Мукагали Макатаев: Эртең биз жол жүрөбүз

  • 29.04.2021
  • 3878

ЭРТЕҢ БИЗ ЖОЛ ЖҮРӨБҮЗ

Жашың бар, жигит-бозой, чалдарың бар.
Эртең биз жол жүрөбүз, камданыңдар.
Жол узак, бийик ашуу, сапар алыс,
Жаз өтөр, күз да келер, такалар кыш.
Камдангыла. Келечек деген элге,
Кандай биз урмат-сыйды алпарабыз?
Коркокту, ушакчыны катарга алба,
Кеселин тийгизишет сапарга алда.
Кайсы ишти айтабыз Келечекке?
Жакшылыкты таштабай алпарганга,
Жамандыкты бүтүндөй таштагыла.
Сууга ыргыт, отко өрттө жалбырттаган,
Келечек деп аталар өлбөс-өчпөс,
Жакшылыктан жаралган тагдырың бар,
Кыз-кыркын, жигит-бозой, чалдарың бар,
Эртең биз жол жүрөбүз, камданыңдар!
…Тирүү жетсек, Келечек өзү айтаар,
Кимиңердин таштай оор салмагың бар.

БЕШИК БАШЫНДА

Окшошот бар жымжырттык жер бетинде,
Уйкудагы бөбөктүн келбетине.
Ойготмок мындай турсун, ураксат жок,
Уктап жаткан уулумду терметүүгө.
Укта, уулум, укта, бөпөм, кашыңдамын,
Керек эмес дүнүйө, асылдарың!
Бакыт, байлык – бардыгы бир мен үчүн,
Сенин келип моюнума асылганың.
Аймалайсың жанымды күлкү менен,
Тамагыңдан каралдым бүлкүлдөгөн,
He дейсиң сен буртуюп, айтчы күнүм,
Кытыктаган жүрөктү бир тил менен?
…Кандай гана энеден туулат адам,
Бөбөктөрдүн уйкусун кубалаган?!
О, тынчтык! Тынчтык  ̶  бар ыракат!
Кандай ыракат бөбөктөр ыйлабаган!
Окшошот бүткүл тынчтык жер бетинде,
Уктап жаткан бөбөктүн келбетине.
Ойготмок мындай турсун, ураксат жок,
Уктап жаткан уулумду терметүүгө.

ҮНСҮЗДҮК

Баары жымжырт.
Үнсүз асман,  үнсүз  жер,
Үнсүз токой, үнсүз тоолор, үнсүз көл.
Мен да үнсүз, дарманым жок күрсүнөр.
Үнсүз көөдөн…
Үнсүз жүрөк түрсүлдөр.
Баары үнсүз…
Баарында бир сурак бар,
Үнсүз айыл, үнсүз оттор жалындайт,
Бүлбүл араң жанып турган чырактай.
Үнсүз бейит мелтиреп үнсүз кырда,
Үнсүз жылт-жылт агат ана булактар.
Неге үнсүз?
Не көрүнгөн бул жайга,
Үнсүз күздө жашоо үнсүз тынганда,
…Бир машина үнсүз аңыз үстүндө,
Үнсүз зуулдап бара жатат кырманга…

САПСАРЫ ЖАЛБЫРАКТАР

Сапсары жалбырактар…
Керсары жалбырактар…
Шуудурап кулап жатат ар тарапка.
Бирөөнүн жанарында,
Бирөөнүн таманында,
Сапсары жалбырактар жоголууда.
Кагжырап бар турпаты дарактардын,
Жашыл бак тонолуп, таланууда.
Угулбай куштун ыры,
Угулбай булбул үнү,
Жалгандын кетти куну, учту гүлү.
Сөйкөсүнөн айрылган ак кайыңдын,
Башына бар ааламдын түштү муңу.
Сапсары жалбырактар,
Керсары жалбырактар,
Шуудурап кулап жатат туш тарапка.

БИР КҮНҮМ МЕНЕН КОШТОШТУМ

Дагы, мына, коштоштум бир күн менен,
Кош айтыштым бир күндүк тирлик менен,
Токтотуп кылдыраган аалам көчүн,
Түшсөң да теңирдин киндигинен.
Айлар, жылдар, кылымдар арыштаган,
Алыстады күнүм да ардактаган,
Бул жарык аалам менен чарк айланып,
Зуулдап барып, бир күнү оонап калам,
Оонап калам…
Билемин, билемин мен!
Ажыраймын жармашкан тирегимден.
Кулай билем,
Себеби, жүрө билгем,
Кушум учса болгону жүрөгүмдөн.
Бир кушум бар жүрөктө-зынданымда,
Бирге туулган мени менен туулганымда.
Байкушума боштондук берсем болду,
Оонап кетпей азыр да турганымда.

КӨРГҮМ Жок

- Көргүм жок аны! – депсиң,
Көрбөсөң, мейли, көрбөгүн!
Тиктеген көктөн теңирим эмес сен менин.
Көрбөдүң,
Мейли,
Көңүлдү мага бөлбөгүн,
Мен дагы карап өлбөдүм,
Түшүңдөн сени чочутар,
Мендеги ысык илеп, коңур үнүм.
Турсаң да сезип, келбейт-ов такыр билмегиң...
Билбесең, мейли, билбегин!
Сезер мени сенсиз да,
Мазасыз өткөн күндөрүм,
Уйкусуз аткан түндөрүм,
Убакыттар менен биргемин.
Көрбөсөң, көрбө,
Билбесең, билбе,
Чырагым менин өчпөс мүлдө,
Чыдамын күтүп сендейдин,
Мазасыз жаным мага бир тыным бербеди,
Айыпсыз жүрөк кайыпты издеп дегдеди,
- Көргүм жок аны! – депсиң, көрүнбөйүн.
Өзүңдү арбабайын, колуңду кармабайын!
Эсиңде болсун! Буюрбаса чуркаган,
Акыры келип, ылай сазга тыгылган,
Кулагери да Серинин[1],
Маарага жетпей жыгылган...

Казакчадан оодарган Кубантай ЭРНАЗАРОВ,  Москва шаары.

[1] Бул жерде сөз XIX кылымдын 80-жылдары казак акыны жана ырчысы Акан Серинин аламан байгеде киши колдуу болуп өлгөн аты Кулагер тууралуу болуп жатат. Акын аты тууралуу «Кулагер» аттуу көлөмдүү өлөң ырын жараткан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз