Кытайча акыркы катаал эскертүү

Керегем сага айтам, келиним сен ук,
Уугум сага айтам, уулум сен ук.
Элдик насаат.

Бул учкул сөз 1950-1960-жылдары АКШ-Кытай мамилесинин кескин начарлап кетишинен улам пайда болгон. Мао Цзедун бийликке келгенде АКШ коммунисттердин бийликке келишин чанып, алардын бийлигин легитимсиз деп эсептейт.

Натыйжада расмий Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы дипломатиялык мамилелерде жарака пайда болот. Америкалыктар Тайванга куулган Чан Кайшинин өкмөтүн колдоп, Тайванды Кытайдан бөлүп салуу аракетин көрүшкөн. А Тайвань АКШнын колдоосуна таянып, өзүн Кытайга көз каранды эмес, өз алдынча эгемен мамлекет деп жарыялайт. 

АКШ жаңыдан түзүлгөн Тайвань мамлекетинин эгемендигин алгачкылардан болуп таанып, ага аскердик коргонуу жагынан көмөк көрсөтүүгө бел байлайт. Кытай менен чектешкен тайвань куймасындагы аймакта АКШнын аскердик күчтөрү чек ара боюнча эрежени көз көрүнөө бузуп, АКШнын аскердик учактары Кытайдын чек арасын себепсиз бузуп кирип, Кытай аймагынан учуп өтүп турушкан.

Ал кезде Кытай экономикалык жактан да, аскердик кубаттуулук жагынан да алсыз эле. Ошого көз көрүнөө чек арасын бузуп кирип, Кытай аймагында Тайванды көздөй учкан АКШнын аскердик учактарын атып түшүргөнгө Кытайдын духу жеткен эмес. Болгону АКШ-Кытай элчилиги аркылуу расмий Вашингтонго нааразылык кат жолдоп, ар бир жолдогон катында муну акыркы жолу эскертип жатышканын, эгерде АКШнын аскердик аба күчтөрү дагы бир жолу чек араны бузуп, АКШ аскердик учагы Кытай аймагы аркылуу учуп өтөр болсо, АКШнын аскердик учактарын ыргыта атып салышарын “катаал” эскертип турушкан.

СССР мамлекети АКШнын бул аракетин баскынчылык катары баалап, советтик ММКлар  ар бир учурда бул маалыматты байма-бай жарыялап, АКШнын бул кенебестигин советтик радио аркылуу Левитан бүткүл совет өлкөсүнө жар салып турган. Эң кызыгы, бул учурда АКШнын чырагына андан бетер май тамып, 1964-жылга чейин Кытайдын «акыркы жолу катаал» эскертүүсүнө карабай АКШнын аскердик учактары Кытайдын чек арасын 900дон ашуун жолу бузуп киришкен.

Кытайдын мындай алсыз жообу  ошол кезде кытай мамлекетине экономикалык жактан да, аскердик жактан да колдоо көрсөтүп турган СССРдин аскер адамдарында айласыз жылмаюуну пайда кылып (Эгерде СССР мамлекетинин аймагына чоочун өлкөнүн аскердик учагы чек араны бузуп кирсе, СССРдин абадан коргонуу күчтөрү биринчи жолкусунда эле эч кандай эскертүүсү жок туруп атып түшүрмөк), кийинчерээк бул «Кытайча акыркы катаал эскертүү» же көркөмдөлүп «764-ирет, 847-ирет (же ар кандай цифра менен) кытайча акыркы катаал эскертүү» деген учкул сөзгө айланып кеткен. “Кытайча акыркы катаал эскертүү”  учкул сөзү мааниси жагынан шылдыңдаган, басмырлаган тарапка калп эле муштум көрсөтүп, «Ормон опуза» кылуу деген эле сөз.   

Муну менен Кытай мамлекети СССРдин жана башка өнөктөш мамлекеттердин жардамы, алардан келген инвестициялар аркылуу узакка баралбашын, чыныгы эркиндиктин даамы башка экенин сезип, Кытай мамлекетине кытай улуту гана күйбөсө, башка өлкөлөрдүн жардамы, жөнөткөн инвестициялары итке сөөк ыргыткандай эле кеп экенин түшүнөт. Сабырдуу, эмгекчил кытай эли күчтүү Кытай мамлекетин түптөөгө киришет: Өлкө башчылары ири реформаларды жүзөгө ашырып, коррупция менен аёосуз күрөш башталат. Коррупция менен шугулданган кытай жарандарын, өлкө казынасына кол салган мамлекеттик аткаминерлерди, салыгын жашырган ишкерлерди токтоосуз камакка алып, ит аткандай атып салгандан башка аргасы жок экенин турмуш өзү көргөзөт.

Кытайды ичинен ириткен башка өлкөнүн туусун жамынып, башка өлкөнүн саясатын тымызын таңуулаган ар кандай эл бузар топторду да камакка алып, өлкө ичинен кубалап жиберишет. Кытай эли бир муштумга биригип, натыйжада 30 жыл аралыгында, тагыраагы, 1990-жылдардын башы Кытай дүйнөдөгү бардык жактан өнүккөн кубаттуу мамлекет болуп чыга келет.

Бүгүнкү күндө Кытай ар тараптан өнүккөн дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекеттердин бири. Геосаясатта да азыркы Кытайдын бараандуу орду бар десек жаңылышпайбыз. Бир кездерде Кытайга караштуу деңиз аймагында жээктен болгону 10 км аралыкта ээн-эркин тайраңдап жүргөн АКШнын аскердик кемелерин бүгүнкү күндө Кытай жээктен 200 км ары сүрүп салганы да маалым.  

Мына ушундай, замандаш. Ар бир мамлекет бардык тараптан эркин болгусу келет. Бирок эркиндикке жетиш үчүн мамлекет коррупцияны жоюу, ар кандай кыйчалыш учурларда туура кадамдарга баруу, ич ара ынтымакты түптөп, эгемен мамлекеттин пайдубалын уратпай сактап калуу үчүн ар бир өлкө жаранынан күчтүү эркти, билимди, сабырдуулукту, ынтымак-ырашкерликти, мекен алдында чынчылдыкты талап кылары айкын.

Чыныгы эркиндикке жетиштин мындан башка айласы жок. Элибизде «Кембагалды төөнүн үстүнөн ит кабат», «Жаманды коногу бийлейт» сыяктуу акылман кептер айтылып келет. Бир атанын ынтымаксыз тогуз уулу ар кимден иттей кордукту көрүп, акырында атанын насаатын угуп, бир муштумга биригип, айыл ичинде үлгүлүү, күчтүү үй-бүлөгө айланганы тууралуу «Ырыс алды ынтымак» аттуу кыргыз эл жомогу да буга мисал.

Ар бир жаран өз өлкөсүнүн эгемендиги, эркиндиги, келечеги үчүн чечкиндүү туура кадамдарга барбаса, ата-мекенди ыйык сактабаса, ич ара ынтымак жок болсо, коррупция деген балакет оогандын апийиминдей болуп кыпкызыл гүл ачып гүлдөп турса, «кембагалды (жаманды) төөнүн үстүнөн ит кабат» болуп, сырттан омуроолоп киргендер төбөгө койгулап, күнкор кылып алаары турган иш.

Даярдаган Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз