Садык Шер-Нияз: Бир айылдын жомогу

Асан менен Үсөн классташ. Мектепти чогуу бүтүрүп, анан шаарда да чогуу окушту. Үйлөнүп үй күтүп, шаарга там салмак болушту. Шаардын чекесинен жер сатып алганы келсе, бир жаңы айыл курулуп жатыптыр, бирок ал айыл жөн айыл эмес эле, анткени ал айылдын эки көчөсү бар экен. Бир көчөсүндөгү шарт – жериңди аласың да, каалагандай саласың. Экинчиси – жер аласың, бирок каалагандай салбайсың, ошол алган жериңден дагы бир аз жерин жалпы колдонууга бересиң, өзүнчө короо курбайсың, жалпы короонун ичинде жашайсың, болгон жакшылыкты да, жаманчылыкты да жамаат менен чогуу көрөсүң.

Муну көргөн Үсөн Асанга кайрылды:

- Кел, чогуу жамаатта жашайлы, жакшылыгыбызды да, кыйынчылыгыбызды да чогуу көрөлү.

Анда Асан:

- Ай, Үсөн, мен эркин жүргөн кишимин, баары менен чогуу жашай албайм. Өз короомдун ичинде эркин ойноп, каалагандай тойлоп жүргөнүм сонун эмеспи.

Ошентип эки дос эки көчөгө үй салмак болушту. Асан биринчи көчөдө, Үсөн экинчи көчөгө орун-очок курду. Белди бекем бууп, там салмакка киришишти.

Эң биринчи, короонун дубалын салып башташты. Асан короонун төрт тарабын тең коргондоду, аябай чыгым болду. Үсөнгө болсо короонун бир гана жагын тосуш керек болчу, анткени аныкы чоң короонун ичинде да. Калган үч дубалдын акчасын кошуналар сүйлөшүп, бир дубалдын акчасына жол тегиздеп асфальт салып алышты да, бир дубалдын акчасына таштак жерди оюп казып, тереңден мөлтүр кашка суу чыгарып, үчүнчү дубалдын акчасына электроэнергия тартып, асфальт жолун жаркыратып, панар шам орнотуп салышты.

Бир айылдын эки көчөсү – бир жагы караңгы, бир жагы жаркырап турду. Бир көчөсү артезиан кудугунан чыккан таптаза суу ичсе, бир көчөсү сууну ташып келип ичет. Бир көчөсү асфальтталып, бир көчөсү аңгыл-дөңгүл, машине катуу айдаса тегерегиндеги үйлөр чаңга көмүлүп жатат. Бир көчөсүндө ууру-кески көбөйүп, атүгүл курулуш материалдарына чейин уурдап жатышты. Асан да уурулардан далай күйдү, көп чыгым болду. Үсөн болсо кошуналары менен бир короодо болгондуктан – ууру да кирбеди, керек болсо мыгы да жоголбоду.

Арадан көп убакыт өтүп, эки достун удаалаш төрөлгөн балдары да дос болуп бирге ойноп жүрүштү.

Бир күнү катуу жамгыр жаады. Асандын кызы үйүнө асты-үстү суу болуп келди, анткени ылай жолду суу жырып, көпкө чейин аны аттап өтө албай; айланып жол издеп жүрүп калыптыр. Келгенде эле атасына таарыныч менен бир тийди:

– Ата, эмнеге Үсөн аяш атамдыкындай көчөгө там салсак болбойт беле, карачы алардыкын, биздин көчө ылай-баткак, караңгыда тайгаланып жыгылып, тиземди сыйрып алдым!

Асан кызына жооп кайтара албай, жер карады. Үшүгөн кызына ысык чай кайнатып берейин десе, үйүндө суу да калбаптыр...

Ошол айыл, ошол эки көчө дагы деле бар дешет. Бир көчөнүн аты – Эркиндик, экинчи көчөнүн аты – Ынтымак деп айтышты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз