Михаил Зощенко: Акыркы аңгеме

АҢГЕМЕ

Революциянын акыркы жылдарында биздин үйдө мындай бир өзгөчө окуя болду.

Үй эбегейсиз чоң эле. Беш кабат болучу. Бирок ошондой болсо да кечкисин керосин чырак күйгүзчүбүз. Бул падышачылык режимден калган белек эле.

Ал үйдүн жанында турган үйлөрдүн бардыгында электр жарыгы бар эле, биздики гана ушундай болучу. Бул бардыгыбыздын кыжырыбызды кайнатчу.

Ошол учурда бул үйдүн тургундары үйгө жарык киргизүү боюнча бир нерсе кылбайлыбы дей башташты. Ушундай тунжураган караңгылыкка канчага чейин чыдайбыз дешти.

Аларга муну жасаса болот деп айтышты.

Бул учурда биздин батирдин ээси же азыркыча айтканда жооптуу жалдоочу Елизавета Игнатьевна Хлопушкина баардыгыбыздан көбүрөк тынчсызданды. Эски режимден жаңы эле бошонуп чыккансыган бул айымдын күйөөсү учурунда штабс-капитан болуп, аны өлтүрүп кетишкен, ошондой болсо да Елизавета өзүн коомдук ишмер, электр жарыгынын күйөрманы катары көрсөттү, ал сууну примуска караганда электр менен ысытканды жактырчу.

Жалпысынан алганда ал өзүнүн жакшы жактарын гана көрсөттү, ошентип ал урмат-сыйга жана мактоого татыды.

Анткени анын аракети менен бул үйдө электр жарыгы күйдү, баардыгынын көңүлдөрү көтөрүлдү.

Бирок тез эле биздин кожейке Хлопушкина электр жарыгы күйгөндөн үч күндөн кийин капысынан көңүлү чөгүп, көп сүйлөбөй калды.

Биз андан эмне болгонун сурадык.

Ал минтип айтты:

- Силер көрүп тургандай, электр жарыгына мен ыраазы деле эмесмин. Электр жарыгы көздү уялтып, сокурлукка алып келет экен. Эң негизгиси, ал бөлмөдөгү ыпыр-сыпырдын баарын көрсөткөндүктөн мени өтө эле оңтойсуз абалга калтырууда. Менин күйөөм штабс-капитан эле, ал он жыл мурда согушта курман болгон, электр жарыгы күйгөнгө чейинки он беш-жыйырма жылдан бери үйгө ремонт жасай элек болчумун. Ошондуктан электр жарыгынын мага кереги жок эле, анткени менин бөлмөм караңгы болгондуктан эчтеке көрүнчү эмес. Эми болсо үй жарык болгондо баардыгы көрүнүп калды.

Биз үйгө кирген жокпуз, анткени ал үйдө эмнелер болушу мүмкүн экендигинин четин чыгарып койбодубу.

Анын үстүнө биздин арабыздан бирөө өтө эле кайгыруу менен мындай деди:

- Ооба, чынында эле эртең менен эрте жумушка кетесиң, кечинде келип, чай ичесиң да уйкуга киресиң. Мурда керосин чырак күйүп турганда үйдөн ашыкча эч нерсе көрчү эмесмин. Ал эми азыр болсо үйгө кирип, электрди жандырсам, мага дагы ал сыяктуу эле кызыксыз боло түшөт.

- Биз анын үйүнө кирдик. Электрди күйгүздүк. Чынында эле өзүбүз көргөнгө өзүбүз ишенген жокпуз. Бир жерде бут кийими, бир жерде жыртылган шымы жатат. Обоиси айрылып, дубалга биртке эле жеринен кармалып турат. Жарыктан кантала качып баратат. Столдун үстүндө пол сүрткөнбү же башкабы, айтор кандайдыр бир жаман чүпөрөк жатат. Бир жерде түкүрүк-какырык, дагы бир жерде тамекинин калдыгы, ал эми мындан бүргөнүн секиргенин көрөсүң.

Үйдүн капталында чакан диван сыяктуу бир нерсе турчу. Биз мурда ага канча жолу отурсак да оюбузга эч нерсе деле келчү эмес. Ал эми азыр ошол диван көзүбүзгө өтө эле суук көрүндү. Четтери  айрылган, буттары сынган, курт-кумурскалар кирип-чыгып жүрөт.

Ошондон кийин баардык тургундар коридорго чогулуп, “Бул үйгө ремонт жасаш керек болуп калыптыр” дедик. Кызуу талаш-тартыштан кийин акча чогултуп, тазаланууну чечтик. Антпесек электр жарыгы күйгөндө баары көрүнүп атпайбы.

Тез эле ремонт жасадык. Тазаландык. Баардыгын оңдоп, орду-ордуна койдук. Ошондон кийин батир жаркырап эле калды.

Таптаза болуп, кооз көрүнүп, көңүлүбүз көтөрүлө баштады, кантала да өтө азайды. Аларды эки батирден гана көрчү болдук. Ал эми бүргөлөргө электр таасир этпейт экен, алар мурдагыдай эле секирип жүрүштү.

Баарыбыздын маанайыбыз көтөрүлүп, кайра төрөлгөндөй болдук. Жумуштан кийин жуунуп, бөлмөлөрүбүздү жыйнап тазалай баштадык. Ал түгүл тургундардын көпчүлүгү мурдагыдан сылык да болуп калышты. Бирөө болсо француз тилин окуй баштады. Аракет кылса, албетте бир нерсе чыгат да. Үй абдан жарык болуп калгандыктан, айрымдары китеп окуп, айрымдары шашки ойной башташты. Дегеле электр жарыгы күйгөндөн кийин башка жашоо башталып, бири бирине көңүл буруу күчөдү. Электр жарыгы күйгөндөн кийин бул үйдө ушундай окуя болуп өттү.

Ал түгүл жооптуу жалдоочу Елизавета Игнатьевна Хлопушкина күтүүсүздөн эле өзүн сүйүп калган техник Анатолий Скоробогатовго турмушка чыкты. Көпчүлүк кошуналар муну электр жарыгынын таасири дешти, анткени Хлопушкина электр күйгөндөн баштап элүү эки жашта экенине карабай жашара түшкөнсүдү. Ал эми айрымдары болсо электр жарыгы анын бөлмөсүн кең көрсөтүп, келечектен жакшылыкты үмтөткөн Скоробогатов ага үйлөндү дешти. Ошентсе да ал арам ой менен да үйлөнүшү мүмкүн эле.

Бирок кандай болсо да анын азыр күйөөсү бар жана абдан бактылуу. Эми ал электрди ойлоп тапкан адамга, деги эле электр жарыгына абдан ыраазы болуп жүрөт.

Ошентип бул батирде өтө чоң өзгөрүү болду, тактап айтканда, алардын никеси көптөрдү таң калтырды, биз аны алтын сыя менен жаздык, кагазыбыз гана жаман болгондуктан ал бир аз жайылып кетти. Бирок эл айткандай, чыдамкайлык жана эмгек баардыгын жеңет. Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.

Ошентип ушуну менен кызыктуу новеллабыздын аягына чыктык.

P.S: Михаил Михайлович Зощенко (1894-1958) орус жазуучусу. Жазуучулук тагдыры оор болгон калемгерлердин бири. Анын ушул чакан аңгемеси алгачкы аңгемелеринен экен. Совет мезгилинин башталышында жазылып, ошол учурдагы орус элинин жашоо образын, турмуштук окуяларын чагылдырып, нукура орус адамдарынын мүнөзүнөн, атактуу жазуучунун стилинен кабар берип тургансыйт. Аңгемелер кийин гана “Полиграфист” журналына жарыяланган экен, ошондон которулду.

Которгон Ысмайыл КАДЫРОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз