Дайырбек Казакбаев: Доктордун ууланышы

  • 16.06.2021
  • 3128

АҢГЕМЕ

I.

- Эмне болуптур, ыя? Ал эмне экен, ыя?..

- Кубат ууланып өлүптүр, - дейт.

- Доктор ууланган имиш...

- Бирөө колдуу ууланыптырбы, өзүбү?..

- Ал уктаган кезде үйгө уу чачыл, эшик-терезени жылчыксыз жаап таштаптыр. Жанагы Каным деген сестра келин бар эмес беле, ошол колдуу дешет.

- Кап, эми эмне болор экен? Жакшы доктур эле да!.. Баягында менин сокур ичегимди союп, сонун айыктырган...

- Э, ичегиң эмес!..

- Эми аман эле калса десең!..

- Тү-түүт!

- Кокуй жол, жолду!..

Акыры мына, эл да, машина да короо алдында. Тез жардамчы врачтар короого кирип кетишти... Ары карай жабылган каалганын бери карай качан ачылары абдан создукту. Мына, бир кезде гана каалга акырын ачылып, замбил көтөргөндөр. Доктордун мурду коркоюп, жүзү кара күрөң тарта түшкөн. Эл силкинди, бирде туурага, бирде артка термелишип, доктордун абалы кандай экенин билип калыш үчүн ар бири мойнун созуп карап жатты. Бирок доктор, сүзүлүп гана кыймылсыз. Аны «Тез жардам» эл көзүнөн жашырды да, чымылдаган боюнча жүрүп кетти. Машинанын жөнөшү элди кайрадан дуу көтөрдү. Бул жолку дуунун себеби — элдин ортосунда курчалып калган жанагы аты аталган Каным деген келин болду. Келин врачтар менен замбилди тутамдашып чыккан. Жанараак эл, көңүлдөрү доктурга алаксып, келинди байкашпаса керек?..

Түйүлгөн муштумдар, кычыраган тиштер.

Келин коркконунан титиреди. Акшыйган көздөр, сурданган жүздөр жакындагандан жакындап, келин шакек ортосунда туюкталгандай. Деми тарып, айласы түгөнгөнүнөн бет аарчысы менен жүзүн басты, эчкирип ыйлап жиберди.

Келиндин артында доктордун кичүү баласы Марат турат. Андан улуусу Бектен үйдө жок болучу. Болсо, бар чатакты ошо баштамагы тургандардын көбүнө белгилүү эле. Ага эс кирип он экиге кадам койгон, мунусу жетиде: өмүрдөн өлүмдү ажырата билбей, али бала эле бойдон экени былтыр апасы каза тапканда билинген: ыйламак турмак ойноп кеткен. Бул келин ошондон бери анда-санда келип үй оокатына каралашып жүргөн, доктордун кол алдындагы кызматчысы экени да тургандарга маалим.

Бала күтүлбөгөн жерден баш көтөрдү. Мурдун жеңи менен сүртүп, келинди жеп жиберчүдөй кажана сурданышкан адамдарга көзүнүн чаарын чыгарып бир сыйра карап алды. Анан, илгери көздөй бир кадам аттады. Үңүлдөп, бетин баскан Канымдын жанына токтоду. Эл баланын эмне кылып жиберерине көздөрү жетишпей, вулкандын атылышын күткөндөй, катып калышты. Бала дагы бир курдай элди тегерете карады. Анын көзүнөн окуяны ажырата түшүнбөй, башы маң болгондуктун тунарыгы коюуланууда.

Анан ал келинди капталга түрттү:

- Эже, тур өйдө!

Келин кебелбей, сөздү укпай калган сыяктанды.

- Тур, тур, эже!

Жооп болбоду.

- Тур, тур дейм десе?..

Жооп алалбаган бала долуланып, туш келди келинди чапчылай баштады. Эл аны тыбырчылатып көтөрүп кетишти. Бала бакырып «эжелей» берди.

- Эжеден айлансын ошо, ошо эже болбой калсын!

- Жерге кирсин ошол. Ыйлаба айланайын!— деп сооротушту.

Бирок бала сооротконго көнбөй, эжелеп, айкырыгы ого бетер күчөдү. Көтөргөн адамды чапчылап, бутун тыбырчылатып:

- Эжеме барам, аны силер урасыңар, эже-е! - деп айгайлай берди.

Эмне кылуу керек эле? Баланы кайрадан эжесинин жанына алып келишти. Эл арасынан бир акылман адам минтип калды:

- Келинди тургузгулачы, эмне болгонун айтып берсин.

Бул адамдарга жага түшүп, ошол эле заматта турган элден эки киши бөлүнүп чыгып, келинди колтугунан көтөрүштү. Келиндин бети көнөктөй болуп шишиген. Аккан жаштан көздөрү мөлтүрөйт. Денеси салмактанып, жерге өбөктөйт. Колтуктаган кишинин бирөө аны ээкке какты:

- Жаш – айыпты жуубайт, көзүңдү ач. Уу бергениң чын беле, айткын?!

Келин ээкке жеген каккыдан эсин жыйды, бирок унчуга албай эрдин гана канжалата тиштеди.

- Сурап жатабыз, айыбың эмнеде?— деп жанагы киши сүрдүү сурады.

- Билбейм...— Келин дагы эмне дээрин билбей мукактанып калды, анан кайраттанып туруп минтти: - Менин дары бергеним чын, бирок ал уубу, же уу эмеспи билбейм...

II. Келиндин аңгемеси

— Бүгүн доктордун үйүнө атайын кеч жөнөдүм. Күндө түштө, ар дайым тамак камдап койчумун. Бүгүнкү жоругум докторду таңгалтпас бекен?— деп ойлодум. Эгер таңгалтса, андан бетер жакшы, эмне болду ага?— деп оюна алаар? Күлүмсүрөп бараттым. Доктор мен тууралуу ойлонсо, мен бактылуу болор элем. Менин ага жаккым келген.

...Орой айтканда, эр кылып алсам деп эңсегем. Бул сезим менде, анын үйүнө барып каралашып жүргөндөн кийин ойгонду. Мен ошол күндөрү башымды жоготтум, күндүр-түндүр кыялымда жыргап: аны менен бирге жатып, бирге уктайм. Жакшы нерсемдин баары-жогун ага арнагым келчү. Бул мендеги жаңы, таттуу сезим эле, мурунку күйөөмө чыгарда да мындай болгон эмесмин.

Өз үйүмө баргым келбейт, доктордун үйүнөн кетким келбейт. Кыз кезимде эмне үчүн жолукпадым экен деп да ойлоп жүрдүм, ал түгүл менден мурун таап кеткен зайыбына ичим таручу. Экөөнүн бирге түшкөн сүрөтүн дубал бетинен алда нече алып айыргым, же зайыбын бөлөк кесип таштагым келди. Бирок антүүгө колум кыскалык кылды.

Доктур болсо, мага назар салмак түгүл көрбөгөн сыяктанды. Түрлөнтүп-түрлөнтүп, бал татырлыктай тамактар жасаганым да көңүлүн бурбады. Ошондо, кыйкым издедим: тузун аз татыткым, же караманча кор кылууну ойлодум. Бирок дале анте албай, бир телтейген неме го? Жадегенде тамакты тыңдап жасай албайт дейби, деп корктум.

Кээде ырас, рахмат айтчу, же акча берген учуру болду. Акча адамды алыстатат экен, көзүнө карай албай жалтактап калдым. Мындан көрө келбейин, кызматымдан эле жолугуп турсам татырлык болор деп чечтим. Кызматта ороюраак, ракматсыз... ал түгүл, ишине кызып кетип, бир нерселерди өтүнгөндө — кээде сен, тигини!..— деп сенге да өтүп кетүүчү.

Бирок буга да түтпөдүм, боорум ооруду: үйүндө жаш балдары бар эле, аларга тамак жасап бериш, кийим-кечек, кир-когуна көз болуш керек эле. Көп өтпөй, башыма — балдарын үйүр алдырсам, балким, жагаармын деген ой келди. Чын эле, балдарына үйрүлүп түшкөнүн, эркелетип, мойнуна мингизип ойнотоорун, деги алар апасын эстеп, кусаланбасын дегендей алакетте, ан үчүн колунда бар аракеттин барын жасоого даяр экендигин байкадым. Балдары мага бат эле үйүр алышып кетишти. Доктур болсо, алиге көрбөдү. «Баары бир жакпайм,— мен кимге керек элем»— деп ойлой баштадым. Бирок айтып-айтпай, анын жесилдиги, алиге эч кимге сөз катпагандыгы, өзүмдүн да жесирлигим көңүлүмдү көтөрдү. Аракетим көк мелтейликке айланды. Балдары эже дешет. Напсими бузуп далай жолу кичүүсүн оюн-чындан:

— Апа, апа деп чакырсаң мени деп алдадым. Бала байкас албай атаган учуру болду. Ан сайын эңсейм, эртерээк эле көчүп келип, тынч турмушту баштасак деп кыялданам. Далай жолу ыңгайын таап, мээримдүү жылмайып, бет алдында турдум. Бирок ал такыр эле көрбөдү.

Анан бүгүн атайын кечиктим. Бүгүн же ары, же бери болом, чынданып туруп айтып көрсөмбү? Эмне дээр эле?— деп ойлоп келаттым. Үйүнө жетер ченден улуу баласы Бектенге жолуктум, окууга баратыптыр. Тайралаңдап секирип, анын жүрүшү эле ошондой:

- Атам үйдө, эжеке. Уктаганы жатты, эс алсын,— деди.

- Нан барбы, үйдө?— деп сурадым.

- Нан бар, чай жок.

Анан чай үчүн дүкөнгө кайрылып, жарым саатча кармалып барсам ал дале керебетте уктап жатыптыр. Чай кайнаттым, а түгүл картошка куурууга жетиштим. Дале ойгонбоду. Сууп калат, жумушуна барар да убак жетти. Акырын:

- Ойгон, ойгон... Кубат,— деп эрденип туруп биринчи жолу атынан атап чакырдым. Козголбоду. Мага барын билип, барын туюп эле жаткансыды. Колум кийимине эле жакындаса денем дүрт-дүрт этет.

- Кубат, Кубат...— деп дагы чакырдым. Бир кезде катуу түртүп жибердим. Бирок дале жата берди. Былк этип да койбойт. Жүзүнө карадым: кара-көк... Анан эмне болгонумду билбейм. Ой келди эле бетин, маңдайын, көкүрөгүн... колум менен бастым. Денеси жылымсык тартып муздап баратыптыр. Элди чакырдым. Доктордун өз аспаптары күзгүнүн суурмасында сакталарын билчүмүн, деги бүтүн үйдү билип, тейлеп калгам...

Анан ийне сайдым...

III. Автордук баяндаманын аягы

Келин унчукпай калды, элдин «анда ууну ким берди?»— деп таңгалышы артты. Жанараак келинди ээкке түртүп, корсоңдогон киши прокурордон бетер келин «тамак жасагам, бирок тамагымды ичпей калды, небак эле ууланыптыр» — деп жатса да, атайын сөзүнөн кармамак болуп, минтип зекип сурады:

- Ага балким, бирдеме ичирген чыгарсың, тез айт.

- Эсимде, ичиргем, суу куйгам оозуна, чай куйгам.— Келин оюн айткыча шашылды:— Чай ошо жерде, чыныда экен.

«А кармалдың, шүмшүк! Буйт койгусу бар». «Прокурор»:— Ыя, ошо жерде дейсиңби, кайсы жерде?— деп шаштырды. Ушул убакта эл арасын кобур-собур аралап, көбү артына кылчайышты. Анан прокурор, айыпталуучу да өйдө карашты. Эл экиге бөлүнүп, кең ачылган орто менен доктордун улуу баласы Бектен басып келатты. Ал же чуркап кеталбай, же өтө акырын баспай адамдарга тымызын көз чаптырып, жанагы инисине окшоп эч нерсеге түшүнбөгөнү даана көрүнүп турду. Келиндин жанында Марат турган. Ал Бектенди көрө салып чуркап келип кулагына бирдеме деп шыбырады. Кебетеси, атасынын ууланып калганын шыбыраган окшойт, дароо эле Бектендин колунан сумкасы жерге түшүп, өзү үйүн көздөй атырылды. Көп узабай мүдүрүлүп көмкөрөсүнөн жыгылды. Эл жапырт балага жүткүндү. Бирөө көтөрүп ала койду. Баланын үнү кардыгып, буулугуп, сүйлөйүн деп сүйлөй албай энтикти. Анын өңү көпкөк болуп чыкты. Бир адам суу үчүн үйгө чуркап, экинчи бирөө алдына отургузуп алаканы менен чеке-башын басты. Бала көпкө чейин эсин жыйып сөзгө келе албады. Акырында гана жука тилинген көк алмадай жука ээрдин күбүрөттү:

- Атам, атам кайда?

- Доктурда, доктурканада. Атаң эсен-соо айланайын, айыгып кетет.

- Дарыны атама мен бергем да!..— Бала тишин кычыратып, кайыштай чоюлуп, көтөрүп турган адамдын колунан жылбышып түштү. Атама барам, — деп келген жолу менен кайра жөнөдү.

Эл мындай күтүлбөгөн жерден болгон ачылууга айран таң. Келин дарыны мен бергем дегенди укканда:

- А, а! — деп бакырып ие жаздап, жер таянып турду да, тиги илкий басып бараткан баланын артынан кошо жөнөдү. Адамдар тарай баштады, а кээ бирөөлөрү бала менен келиндин жолун жолдошту. Кууп жетишип, балага ар кандай суроолорду бере башташты. Ошондо бала улам-улам тыныгып, атасына дарыны бергенине эмне себеп болгонун айта баштады...

IV Баланын сыры

- Атам бизди, Марат экөөбүздү жакшы көрүүчү,— деп баштады бала сөзүн,— апаман да жакшы көрүүчү. Апам бейбаш кылганыбызда тилдесе, атам болушуп сүйлөтчү эмес. А атам жокто уруп коюучу. Өзгөчө мени:

- Чоңоюп калбадыңбы, эсиңе кирсең боло дечү. Менин ойногум эле келчү. Ошон үчүн атам дайым эле үйдө болуусун каалоочумун...

Кийин атам эле калды. Биз жүдөй баштадык. Ошондо апамын кадырын билдим. Атам кызматына жөнөйт, үйгө келгенде биздин көңүлдү көтөрөт. Ачка өзү... а бизден курсагыңар токпу?— деп сурайт. Нан, чай сата келет. Ошондо мен атамы аядым; ишинде тынбайт, күнүгө операция жасап, а үйгө келгенде бизге тамак камдашы керек. Жардамдашкым келди. Бирок атам мени аяды. Аяп жатканын көзүнөн билем, мамилесинен дагы... Жомок айтып бизди уктатат, өзү ардеме-бирдеме жасоого киришет.

Бу Каным эже келгенде тынчыгансыды. Ошентсе деле мурункусундай көп окуучу, көпкө чейин иштеп, уйкуну унутуп таштагандай такыр. Бары эле мени алагды кылды:

- Эс алсаң, ата! Уктасаң боло,— деп далай айттым.

Такыр көнбөйт.

- Эмесе биз дагы уктабайбыз,— деп кежирлендик. Чын эле, жатпай койдук. Маратты ошентели деп үйрөтүп койгом.

- Макул,— деп атам кошо жатат.

Жомок айта баштады эле адатынча, укпай өзүң уктагын дедик. Биз эмне десек атам — макул.

Чынында, жатканы менен уктабайт. Көзүн жумганы менен — ойгоо. Мен да көзүмдү жуумп уктагансып, тыңшап жатам. Акырын кыймылдап баратса эле:

- И, кана уктаганың... алдай албайсың,— деп мен да удаа баш көтөрөм.

- Эмесе, өзүң уруксат эткин. Тигине, Маратчылап уктай бер... бир аз иштеп, ишими бүтүрүп анан жатайын. Өзүң деле калыс болчу: бүгүн бүтөр ишти эртеңкиге калтырган кантип жакшы болсун, чынбы?

- Чын. Бирок атамын «бир азы» белгилүү да. «Бир аз эле» деп коюп, өзү түн бою отурат. Макул болбойм.

- Эмесе, макул...

Туруп барып чечине баштайт.

Дайым жатар алдында суусун ичет. Мени кээде ичесиңби деп чакырат. Экөөбүз тең ичебиз. Анан жатканыбызда оозу-башымы ушалап, кыйт-кыйт деп күлдүрөт. Кантип эле уктап кеткенимди билбейм. Аба гана оор тартчу болду. Демим ичиме кысылып, үй жымжырт гана болуп калганын сезип жүрдүм. Эмне үчүн мындай? Аба мурун оор эмес эле го деп жүрдүм, атаман да, эжемен да сурадым. Билишпейт экен.

Бир күнү атамдын амалын туюп калдым. Көрсө аз-аздан уктатчу дары берип жүрүптүр. Уурдап алдым дарысын. Чөнтөгүнө салып койгонун көргөм. Билип калабы дедим эле, мени алат деп ойлободу окшойт.

Чөнтөк, суурмаларды тинтип, издеп жатканда эшикке чыгып кеттим. Эми атам баары бир ичпейт эле... Мен болсом тикчийип, үстөлдүн жарыгында ишине үңүлгөн атама карап — сени элеби! Эс алгың келбейт ээ?— деп эптеп ыңгай издеп жүрдүм. Эң аягында бүгүн чай ичирип жатып дарыны кошо чылап бергем. Көп бергем, көпкө дейре уктасын деп...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз