Жорж Бернард Шоу: Ата-энелер өз балдары үчүн жеткен жадаткыр

  • 25.05.2021
  • 4482

Демократия дегениңер мурдагыдай абийирдүү азчылык орноткон бийлик эмес, караңгы, түркөй көпчүлүк шайлаган бийлик.

*     *     *

Периштеге ишенгенден өткөн ишенчээктер – шайлоо жыйынтыгына ишенгендер.

*     *     *

Эшматтан алып Ташматка төлөгөн өкмөтүң, дайыма Ташматтан колдоо табарына да ишенет. 

*     *     *

Эстүү адам турмушка ыктайт, эссиз адам турмушту өзүнө ыктатам дейт. Прогресс ошон үчүн дайыма эссиздердин колунда.

*     *     *

Революция эч качан зулум төрөлөрдүн жүгүн жеңилдетпейт, тескерисинче, жүктү башкалардын жонуна артат.

*     *     *

Ханга сыйынган адам хан үчүн өлүп бергенге да, хандын түбүнө жеткенге да даяр.

*     *     *

Сокку жеп, сага жооп бербей калган адамдан абайла: ал сокку жеп калганы үчүн өзүн да, сени да кечирбейт.

*     *     *

Нике дегениң гүл үзүүгө кол сунган кыз-жигитти басып жыгылган кар көчкүдөй.

*     *     *

Вегетариандардын эң коркунучтуу жырткычы – бука.

*     *     *

Улуу сүрөтчүнүн душманы эл арасынан эмес, сүрөтчүлөр арасынан чыгат.

*     *     *

Жакыр адамдар көп. Алардын ичинен врачтардын жакыр болгону жаман. Жакырчылык айынан башкалар каракчылыкка барса да, врачтарды каракчылыктан сактасын.  

*     *     *

Диний уюмдардын баары башкаларга бай турмушка жеткендей көрүнгүсү келет.

*     *     *

Атак-даңк көздөгөн аңкоолуктан эч бир майнап чыкпайт.

*     *     *

Жараткан кудай улам жарата берет.

*     *     *

Эң капчыктуу адам деле дайыма кардар болуп жүргөнүн колкоо кылып, алчусун арзанга түшүрөт.

*     *     *

Ырым-жырымга жакын адамды илимге жакындатсаң, билген ырым-жырымын илимге шыкайт.

*     *     *

Мага автору белгисиз пьеса жөнүндө кандай пикирде экениме кызыккан адамдардын суроолору кызык. 

*     *     *

Балдарды башка коркунучтардан коргогон кеп эмес. Анык коркунуч – өз ата-энелери.

*     *     *

Ата-энелер өз балдары үчүн жеткен жадаткыр экенин түшүнүшпөйт!

*     *     *

Эгер балаңды ургуң келсе, ур. Болгондо да жүрөгү кабынан чыгып кеткидей ачууң менен. Ачуусу жок урганың урганга окшобогону менен – бала аны кечирбейт.

*     *     *

Элге эбактан дайын сыр гана көпкө сакталат.

*     *     *

Үй – эркек үчүн түрмө, аял үчүн түйшүгү түгөнбөгөн ишкана.

*     *     *

Башкалардын оюнан чыгып калган аял ойчул келет.

*     *     *

Келесоо келесоолук кылса, анысын иштин пайдасына шылтайт.

*     *     *

Бир нерсе жасасаң эле бир нерсе биле баштайсың.

*     *     *

Билген билгенин жасайт, билбеген билбегенге үйрөтөт.

*     *     *

Эгер ким бирөөнү жакшы көргөнүң үчүн өзүңдү курман кылсаң, кийин ким үчүн курман болгонуңду билгенде, ошол адамга жек көрүүң күчөйт.

*     *     *

Бир эле жолу чын сөз айтсаң, кийин канча калп айтканыңдын бирине да ишенбегендер болот.

*     *     *

Адам жолборско кол салса – спорттун эле түрү демекпиз, а адамга кол салган жолборсту жырткыч дегенибиз калбайт.

*     *     *

Малайга адамдай мамиле жасасаң, аны кармап кереги не?

*     *     *

Кожоюн кыйынбы же малайбы? Малай. Себеби, ага кожоюн көбүрөк көзкаранды.

*     *     *

Алдыга канча душман салып алсаң да, артыңда бир душман калбасын.

*     *     *

Актёр тырышып ойногондой эле сынчы да тырышып тиктеп, тырышып угат.

*     *     *

Сынчы алдындагы маанилүү нерсени эмес, башкалар көргөндү эле көрөт.

*     *     *

Сынчы көзүнө баары комсоо көрүнөт. Айталы, цирктеги маскарапоздун манежге чыкканы дагы.

*     *     *

Чылым чеккен менен чекпеген киши бир бөлмөдө бирдей эркиндикте болалбайт.

*     *     *

Жылына эки же үч жолу баш мыкчып ойлонгондор аз. Менин шооратым бүт ааламга таанылган себеби, аптасына бир же эки жолу баш мыкчып ойлоном. 

*     *     *

Сөздү мен кайрап-бүлөп, кайталап атып курчутам.

*     *     *

Дүйнө алма быш, оозума түш деген, анан өз мээнети менен байыгысы келбеген бекерпоз, кем акылдардан турат.

*     *     *

Адамдардын акылдуу же акылсыздыгы тажрыйбадан эмес, жөндөмүнөн көрүнөт.

*     *     *

Узак жашоого тырышпа, баарыбир эч нерсе чыкпайт.

*     *     *

Түрмөдөгү эң суужүрөк адам – түрмө башчысы.

*     *     *

Эгерде башкалардын шылдыңына кабылам деп музда коньки тепкенден корксоң, конькини эч качан үйрөнбөйсүң. Турмуш да ошол.

*     *     *

Ийгиликтин туу чокусу – өлүм. Бир кадам жасасаң, туу чокудан кулайсың.

*     *     *

Адам эң бийик туу чокуга чыгалат, бирок ал жакта көпкө туралбайт.

*     *     *

Ырчынын үнүнө караганда угуучунун кулагы сезимтал үчүн сынчы.

*     *     *

Убактысын иш менен алектенип өткөргөн жалкоолор – илимпоздор.

*     *     *

Жакшы хирург бычак менен нервди чырпып өткөнүн даана сезгендей, жакшы сынчы колундагы калемдин койкоңдогонун да сезет.

*     *     *

Тиш оорудан жаны кыйналган адам тиши оорубагандарды бактылуу деп ойлогондой, ким жакыр болсо ал бечара да байлар жөнүндө ошондой ойлойт.

*     *     *

Адамды өзүңдүн эмес, анын дилиндеги дин менен гана башкара аласың.

*     *     *

Бирөөнүн биографиясын окуганда болгонун болгондой жазганына ишенбегиле.

*     *     *

Китеп окуудан Дон Кихот рыцарь болуп, бирок китептеги ишенимдеринин артынан көк мээге айланган.

*     *     *

Жакшы тарбияланган эрди-катындын кимиси ким экенин аныктоочу экзамен – экөөнүн уруш-талашы.   

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз