Казак эл жомогу: Атумтай менен Нашарван

Илгери Атумтай жана Нашарван аттуу эки дос болуптур. Атумтай жоомарттыгы менен атагы чыгып, Нашарвандын укмуштуудай адилеттиги бар экен. Алардын ынтымакка ширелишкен достугу абдан бекем эле. Буга элдин баары суктанчу. Мындай достукка ичтери тарып, көрө албаган шайтандар акыры өз кыянаттыгын ишке ашырып, алардын жан дүйнөсүнө жаман ойлорду салып, бирин-бирине каршы тукуруп, ортолоруна от жагып, бир күнү экөөнү бет карашкыс кылып араздаштырып тынышат. Муну эрдик санаган, эки достун бет карашкыс болгонуна кыбасы канган ата шайтан баласына мактанат:

- Көрдүңбү балам, кандай иштеш керек! Ушундай ынтымактуу немелерди душманга айланткандан кийин бизден өткөн кыйын жок да!

- Ушунча болду ата, экөөнү эл көрбөгөн жерден уруштуруп, бири-бирин жаздым кылгандай аракет жасайлы: өлгөнүн Кудайдын тозогуна түртүп, тирүүсүн адамдардын сотуна салалы, - дейт шайтандын баласы атасын колдоп.

- Ап баракелде! Эң туура айтасың! Бул үчүн биз алардын жүрөгүнө кирип, бири-бирине болгон жек көрүүсүн күчөтөлү, жолуккан жерден бирөөсүн башкасы баса калгандай кылалы, ээн жерде жолуктуруп, мушташтырып – максатыбызга жетели.

Ошентип ата шайтан менен бала шайтан алардын жан дүйнөсүнө отуруп, эки достун бири-бирине болгон жек көрүүсүн дагы да күчөтүшөт. Бир күнү адилет Нашарван токойго сейилдегени жөнөйт. Анын жүрөгүнө кирген ата шайтан муну Атумтайдын жан дүйнөсүн ээлеген баласына билдирет. Ал Атумтайды башка ойлорго буруп, кылычын алып токойго жөнөгөнгө көндүрөт.

Ошентип мурда ысык достошкон, эми сөөк өчтү душмандарга айланган экөө токойдон жолугушат. Нашарвандын эч кандай куралы жок экенин көргөн Атумтайдын ниети бузулуп, аны өлтүрмөй болот. Нашарван эски досунун оюн билип коёт да, озунуп аракетке барып, анын кылычын сурайт:

- Атумтай! Сен жоомарттыгың менен даңкталчу элең, эгер ошол бойдон калган болсоң, аны тастыктап мага кылычыңды бер.

“Эмне кылыш керек? – деп ойлонот Атумтай. – Эгер кылычты берсем, муну менен өзүмдү чаап салат. Бербей койсом Нашарвандын алдында жоомарт деген атагымдан айрылам”.  Ошентип Атумтай ичиндеги шайтандын каршылыгына карабай душманынын алдында намыстанып, Нашарванга кылычын берип мындай дейт:

- Кылычымды ал, бирок сен да өз адилеттүүлүгүңдү мага көрсөт!..

Муну укканда кылыч колуна тиери менен Атумтайды чаап салгысы келген Нашарван токтоло калып, жаман оюнан кайтат. Анткени ага да өз адилеттүүлүгү кымбат болчу. Муну байкаган Атумтай мурдагы досуна кучагын жая умтулат, Нашарван да ошондой эле достук кучагын жаят. Эки дос ошондо гана шайтандын азгырыгына кабылганын билип, бири-бирине болгон жаман ойлорунан арылышат. Аны менен кошо алардын жан дүйнөсүнөн шайтандар да чыга качышат. Ошондон кийин эки дос мурдагы ынтымактуу достугуна кайтып келишет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз