Кылган ишине мактануу тууралуу икая

Бир жолу акылман карыядан сурашыптыр:

– Эмне үчүн адам жаман нерсеге бат үйрөнүп, ал эми жакшы нерселерди адатка айлантуу оор болгону аз келгенсип, ал бат эле унутулуп калат?

Карыя ойлонот да мындай жооп берет:

— Ойлоп көргүлөчү, өнө турган урукту күнгө таштап койсо эмне болот, ал эми начар урукту жерге көмүп, сугарып койсо эмне болот?

— Топурактан азык-зат ала албаган урук күнгө кургап өлүп калат, ал эми жерге түшкөн урук багуусу жарашса өнүп чыгып, түшүм берет, – деп жооп беришти шакирттери.

Акылман башын ийкеди:

— Адамдар ушундай кылышат: жакшы иштерди унчукпай жасап жүрө берип, ал көңүлдүн тереңинде тамырлап өсүшүн ойлошпой, кылган иши менен мактанам деп жасаган жакшы иштерин өлтүрүп алышат. Ал эми кемчиликтери менен күнөөлөрүн элге билгизбей жашырып жүрүшөт. Ал ошол жерде өнүп чыгып, адам жүрөгүн талкалайт.

Ал эми жасаган жакшы иштерин элге жайып мактануу менен анда мен кыйынмын деген текеберчилик жана көпкөнчүлүк пайда болот. Булар тазалагандын ордуна адамдын жан дүйнөсүн талкалайт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз