Авар эл жомогу: Тең теңи менен

  • 11.06.2020
  • 4122

Бир чычкан баласы менен тегирменден орун алгандан кийин тыңый баштайт. Тамак көп, санаа жок болгондуктан тимеле жүнү жылтырап семирет. Айланада алгыр куштар менен мышык аттуу болбогондуктан өзүн бул тегерек үчүн маанилүү айбан сезип, чак түштө талаалай сейилдеп, бийик дөбөгө чыкчу болот. Бир топ убакыт өтүп, бөжөгү чоңоюп, келин алмай болот. Текеберлиги ашынган чыкең төмөн карап жандуу аттуудан эч кимди теңине албай, асмандагы жаркып турган күндүн өзүнө куда түшөт.

- Асманда жалгыз сен улуксуң, жерде жалгыз мен улук. Тең теңи менен, тезек кабы менен дегендей, уулума турмушка чык, - дейт бийик тоого чыккан чычкан күнгө кайрылып.

- Сен андан көрө булутка кайрыл, ал менден күчтүү, жүзүмдү качан болбосун жаап калат. Демек сендей кыйын айбанга булут татыктуу, - дейт күн көз уялтып.

Чычкан күндүн сунушун туура көрүп, булуттун колун сурайт.

- Мага караганда шамал күчтүү. Ал дайыма мени алдына салып айдап жүрөт, сендей кыйын жаныбарга шамал татыктуу, - дейт булут.

Чычкан шамалга кайрылып кулдук уруп турат.

- Менден тоо күчтүү, канчалык катуулап соксом да алдымды тосуп өткөрбөйт. Сендей кыйындарга тоо гана татыктуу, - дейт шамал шуулдап.

Чычкан тоого кайрылып колун сурайт.

- Мага караганда чычкан, сен күчтүүсүң. Дене-боюмду оюп-тешип жибересиң. Ошон үчүн өз туугандарыңа кайрыл, - дейт тоо күңгүрөнө жаңырып.

Чычкан жакын арада жашаган чычкандын кызына куда түшөт. Ал чыкең да жылтырай семирип, айланадан эч кимди теңине албай турган болот, андыктан тууганынын сунушуна аний дебейт.

Демек тең теңи менен деген сөздө калет жок.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз