусу күчөп жүргөнүнөн кабары бар Элмирбек тынчсызданып калчу...

Бирибизден бирибиз ушинтип сырттан кабар алышып, кейип-кепчигенибиз менен, бирок дайыма эле кимибизди-кимибиз кайтарып жүрмөк элек. Тирликте кезигишкен жерден тилдешсек: “Болду, экинчи аракты оозго албайм. Ансыз да ары барып, кайра келдим” – деген таризде акылга келгенсип жүрүшүп... экөөнү кайра эле баягы “достору” азгырып жолдон чыгарып койгон болот. Ошону менен бир жума, он күндүн ары-берисинде экөөнүн дайынсыз житкен, телефон албаган адеттери бар эле, кайрандар!

Кайрадан кезигишкенде тилдесең, “достордун” көңүлүн кыя албаганын айтып, күнөөлүүдөй күбүрөнүп коюшар эле.

Албетте, бул макаламда эки дос, эки талантты айыптагым жок, ашкерелегим жок. Кыргыздын шору – кымырынып, жашырып-жабуу болуп келген! Биз муну качан аң-сезимдүү түшүнөбүз?! Качанкыга чейин таланттардын түбүнө жеткен себептерди жашырып-жапканга көндүм боло беребиз?..

Андыктан бул макаламда таланттардын түбүнө жетип келген күйөрмандары, досторуна айтаар элем! Тек, эки зор таланттын түбүнө жеткен көрпай-шөрпай, темир-тезектүү “достору” болду дегим бар. Экөө тең ден-соолуктан эрте жашынан ажырады. Экөө тең “досторунун” азгырыгы менен белгисиз житип кеткендиги – экөөнүн тең ак көңүлдүгүнөн, куулук-шумдукту билбегенинен эле! Мактоо кеп – таланттын түбүнө түшүрөр азгырык экенин аңдабаган чыгармачыл адамдардын жалпысына мүнөздүү адет болуп калды бул! Болбосо 42 жаш менен 44 жаш деген эмне?!

Элмирбектин да, Зайырбектин да түбүнө жетүүгө дал ошол шыңаарлап жүргөн “достору” себеп болгонун жаным ачыгандан жазып отургандагым, азиз окурман! Андайлар эки достун үй-бүлөлүк убалынан коркподу! Атпай-журту жер муштап отуруп каларын ойлободу! Таланттардын тагдырына аяр мамиле кылууну ойлонбогондон; сыйга карк кылып жүрүшүп, акыры эки талант тең эрте жашынан ден-соолугунан ажырады. Ден-соолук болбогон адамда анан кайдагы өмүр, кайдагы чыгармачылык өндүрүмдүүлүк болсун. Болбосо экөөнүн элге бергенден берелеги канча эле?! Улутка келген куттан ажыраткан андай “достору” айыбын эми сезип, эми жер муштаар бекен?!

Тулпарды асырай албаган оён тулпардын туягын сындырат экен, бутунан сылтыган чобур атка айлантат экен. Ал эми Элмирбек менен Зайырбектей асыл таланттарды асырай албаган күйөрман сымал “достору” эки талантты мертинтип, акыры жок кылып түбүнө жетерин эми аңдады бекен?! Андай “дос” сымалдардын азгырыгынан канчалаган сүрөтчү, актёр, акын, жазуучу, композитор, обончулардын тагдыры кыйрап келгени...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз