Карама-каршылыктуу Гонконг

  • 23.06.2021
  • 3197

Гонконг – Кытайдагы өзгөчө район, маңызы боюнча чыныгы көзкарандысыз мамлекет. Гонконгдун карама-каршылыктарга, чаташууларга толгон тарыхы билбеген адамдарды туюкка такайт. Көпчүлүгү анын эмне болгон өлкө экенин, Кытайга кандай тиешеси барын билишпейт.

Гонконг – тарыхый ээсине мындан 20 жыл мурда кайтарылып берилген Британиянын мурдагы колониясы.

Гонконг – бул дүйнөнүн эң алдыңкы финансылык жана ишкер-борборунун бири. Шарттуу түрдө анын борбор шаары Виктория-Сити, бирок расмий борбору жок.

Кытай менен Британиянын ортосунда түзүлгөн декларацияга ылайык Гонконгго 2047-жылга чейин өз алдынча автономия берилген. Бул Кытай Элдик Республикасынын өкмөтү Гонконгдун коргонуу жана сырткы саясатына байланыштуу маселелерди чечет, ал эми Гонконгдун өкмөтү полицияны, мыйзамдарды жана финансылык, о.э., башка төлөмдөрдү, иммиграция саясатын, эл аралык уюмдардагы өз өкүлчүлүктөрүнүн ишин көзөмөл кылууну толук өз моюнуна алган.

Гонконг ишкердикти жүргүзүүнүн жеткиликтүүлүгү боюнча бүткүл дүйнөлүк рейтингде 5-орунду, салык салуу системасынын сапаты боюнча 4-орунду ээлейт. Гонконгдо салыктын болгону эки негизги түрү бар, пайда салыгы – 17,6% жана эмгек салыгы – 5,1% калган салыктар 0, 1%  гана түзөт. Салыктын жалпы көлөмү 22,8% тен ашпайт.

Ошондой болсо да Гонконгдун элинин 20% га жакыны жакырчылыкта жашайт – байлар менен жакырлардын ортосундагы айырмачылык аябагандай чоң. Жакырлар үчүн ар кандай социалдык жеңилдиктер каралган, бирок ал жалпы абалды өтө деле оңдой албайт. Бул категорияга көпчүлүк учурда балалуу үй-бүлөлөр жана пенсия жашындагылар кирет. Дагы бир чоң көйгөй; турак-жайдын жетишсиздиги. Курамы 5 кишиден турган стандарттуу үй-бүлөгө 25 метр квадрат жашоого ылайыктуу аянтча туура келет. Анын ичинде 2-3 м 2 ашкана менен ваннага бөлүнөт.

Гонконгдун территориясы жогорку деңгээлде урбанизацияга дуушар болгон деген репутацияга ээ болсо дагы, шаар бийлиги жаратылыш ресурстарынын жана экологиянын сакталышына көп көңүл бурат.

Аралдын басымдуу көпчүлүгү (70%дан ашыгы) дагы эле өздөштүрүлбөй жатат. Ал жерлер негизинен тик беттүү тоолор, дөңсөөлөр. Аралдын 40%га жакынында коруктар жана маданий эс алуу жайлары бар. Курулуштардын негизги бөлүгү Коулун жарым аралынан, ошондой эле Гонконг аралынын түндүк жээктериндеги Жаңы Территориядагы элдүү пункттарга жайгашкан.

Булак: www.youtube.com

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз