Акын Сагын Акматбекованын чыгармачылык портретине камылга же «Өткөн жылдын жалбырагы» («Кыргызстан», 1986) жыйнагына рецензия ордуна
I
Акын калаанын дал ортосунда – Эмен багында басып жүрөт: дарактардын бариктери шуулдап жел менен аймалышып бири-бирин кытыгылап ойнойт, гүлзарларга аарылар үйүр алып, гүлдөн гүл тандайт, авузда кыраан-каткырыкка батып балдар чөмүлүшөт, алар унутушат бүт баардыгын – бала бакчаны, теледеги сөлөкөт фильмди, үйү жана ата-энесин, эркиндикке ээлигишет, киринишет каалаганча, көккө серпкен сергитме суу өзүнөн түркүн түстүү Асан-Үсөн чачыратып, кооздукту таратат. Алыстан ак мармар мунарага жылбас болуп кадалган мезгил чоту – курант согот, өмүр жашоонун эсебин кагат, бир нерсеге бизди шаштырат, ойлондурат, кыжаалат кылат, кыш түшөрдө убакытты бир саат артка жылдыргандай кетип аткан жашоо-көчүңдө мезгилди артка кайрый албайсың, азыр саат тогуз жолу коңгуроосун каккан болсо, алтымыш мөөнөттөн кийин онду, анан он бирди... кагат, ушинтип «саат артынан саат көмүлөт»... Өмүр өтө берет...
Эмен багында акын каалгып жай басат: ушул жерден баарын таштап айылга, табият койнуна кетип калгысы келет, тигинде – балмуздак жеп жаткан, парктагы суланган таш сөлөкөттөргө таңыркап караган балдарга окшобогон, булардын балалыгына кыл келбеген өзүнүн балалыгын сезиминде дайыма кастарлап келген күндөрүнө, жылаңаяк, жылаңбаш, булут астында, тоо гүлдөрүнүн арасындагы бир кезде жоготуп алган ажайып балалыгына жол алгысы келет. Ал күндөрдү сагынат, кусаланат, кээде ыйлагысы келет, жамгыр болуп төгүлгүсү келет...
Эмен багында акын сейилдеп жүрөт: жалгыздыкты жакшы көрөт, өзү менен өзү сүйлөшөт, шыбырашат, алыс-алыс шоокуму дайыма кулакта, жаңырып турган деңизге кеткиси келет...
Эмен багында акын ойлонуп басат: балким жумушунан чарчап келатат, ай ким билет, бир нерсени ойлой берип жеңдиргендир санаага, алдыргандыр көйгөйү көп турмушка «эки жолу бу сүйүүнүн өрөөнүндө жашады, биринчисин – жаштык менен, от менен, экинчисин – жүрөк менен, эс менен», «үчүнчүгө – өмүр жок, өмүр жок, өмүр болсо – көкүрөк жок, көңүл жок». Ошон үчүн көп ойлонот пендечилик иштерди, жакшы көрөт: терезеден сыртты карашты, үрөй учурган жымжырттык, кат алганды достордон, үй ичине киргизип «ойнотконду, чулдуратып сүйлөткөндү шамалды», жамгыр ырын угушту, жылаңайлак чуркашты, бук болгондо ичин тепкен санааны чыгарганды, «суу боюнда олтурганды айлуу түндү айдалыга жамынып». Назик кыздын, жаш баланын жоруктарын жактырат.
Эмен багында акын басып барат: кокусунан көрүп калды жаткан ташты, өзүнө окшош ташты, аппак ташты, скульптор уста ага кайра өмүр берем деп канча бир көз майын коротту экен, кечээги таш – бүгүн ал искусство чыгармасы. Ыр келди, көкүрөктү ургулады бир сезим, жара тээп чыкты жүрөктү, тапты ташка окшоштукту өзүнөн:
Таш.
Эмен багында. Скульпторлор ийлеген
Таш кишилер менен
Таш жаныбарлар арасында
Жаныбар таш.
Тоонун ташы.
Ордунан козгош үчүн
Беш киши күч сарп кылар.
- Каяктан келип калдың? Ким апкелди?
- Сурайсың билип туруп... Кишилер да.
- Жагабы сага бул жер? - Үн жок, сөз жок.
Жанында туруп, туруп кете бердим.
...Бултуюп тескери карайт. (11-б.)
Ошол таштан акын контрастты көрдү, ал: табигыйлык менен жасалмалуулуктун, түптүүлүк менен убактылуулуктун, тоо менен калаанын, адам менен табияттын, акын менен скульптордун... Каршылыктан ыр чыкты, акын ташка адам сындуу жан берди, сүйлөбөстөн койду ташы бултуюп, таарынычын, өкүнүчүн – бүт баарын жалгыз ошол терс кароодон чыгарып. Акын көрдү ошону – күндө өтүп биз көрбөгөн, байкабаган таш эстелик арманы.
II
Бүт аймакка күз келди. Күз акындын жүрөгүнө кирди адегенде, тепчип өттү жүрөктү. Табият күз жамынды. Күз. Алтын күз. Пушкин сүйгөн күз! «Гүлдөр соолуп», «жашыл бойдон мажрум тал», «апта санап аба муздап, адамдар жылуу кийинип, а дарактар чечинет», «жер үстүндө каңгыйт туман жаныбар», «суу бактарга эми керек эместей» арыктарда шылдырайт, «жаз, жай бою аңкып туруп солуган өзү менен жыты кетти жалбыздын», «түнкү желге калтырашат боз чөптөр», «күз атчандай айдоо бойлоп бастырат». Күз. Күз. Учкан куштун көчү болуп кетип жай, «кызыл, кызыл бышып турган алма» болуп кирди күз. Күздө кандай ойлор келет? Күздө адам неге окшойт? Күздө акын өзүн кандай көрөт? Баары ойго келет, баары эске түшөт, акын санаасын тынчытпай эзгилеген үн чыгат: «кантип сени кайрыйм көптүн колунан, чийки, начар чыгып кеткен китебим». Күздү өмүргө салыштырсак, өмүрдө да күз болот турбайбы?! Ошол жөнүн ойлойт акын:
Аталардын сөөгү эбак чириген
Дөбөлөрдү биз эш тутат экенбиз...
...Топурактан муздак кези келгенде,
Топурактан жылуу бизге мекен жок. (50-б.)
Анан акын өлүм жөнүн эстен сүрүп таштап, тирүүлүккө куштарланат, жашоонун көп кырдуулугу жөнүндө ой чаргытат, жаратылыш менен өзүнүн татаал алака-катышын көрөт, табияттан өзүн издейт, өзүн дарактан, андагы жалбырактан көрөт, өткөн жылдан калган бир жалбыракты адам деп, болгондо да өзү деп сезет, шамалга ыргалган теректен өзүн табат, ошол терек өзү жөнүндө өзү күңгүрөнүп берет, а түгүл адам жөнүндө узун түрмөк кеп чубайт, чын эле анын баарына тутумдаш – тээ асмандагы жылдыз менен, Күн менен, Ай менен, Жердеги гүл менен, үлүл менен, барик менен киндиктеш:
...Күбү, күбү жалбырагың дарак төк!
Учур, учур! Ушул жарык дүйнөгө.
Жыйнаш эмес, корош үчүн келгенбиз
Тар көрүндүк, бар көрүндүк кимдерге?
Күүлөө, күүлөө, терме, терек, боюңду!
Жашоо деген селкинчектей оюндур.
Өйдө кеткен, ылдый кеткен күндөрдө
Жапыз болдук, бийик болдук кимдерге?
Баригиңдин бирин бороон албасын,
Учур өзүң, учур, баарын каралдым:
Биз билбеген бир да оюну калбасын
Жашоо деген – жакшы менен жамандын (63-б.)
Күздөгү сарсанааны өзүнөн серпип ыргытып, түнт күндөрдүн көшөгөсүн айрып салып, акын сезимге эргүү берди, толуп-ташты, чакырыкка күч чыгарып өзүн жана өзүнүн жаратылышын кыйкырып коргоого өттү. Акын үнү башка адамдардын сезимине бүлүк түшүрдү, ошон үчүн ал «жүрөккө арнап, жүрөк жазат турбайбы» деп таң калат. Ошол жүрөктөн адамдарды пакизалыкка, аруулукка, назиктикке, боорукерликке, сүйүүгө чакырат.
Ал – сүйүүнүн акыны, сүйүүсүз акын жашабайт, сүйүүсүз ыр жаралбайт, жүрөктө бул сезим болбосо адам алсыз, адам байкуш, көкүрөктөн ыр чыкпайт, көөдөндөн сөз атылбайт, табиятты сүйсөң гана, табият тилин түшүнүп, акын тилине, поэзия тилине өткөрөсүң, ырың жаратылыштын өзүндөй ырдап турат, адамга көрүнбөс жиптер менен байланыша чырмалат, түйүндөлөт; мезгилге болгон сүйүү болот, мезгилди сүйбөсөң – жаз, жай, күз, кышты билбесең, ар мезгилдин ырабдайы менен ырдабасаң, ырыңда ошолордун интонациясын, пафосун сиңдирбесең, анда окурмансыз акынсың, кээ бир ырлар болот – жазда окусаң башкача кабыл алынат да, күздө окусаң башкача кабыл алынат, кышта башка болуп чыга келет. «Күз ырлары» түрмөгүн да ошондой күздө окуп чык! Акын канында күз ойноп турат, ары-бери чуркап турат күз эртеңки келчү кышка орун бошотуп бере албай...
Ана күз кайтаар күнүн санап калды, ойноп-бийлеп келе жатат баатыр кыштын арапасы алдыда.
Акын жүрөгү ачышты. Гүлгө ачышты. Бул гүл эми кышка калып үшүйбү? Үлдүрөйбү? Убаланып күл болуп түшүп калабы жерге бүтүн төгүлүп?
«...Кандай болот ала кетсем сени үйгө?» -
Дедим гүлгө. Жок деп башын чайкады.
«А эмне үчүн?» Сыдырым бир жел жүрдү.
«Аны сага эртең гана айтамын».
Кар жааганын көрүп таңда, короого
Чуркап чыктым. «Ушундай да болобу!
Тоңуп калган турбайсыңбы байкушум...» -
Дедим кейип. – Ушундай да болобу? (65-б.)
Аялзаты гана, акынзаты гана ушинтип аямак. А гүл эмне деп жооп берди? Ал эмнени каалайт?!
«Кечээ сенин турмушуңду кооздоп,
Эртең соолуп... болгучакты таштанды,
Карда калып өлгөн жакшы!» - деп айтты
Жаны чыгып кетип бара жаткан гүл.
Гүл, гүл бойдон өлгүсү келет, анын сыңары адамдар бар ушундай – «кечээ бирөөнүн турмушун кооздоп, эртең соолуп... болгучакты таштанды», карда калып, тамырынан ажырабай өлгөндү туу кылышат түбөлүк. Акын табият менен ушундай алака-катышта турат, андан өзүн, өзүнөн аны көрө билет, зардасында табиятка карата бекем, түбөлүктүү сүйүү жатат, ырас бул темага кайрылууда педагогика, публицистика, социология, проза, драма өз-өз сөзүн айтат, бирок баарыныкы башка, поэзияныкы башка, ал рухту козгоп, сезимге түздөн түз таасир берет, адамды ичтен тазалап чыгат. Акындын ырлары ошонусу менен баалуу, ошонусу менен окумдуу.
III
«Өткөн жылдын жалбырактары» жыйнагын С.Акматбекованын эксперимент китепчеси катары да кароого болот. Анда ыр формасынын ар кандай жолдору сыналып көрүлгөнсүйт: ак ыр, эркин ыр, традициялуу ыр формалары аралаш-куралаш келет; ыр-метафора, ыр-элегия, ыр-серенада, ыр-диалог, ыр-монолог, ыр-күндөлүк, ыр-кайрылуу, ыр-суроо, ыр-рубаи ж.б. көп түрлөрдө жашайт.
Улуттук поэзияда көп түрдүү акындар канчалык арбын болсо, ошол элдин поэзиясы ошончолук бай болору анык, андай болсо С.Акматбекова мына ошондой көп түрдүн бир түрү, көп үндүн бир үнү.
С.Акматбекованын поэзиясы эмоциянын, ички психологиясынын, интимдүүлүктүн поэзиясы, ал жай-тынч ырдын өкүлү, ар кандай метафоралардын, ассоциациялардын акыны.
Акындын стилдик индивидуалдуулугунан кээде чектен чыгып аша чаап кеткен учурлары да байкалат. Айталык анын жыйнактагы айрым ырларында жалгыздыкты, көңүлсүздүктү көрсөтүп атып аларын мажестикке, көңүл алууга алып барып такайт, айрым учурларда алдына койгон максатына байланыштуу ички рухтун драмасына сүңгүп кирбей, турмуш карама-каршылыктарын примитивдүү түшүнүүдөн, консервативдик акыл жүгүртүүдөн, элегиялык мотивдердин эпигондук кайталоолорунан куралып калган ырларды жазат, а түгүл мындай моменттер ырдан – ырга, түрмөктөн – түрмөккө, а түгүл жыйнактан – жыйнакка көчүп өтөт.
Жыйнактагы «Төрт саптар» деген бөлүм окурман катары мага төрт саптардай таасир эте алган жок, кыска формага ал келе албай тургансыйт, ыр саптары менен ойдун айкашы дал келбейт, маселен «Куруучуларды» окуп көрөлү:
Чоң мектепти куруп салып соңунда
Өз иштерин да бир сынап бүтүшүп,
Кобурашып турат жолдун боюнда
Келе жаткан автобусту күтүшүп.
Ырас, бул ыр эмес, өзгөчө С.Акматбекова үчүн! А мындайлар бир топ. Ошондой эле айрым ырларда («Андроповдун өлүмүнө», «Суу жыгып келиш үчүн бара жатып», «Терезедеги гүлдөр», «Аэропорт») форма менен мазмундун биригип сүзүшпөгөндүгү, ойлордун сезимге таасирсиздиги, деги эле ырдын жылуулугунун жоктугу өкүндүрөт.
IV
Акын Эмен багында басып баратат, ар кадамда күтүлүүдө жаңылык: бүгүн мына, кечээгиң жок, эртең болсо, бүгүнкүң, эртеңки күн кармалгыс куш, кайкып учуп бараткан; ар күн кызык, сырдуу үмүттүү таң атат, кызгылт таңдан биз жакшылык тилейбиз, жолуксак деп бакытка, келер күндөр кызык дайым, дайым бизге табышмак, эртеңдерге ашыгабыз, бир нерселер күтөбүз – балким алар акындардын ырлары, балким алар жүрөк козгор сөз күчү, андай тилек ишке ашса экен ылайым; акындардан жакшы ыр чыксын, адамдардын денесине күн нурундай тарасын, козгой билсин кишилердин жүрөктөрүн, сезимин, жакшылыкка үндөп турсун ар бир баскан жолунда...
Акын Эмен багында басып баратат,
Жалбырак деп... жалбырак деп
жалбарат!
Абдыкерим МУРАТОВ
«Кыргызстан маданияты», 1987-жыл, №18, 30-апрель