Баккелди Дүйшеев: Мен көл болсом, сен ай бол

  • 23.06.2021
  • 3297

Карап туруп түшкөндүгүн көлгө айдын,
Кароолго алып калтаарыды көз кайгым.
Махабаттын түнүн кезип баратам,
Мастан бетер табалбаган өз дайнын.

Мен көл болсом, а сен түшкөн ай белең,
Мелмилдеген кездерим көп ай менен.
Толукшуган толгон айдай жүзүңдү
Толкун болуп аймаласам жай менен…

Алыс кеттиң, айлам кетип тынчыдым,
Айтылбастан ичте кетти бир сырым.
Аманатым көөдөндөгү көл сүйүү,
Ал башкасы – бир мен үчүн бир тыйын.

Адаштырба ашыгыман оо, тагдыр,
Адыр ашсаң алдың тосоор тоо бардыр?
Мазаалантып, маскаралап койгуча,
Мал-дүйнөмдү, байлыгымды жоого алдыр!

Сени издегем атчан, жөөчөн ой-кырдан,
Сезимиңди айтчы кимдер тоң кылган?
Алаканың белде турса басылып,
Асылганча өлгүм келет мойнуңдан?

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз