Токтосун Самудиновдон балдар ыры

  • 10.06.2020
  • 3972

ЧАЧТАРАЧ

Кѳп тийгизер пайдасын
Жашка дагы, карыга
Чачтарач бар мен билген
Биздин үйдѳн нарыда.

Чоң күзгүсүн туштагы
Коёт дагы бир карап,
Мен башбаксам эшиктен,
- Кел, баатыр! – деп жылмаят.

Жайнап турат столдо
Устарасы, кайчысы…
Кѳз боочудай шып алат
Керек болсо кайсысы.

Бала болсун, чоң болсун,
Куудул сѳзүн аянбайт.
Айтып калат: «Биле жүр
Жаман киши таранбайт».

Алып берет чачымды,
Анан себет атырды.
Сылап коюп башыман,
Жигит бол дейт акылдуу.

ФЕВРАЛЬ

Кээде жылуу жылмайса,
Кээде ызгаар жели бар…
Январды узатып,
Кирип келди февраль.

Айырмасы бул айдын –
Жазга энчилеш жарымы.
Аппак тону жыртылып,
Кыш күчүнѳн тайыды.

Тескейлерде, коолордо
Али опоюп кар турар.
Чатырлардын четинен
Тып-тып тамат тамчылар.

ЧЫБЫК АТ

Мен тааныган бирѳѳ бар
Ичиңерде.
Чоң чапанга оронот
Үшүгѳндѳ.

Аргымагын бапестейт,
Жакшы кѳрѳт.
Куру бекер самабайт
Атты бѳлѳк.

Анын аты суу дебейт,
Жем сурабайт.
Ошондуктан ал атты
Эл сурабайт.

Атын издейт жаңы эле
Уктап туруп.
Жѳнѳп кетет инисин
Учкаштырып.

Агып жаткан шар суудан
Ѳзѳндѳгү…
Ѳз оюнда наржакка
Ѳтѳм деди.

Теминди атын, болбоду,
Кыйык экен.
Кѳрсѳ, алдында мингени –
Чыбык экен.

КАЙЧЫ

Уста темир эритип,
Жасады эки бычакты.
Бир туугандар кѳрүшүп,
Жайышты анан кучакты.

Ошол күндѳн бѳлүнбѳй
Бир максатка бет алды.
Эки бычак дедирбей
Кайчы делип аталды.

КѲКТѲМ ЫРЫ

Баардык-баардык ѳсүмдүк,
Баардык-баардык жаныбар
Күтѳ-күтѳ кѳктѳмдү
Абдан-абдан сагынар.

Аппак-аппак булуттар
Бийик-бийик асманда,
Кѳчүп-кѳчүп баратат
Алыс-алыс жактарга.

Чексиз-чексиз талаалар
Күндѳ-күндѳ кулпунат.
Шаңдуу-шаңдуу ыр менен
Кучак-кучак гүл сунат.

КҮЗГҮ

Аппак, тунук жүзүнѳн
Нур ойнотуп жалтырак,
Ар бир үйгѳ кѳрк берип,
Тѳрдѳ илинип ал турат.

Күзгү деген чынында
Кымбат баалуу нерсе эмес.
Бирок, анын алдында
Каранабыз эрте-кеч.

Бетибиздин бир жерин
Кеткен жокпу кир басып?
Жарашабы чачыбыз?
Алыш керек сындатып.

Кээ бир, кээ бир балдар бар
Безип качкан күзгүдѳн.
Бети-башы торала,
Тамтык калбай үстүнѳн.

Кай бир тентек баланын
Жакасын кѳр, мойнун кѳр.
Кѳчѳ чаңын ызгыткан
Элге жакпас оюнун кѳр.

Күзгү дагы жаратпас
Андай жалкоо балдарды.
Ошондуктан айталбайт
Жасалмалуу жалганды.

Чынчылдыгы жагынан
Теңдеш болор жок буга.
Кемчиликти кѳрсѳткѳн
Баарыбызга дос тура.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз