Туз жөнүндө араб эл жомогу

Илгери-илгери бир бай көпөс жашаптыр, анын үч кызы бар экен. Бир жолу эригип олтуруп, кыздары аны канчалык жакшы көргөнүн сынап көргүсү келет.

Адегенде ал улуу кызын чакырат:

 – Кызым, мага жооп берчи, сен мени кандай жакшы көрөсүң?

Улуу кызы ойлонбой туруп дароо жооп берди:

 – Ата, балык деңизди кандай жакшы көрсө, мен да сени ошондой жакшы көрөм.  

Атасына кызынын жообу аябай жакты. “Менин кызым акылдуу кыз, чындыгында эле балык суусу жок жерде жашай алабы, демек, кызым чынында мени жакшы көрөт экен. Ошондуктан, мен ага алтын-зээр буюмдар толтура салынган сандыкты белекке берем” —деп ал айтканын аткарды.

Андан соң ортончу кызын чакырды:

– Кызым, мага жооп берчи, сен мени кандай жакшы көрөсүң?

 – Ортончу кызы да ойлонбой жооп берди:

 – Ата, канаттуулар асманды кандай жакшы көрсө, мен да сени ошондой жакшы көрөм. 

Атасынын көңүлүнө бул жооп дагы төп келди. Айтса айтпаса төгүнбү. Чынында эле куштар асмансыз жашай албайт эмеспи. Ал кызына да улуу кызына берген сандыктан кем эмес алтын-зээр буюмдар толтура сандык тартуулады.

Эмки кезек кичүү кызына келип жетти:

– Кызым, мага жооп берчи, сен мени кандай жакшы көрөсүң?

Кичүү кызы ага мындай жооп узатты:

– Ата, мен сени тамакка кошкон туздай жакшы көрөм. 

Атасына бул жооп жаккан жок. Анткени ал үчүн туз жөн гана күнүмдүк тамакка кошо турган арзан татымдардын бири эле. Ал кызына таарынып, аны үйүнөн кууп жиберди. Кызы өз сөзүнүн маанисин түшүндүрүп берейин дегенин да уккан жок.

Кыз атасынын үйүнөн үстүндө кийген кийиминен бөлөк эч нерсе албай чыкты. Ал башы оогон жакты карай, ыйлап бара жатты. Жолдон ага бир жаш жигит жолукту. Ага бул татынакай кыз жагып калды. Ал андан эмне себептен ыйлап жатканын сурады.  Кыз өз баянын айтып бергенден кийин, жигит аны өз үйүнө чакырды. Ал мергенчи болгондуктан токойдун ортосунда кичинекей үй салып алган экен. Мергенчи кызды сүйүп калып, ага турмушка чыгуусун суранды. Ошентип экөө үйлөнүп, барга-жокко кайыл болуп бактылуу өмүр сүрө башташты.

Бир топ жылдан кийин көпөс токойго мергенчиликке чыгат. Ал маралдын аркасынан кубалап келе жатып, кызматчыларынан бөлүнүп, токойдо адашып калды. Көпкө чейин адашып жүрүп, бир кезде токойдун ортосундагы кичинекей үйгө туш болду. Курсагы аябай ачкандыктан бул үйдүн кожоюнунан бир аз болсо да тамак сурап жемей болду. Аны босогодон үйдүн ээси тосуп алды. Аны үйгө киргизип, аялынан тамак жасай коюшун өтүндү. А өзү коноктун бул тарапка кайдан, эмне болуп келип калганына кызыкты. Ал өз окуясын айта баштаганда эле кыз атасын тааныды. Ал өзүн бактылуу сезип, кубанып турду. Ал заматта сонун-сонун тамактарды даярдап, атасынын алдына койду. Көпөс ачка болгондуктан, табити ачылып тамакка кол салды. Бирок ал улам бир тамактан ооз тийип, жебей олтуруп калды.

–Эмне үчүн тамак жебей жатасыз же менин аялымдын тамагы жакпай калдыбы? – деди жигит.

– Мындай тамакты кантип жейсиңер? – деди көпөс. – Бир да тамактын тузу жок экен. Мергенчи ага мындай деп жооп узатты:

 – Бизде туз деле бар, тамакты тузсуз ичпейбиз.

Аялынан туз алып келүүсүн суранды. Аялы туз алып келип берди. Ошондо көпөс кичүү  кызынын туз жөнүндө айтканын эстеди. Аны түшүнбөй үйдөн кууп чыкканын ойлоп, көзүнөн жаш тамды. Жакшылап караса, туз салынган табагын колуна кармап кызы турган экен.

Атасы кызын кучактап, андан ойлонбой жасаган иши үчүн кечирим сурады. Кызы да атасын кучактап ага мындай деди:

 – Ата, мен сени аябай жакшы көрөм, тузу жок бир да адам тамак жебейт. Ошондуктан мен сизди тузду жакшы көргөндөй жакшы көрөм дегем.

Ошондон кийин ал кызына алар жашаган токойдо келишкен үй салдырып, көп алтын-зээр буюмдарын тартуу кылыптыр. Алар калган өмүрлөрүн бактылуу жашап өтүшкөн экен.

Жомоктон чыккан тыянак: Эч качан шашылыш, ойлонулбаган чечим чыгарбагыла!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз