Муса Мураталиев: Бакыт деген эмне?

  • 20.06.2021
  • 3538

Азыркыларга жомок

Илгери-илгери Гүл аттуу кыз, Камчы аттуу жигит жашаптыр. Алар баш кошкондо эне-аталары дүр-дүнүйө мол берип, жайлоосуна ак өргөө, кыштымына ак сарай салдырып беришет. Жер жайнаган мал, малын караар малайларын кошо берет. Кыз-күйөө карыны ток, кайгысы жок малын чачып, байлыгын тепсеп куунак өмүр сүрөт. Жыл артынан жыл өтүп, жыргалдын ырын ырдашат. Бир күнү карашса малы саналуу, дүнүйөсү чамалуу болуп калат. Дагы бир жолу карашса короосу ээн, ак сарайын алды-артын чөп басып, ак өргөөсү кызыл уук кыңкайып калган экен. Аны кармаган малайынын бири жок. Үйдү чечип кайра тигели деп эрди-катын алабакан талашып, чамгарак көтөрүлбөй, чырлашып экөө бири-бирине далысын салып уктап калышат.

Камчы жүүнү бош, Гүл зээни жок чыкканын көрүп эне-ата, тууган-уруктары тетири карап кетет. Ичи күйгөн эрди-катын башка жакка көчүп кетишет.

Жыл артынан жыл өтсө да Гүлдүн согончогу канабайт. Бала асырап алалы деп үймө-үй кыдырып балаңарды бергиле деп жалынып жалбарышат. Баласын эч ким бербейт. Бир күнү туубас катын мазар тоонун башына түнөсө бала көрөт деген ушак-айың угушат. Экөө түн жамынып касиеттүү тоонун кырына чыгышат. Ай жаркырап тийип, асманда жылдыз жайнаган кезде Гүл чөгөлөп олтуруп эрин да жеңден тартып чөк түшүрүп, тунжураша, бир кереметтин болуп кетишин күтүп калышат. Эч жышаан болбогондо:

– Кел, Теңирден бала сурайлы! Зардуу үнүбүз жараткандын кулагына жетсин! – дейт Гүл.

– Мен сыйынып көргөн эмесмин! – дейт Камчы.

– Мен эмне айтсам артымдан кайталай бер. Мынамындай де! Кагылайын Теңирим! Суранчымды кабылда! Каралдың алдыңа келди. Какшаган кайгы-муңун ук! Жүрөгүндө ашып-ташып батпаган дартын ук! Өзүңүн алдыңа чөгөлөп туруп тилээрибиз – бирөө! Кимди көрбөйлү артында калар туягы бар. Биз гана эки баш тиктешип жалгыз жашайбыз! Бирөөлөргө он, бирөөлөргө беш бала берет экенсиң, бизге бир эле бала берчи! Кагылайын Теңирим, биздин жалынып жалбаруубузду ук! Бизди зарланткан тилек шул, аны орундат!

Гүл оозунан чыккан сөздү Камчы жазбай кайталап турат. Жубайлар өйдө болуп тизесин күбүп бүтө электе кырды бойлоп келаткан боз уланды көрүшөт. Жакын келип учураша кетет:

– Силер бала эңсеп мазар тоого чыктыңар, мен тумалак жетим эне-ата издеп бул жерде жүрөм. Мени асырап алгыла, бала болоюн, – дейт.

Камчы менен Гүл баа деп бакырып, Теңирине муң-зары жеткенин көрүп баланы кучактап алып ыйлашат.

– Атың ким? – дейт Камчы.

– Таалай, – деп жооп берет боз улан.

Эрди катын тоодон түшүп, балалуу болушканын эч кимге айтпайт. Көндүм турмуш селкинчегинде термелип кайрадан жыргап башташат. Бир жолу Камчы адаттагысындай түшкө жуук ойгонуп, караса төбөсү бийик ак сарайдын төрүндө калың жууркан жамынып уктап жатат. Камчынын көңүлү жайланып, кең сарайдын жасалгасын сыдыра карап ыракатка батат. Кыйлага эрмектеп жатып кайра кантип көзү илинип кеткенин билбейт.

Жанына басып келген доошту угуп Камчы көзүн ачса – Гүл! Кийгени кымкап шайыдан, жака жеңине ак седеп тагылган, белинде алтын жаткырылган туну боо. Баягы бүжүрөгөн Гүл жок, каада күткөн нарктуу жан.

– Бакытты бизге да буюрган экен, таап келди! Мындан ары куурабайбыз! Балалуу болот деген шул экен го, чиркин! – дейт Камчы.

Таалай эне-атасынын көңүлү өскөнүн көрүп сүйүнөт. Камчынын тез байып кеткенин көргөн кошуна-колоңдору гана ичинен тынып, көз артчу болот.

Бир жолу тамак ичилип болгондон кийин Камчы асырап алган баласына:

– Айлап, күндөп көрүнбөйсүң, эне-атаңа карабачу болдуң, – деп насаат айтат.

Таалай үн дебестен ордунан туруп эшикке чыгып кетет.

– Баланы чакыргылачы. Кайда жүрөт, мен жоголбо десем, жоголгону кандай? – деп Камчы бир жолу малайларына буюрат.

– Аны Теңирим бизге бала болсун деп жибергенден бери көрө элекмин! Бизди такыр унутту! Эч жакка барбай, алдыбызга кызмат кылсын! – деп Гүл бери жактан кошулат.

Малайлары Таалайды иштеп аткан ишин таштатып, алып келет. Ата-энеси албан төш, сүрүнөн көз тайган, сомодой жигитти көрүшөт. Кийген кийими кул кийчү таар кемсел, куур шым болот.

– Биз жыргалдуу турмушта жашап баштадык. Сени кудай бизди алпештесин деп жолубузга туш кылды. Сен эмнеге бизди унутуп салдың! – дейт апасы.

– Айланайын атаке, кагылайын апаке! Мен эртеден-кечке силердин камыңарды жеп жүрөмүн. Көрүнбөгөнүмдүн себеби, качан келбейин, силер уктап жатасыңар. Учураша албай калдым деп ыңырылып ишке кетем, – деп какшап иет Таалай.

– Баланы ошон үчүн тилегенбиз. Эне-атаңдын камын сен жебегенде ким жейт? – дейт Гүл.

– Апаке, сага эмне жетишпейт?

Гүл дароо жооп берет:

– Кошунаман өйдө жашасам дейм, балам! Ага качан жетем?

– Атаке, сен эмине демекчисиң?

– Бел тутканыбыз жалгыз өзүң. Иш кылгандан тажаба! Сени таап алганда кудайдын кулагы сүйүнсүн деп, катуу кубандык эле, ишенимди акта! – дейт Камчы.

Таалай бул жолу да сөз айтпастан үйдөн чыгып кетет.

Күндөрдүн бир күнүндө Камчы адатынча шашкеге дейре төшөгүндө оонап жатып ойгонот. Демейде кирип-чыгып жаны тынбай иш кылуучу малайлары көрүнбөйт. Үй ичи кулак кескендей тымтырс. Гүлдү капталга түртүп ойготуп, таап келчи деп эшикке жиберет. Ашканага башбакса ашмачылары жок. Үйгө кирип эрине даттанат. Камчы туруп эшикке чыкса дарбаза ачылуу калган. Алыстан келген кербен төөлөрү чөгөрүлүү турат, белинде таңгак жүктөр түшүрүлө элек… Таалайды издеп, эч жактан таппайт.

Гүл менен Камчы жылуу төшөккө жеткенде Таалай келип баарын тейлейт деп уктап кетишет. Түн кирет, таң атат. Күн батып кайра да таң атат. Уйкудан тажашкан эрди-катын терезеге келип тышты караса короонун ичи уй жалагандай таптаза. Сан жеткиз малынан чычкак улак, чети оюлбаган байлыгынан чыт жоолук калбайт. Жакырчылык кайрадан Камчы менен Гүлдүн башына түшөт. Алар ошондо да кербендей чубалып түгөнбөгөн кембагалдык эмнеден экенин түшүнүшпөйт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз