Михаил Зощенко: Диктофон

  • 03.02.2024
  • 3196

АҢГЕМЕ

Бу америкалыктарың шумдук калк экен го! Буларың не деген таң каларлык ачылыштарды жасаган жок да, эмнелерди гана ойлоп тапкан жок! Бууну, коопсуз Жилетт устарасын, жердин огунда айланарын, деги койчу, ушунун баарын ачкан да, ойлоп тапкан да америкалыктар менен анан анча-мынча англичандар болушпадыбы.

Эми мына, көрүңүздөр: америкалыктар адамзатты дагы бир ирет бактылуу кылып диктофон деген шумдук машинени дүйнөгө тартуулашты. 

Албетте, бул мурда эле ойлоп табылган дечи, бирок бизге эми гана, тагыраак айтканда, 1920-жылы келди.

Машинке келген күн эми бир салтанаттуу, унутулгус болду дейсиң. Мындай шумдукту көзү менен көргөнгө ынтызар калың эл заматта чогулду.   

Калайык арасында кадыры калың Константин Иванович Деревяшкин машинени кабынан алып чыгып бетин этиеттеп чүпүрөк менен сүрүп койду. Аны эмне деген залкар гений ойлоп тапканын мына ошондо баарыбыз көзүбүз менен көрдүк, майда бурамалары, быдыр тиштүү дөңгөлөкчөлөрү, жылма кырлары чеберлик менен ийилген керемет бир буюм көзгө урунду. Бир караганда өтө эле назик, морттой көрүнгөн бул машинке кадимкидей иштеп, кандайдыр бир милдет аткарат деп ойлоонун өзү таң каларлык эле.      

Эх, Америка, Америка, улуу өлкө болбосоң коё кал!

Машинкени бир сыйра карап чыккан соң калайык арасында кадыры калың жолдош Деревяшкин америкалыктарды дагы бир жолу мактады да анан гениалдуу ойлоп тапкычтардын адамзатка келтирип жаткан пайдасы туурасында учкай сөз айтты. Андан соң машинкени иш жүзүндө сынап көрмөй болушту.   

«Кана, араңардан кимиңер бул гениалдуу аппаратка бир-эки ооз сөз айткыңар келет?» – деп суроо узатты Константин Иванович.

Ошол замат дагы бир урматтуу жолдош Тыкин Василий алдыга чыкты. Бул өзү бою куркуйган арык, алтынчы разряд боюнча иштеп анан кошумча ишине да маяна алчу неме. «Уруксат болсо мен айтайын», - деди ал. Дароо уруксат беришти ага.

Ал бир аз толкундана машинкеге уланган кернейге жакын келди да эмнени айтсам экен деп бир топко ойлонуп калды, анан айтаарга сөз таппай, колун шилтеди да өзүнүн сабатсыз экенине чын дилинен бушайман боло четке чыга берди.

Дагы бирөө чыкты. Бул көпкө ойлонуп отурбай эле кернейдин оозуна жакын келип туруп дарылдап коё берди:

- Эй, жинди!

Машинкени ошол замат кайра артка түрдүрүп, жандырып көрүштү эле, ал тургандардын оозун аңкайтып айтылганды так өзүндөй кылып кайталап берди.

Ал, анан көрүп ал, таң калган көрармандар бири бирин түртүшө кернейге жакын келишип, улам бир сөздү, кээде сүйлөмдү же ар кайсы ураанды айтып киришти. Машинке анын баарын унчукпай жазып, кайра кайталай берди.

Ошондо жанагы алтынчы разряд боюнча иштеп анан кошумча ишине да маяна  алчу жолдош Тыкин Василий кайра чыкты да коомчулукка ичиңерден кимдир-бирөөңөр кернейге сөгүнүп көргүлөчү деген сунушун киргизди.  

Калайык арасында кадыры калың жолдош Деревяшкин адегенде буга көшөрө тыюу салды, алтургай мындай кылганыңар түзүк эмес деп ачуулана жер тепкилеп да жиберди, бирок  бир аздан кийин олку-солку боло түшүп, мейли, эгерде коомчулук ошончолук эле каалап турса анда ашата сөккөндүн акесин окуткан, мүнөзү да албуут чыр кошуна үйдөгү кара деңизчи матросту чыкырып келгиле деди.

Тиги көпкө күттүрбөй урган бойдон жетип келди.

- Кана кайда, кайсы тешикке сөгүнүш керек? – дейт.

Мына бул жакка деп көрсөтүп беришти. Ал оозунан ак ит кирип кара ит чыга ашатып коё берди эле, ага жадагалса, калк арасында кадыры калың Деревяшкин өзү да тан берип, көрдүңөрбү муну, укмуш айдатты го, бул деген силерге Америка эмес дегенчелик кылып алакан жая туруп калды. Анан кернейдин оозуна тимеле жабышып алган богооз матросту эптеп ары сүйрөй тартып машинкени коюп көрүштү эле, диктофон айтылгандын баарын баягыдай эле чып-чыргасын коротпой сөзмө-сөз кайталап берди.  

Ошондо тургандар түп көтөрө жабылып тешикке жакын келип, сөгүнүп, ар кайсыны айтып киришти. Анан ар кандай добуштарды чыгара башташты: алакандарын чапкылашты, темир такалары менен жер тепкилеп бийлешти, таңдайларын шыкылдатышты, чүчкүрүп да көрүштү, машинке болсо түк жаздым кетирбей баарын кайталап, айныксыз иштеп жатты.   

Ойлоп табылган бул буюмдун чынында эле гениалдуу экенине баары ошондо тан беришти. Бирок бир гана өкүнүчтүү жери, бул керемет аппарат кескин чыккан үндөргө гана туруштук бере албайт экен, ошого ылайыкташтырылбаптыр да...

Маселен, калк арасында кадыры бийик Константин Иванович аны сынап көрмөккө тапанча атып жиберди, албетте, кернейге аткан жок, октун үнүн тарыхта калтырайын деп так түбүнөн туруп капталдата атты. Анан эмне болду дейсиз? Машинке жанагыдай жаза албай, бузулуп калса болобу.

Бул жагынан караганда, америкалык ойлоп табуучулар менен кызыл кулактардын мартабасы баштагыдай болбой, кадыры ылдыйлай түштү.

Бирок алардын адамзат алдында сиңирген эмгеги баары бир жогору экенин моюнга алып коюшубуз керек.

Кыргызчалаткан Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз