Анара Суракматова: Жанаша өскөн кош чырпык

  • 28.06.2021
  • 3269

АҢГЕМЕ

Биринчи каттам

... О анда жаз болчу. Теребел не бир сонун аруу жытка балкып, ай-аалам көк жашыл нурга бөлөнүп, жадырап, жаңырып, жайнап турган.

Өзүм көрүп жүрчүү Токтогул шаарчасы менен Жаңы-Жол айылынын Ортосунда тигилген теректер биринен сала бири бой керип, сымбаты, сулуулукту талашкандай суйсалып, эрке желге жай гана термелишет. Токтогул-Бишкек багытындагы кичинекей авто-унаада зырылдап баратабыз. Же өзүмдүн көңүлүм көтөрүңкүбү, же айылдагы жаз жыты таңкы шоокумдун сыйкырдуу касиетиби, мурда көрүп эле жүргөн жерлерим алда немедей башкача туюлуп, кыялым чалкып, жан дүйнөм асылданып бара жатты.

Чычкан капчыгайынын ичине жеткенибизде бул жерди биринчи көргөндөй эле аңкыйып калсам болобу? Көк тиреген карагай, кайың, жапан талдар көпкөк асман алдындагы бийик беттерди жашыл ааламга боёп, акактай тунук Чычкандын суусу шарылдап акса, жээк бойлото кызарган, көгөргөн, саргарган талаа гүлдөрү өзүнчө эле бир керемет дүйнөгө алып киргендей болот. «Капырай» деп коём өзүмчө дегеле мурда таптакыр көрбөй жүргөнгө окшоп.

Мына эми бетегелүү, жашыл майкан, айтылуу Суусамыр жайлоосунун түздүгүнөн башы булутка тийип, эзели ак кар кетпеген Төө-Ашуу белинен ашып, саат санап баш калаабызга жакындоодобуз. Ашуудан бир аз кыйналып калган жүргүнчүлөр тыныгып алсын дедиби, айдоочу машинасын токтотуп, өзү да жамбаштап жата кетти. Жанымдагылар «сыртка чыгып, эс алып алгыла, убакыт бар, шашылбай эле койгула» деген айдоочунун сөзүнөн улам кээси жолго деп алган азыгын жайып тамактана баштаса, кай бири жердин көркүнө кызыгыштыбы, туш тарапка жайылып кетишти. Жаратылыштын ажайып кооздугуна мен да тартылдым. Ири алды чыгып кызгалдактуу коктуну өрдөй басып кеттим.

Дөбөчөдөн ашып жайык кокту ылдый түшүп баратып бет алдымдагыны карап... Көргөн көзүмө ишенбедим! Таң каларлык. Бири-бирине коёндой окшош эки чырпык жанаша өсүп турат. Бул теребелде алардан башка бир дагы дарак аттуу көрүнбөйт. Шибердүү талаа гүлү жайнаган адырлуу коктуда бул татынакай суйкайган талдар кайдан пайда болду? Же бирөө атайылап тикти бекен? А эмне үчүн дал ушул жерге? Удаама-удаа суроолордун коштоосу менен чырпыктарга жакындадым. Азыр гана жаңы бүчүр жарышкандай, назик, сыйда бариктери күн нуруна жалтырап, билинер-билинбес желге дыбырап турушат. Ах, табигат! Сенин таң калтырган, ойлонткон, кызыктырган түркүн жактарың көп экен го!

Аңгычакты бут алдымдан чурр-чурр добуш чыкты. Эңкейе берип, ого бетер таң калдым. Бул жерде көзү ачыла элек булак бар сыяктанат. Ылдый боло калып, анын көзүн тоскон кургак чөп-чарды, шилеңдини колум менен алып ыргытып, ачып жиберсем, суу кичинекей фонтанга окшоп атырылып барып, анан шыркырап ага баштады. Жүзүмдү чайып, кочуштап ууртадым. Жаныбар тим эле шириндигин айтпа, мүрөктүн суусун ичкенге окшодум. Бул булактын көзүн биринчи болуп ачканга, биринчи болуп ичкенге ичимден сыймыктанып да турдум. Береги кош чырпыктар дал ушул булактын жанына өскөнүн кара ээ?

Бишкек калаасына барып, аз-маз жумуштарымды бүтүрүп кайра кайттым. Келе жатканда да эси-дартым баягы кош чырпыкта, булакта болду. Бирок тилекке каршы, айдоочу ал жерге токтоткон жок. Баары бир кош чырпык менен булактын көрүнүшү көз алдымдан кетпей, негедир өзүнө тартып турду.

Үйгө келгенден бир нече күндөн кийин түш көрөм. Түшүмдө баягы кош чырпыктар адам сыпатында болот. Көздөрү чырактай жанган эки өспүрүм: бирөө – кыз, бирөө - уул. Экөө тең жутуп жиберчүдөй супсулуу. Жанаша кол кармашып мени жадырай карашат да, жакындай берсем кайра чырпык болуп калышат. Алыстасам кайра баягы татынакай уул, кыз...

Эртеси жолдошума, балдарыма деле айтпастан аларга атап атайы тамак жасап куран окуп койдум. Көртиричилик экен, ошол бойдон эсимден чыгып кетиптир.

Экинчи каттам

Арадан эки жылча убакыт өткөн. Бул жолу дагы сапарга шашылыш чыктым. Дагы Бишкекке жумуштап. Анда окуп жаткан уулума жолукмакмын. Аны-муну ойлонуп бара жатып баягы кош чырпык, өзүм көзүн ачкан булак жөнүндө унута жаздапмын. Ашуудан өткөндөн кийин гана эсиме түштү. Айдоочуну «токтото туруңуз» деп айтсам макул болор бекен? Эки жагымды элеңдей карап, кудум ошол жерди жок дегенде карап өтөйүн деген кыязда баратсам, «кандай дейсиздер, ушул жерге токтойлу да, тыныгып, суу-пуу ичип, мазарга сыйынып, анан жол улайлы» деп калбаспы айдоочу. Авто-унаа токтор замат көпчүлүгү баягы мен булак тапкан коктуну карай чубап калышты. Мен да жөнөдүм. Дагы көргөн көзүмө ишене албадым! Баягы эки чырпык солкулдаган сулуу талдар болуптур. Айланасы таптаза. Талдардын бутактарына кызыл-тазыл чүпүрөктөр байланган. Көрсө мазар деп ушул жерди айтып жатышкан турбайбы? Демек менден башка бирөөлөр да бул кошталдын, булактын касиеттүүлүгүн баамдап калышкан го?

Кол баштыгымдан жүзаарчы алып чыгып айрып, бир нерселерди күбүрөп мен да байладым. Жанымда бир байбиче бараткан эле, айтып баратты. «Бул жердин касиеттүүлүгүн бир адам байкап калып, булактын көзүн ачып, мазар болсун деп чүпүрөк байлаптыр. Ошондон бери нары-бери өткөндөр сөзсүз токтоп, тооп кылып, сыйынып өтүшөт. Булактын суусунун дарылык касиети да бар дешет. Мынабу чырпыктарга эрте жаздан баштап байланган чүпүрөктөр толуп чыгып, аны ошол киши кеч күздө чогултуп туруп өрттөп коёт имиш».

«Бул булактын көзүн мен ачтым эле» деп айта албадым. Анан мага ишенишеби, жокпу. Мазарга кайра келе жатканда да сыйынып өттүк.

Үчүнчү каттам

Жылдар демекчи, биринин артынан бири куюлушуп, деги көз ачып, жумгучакты эле өтө берет турбайбы. Баш калаабызга акыркы жолу барганымдан бери үч жылдай убакыт өттү. Баргым деле келген эмес. Кандайдыр бир жумуш чыгып калды. Жолдомун. Жанаша өскөн кош чырпык көз алдымда. Негедир ушул жолу мен аларды көрүүнү ушунчалык эңседим. Батыраак эле жетип, булактын шылдыр, тунук, таза, мөлтүр суусунан кана ичип, көптөн бери ичте топтолгон бугумду жазып, сырымды төккүм келди. Ал кош чырпыктар жооноюп, кадимкидей чоң, саябандуу тал болуп калса керек ээ? Алардын көлөкөсүнө эс алып, черимди жазып, эч кимге айта албаган тилек, максат, ойлорумду бөлүшсөм ээ? Ушул булак, ушул кош чырпык мага ушунчалык жакын, ушунчалык маанилүү болуп калгандыгын бүгүн даана сезип бараттым. Мелжеген жерибизге жете берерде, колоттон чыга беришке заңгыраган ак там салынып калганын байкадым. Мазардын жанына үй салынып калыптыр. Бет мандайында «столовая» деген чоң жазуу бадырайып турат. Кубанып кеттим. Ырас эле болгон тура. Мазарга түшкөн эл ысык-жылык тамак ичип, оңуп эле калышкандыр. Болбосо бул тегеректе тамактанып алууга бир жай жок болчу. Ары-бери өткөндөр көп токтогондуктан атайы курдурушкан го чамасы?

Авто-унаа токтогон соң баары жабалактап ашкананы көздөй жутунушту. Ботом, мазар жакка барайын деген ойлору жок ко булардын? Бул эмнеси? Жанымдагы келин «болуңуз, үлгүрө албай калабыз, тамактанып алалы» деп болбой жатып, ашканага эл менен кошо мен да кирдим. Шорпо, манты, чай алдык. Негедир табитим тартпай туруп алды. «Сен тамактанып турчу, мен азыр...» дедим да, сыртка атып чыгып, мазарды көздөй жүгүрдүм. Көргөн көзүмө дагы ишене албадым!

Алар кыйылып жатат! Ар кай жеринен балталанган эки тал эки жерде куурап, суналып жатат. Как болуп жакшы куурасын дешкен го, али отун кылып жагып жиберишпептир. Куураган эки талды көрө жүрөгүм «зырп» эте, тамагым буулду. Эсим ооп, шалдырай түшүп, олтуруп калдым. Булактын жаны ыпыр-сыпырга, тамак-аш калдыгына толгон. Көңүлүм айныды. Каршы-терши кыйылып, куурап, өңү өчкөн сөңгөктөрүн кармалап, зээним кейип турду. Көз алдымда түшүмдөгү айчолпондой болгон эки кырчындай жаштын (кыз менен баланын) элеси жарк дей түштү. Мага куураган чырпыктар эмес, дал ошолор суналып, өлүп жатышкандай ссзилди. “Деги не жазганыңар бар эле?» Булактын суусунан ичкеним жок. Капа болуп, кабыргам кайышып турду.

Баягы тамак алган келин издеп жүрүптүр. Жолдо ага капа болгон себебимди айтсам, ал да мазар тууралуу кабардар экен. Айтымына караганда токтогон элдин баары мазарга сыйынып, тамактанууга үлгүрбөгөндүктөн, ашканада иштеген эки келин ачуулары келип күндөрдүн бир күнүндө аралап салган дейт. Эх, адамдар!

Арткы олтургучта чап жаак, кызыл жүздүү бир улгайыңкы тартып калган адам олтурган. Ал баятан берки тиги келин экөөбүздүн маегибизди угуп бараткан белем: «Балам,- деп калды, - ошо сен айткан жер мазар болсо болот. Илгери атам ыраматылык ушу жерлерде бир туугандары менен жайлоого бирге чыкчу экен. Узун жолду кыскартып силерге эрмектеп айтып берейин.

Ары-бери олтургандар да кызыгып, кулак төшөп калышты.

- Агезде бала болсом да менин эсимде. Илгери ушу ченде казак, кыргыздар жайлоону бирге жайлашып, кымызды биргс ичишип, той-тамашаларды бирге өткөрүп, жегендери багылан козу, ичкендери бал каймак, ууз кымыз болуп, жыргап эле жатышчу экен. Той-тамаша эки күн, эки түнгө созулуп, оюн-күлкүгө тойбогон кыз-уландар, жаштар айлуу түндө акчөлмөк ойношуп, селкинчек тээп таңды атырышчу экен. Ошондой той-тамашалардын биринде казактын манабынын татынакай уулу кыргыздын манабынын кызын сүйүп калат. Экөө тең эки бетинен каны тамган, чолпондой сулуу кыз-жигит экендигин тамшанып айтышар эле. Казактын манабы да, кыргыздын манабы да бай десе бай, барк десе баркы бар, колдорунда төрт түлүк малы жайнаган, кадыр-барктуу адамдар болушат. Куда-сөөк болууга бардык жагынан дал келип, дилдери да макул келип, казактын манабы кыргыздын манабынын алдына кыздын колун сураганы келген экен.

Илгери манап деген сөздүн мааниси оокатты көп жебеген, чени менен кадыр-баркын билгизип, жээр-жемексен болгон, текебер, көп сүйлөбөй, кол алдындагыларга ээги менен жаңсап буйрук берген, кыскасы, ак сөөк, атына туура келген адамдарды айтышчу экен. Чий боорсок, той боорсок, чай боорсок деп калышат, а ошо кезде «манап боорсок» деген боорсокторду манаптарга гана жасашчу дейт, таттуу, анан майда кесип. Манаптар аны колунун учу менен алып жешчү экен. Ошон үчүн ушундай сөз калган, конокко, мейман-ысманга барганда уул бала зыңкыйып, жээр жемексен болуп, тартибин сактап олтурса аталары «балли, манап экен, манап экен» деп эркелетишчү.

Казактын манабы айтылуу убакта, кой союлуп, конок камы көрүлүп жаткан кыргыз манабынын үйүнө келип түшөт. Конок тосулчу он эки канат боз үйдө куш жаздыктарды жазданып, каада-салт менен эки тараптын урук-туугандары болуп, той камын кантип көрүүнү, кантип өткөрүүнү сүйлөшүп, «манап боорсоктон» жешип, сүйлөшүп олтурушат. Аңгычакты сырттан табакка толо буруксуган жытты мурунду өрдөп, эзиле бышкан багылан козунун эти келет. Казактын манабынын алдына коюлган табакта эттин үстүндө козунун аппак куйругу салынган экен. Баятан саамал кымыздан кайра-кайра жута берип, ичтери жалаңдай түшкөнбү, баары устукан алууга шашылат. Казактын манабы адегенде эле баягы эттин үстүндөгү куйрукту жанагы мизи жалаңдаган курч бычагын алып, шарт кесип сугунуптур.

Сугунганы курусун. Бир кесим куйрукту курч бычагынын мизинде алып сугунган экен, бычак жаагын шылый кесиптир. Манап чочуп, бычакты ыргытып жиберип, жаагын басып калат. Кан токтобой шорголоп агат. Ордунан тура калып сыртка жүгүрүп чыгып: «Тарт атты» деген экен. Атын минген бойдон, артын бир кылчайьш карабай жүрүп кетиптир.

Мындай кызык окуя элге айтылбай, тарабай койчубу? Өйдө өткөн деле, ылдый өткөн деле ыкшып күлүп, ушул окуяны айтып атышкан дейт. Казак манап ошентип өлгүдөй уят болуптур. Кыргыз манап болсо, «сук адамга кызымды бербейм» деп койгон имиш. Анткен менен эки жаштын бири-биринен көңүлү суубаптыр. Алар жашырын жолугушуп жүрүшкөнүн билип калышат.

Ушак-айың кептер баланын да, кыздын да ата-энелерине жетет. Байкоочу салып кызды аңдытып, бир күнү артынан түшүшөт. Манап «Эгерде бу сөз чын болсо, кызымды ошол жерден өлтүрүп салгыла» деп буйрук берет. Артынан өлүм издеген «карга-кузгундар» аңдып келатканын билбей кыз менен бала талаада кызгалдак терип, ойноп жүрүшкөн. Чынбы, калппы артынан келаткан куугунчуларды көргөндө бала менен кыз кайып болуп кетиптир дешет. Мүмкүн куугунчулар экөөнү тең өлгүрүп, эки элдин ортосунда кагылыш болбосун деп, элге «кайып болуп кетти» деп алдап коюшкан чыгар? Эмнеси болсо да, ошол аймончоктой кыз менен бала шейит кайып болуп кеткен жерде жанаша кош чырпык өсүп, айланасы кооз гүлдөргө толуп турат имиш деп уккан элем. Ким билет? Мүмкүн силер айтып жаткан жанагы келиндер кыйып койгон талдар ошолор чыгар?..

Төртүнчү каттам

Өткөн жылы Бишкекке кайра да бардым. Баратып башыма түмөн ойлор келди. Элдин баарына жарыя айтып, өгүңкү келиндерди тилдетип, кайра ошол жерге эки чырпык сайсак кантер эле дейм өзүмчө.

Ашуудан түшө бердик. Кудай ай, көргөн көзүмө ишенбедим!

Баягы көк, сары, кыпкызыл жыттуу гүлгө толгон колот, жашыл шиберден тукаба оронгон адырлар, баягы биз көрүп жүргөн көңүлдөн чыккыс кооз табигаттын изи да жок. Баса.. ии ойлорум чабыттап, эми эсиме түшпөдүбү. Ош-Бишкек жолунун кайсы бир жеринде сел жүрүптүр деп укпадым беле. Сурамжыласам, ооба, ал кудум ушу жер экен. Бул катуу табигат кырсыгы тоодой таштарды кулатып, баягы ашкананы күм-жам кылып кетиптир. Кош чырпыкты аёосуз аралап салган эки келиндин сөөгү табылбады дешет. Ошондон бери бир да чөп, бир да тал өспөй, ташка, кумга ширелген кунарсыз колот кимдир-бирөөгө таарынгандай мелтиреп үнсүз...

Кош каректери ботодой жайнаган кызыл жүздүү эки жаштын бет ырайы көз алдыма тартылып, бул не чындык, не калп экенин биле албай алигүнчө бушайман жеп, жаратылыштын, дүйнөнүн, өмүрдүн, жашоонун миң түрлүү сырга бай экендигине таң берем.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз