Шербет менен таанышып, анын үйүндө болгон бир кеч эсимден кетпейт. Ал кездерде Шербет андагы Фрунзенин Панфилов көчөсүндө турчу. Чакан короодо бир түп дарактын түбүндө отурганбыз. Тепкедей үйдүн терезесинен түшкөн жарыктанбы, же асмандагы айдын жарыгынанбы, айтор айлана-тегерегибиздин баары каршы-терши көлөкөлөргө, шобурт-шоодурларга толгон бир керемет кеч эле.
Кийин, кийин биздин үйдө, же алардын үйүндө жолугушуп, ырдашып ырыбыз, сүйлөшүп сөзүбүз бүтпөй, ай батырып, күн чыгарган кездерибиз көп эле болду. Кез өзгөрдү, заман өзгөрдү, кишилер өзгөрдү, бирок Шербет өзгөргөн жок. Чайпалбады, төгүлбөдү. Кандай аруу, таза болсо ошол бойдон калды. Өзүнүн ырларын ыргалып, термелип окуп, башкалардын ырларын дагы ошентип ыргалып, термелип угаар эле. Акыркы учурашканыбыз 2013-жылдын жазы болду.
Арзышып, далай жылдар бою кат жазышып жүрүп кошулган жары, айтылуу акын, кашкөй сынчы жана журналист Алым Токтомушевдун “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу китебинин бет ачары өткөн “Консул” ресторанында жолуктук. Чогулуш аяктаган соң Шербет мени адатынча бир топ жерге чейин узатып бирге бастык. Жапжакшынакай болчу. Мен дагы аны акыркы жолу көрүп атканым менен ишим жок, жадырап-жайнап коштошуп, жайма-жай узап кеттим. “Кабыргам кайышканча кайгырдым” деп коюшат ко, мен дагы анын дүйнөдөн өткөн кабарын кабыргам кайыша, белим майыша уктум.
Белгилүү акын, адабиятчы жана окумуштуу Аида Эгембердиева сиңдим телефон чалып Шербеттин адресин сурады, мен жооп бергиче эле байланышыбыз үзүлүп калды. Аңгыча суук кабар башкалар аркылуу бат эле жетип келди. Ошентип ошо жылдын күзүндө (акын Айгүл Узакова айткандай акыныбыздан, жакыныбыздан айрылып отуруп калдык. Айгүл мени менен учурашканда дайыма ошентип: “Акыным, жакыным, Сагыным, сагынычым” деп учурашар эле. Бир жылдан соң ал дагы акка моюн сунуп кете берди.) Көрсө, жаныбызда келатып эле, жок болуп кетет экен адамдар. Көрсө, ошондой экен. Көрүп туруп, билип туруп ишенгиң келбейт.
Шербет “Чырагдан”, “Ата-Конуш сыймыгым”, “Терезелер”, “Сен, жарыгым”, “Кербен” аттуу беш китептин автору болду. Бешөө тең мыкты. Биринчи китеби 1976-жылы “Чырагдан” деген ат менен чыккан. Ошол китеби менен эле Шербет таланттуу акын катары таанылган. Андагы “Тянь-Шань түнү”, “Азгырык”, “Кыз кербезден”, “Сен кааласаң”, “Жер жомогу” аттуу ырлары кыргыз поэзиясынын асманында жанып калчу жылдыздуу ырлардан.
Топ теректер тоо күзөтүп ыргала,
Түпкүрүнөн тунарган бир суу агаар.
Жамгыр төгөөр, шамал согоор, канча бир
Жаралыштар, жоголуштар ырдалаар.
Туура көчөң турмуш беттеп төгүлүп,
Тунжурайсың толук ачпай өңүңдү,
Туйуш үчүн жыш толкунду сендеги
Турпагыңдан алыш керек өмүрдү.
Топ теректер сырдаш жүргөн кезиндей,
Ыргаласың табыш кылып сезимге.
Бириккенче дилибиз да, үнүбүз
Бир өзөндө өстүк эле бой тирей.
Бул анын “Туулган жер” аттуу ыры. Мен ушул ырды абдан жакшы көрөм.
“Кербен” китеби чыккан жылы Шербет жана Алым менен чогуу Шербеттин туулуп-өскөн айылына барганбыз. Ошондо көргөм, ал ырдаган теректерди, ал кезген көчөлөрдү, дөбөлөрдү, сууларды. Дөбөгө чыкканбыз, суу бойлогонбуз, теректерди укканбыз. Сиезбек инисинин, Бурул сиңдисинин үйүндө конокто болгонбуз.
Шербет турушу менен ойчул, кайраттуу акын, турмушту таамай жана жеткиликтүү тарткан чынчыл художник эле.
Анын сүйүүгө берген баасы:
Кучак сындуу тартат дагы бооруна,
Бычак сындуу жүрөгүңдү жаралайт.
Же болбосо:
Бүгүн сүйүү – карышкырды кайрадан,
Колго үйрөтүү бүт дүйнөдөн жашырып.
Шербеттин балага берген баасы жана батасы:
Пайгамбар – сен. Ишин түзө дүйнөнүн
Өкүмүңдү угуз, өктөм сүйлөгүн.
Талашкыча таажы менен тактыңды
Тааныш эмес тагдырындын күндөрү.
Шербеттин “Эски сөзү”:
Оо, чалбасын кырсык сени эгерим,
Катаал ашуу кабылса да жеңе бил.
Ал бир сыноо, ашпай туруп ашууну
Ашуу ашкандар байкуш экен дебегин.
Шербеттин “Күүмүн, бирок комуз менен чертилбейм” деген сабы бар. Ооба, анын ырлары кагазда калган күү, обон, тышынан эмес ичинен жаркыраган, ичинен кооз, ичинен мазмундуу, ичинен толкундуу, ичинен терең, үңүлгөн кишиге гана ачылат, үзүлүп түшүп тыңшаганга гана угулат. Дегеле ырды түшүндүрүш кыйын. Ырлар жагат же жакпайт, тартат же тартпайт, сыйкыры болсо тартат, болбосо жок. Ыр анын айтылуу Түгөлбай Казаков обон жазып, эл ичинде ооздон түшпөй ырдалып жүргөн магиялуу “Түнкү ырындай” өзүнө арбалтып, тартып турса гана ыр болот. Шербеттин дээрлик баардык ырлары ошондой касиетке ээ.
Ал өзүнүн бир ырында:
Ак-караны ажырата билчү эле,
Жашап өттү билгениндей дүйнөдө.
Акылы курч, жүрөгү от сындуу эле дегендей жан болчу. Акындык жолунда эч кимди туураган жок. Жайнаган акын кыз-келиндердин арасынан жадырай бөлүнүп, өзүнүн жолун таап, өз багыты менен жүрдү. Көңүлүн эмне чайпалтып, акылын эмне козгосо ошону ырдады. Сүйсө бериле сүйдү, жек көрсө, тунара жек көрдү. Алда нече татыктуу болсо да, атак-даңк, сыйлык, наам менен иши болгон жок. Берметтей асыл ырларды жаратуу менен акын Шербет Келдибекова деген ысымды аркасына өлбөс кылып таштап кетти. Ал ысымды алып жүргөн өзүнүн муңайым, карапайым, салт-сабырдуу, ошончолук сезимтаал, ошончолук жылдыздуу элеси поэзия сүйүүчүлөрүнүн жолунан ар дайым жолуга берет. Ошондой болмок, ошондой болот.