Султан Раев: Үн

  • 26.05.2021
  • 3264

АҢГЕМЕ

Көзү чылк жумулуп, кай абалда жатканын билген жок. Күн табагы жерге түшүп, анардай кызарды. Адатта, асмандагы жел агым менен самсыган булуттар, эми бутка оролушуп жүрдү. Көпөлөк кызыл-тазыл гүлдү канатын илкий кагып, бирде гүлгө, бирде жалбыракка, бирде жапжашыл чөпкө конот. Каакым гүлү Күн таажысын кийип, тим эле асмандагы Күнгө колун сунуп тургандай.

Чырылдаган куштун үндөрү, кайкып учканы, жанын сабап безеленип атканы жыргалдын бир үзүмүндөй көзгө тартылып, Аалам кудум эле дүр-дүйнө боёкту жүзүнө сүртүп, миң-миллион түстү өзүнө шимирип алгандай... Дарактардын ар бир шагында мөмө ийилип, бир да мөмө кучактабаган бак-дарак жок. Ар бир шагынан мына-мына үзүлөм деп турат. А жүзүмдөрчү, сулуунун чачындай жайылып, дүйнөнүн кара көз, тунук көз сулууларынын көздөрүн бир шиңгилге байлап салгандай... Кайкып учкан куштар да бир башка, мындай канаттуулар бу жер үстүндө бар экенин биринчи жолу көрүп олтурушу...

Жаныбарлар бири-бири менен камыр-жумур аралашып, шалпаң кулак коён да, ай мүйүз бугу да, таргылала жолборс да, айбан алтаны арстан да, шаа мүйүз маралдар да, текирең-тескек салган улактар да, бүт тирүүнүн баары ушул ажайып дүйнөгө аралашып жүрдү...

– Мен каердемин? – деди киши.

– Жердесиң, – деди үн.

– Сен кимсиң?.. – деди киши.

– Мен үнмүн, – деди үн.

– А кимдин үнүсүң? – деди киши.

– Адамдын... – деди үн.

– Адамдын үнү болсоң, көрүнбөйт белең көзүмө. Сен каердесиң?.. – деди киши.

– Жаныңда эле турбаймбы? – деди үн.

– А... мен сени көрбөй турам... – деди киши.

– Кантип эле? А мен жаныңда эле турбаймбы. Жаныңда турганды көрбөй турсаң... билбейм анда... – деди үн.

– Чын эле көрбөй турам, – деди киши.

– Мени эшитип жатасың да... – деди үн.

– Ооба... үнүң гана угулат... – деди киши.– А өзүң гана көрүнбөйсүң... А... калгандын баарын көрүп турам...

– Эмнени көрүп турасың? – деди үн.

– Күндү... асманды... булутту...

– Дагы...

–...атыр жыттуу розаны, ажайып бакты...

–...розанын жытын да сезип жатасыңбы? Тикени сайган жокпу?

– Тикениби?.. Жок... – деди киши. – А бирак... азыр эле медсестра кыз ийне атып кеткен... жоон тамырыма...

– Ийнеби?..

– Ий-ээ... – деди киши шыпшынып.

– Мына, кызык!.. Бу дүйнөгө эмне болгон? – деди киши таң кала.

– Эмне болуптур?.. – деди үн.

– А сен эмне көрбөй турасыңбы?..

– Жок... – деди үн.

– Бу бакка бардык жаныбарлар толуп алыптыр... Жолборсу да, бугусу да, маралы да, коёнеги да, улагы да... Качантан бери бу жапайы жаныбарлар чогуу жашап калган? Койду карасаң, бөрүгө эркелеп туру... бу түшпү?

– Сен менден сурап жатасыңбы?

– Ий-ээ...

– Мага эчтеке көрүнгөн жок... сенден башка... – деди үн.

–...Түш дейин десем, мунун баары көз алдымда... Түшкө окшосочу?.. Баарын көрүп турам... бир гана сени көрбөй...

–...ммм...

–... Үн... кечире көр мени, чын эле сени көрбөй турам... Сен үнсүң да, ээ?.. Мен угуп турбаймбы... а бирок... – Көңүлү бир жерге токтобой, таңырканган киши айтты.

– Кызык...

– Кызык дейсизби? Мени укканы угуп, көргөнү көрбөй турасыз... Мага эч ким минтип айта элек... Баары эле... сени угуп да, көрүп да турабыз дешер эле... Анда мен кете берейин... – деди муңайым үн.

– Жо-жок... кетпеңиз... суранам... – Киши жалооруп ийди. – Билесизби, чынын айтсам сизди көрбөй турсам да, бирок аябай уккум келип жатат... Сиз ушерде... ушуерде эле турасыз... жакында эле турасыз да, ээ?.. – деди жетине албай киши. – Сиз кетсеңиз менин жалгыз каларымы билесиз да?.. А мен акыркы күндөрү жалгыз калгандан корком... – деди киши, үндөн эчтекесин жашырбай.

– Ммм... менин кеткеними каалабайсыз... – деди үн.

– Ий-ээ... – шаша жооп берди киши. – Мага эми көрүнбөсөңүз деле баары бир... Жалгыз калгандан көрө... сиз менен сүйлөшүп турганым артык... – деди. Ага да кайыл болуп. – Билесизби, буга чейин баары менен сүйлөшүп чыктым... Дубал менен, шып менен... караңгы менен...

–...жарык менен дагыбы?..

–... жарык мененби? – Таң кала үн катты киши. – Жарык менен да сүйлөшсө болобу?

–...ммм...

– ...жарык менен сүйлөшсө сүйлөшөт элем... мен сизди көрө албагандай эле... жарыкты да көралбай турам... – деди киши – а сиз капыя жарык болуп жүрбөңүз?..

–...мен кайдагы жарыкмын... эгер сиз мени көрбөй турсаңыз..

–...туура... туура... кайдан? – деди киши. – Кечиресиз... сизге суроо берсем болобу?..

– Болот, – деди үн.

– Сиздин үнүңүз аябай тунук... таза экен...

– Ракмат...

– Буердегилердин үнүнүн баарын жатка билем... «Ммм» дегенинен эле тааный коём. Сен тигисиң, сен бусуң деп атына дейре айтып салам... – деди киши.

– Үндү айырмалай билген жакшы сапатыңыз бар экен, – деди үн.

– Ий-ээ... а туура... угуу жөндөмүмө... арызданбайм... – деди киши.

– ...бу да жакшы сапат...

– ...Ырларды бир-эки нотадан эле билип койчумун... Жаш кезимде музыка сабагына барар элем... Бир жолу камертондо ойногом... Камертон эмне экендигин билесиз да?.. – деди киши толкунданып.

–... үнсүз баш жаңсады үн.

– А... деген үндүн эталону... Музыкалык аспаптарды камертондун үнүнө карап күүлөшөт. Ал «ля» деген үндү берет...

– Ммм...

– Анын чоо-жайын билесизби?..

– Жок... – деди үн.

– Камертонду он сегизинчи кылымда, Англия ханышасынын хансарай сурнайчысы Джон Шор деген ойлоп тапкан... Мунун баарын сизге эмне айтып жатам дейм да... Сизге кызыгы жок чыгар... – деди киши ыңгайсыздана.

– Мага да... кызык... Көзүм ачыла түшпөдүбү... Камертон тууралуу эч кабарым жок эле... – деди үн.

– Бу шылдыңдаганыңызбы же чыныңызбы? – деди киши.

– Сиз, кечиресиз.... айткан сөзгө эле... теригип турат экенсиз... чынымды айттым... Айтмакчы?... Сиз мага суроо берем дедиңиз эле... Экөөбүз башка жакка кетип калган жокпузбу? – деди үн.

– Сөздөн-сөз чыгып кетпедиби... кап этпеңиз... – деди киши күнөөсүн мойнуна алгандай. – Суроо берейин дегем...

– Эрте күндү кеч кылбай бериңиз... сурооңузду... – деди үн.

– А сиз бир жакка шашып турасыз го? Шашсаңыз жолдон кармабайын... эртең деле күн бар, – деди киши.

– Эртең мен келалбайм... – деди өктөм үн.

– Анда кечиресиз?.. – деди киши.

–...эчтеке эмес...

–...Мындай абалда биринчи ирет болуп жатам... Мен сизди буга дейре... бир жерден көрдүм беле?.. Жолуккан... учурашкан жагдайыбыз болду беле? Сиз мени менен эски тааныштай сүйлөшкөнүңүзгө караганда... – деди киши.

– Ал эмне?.. Ушунча эле маанилүүбү сизге?.. – деди үн.

– Ка-ап... кайра эле өзүмкүнө качырам... кечиресиз... – киши өзүн өзү жемелеп алды.

– Сизден кечириңиз деп улам-улам сурана бергениме да уялып турам... Мен сиздин жаныңызда эле жүргөм, – деди үн.

– Карабайсыңбы, акыркы күндөрү ушу баам-парасатымды да, акылымды да нес басты... Билип эле тургандай болом, эстей келсем эле алакандан чууруган кумдай жылас болуп кетет... Ага кап этпеңиз... – деди киши.

– Мага берем деген сурооңуз... эсиңизден чыккан жокпу? – деди үн.

– Жок... кантип чыксын... Түү!.. – Киши өзүн жемелеп алды. – Эсимди жара басты го... көңүлүмдөн көтөрүлүп кетиптир, а суроо...

– ...эчтеке эмес... мен сизди түшүнөм... эстеңиз...

– Эх, кашайгырдыкы десе! Мээге жара чыккан экен го!.. – деди киши кейип. – Эмнени сурайын дедим эле... Э, эсиң менен куруп кал, аа!..

– ...камертон жөнүндө эмеспи сурооңуз?

– ...жо-жок... азыр... – ... үн жөнүндө эмеспи?..

–...жо-жок... тилимдин учунда эле турат... Ой, кашайгырдыкы, э-эй!

– Жер... Аалам... Күн... Шекспир... Григорий Распутин... Алдар көсө, Эштек, Египет пирамидасы... башка цивилизациялар... планеталар, чөөлөр тууралуу эмес беле, сурооңуз? – деди үн келеке маанай кырааты менен.

–... дагы чымчып өттүңүз, ээ... бирок планета деген сөзүңүзгө жакын суроом бар эле... Эми эстедим... – деди киши жоготкон нерсесин таап алгандай. – Мына, сиз планета дедиңиз... –... дегендей болдум окшойт...

–...Чындыгын айтсам, сиздин үнүңүздү биринчи жолу укканымда, сизди башка планетадан келген немеби деп болжоп кеткем...

–...жаныңызда эле жүргөм... деп айтпадымбы...

–...айттыңыз... айттыңыз... Аны тана албайм... кечиресиз... Балким, дейм да... Башка планетадан келген неме болуп жүрбөңүз?.. – деди киши.

– Марсиандык дейсизби мени?..

–...деги дейм да... мен тек гана биринчи жолу укканымда... ушинтип ойлогом... мен билген адамдардын бирөөсүнүн да үнү сиздикиндей эмес?.. – деди киши.

–...сиз тааныбаган үн болсо эле сөзсүз марсиандык болуш керекпи? Сиздин логикаңыз кызык экен... – деди, үн.

– Туура. Үнүм камертондун үнүндөй эталон эмес...

–...сиз тамашага бурбаңыз... мен айтайын дегеним... жо-жок... сурайын дегеним таптакыр башка... – деди, киши. – А мейличи... так эле сурайын...

–...сураңыз...

– Сиз кимсиз?..

– Менби?.. Мен деген менмин...

– Сиз деген сизсиз... талаш жок. Сиз деген эми бирөөсүз да... Асан, Үсөн, Эшмат, Ташмат паланча-бастанча деген... Туурабы?

– Туура. А бирок мен деген менмин...

–... дагы эле суроомо... так жооп бербей жатасыз...

–...неге мынчалык эле... билгиңиз келет?..

–... чынын айтсам... мен бирөөнү күтүп жаткам...

– Кимди?..

– Кимди дейсизби?.. Кимди экенин өзүм да билбейм...

– ... кечиресиз, – деди үн кишиден кечирим сураган маанайда. – Өзүңүз кимди күтүп жатканыңызды... билбейсиз да... Менин кимдигимди сурайсыз...

– Ак чөп башта... – деди киши ыңгайсыздана, – ошондой эле болгонсуп атпайбы... кимди күткөнүмдү билбей атып, сизди кимдигиңизди сурап...

– Башка сурооңуз барбы?.. – деди үн.

–...башка суроомбу?.. Оозуман Алласын учуруп жибергендей болуп калдым... Эмне деп сөз айтарды да билбейм... – деди киши.

–...мен анда кете берейин, – деди үн.

Киши үн катпады...

– ... мен сизден сурасам болобу? – деди үн.

– Болот... неге болбосун?.. – киши жандана түштү. – Сураңыз... Сиздин кете берсемби деген сөзүңүз... мени ойго салып койду... сураңыз... сураңыз... – деди киши.

–... А сиз... Эртең келесизби?..

–...аны айталбайм... – деди үн, – меники суроо деле эмес, өтүнүч...

–...өтүнүч?..

–... мүмкүн болсо...

–...мейли өтүнүч болсо да...

–... сиз камертондо ойногонмун дебедиңизби?

–...иии... ага көп болду...

–...мүмкүн болсо, камертондун үнү кандай чыгат, үнүн оозуңуз менен...

–...айтып бер деп турасыз го?.. Мен азыр бас-трубанын да үнүн келтире албайм... – деди киши.

–...ошентсе да...

–...мейли ...аракет кылып көрөйүн... бала кезде ойногом...

–...угуу жөндөмүм жакшы дебедиңизби?..

–...дегем... угуп туруңуз... өтүнүчүңүздү четке какпа-йын...

Киши оозу менен камертондун үнүн кайрыды.

...тың... тың... тың... тың... тың... тың... тың...

Кишинин үнү кудум эле камертондой тунук, таза чыкты. Камертондой үнү термелип, эмелеки өзү көрүп турган ажайып дүйнөгө... атыр жыттуу бакка, мөмөлөрү, жүзүмдөрү шактан ийилип, инжир, алма, алмурут жыттанган дүр-дүйүмгө, шар аккан туптунук таза сууга, көпөлөк конгон гүлзарларга, айбандар байырлаган күнөстүү токойго, тоолорго, талааларга, көлгө, деңизге, көк ирим мухитке алып жөнөдү... Бу өтүнүч ырас болгон экен, көптөн бери өзү да камертондун үнүн жадынан чыгарып бараткан эле.

...тың... тың... тың... тың... тың... тың... тың... деген үн ааламды аралап кетти...

Киши бу үндүн сыйкырына арбалып, жанында турган үндү унутуп баратканын эстей калып «тык» токтоду.

– Уктуңузбу? – деди киши үнгө кайрылып. Үндөн жооп болбоду... – Уктуңузбу? – деди киши кайрадан үнүн бийигирээк чыгарып. Үндөн жооп болбоду... – Сиз буердесизби?.. Эмне учукпайсыз? – деди киши. Киши суроосуна жооп күтүп калды. Эч бир жооп жок... – Мага таарындыңызбы?... Үн угулган жок...

...Киши кайрадан ажайып кооз, абат дүйнөгө аралашып кетти... Эмелеки үн менен сүйлөшүп, анын жанында экендигин сезип жатканда бу керемет сулуулуктан алыстап, ага анчейин деле көңүл бурбай бир азга арбала түшкөн.

Булутту карасаң, тим эле пахтанын жеңил буласындай бутуна оролушуп жүргөнүн. Эми жан-жаныбарды айтпа!.. Шылдыр суу, жыты аңкыган гүлзар, көк тулаң... эң эле кызыгы буерде адам аттуудан эч ким жок... Адамдан башканын баары буерге толуп алыптыр... Айтмакчы, чайыттай ачылган асманда бир гана Күн көрүнбөйт, ал эми бу сүттөй чакчайган нурчу, ал кайдан түшүп турат... Неон жарыгыбы?.. Ал түшүнө албай турду... Үнгө алаксып, ага бат эле көнө түшкөн... эми ал да кайдадыр, белгисиздикке сиңип кеткендей болду. Жанында турса үн чыгармак. Киши дагы жалгыз калды...

Ушу тушта тээ түпкүрдөн үн угулду... үн барган сайын жакындай берди... Киши улам кулагын тосот. Үн жакындап келет...

...тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың...

Кишинин көкүрөгү «болк» этип кетти... Бу камертондун, камертондун үнү деди. Ал жазбай тааныды. Бул камертондун үнү. Эми ал кулак алдында абада термелген жеңил толкундай үн салып турду... Киши жандана түштү. Эмесе, бу көз алдындагы теребелге магдырап, уйкуга тартып бараткан аны. Терең уйкуга тартып бараткан... Кирпиги кирпигине жабышып... Кайрадан добуш угулат...

...тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың...

– Ким бу?.. – Киши жан-жагына суроолуу карады. Бу үндү кулак алдында бирөө кагып жаткандай сезилди ага. Жооп болбоду. Ал кайрадан ордунан акырын обдулуп: – Ким бу? – деди. Бир азга кулагын буруп, жооп күтүп калды. Ал өз суроосуна жооп уккусу келди... тымтырстык... керең дүйнө... жалгыздык... аны чыдатпады... Киши кайрадан үн салды.– Ким бу?..

– Мен, – деди добуш.

– А кимсиң сен?.. – Киши жандана түштү эмелеки үндү угуп.

– Мен, – деди кайрадан үн. Бул үн эмелеки үнгө окшободу. Үнү да башка. Үнүнө караганда беш-алты жаш чамасындагы баланын үнүндөй, алда канча тунук, таза. Кишинин жанынан алда канча жаш үн чыкты.

– Сен кимсиң? Үнүң тим эле камертондой таза, – деди киши. – Камертонсуңбу? – деди киши бир аз жайдарылана.

– Жок.

– Күнсүңбү?

– Жок.

– Периштесиңби?

– Жок...

– Анда кимсиң?

– Үнмүн... – деди жаш үн.

– Үнмүн? Сен да үнсүңбү?.. – Киши кызыктай боло түштү. – Бу дүйнөдө үндөн башка эч бир тирүү жан калган эмес ко? – деди киши.

– Билбейм аны... – деди жаш үн.

– А сен кайдан келдиң? – деди киши.

– Ушул жерден эле... – Кыска жооп берди жаш үн.

– Мен сени акыры космостон, тундрадан, Латын Америкасынан, Кара-Суудан келдиңби деп жаткан жокмун го? – Киши кайрадан жүткүндү.

– Кайдан келдиң...

– Ушерден эле... жаныңызда эле жүргөм...

– Жанымда эле?! Жанымда эле жүрсөң, мен сенин үнүңдү биринчи жолу эшитип олтурам... – деди киши. Бир паска унчукпай калды да, анан акырын кабагы жайыла түштү. – Үнүң ушунчалык таза... камертондун үнүнө окшош экен... – деди киши.

– Ракмат... – жаш үн кыска унчукту.

– Мен сени көргүм келип турат, – деди киши. – Жакыныраак келсең болобу?..

– Мен сизге жакын эле турам... – деди жаш үн. – Сиз мени көрүп эле турасыз, – деди кайрадан жаш үн.

– Сени көргөн жокмун... Кайдасың?.. – деди киши таң кала.

– Бакты... гүлдөрдү... алма бакты... шагынан ийилип турган жүзүмдөрдү, жыты аңкыган инжирди, арахисти, кипаристи, жолборстун баласы менен ойноп жаткан эликтин музоосун... сиренди, кытай розасын, орхидеяны, хризантеманы, асман бетин бербей түрлүү-түрлүү сайраган куштарды көрүп турам... А сени көрө албай жатам... – деди киши дале түшүнө бербей.

– Баарын көрүп турасызбы?.. – деди жаш үн.

– Баарын көрүп турам... – деди киши.

– Ошонун баары менмин... – деди жаш үн.

– Кандайча?.. Тоо, талаа, суулар... көл... деңиз... мухит... ушунун баары сенсиңби?.. Бу атыр жыттуу бак, гүлдөр... дагы сенсиңби?!

– Сиз менин багыма келдиңиз... – деди жаш үн.

– Бул кайсы бак?.. Букингем багыбы? Бахчисарай багыбы?.. Же... Семирамида багыбы?..

– Бейиш багы, – деди жаш үн.

– Бейиш багы?.. – Киши таң калды. – А мен эмне... бейиш багына келип калдымбы? Жарык дүйнө менен коштошуп... өмүрлүк жарым... балдарым менен коштошконго да үлгүрбөй калдымбы?.. Бейиш багына жаны үзүлгөн адам гана келет да... Туурабы?..

– Бейиш багына түбөлүктүүлөр гана келет, – деди жаш үн.

– А сен камертондун үнүн уктуң беле?.. – Киши жаш үнгө кайрылды.

– Жок, – деди жаш үн.

– Анда... укпасаң угуп ал... мен азыр ойнойм, – деди киши.

Киши оозу менен камертондун үнүн туурай баштады.

– ...тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың... – Уктуң беле ушундай үндү?

– Жок, – деди жаш үн.

– Укпасаң угуп ал. Камертондун үнүнө баары – дүйнө да, аалам да, жер-суу да... баары... баары күүлөнөт... Тыңшачы?.. Тыңшасаң?.. – ...тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың... – деди киши.

Ушул саам кишинин көкүрөгүндө тынчып калган муштумдай эт жүрөгү, өзү кайталаган камертондун үнү менен бирге акырын сого баштады.

...тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың...

Камертондун үнү чыккан сайын кишинин көз алдындагы бактардын жалбырактары жерге жаап жатты... жалбырактар гана эмес, бактын шактары да, шиңгил-шиңгил жүзүм да, буркурап атыр жыты аңкыган гүлдөр да куурап, чөптөр топуракка саргарып кирип баратты... суулар соолуп, көл, деңиз, мухит какшып, чөлгө айланды... жылдыздар бүлп-бүлп өчүп, тоолор кулады... айбанаттар кайда житип кеткени белгисиз... Камертондун үнү дале угулуп жатты... Кишинин көкүрөгүндө согуп жаткан жүрөгү менен бирдей ыргакта...

...тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың...

Үн байма-бай чыккан сайын кишинин көз алдындагы дүйнө улуу караңгылыкка сүңгүп кирип кетти. Түпкүрү жок коюу караңгы баарын ичине жутуп алгандай болду... Караңгы, чылк караңгы кишинин көзүн байлады... Эми киши жалгыз көөдөй түндө калды.

– Ким бар? – Киши үн катты. Жооп чыкпады. Киши кайра кайталады. – Ким бар?.. – деди. Кишинин жанынан, жанынан деле эмес, куду эле көкүрөк тушунан үн чыкты.

– Мен... мен бармын, – деди үн.

– Сенби? – киши таң калды. – Сенин үнүң менин үнүмө аябай окшош экен. Сен кимсиң? – деди киши.

 – Менби?..

– И-ээ... сен... – деди киши.

– Сен мени тааныбай турасыңбы?.. – деди үн.

– Үнүң тааныш... кудум эле мен сүйлөп тургандай... куюп койгондой окшош экен, – деди киши.

 – Мен сенмин, – деди бу үн.

– Сен... менсиңби? – деди таң кала киши.

– Мен... сендеги менмин... – деди үн.

– Мендеги... мен?.. – суроолуу таңыркады киши.

– Сен менин үнүмү угуп жатасыңбы?.. Тыңшасаң?..

Тың... тың... тың... тың... тың... тың...тың...

– Бу үн кайдан чыгып жатат?

– Жүрөгүңдөн... – деди үн.

– Жүрөгүмдөн?.. – деди киши суроолуу. Кишинин көкүрөгүнөн баягы өзүнө тааныш үн чыга баштады. Жаш кезинде өзү ойногон камертондун үнүнө окшош...

Тың... тың... тың... тың... тың...

Үн кишинин кан тамырлары аркылуу жүрөгүнө тарады... Кишинин жүрөгү сого баштады... Үн чыккан сайын кишини чылк каптаган караңгы бир четинен сөгүлүп, ыдырап кирди... Ошо караңгы сөгүлгөн жерден ийненин учундай жарык көрүндү... «Жарык!» – киши сүйүнүп кетти. Жарык улам-улам чоңоё баштады... Кишинин жүлжүйгөн көзүнө жарык түштү, жарыктын нуру жүзүн аймалады...

– Салам! – деди жарык. Киши жарыкты көптөн бери сагынып калган экен, аны менен сүйлөштү. Жарык кишинин кан тамырын аралап кетти... «Мен сенмин» деген үн да, бүткүл өнөбоюна ошо жарык менен кошо жуурулушуп, кишинин кан тамырында чуркап жатты. Киши ордунан араң козголуп, бүткүл күч-аракети менен бутуна турду. Алдыга үч кадам таштады. Терезеге ыктай келди. Алы кетип, жансыз тартып бараткан колунда тирүүлүктүн каруусу жанды. Ал терезени ачты. Жарык көзүн уялтты. Жүзүнө түшкөн жарыкты колу менен кармап өптү. Жарык жашоо жыттанды... Күндүн нуру да ага ошол жарык менен кошо келди... Жашоону ал Күндүн нурунан, жарыктын нурунан сезди. Эгерде өмүрдүн... бу тирүүлүктүн маани-маңызы болсо, ал аны ушу жашоодо гана сезээрин туюп турду... Ал өмүрдүн чыныгы маңызы да, мааниси да, ушу жашоодо экендигин көз уялтып турган Күндүн касиеттүү нурларынан сезип турду...

...Айлана күнү-бүгүнкүдөй тирүүлүк шооратын салып турду. Киши жашоону ушунча сагынды... Ал анын жүзүндө дүк-дүк этип согуп турган жүрөгүндө турду...

– Ата! – деди ылдыйдан үн. – Ата! Атам тигине! Тигине! Апа, карасаң, тигине!.. – деп кубаныч көкүрөгүнө толуп чыккан кыз жетине албай ордунан так секирип ийди.

Терезеде турган күйөөсүн көрүп аялдын жүрөгү опкоолжуй түштү... Аялдын бу кишиден үмүтү үзүлүп бараткан. Күйөөсүн көрүп турганына өзүн каерге коёрун билбей турду... Киши биринчи жолу үндү укту... Бул үн кызынын үнү. Киши эми бу үндөн: «Кимсиң?» – деп сурабайт. Ал үн – кызынын үнү... Кыз үчүнчү кабаттын терезесинде турган атасын жалжылдап жанган көздөрү менен карап, кубанычы койнуна сыйбай турду...

– Менин атам өлбөйт!.. Өлбөйт дегем!.. Мен атамды аябай жакшы көрөм... Аябай сагындым!.. – Секелек кыздын саамайында балалык бакыттын нуру жуунду. Өз сүйүүсү, сагыныч менен атасын тирилтип алган секелек кыздын жанында апасы турду... Анын көзү жашылданып турду... канча күндөн бери улам-улам терезени акмалап караган үмүттүү көздөрү дале талый элек... «О, Кудайым көрөр күнү бар экен!..» – деди аял.

* * *

Бу киши өлүмдү жеңди!..

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз