Авар эл жомогу: Жаштыктын сыры

  • 09.06.2020
  • 3487

Бир адилет жана чынчыл тегирменчи жашаптыр. Ак эмгеги менен жан багып, арам ишке барбаптыр. Адамдарга жакшылык кылууга дайым даяр экен.

Бир жолу ал тегирменине келген сууда өңү кыпкызыл чоң алма агып келатканын көрөт. Алып жегиси келет, бирок алмага өзүнүн эч кандай эмгеги коробогонун ойлоп бул максатынан айныйт. Ага жараша бул ажайып алманы өстүргөн кишини көрүп, билгиси келип сууну жээктеп жөнөйт. Бир кезде алдынан ак сакалдуу кары чыгат.  

— Салам алейкум, аксакал! Мына бул алма сиздин бакта өсөбү? - деп сурайт тегирменчи.

- Жок. Бул алма жогору жакта жашаган агамдын багында өсөт.

Тегирменчи сапарын улантат. Бир топ жол жүргөн соң дагы бир аксакал киши алдынан чыгат.

- Мына бул алма сиздин бакта өсөбү? Төмөн жакта жашаган аксакал кары сиздин иниңизби? – суроолорун узатат тегирменчи.

- Ылдый жакта жашаган аксакал менин иним. Бирок бул алма жогоруда жашаган эң улуу агабыздын багында өсөт, - дейт кары.

Аксакалдардын агасын көрүүгө куштарланган тегирменчи жогору карай шашылат. Көп жол баскан соң алдынан жүзүнөн нуру тамган, бир да ак чачы жок, кара сакалдуу киши чыгат.

— Салам алейкум, мен мына бул алманы өстүргөн адамды издеп келаттым эле. Төмөн жакта анын эки иниси жашайт экен.

— Ваалейкум ассалам! Ооба, төмөн жакта менин эки иним жашайт. Бул алма да менин багымда өсөт. Үйгө кир жолоочум, коногум бол.

Эки инисинен жаш көрүнгөн бул кишиге таң калган тегирменчи үйгө кирет. Аялы тамак алып келип, конокту жакшылап сыйлайт. Кожоюн аялына бакчадан дарбыз алып келүүнү буюрат. Дарбыз алдыга келгенде кожоюн союп көрүп актыгын айтып, жаратпай башкасын алып келүүгө жиберет. Бирок экинчи дарбыз да ак болуп калгандыктан жаратпайт. Ошентип аял бакчага беш жолу барып, кожоюн бешинчи дарбызды гана жактырат.

-  О меймандос, кожоюн. Сизге бир суроо берүүгө ыракым этиңиз. Эмне үчүн инилериңизге караганда абдан жаш көрүнөсүз? Алар ак сакал кары болушуптур, сиздин бетиңизде бырыш, чачыңызда ак жок экен. Бул жаштыгыңыздын эмне сыры бар? – деп сурайт тегирменчи дарбыз жеп отуруп.

- Сен өзүң көрдүң го, мен аялымды дарбызга беш жолу жумшадым. Ушул учурда аялым айтканымды так аткарбаганына мен ачууланган жокмун, аялым да улам жумшап убара кылып жатканым үчүн жинденбеди. Экөөбүз жаштайыбыздан өз ара түшүнүшүү менен ынтымакта жашап келебиз. Болбогон нерселер үчүн ачууга алдырбайбыз, уруш-талаш менен жашообузду татаалдантпайбыз. Ал эми төмөн жакта жашаган инилерим чыр-чатактын үстүндө өмүр сүрүп, жаштыгын сактап кала алышкан жок, - деп кары жаштыгынын сырын ачып, тегирменчини ынандырды.

Тегирменчи бул акылман карыдан үлгү алгандыктан ошондон кийин болбогон нерсеге капаланууну же ачууланууну коюп, үй-бүлөсү менен ынтымакта жашап, өмүрүн узартты. Ал тургай жүзгө чыкканда да анын чачы агарган эмес дешет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз