Белорус эл жомогу: Кедейдин барин менен түштөнгөнү

  • 10.06.2021
  • 3018

Кайсы бир майрамда үй алдындагы узун отургучта дыйкандар ар кайсыдан кеп салып отурушту. Аңгыча аларга басып келген кыштактын кызыл кулак соодагери сөзгө кошулуп, бүгүн бариндин үйүндө болгонун узун сабак кеп кылып мактана кетти. Аны мужуктар жактыра беришпеди. Мындагылардын эң жардысы да, эң жашы да саналган жигит мыйыгынан жылмая какшык ыргытты:

- Тимеле падышанын аксарайында болгондой айттың го. Мен кааласам бариндикине кирмек тургай аны менен түштөнөм.

- Ушу сен барин менен тамактанасыңбы? Мурдуңа карап бышкырсаңчы! Мындайды көрүп турсам да баары бир ишенбейм. Анткени бул мүмкүн эмес, - деп соодагер бул томояк ар-намысына тийгендей кызаңдады.

- Эмнеге мүмкүн эмес, мүмкүн! Барин эмне Кудай болуп кетиптирби! Ал деле биздей карабашыл пенде. Кыскасы мен аны менен түштөнө алам.

- Жок, бул колуңдан келбейт!..

Ошентип ар кимиси өзүнүкүн бергиси келбей мелдеше кетишти:

- Кел, мелдешип койолу. Эгер мен айтканымды аткарсам эмне бересиң? Кара атың менен сур атыңды бересиңби?

- Берем! Бермек тургай эки атка бир торпок кошуп берем. Бирок сендей томояк эмнесин берет дейсиң...

- Эгер мен утулсам сага үч жыл бою бекер иштеп берем.

- Мелдештикпи! - деп муну укканда соодагер катуу сүйүнө кол сунуп, дыйкандарга кайрылды: - Калыс болуп койгула, бул утса эки аттын үстүнө бир торпок кошуп берем. Утулса үч жыл бою малайым болот.

- Мелдештик! – деп ишенимдүү кол берген жигит ошол замат баринге жөнөдү. Оңдой берди болуп барин да үйүнүн алдында турган экен, түз келип саламдан кийин эле сурап турду:

- Улуу урматтуум, мен сизден сурасам болобу? Менин калпагымдай болгон алтын куймасы канча турат?

Барин эч нерсе деп жооп бербесе да, чоң байлыктын жытын сезгендей ичинен кымылдап, артын карап алаканын чаап, малайларына кыйкырды:

- Мужук экөөбүзгө дасторкон жайып, баарын жайнаткыла! Тезирек кыймылдагыла!

Бир аздан кийин үйгө киришкенде барин мужукту эң бир жакын адамынан бетер сыйлап кирди. Каалашынча ичип-жеп карын кампайткан ага аягында мындай деди:

- Бар жигит, барып алтыныңды алып кел. Мен сага бул үчүн бир пуд буудай, беш гривенник берем.

- Менин эч кандай алтыным жок! Жөн гана сизден ошончо алтын таап алсам канчага бааларыңызды билейин дегем.

- Жогол бул жерден, акмак! – деп барин ошол замат мужукту жакадан алып сыртка сүйрөп ызырынды: – Эй кемпай, дагы бир жолу ушинтип алдачу болсоң, териңди тетири сыйрытам!

- Байым, жаңылышасың, баринден сый көргөнү үчүн эки ат, бир торпокко ээ болор киши кемпай болмок беле, - деп туюк сүйлөгөн мужук баринден кагуу жебей эле жакшы кеп уккандан бетер жарык маанайда жолуна түшүптүр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз