Египет эл жомогу: Алибек Кашкашы

  • 31.05.2021
  • 3089

Египеттин жүрөгү саналган Каирде Алибек Кашкашы деген сол бутунан аксаган, жөн аксабай бийлегендей кадам таштаган чал болуптур. Өзү жашаган узун көчөнүн балдарына анын бул басыгы күлкүлүү көрүнгөндүктөн алар чогуу-чаран мындай деп шылдыңдап кыйкырышчу болот:

Ай Кашкашы, Кашкашы,
Бийлейт кадам ташташы.
Элдин баары күлдүрөт,
Соксолоктоп баш-сашы.
Ушинтип ары өтсө да шылдыңдап кыйкырышат, бери өтсө да каткырып мазакташат, артынан ээрчип, басканын туурашат. Аликбек көп күндөр бою укмаксанга салат, анан бир жолу тыйганга аракет кылат, болбой кайра күчөшкөндө кыйкырып-өкүрүп алат, акырында чыдабай кетип жерден таш алып чабат. Таш жерге тийип кайра көтөрүлүп, балдардын биринин башын жарат, ал бакырып жатып калат. Анын үнүн уккан атасы үйүнөн чуркап чыгат, баласынын арызын угат, Кашкашыны сотко сүйрөп барат.

- Урматтуу сот, мынабул Кашкашы деген неме абдан жаман ишке барды, таш ыргытып баламдын башын жарды. Сураныч: бул тентектин жазасын бериңиз, болбосо мындан да жаман ишти кылат.  

- Урматуу жаран, баланын башын жарып, иш кылыпсың жаман, жооп бер бул эмне деген жорук, көпкөнсүңбү же шишиң жаман толуп? – деп сот Кашкашыны омуроолойт.

- Ай Кашкашы, Кашкашы,
Бийлейт кадам ташташы.
Элдин баары күлдүрөт,
Соксолоктоп баш-сашы, - дейт Кашкашы ошондо балдардын айтканын кайталап, суроого түз жооп бербей, алардын тилин туурап.

Түшүнбөй калган сот суроосун кайра кайталайт, Кашкашы кайра эле ырды айтат. Ан сайын ачуулана баштаган сот суроону башка өңүттө берсе Кашкашы тоту кушча төрт сапты кайрадан айтат. Мындан улам жини шакардай кайнап, көзүнөн заары чыккан сот сөгүнүп кыйкырат:

- Неңди... Кашкашы! Мени эмне шылдыңдап турасыңбы! Мунуң үчүн сени зынданга салдырсамбы!

- О улуу урматтуу сот, байкадыңыз окшойт мындай шылдың кандай катуу тиерин. Сиз үч-төрт жолу айтканда эле ушундай кыйкырдыңыз, мен дагы сабырдуу экенмин, - дегенде Кашкашы, сотко иш жагдайы даана ачыла түшүп, ал арыздануучунун өзүн күнөөлөп кубалап чыгат сыртка.

Ошондон кийин балдар Аликбек Кашкашыны шылдыңдабай, көчөдөн өтүп баратканда урмат-сый менен карашчу болот.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз