Манас Алымбаев: Кайдан түштүм, арабаңа оо, Турмуш?..

  • 03.05.2021
  • 4407

*     *     *

Кыялың ай, кышта эңсеген бүлдүркөн,
Кыйбасым ай, ыйлап жатсам күлдүргөн.
Атам сылап, эркелетип башыман,
Азоо өсүп, суулукталбай жашыман,
Мен канчанын тынч жашоосун бүлдүргөм...

Ишенчээгим, өссө дейсиң карга гүл,
Ичип жатсам өйдөлөнүп жарда бир...
Кээ бир достор мага чындап күлүштү,
Кээ бир достор мага чындап күйүштү,
Ар бир башка "заңдайт" тура карга бир...

Тааныш калаа... же таанышка окшобой,
Тарпын сүйрөп жүрөт бирөө соксогой...
Ооба, экөөбүз жалгыздыктан үшүдүк,
"Сен өлбө!" деп, ыйлаганың түшүнүп,
Жүрөк кургур... кагып жатат токтобой...

Ооз тийилбей турат сурооң ортодо,
Табак толгон – жиликтенип таалайым.
Жаз бүрдөтсө, күз саргайтып, кыш үшүп,
Төрт мезгилде, төрт өзгөрөт маанайым.

Чагылгандай бир жаркылдап, жоголуп,
"Чай куюмга" бузулуп да, оңолуп...
Чалды-куйду дүйнөмдү бүт чаң баскан,
Чар-жайыттуу ойго бүткөм тонолуп.

Сүйөм дебей, дейсиң секин: "жактыңыз",
Ыйбаалуу кыз, өбүлбөгөн жакшы кыз.
Мени сүйгөн кыздар болду бактылуу,
Мага тийген жарлар гана бактысыз...

Жоопту күтөт, көзүң көзөп ок сымал,
Бир сурооңо дүрт дейт денем ток сымал.
Жүрөгүмдү ойноп чертип көрсөң сен,
Мага мындан катуу сокку жок чыгар...

Ооз тийилбей турат сурооң ортодо,
Тамагыма көз жаш келип, буулган.
Мен бактымдан сүргүндөлүп куулгам,
Мен сүйүүнү издеш үчүн туулгам...

ЖАКШЫ ЫР...

Чал менен кемпир кетти мени баккан,
Айрылдым абам менен карындаштан,
Анчалык өкүрбөдүм...
Батирден батирлерге көчүп жүрүп,
Тутанбай, оо, көп жылдар өчүп жүрүп,
Анда да өкүнбөдүм...

Терикпей ачык сөзгө, башты тыга,
Зерикпей бычак урдум жаштыгыма...
...А азыр өкүнгөнүм -
Калыпмын өгөй болуп "жакшы ырыма"...

*     *     *

Күйгүзгөн көздү, күлгүнүм эстеп,
Күйгүзсөм чылым, түтүнү көкмөк.
Жазылган тура, маңдайга бу да,
Жалыным өчүп, түтөп бир өтмөк...

Жыйылган жүгүм, көчөйүн деген,
Жылтырайт отум, өчөйүн деген.
Жыл келди жаңы. Келбедиң дагы...
Жылытып мени кетейин дебей...

Букабы, уйбу? Кимиси келсе...
Түн билет билсе, ай көрөт көрсө...
Үлбүлдөп күйгөн отумду үйлөп,
Үмүтүм үшүп, чүмкөнөт көрпө.

Айнектер аяз, дарактар бубак,
Чыйыр жол тайгак, ыраактар туман.
Кырчылдап тишим, кылчылдап ичим,
Кыркынчы жашты узатып турам...

КИМ АЙТЫПТЫР ЫЙЛАБАЙТ ДЕП ЭРКЕКТИ?..

Зайырбек Ажыматовдун жаркын элесине...

Өксүк менен муң көтөрүп жашынан,
Адам көрдүм, акын көрдүм жашыган.
"Күн көтөрүп...", гүлгө айланды учкуну,
Гүл көтөрүп, күндүн болду туткуну,
Тамчы таштап, "Мелмилинен" ташыган...

Ким айтыптыр, ыйлабайт деп эркекти?
Эркектер не, акылынан азганбы?
Же эркектин жүрөктөрү таштанбы?
Анда неге соолуп турган гүлдү аяп,
Бир акындын көздөрүнөн жаш тамды?..

Кээде "Көккө" келет муштум кезегиң,
Кээде "Көктүн" күткүң келбейт кезегин.
Айланаң бүт ыр түшүнбөс болгондо,
Өз ырыңа, өзүң бөкөп, тойгондо,
Көк-пөгү жок, кетеримди сеземин...

Ким айтыптыр, ыйлабайт деп эркекти?
Тойсо топук, сайса сайгак мал беле?
Кейийт жаны, ооруйт жаны, ал дене...
Атаң, агаң, уулуң... Баары эркектер,
Сени сүйгөн, эркек чыгар ал деле?..

Бала кезде үйүң болуп тирегиң,
Кырчыныңда оттой сүйүү тиледиң.
Калем кармап, ак-караны иликтеп,
Аялыңдан, айылыңдан бийиктеп,
Мекен үчүн соккон кезде жүрөгүң,
Мекениңди саткандардан жүдөдүң...

Ким айтыптыр, ыйлабайт деп эркекти?
Мээрим күтөт, жылуулукка зар эркек,
Бир буркурап, алат ал да эреркеп...
...Канча жүрөк кара кийип, азалуу,
Канча көзгө, эскертүү бул, жаза бу!
Тирүүсүндө бааланбаган бир эркек!...

МОСКВА КАЙРЫКТАРЫНАН...

Саргайып кечээ гүлдүү, жашыл багың,
Көзүңдө мөлтүр тамчы жашылданып.
Ыктайсың, ысык эңсеп бүгүн бурчка,
Жалындап, муз эритээр жаш, ылганып...

Кеберсип эриндериң өбүлбөгөн,
Мелтилдеп турат бугуң төгүлбөгөн.
Каалгасы жүрөгүңдүн кагылышын,
Ак кирген саамай чачың төгүндөгөн...

Сен жашап салгандайсың, баарын жалгыз,
Кайраттуу көрүнсөң да, таарынта алгыс.
Түшүңдө кайталанат түштүк күзү...
Баары бир аялсың да, жүрөгү алсыз.

Таш үйлөр, саздар, токой, кедр жыты.
"Маскөөнүн" сага көндүм кээ бир жыты.
Кайтаарсың, бир күн күздү сагынганда...
Мекендин бирок укмуш, не бир жыты!

Аты улук, жүрөгү муз Москваңдын,
Сен менен саны толук... Жакшылардын.
Баягы "Сентябрга.."  салам айтам,
"Бир курбум" жакшы калгын, жакшы калгын...

21.09.2019-ж. Москва.

ТУРМУШ АРАБАСЫ...

Тирилигиңе топук кылбай өлтүргүс,
Жакпайт дедим, мага мындай жөө турмуш.
Ошол күнү баарын таштап, кол булгап,
Кайдан түштүм, арабаңа оо, Турмуш?..

Сапар алдым, тоо коюндап күнөстүү,
Биздин жолдо күлкү соолуп, гүл өстү.
Башта Турмуш мага үлпөттөй сезилип,
Узай бердим, билбей канча ай, күн өттү.

Жолдо көрдүм, жомок кыял балдарды,
Жомокторун жоготушкан чалдарды.
Жоготууну... Көрдүм, көрдүм жок-барды,
Жолоочуну жөө келаткан сандалды...

Шапар тептим, күндө шарап, шаан-шөкөт,
Дос көбөйүп... сүйүү, мастык, сан секет...
Баары коштоп баратышкан... соолуксам,
Арабада "апасыздар" нан дешет.

Сүйүүм калды, тамшанууга жеткирбей,
Жаштыгымчы?.. Кийилбей, же эскирбей.
Дос-туугандын улам аздап катары,
Адат болуп, бүлк-бүлк этип, эчкирмей...

Балдар ыйлайт, апасы жок былдырап,
Бирок, турмуш арабабыз кылдырап.
Сезимдерим эчак өлүп бүтсө да,
Өлбөгөн бир үмүт алга жылдырат.

Ак чокулар, көк деңиздер мунарык,
Алыстарга көзүм жетпей тунарып.
Арабада жалгыз ырдап баратам,
Жолдошум жок, жолум улам узарып...

Коштошконсуп турат сенин гүл дооруң,
Кол булгалап, кеткен менин бир доорум.
Ачууга, ууга, чыдап келген бул жүрөк,
Сага кантип чыдабасын "бир боорум"...

Бир жаздыкка, бир китепке достошуп,
Өтмөк белек жалгыздыкта окшошуп.
Буркан-шаркан... мага түткөн жүрөккө,
Сен батпасаң, салыш керек токтотуп!..

Дагы бир кадам... Учуп кетчү жардамын,
Балким ошого, коркуп колуң кармадым.
Экөөбүздүн ээнсиреген күндөрдөн
Өч алууга, керек сенин жардамың.

Биздин жондо, быт-чыт болгон тагдыр бар,
Мага, сага жүк көтөрүү оор бүгүн...
Отум өчүп, үшүгөндө түшүнгөм,
Үмүт берүү билем канча оордугун...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз