Авар эл жомогу: Үч ууру

  • 19.05.2021
  • 3093

Үч ууру жашаптыр. Бири Кикундан экен, экөөсү Гергебилден болушат. Бир күнү үчөө жолугуп калып, кимибиз кыйынбыз деп мелдеше кетишет.

- Эмне акыйлашып атабыз, чеберчилигибизди сөз менен эмес, иш жүзүндө сынашалы, - дейт Кикундук.

Берки экөө макул болуп жолго чыгышат. Көп өтпөй үч өгүз менен жер айдаган дыйканды көрүшөт.

- Кел, өгүздөрүн уурдайбыз, - дейт кикундук.

- Кошко чегилген өгүздү кантип уурдамак элек. Кеч кирип өгүздөр отко коюлсун, ошондо уурдайбыз, - дейт гергебилдик.

- Түндөсү ким болсо да уурдайт, кыйын болсок азыр уурдашыбыз керек. Болуптур мен дыйканды алаксытайын, ошол учурда силер эки өгүздү жетелей качкыла, - деп кикундук сунуштайт. Берки экөө макул болот.

Бир аздан кийин дөбөгө чыккан Кикундук кыйкыра баштайт:

- Карагылачы! Кандай гана керемет, кандай гана укмуш! Карагылачы!

Аны уккан дыйкан ишин токтотуп карап калат.

Кикундук ого бетер кыйкырып, дөбөдөн ары жакта айры буттуу пенде көрбөгөн керемет көрүнүш менен ажайып окуяга күбө болуп жаткандай кыйкыра берет. Акыры буга азгырылган дыйкан кошун таштап дөбөгө чыгып барат. Ал кетери менен жакын жерде жашынган гергебилдиктер эки өгүздү жетелеп жөнөшөт. Дыйкан дөбөгө чыгып барып, ары жакты карап эч нерсе көрбөгөнүндө кикундуктан сурайт:

- Эй, кана укмушуң, көрүнбөйт ко?

- Чак түштө өгүздөрүңдү уурдатканың укмуш эмей эмне! - деп кикундук ага өгүздөрүн жетелеп кыйла узап кеткен гергебилдиктерди көргөзө салат.

Дыйкан ач айкырыкты салып уурулардын артынан түшөт. Оо далайда барып,  уурулардан өгүздөрүн эптеп кайрып келсе сокосу калып үчүнчү өгүзүнөн дайын жок. Алданганын түшүнүп өзүн башка койгулап отуруп калат.

Бул убакта өгүзчөн кикундук үйүнө жетип калган болот.

Гергебилдиктер да кикундукка алданганын түшүнүп, уурулук чеберчиликтерин көргөзүп, аны сызга отургузуу менен мелдеште жеңмей болушат. Алар Кикунга келип, уурунун үйүн түн киргиче акмалап жүрүшөт. Кикундук муну сезип, ызаланган немелер өч аларын билет. Аялына сак болуусун, үй-жайдын баарын кулпулап, ачкычын бекем катууну буюруп, жаздыкка баш коёт. Аялы ал айткандай баарын бекитип, ачкычты ычкырына байлап алат.

Алар уктаганда көлөкөдөй жылган гергебилдиктер бүт короо жайды аралап, баары бекем кулпуланганына күбө болушат. Куру кол кайтканга намысы жол бербеген алардын бири үй ээлеринин төшөгүнө сойлоп келип, аялына шыбырайт:

- Ачкычты жакшы каттыңбы?

- Ооба, ычкырыма байлап алдым, - дейт аял уйку-соо арасында.

- Мага берчи аны өзүм алып жатайын, - дейт гергебилдик ууру.

- Кандай немесиң деги! Же мага ишенбей жатасыңбы! – деп жинденген аял ачкычты бере салат.

Ушул гана керек эле аларга. Кампаны ачып, андагы кышка даярдалган азыктарды бир капка салып жөнөп кетишет. Көп өтпөй кикундук ойгонуп, аялынан ачкычты сурайт.

– Албадыңбы азыр эле! Деги уктатасыңбы! – деп аялы жинденгенде эмне болгонун дароо түшүнгөн ууру секирип туруп гергебилдиктердин артынан жүгүрөт.

Көп өтпөй оор капты кезектеше көтөрүп, жолдо бараткан эки ууруну көрүп аңдып жөнөйт. Бир маалда алдыга кеткен биринчисине билгизбей экинчисинен эбин таап капты алып, азырак басып тынымыш болуп, акырын басып артты карай жөнөйт. Ал эми ар кимиси кап өнөгүмдө деп ойлогон гергебилдиктер куру кол кайткандарын айылга жеткенде гана билишет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз