Бурят эл жомогу: Сагызган жана балапандары

  • 08.06.2021
  • 3360

Бир жолу сагызган балапандарына мындай деди:

- Балдарым, силер эми чоңойдуңар, канат кагып учканга жарайсыңар, андыктан өз жаныңарды багышыңар керек. Кантип жем таап жешти азыр көргөзөм.

Ушуну айтты да карагай башындагы уясынан жерге конуп, артынан келген балапандарына кыртышты тинтип сөөлжан таап жегенди көргөздү, жерде жүгүргөн курт-кумурса, абада учкан чымын-чиркей кармаганды үйрөттү. Балапандар апасынча далбастабагандыктан эч нерсе кармай алышпады, эки жакты эрине карап энесинен өтүнүштү:

- Апа, кайталы жылуу-жумшак уябызга, убара болбой тамакты сиз ташып, биз жеп, эч кандай баш оорусуз, түйшүк-мээнетсиз жашай берели мурункубуздай.

- Балдарым, чоңойдуңар, энеңерге эрмешип жан бакканыңар уят. Апам мени силерден да кичине кезимде уядан түртүп жиберген.

- А бизди адамдар жаа менен атышсачы? – деп сурашат балапандар эптеп эле уяга кайтыштын айласын издеп.

- Коркпогула, адам жаа менен атаардан мурда жебени алып октойт, атаардан мурда көпкө мээлейт, ошондон пайдаланып уча качпай жаныңар жокпу, - деп жооп берет сагызган.

- Мурда октоп койгон жаасы менен мээлебей эле атып жиберсечи? Тентек балдар таш менен урсачы? Кыртыш чукуп сөөлжан кармап жүргөнүбүздө мышык басып калсачы? – балапандар ар кайсы кырсыктын башын айтып энесин айнытууга аракеттенишет.

- Балдар таш менен чабардан мурда эңкейишет, мышык секирерден мурда жыйрылат, болгону ушулардын баарын байкап сак болушуңар керек, - дейт сагызган.

- Балдар ташты коюнга катып келсечи, мышык мурда эле секирерге даяр болсочу, - балапандар бири-биринен өтө шакылыкташып.

- Душман коюнуна таш катып алышы мүмкүн экенин билипсиңер, жырткычтын жамандык жасарга дайым даяр жүрөрүнө акылыңар жетиптир, эң негизгиси ширин жандын даамын сезип калыпсыңар, демек  мен силердин коопсуздугуңар үчүн коркпоймун. Ал эми силердин уяга кайталы деген жалкоолугуңар менен коркоктугуңарды ачкан кардыңар жеңет, - деп эне сагызган артын карабай учуп жөнөптүр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз