Алтай эл жомогу: Сарыкан

  • 25.05.2021
  • 3302

Илгери Алтайда Сарыкан деген кан жашаптыр. Анын жер бетин бербеген калың малы, кандыгына батпай ашып-ташкан дүйнө-мүлкү болуптур. Анткен менен Сарыкан өзү ачуудан таттууну, актан караны айырмалай албаган чакан акылдын ээси экен.

Бир күнү ал аялы толготуп жатканда Тайгага аңчылыкка чыгып кетип, эки күндөн кийин ким төрөлгөнүн билип келүүсүн, ошондо да “уулду болдуңуз” деген жакшы кабар менен кайтуусун буюруп малайын айлына жөнөтөт. Мындан улам малай хандын уулдуу болуусун анын өзүнөн аша Кудайдан тиленип келсе, тилекке каршы каныша кыз төрөгөн болот. Муну укканда байкуш малайдын жүрөгү түшүп калат.  Башында уулду болгонун сүйүнчүлөп калп айтмакчы болот, бирок чындык билингенде баары бир башынан айрыларын ойлоп, эмнеси болсо акыйкатты айтып өлмөй болот. Узак жол жүрүп Сарыкандын алдына келет. Ал малайды көрүп алыстан эле кыйкырат:

- Кана, каныңды бир кубантчы! Уулдуу болдум да ээ? Тезирээк айт!

Коркконунан кышкы аязда жылаңач калгандай кылчылдаган малай оозунан кеп качса да чындыкты айтат:

- Сүйүнчү каным, каныша кыз төрөдү...

- Эмне! Сүйүнчү дейсиңби? Сүйүнчүңө чоң чокмор менен чокуга жейсиң! – деп кан каары менен качырып келип, чокмор менен мээсин жайнатчудай тап бере ызырынат. Байкуш малай жанынан кече бүк түшөт. Ушул учурда Сарыкандын башына кандайдыр бир чымчык коно калат.

- Эй малай, тезирек чымчыкты карма! – дейт кан токтой калып. Баш көтөргөн байкуш көзүн бардап алып, анын башындагы парендени көрүп, колун сунуп жакындайт.

- Эй акмак! Чымчыкты кантип кол менен кармасын! Ме, чокмор менен чап! – деп малайга чокморду бере салат. Кан деген кан, анын буйругун эки кылганга болбойт. Ошентип эрксиз малай чокморду ала калып чымчыкты мээлеп-мээлебей шилтеп калат. Чымчык уча качканда Сарыкандын иштебеген мээси жайнайт, өзү кыйылган талдай кыйрайт.  Көрсө иштебеген мээнин айрандан, алысты көрө албаган кандын малайдан айырмасы жок турбайбы.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз