Гей жөнүндө икая

  • 21.05.2021
  • 4732

Жаш үй-бүлөнүн тагдыры. Рафаэлдин татынакай колуктусунун өмүрү коркунучта эле. Консилиумга чогулган күчтүү докторлор да чечим таппайт. Операция кылууга докторлордун эч бири батынбай, пациентке скальпель тийгизүүгө мүмкүн эместигине көздөрү жетет. Операция үстөлүнөн кайра ойгонбой каларын билген эң чоң тажрыйбалуу хирургдар да пациентти жайына коюудан бөлөк арга жок деген чечимге келишет.

Муну уккан жаш хирург коридордогу башы шылкыйган Рафаэлдин жанына келет. 

– Эгер мага ишеним арта турган болсоңуз, мен алган билимиме таянып, жубайыңыздын өмүрүн сактап калууга аракет жасап көрсөм дейм.

Ансыз да көр оозуна узай турган жубайынын өмүрү үчүн тобокелге баруудан башка чарасы жок Рафаэль да жаш хирургдун чечкиндүүлүгүнө дароо макул болот.

Операция төрт жарым саатка узарат. Рафаэль колуктусунун өмүрүнөн үмүт үзөр болуп калган эле. Консилиумга жыйылган эң тажрыйбалуу докторлор сактап кала албас өмүрдү кечээ эле колуна скальпелди жаңы кармаган жаш хирург сактап каларынан ишеними сууп баштаганда – баары ал күткөндөй болбоду. Жок. Тажрыйбалуу докторлор күткөндөй болбоду! Операция ийгиликтүү бүттү.

Окумуштуулар консилиумдук жыйынга тезинен жыйылышты кайрадан. Гиппократ антына сыйынган докторлордун баары жаш хирургдун алдында сыйынып турушту. Алар эми пациенттин өмүрүнөн чочулай турган эч себепти көрө алышпады.

Ага дейре жаш хирургдун ишмердигине ак халатчандар арасында кесиптик ишеним артмак тургай, анын жүрүм-турумун шыбыр-күбүр кеп кылып, жаш хирургдун гей экенине шылдың менен карашчу. Жаш хирург чынында эле гей болучу.

А жаш жубайлардын бактылуу өмүрү узакка уланыптыр.

O`Шакирдин «Адам+» повестинен үзүндү  

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз