Будданын сегиз принциби

Бардар жашоону чанып, шакардай кайнаган турмуш майданынан чындык менен бакыт издеп думана болгон Будданын накыл ойлору бул. Ал өзү Индия падышасынын баласы болгон. Анын айткандары кылымдар бою бүткүл дүйнө элдеринин аң-сезимине азык болуп келет. Будданын төмөндөгү 8 эрежеси – адамдардын мүнөздөрүн калыптандырып, жүрөктөрүн, абийирлерин тазалап, биздин бүгүнкү жашообузга эң зарыл тирек болор акылман ойлор.

2. Туура көз караш

Биз эмне үчүн көр оокатка өзүбүздүн аң-сезимибизди керектүү чектен ашыкча бузганга жол беребиз? Анткени, биз дүйнөнүн чыныгы, анык жүзүн көрбөй, аны өзүбүз каалагандай көрөбүз. Көз карашыбыз оңолгондо гана жоготуулар менен издеп табуулар, бакыт менен жан-дүйнөнү сыздаткан жүрөк оорулар – булар келишимдин бир гана бөлүкчөсү экенин түшүнөбүз. Биз бул циклдин жүрүшүн эч өзгөртө албайбыз, алыбыздын жеткени – башка түшкөндү чыдамдуулук, кайраттуулук жана сабырдуулук менен татыктуу көтөрүү.

Туура көз караш – бул буддизмдеги сегиз жолдун эң биринчиси жана ал калгандарынын пайдубалын, негизин түзөт. Мүмкүн Будда биз жашоого жана материяга жогортодон карап, бизге маанилүү нерселердин динамикасын түшүнүүнү каалагандыр, анткени, бүгүнкү күнү бизге аябагандай зор кубаныч, ыракат тартуулаган буюмдар, эртең эле кайгынын булагы болуп калышы мүмкүн, биз мына ушуга ар качан даяр болушубуз керек.

2. Туура ниет

Биз ойлойбуз, кандай ойлонгонубуз маанилүү эмес, а жасап жатканыбыз маанилүү деп. Ошентип, каалаганыбыздай кыялданганга өзүбүзгө укук беребиз. Биз өзүбүзгө досуңду, аялыңды кыялыңда алдап, сатып кетсең, көзүнө чөп сала берсең боло берет, иши кылып реалдуу жашоодо ал иштерге барбагандан кийин бул зыяны жок, нормалдуу көрүнүш деп ойлойбуз.

Бирок мына ушул сыяктуу “күнөөсүз” кыялдар акырындап ниетти бузуп, адамды психологиялык жактан ар кандай жаман иштерге барууга түртөрүн ойлогон киши аз. Адамдын ички дүйнөсүнүн, дилинин тазалыгы каректердин тунуктугунан эле көрүнүп турат, ал эми ар кандай булганыч кыялдар, ойлор ошол тунуктукка көлөкө түшүрүп, жада калса адамдардын көзүн тик карай албаганга жеткирет.

Мындан бир нече кылым мурда жашап өткөн Будданын көз карашы учурда да актуалдуулугун жоготпогону кызык.

3. Туура сүйлөө

“Ооздон чыккан сөз – атылган ок, аны артка кайрый албайсың”, “Сөз – бычактан курч” деген сыяктуу макал-ылакаптарды угуп чоңойсок дагы, биз ал сөздөргө көңүл бура бербейбиз. Азыркы учурда байланышуунун каражаттары, платформалары көп болгондуктан, сөздү тандап, иргеп сүйлөөнү таптакыр унуттук. Биз оюбуздагыны айтпайбыз, жалган сүйлөйбүз, алдайбыз, ушактайбыз.

Ошентип олтуруп кыжырданууну, дисгармонияны жаратабыз, жек көрүүнүн тамырын жаябыз. Башкалардын да, өзүбүздүн да дилибизди оорутабыз. Ооба, жашоодо чындыкты айтуу, сүйгөнүңдү жана сый сөздөрдү айтуу, жөн эле шалпып ар кайсы сөздөрдү айтууга караганда бир топ оор. Мына ошондуктан Будда адамдарды  туура сүйлөөгө чакырат. Айтылган сөз кайра кайтпасын билип, качандыр бир кезде айткан сөзүңөр үчүн уятка калбагыла, ойлонуп, туура сүйлөгүлө дейт ал.

4. Туура иштерди жасоо

Буддизм бизди кичине болобу, чоң болобу, дайыма туура иштерди жасоого чакырат. Бирок күндөлүк турмушубузда бул эрежени сактоо оңой эмес. Жашообузда эч зыяны жок деп ойлоп жасаган иштерибиз арбын.

Чындыгында эле турмуштун чоң жана майда аспектилеринде, алыскы келечекте, качан өзүн-өзү сыйлоо жана руханий ыракат алуу, материалдык пайда көрүүлөрдөн жана көз ирмемдик жыргалчылыктардан маанилүү болушуна жетишүү үчүн, туура иштерди жасоо көп эмгекти талап кылгандай сезилет, мына ушундай шарттарда Будданын бул конкреттүү кеңеши чынында эле өтө актуалдуу.

5. Туура жашоо образы

Будда бүйрө, эпчил адам болгон, ал өзүн ээрчиген адамдарды эч качан кылып жүргөн иштерин таштап, кечил болуп кетүүгө чакырган эмес. Жашоого керектүү шарттарды түзүү маанилүү экендигин түшүнүп, Сегиздик жол өзүнө туура жашоо образынын концепциясын киргизген, башкача айтканда, оокат жыюуга, байлык топтоого эч тыюу салган эмес, бирок ошол тапкан оокаттар адал жол менен табылып, башкалардын эсебинен болбошу керек.

Бүгүн биз көп учурда жашоого каршы иштеген жумуштарга айласыздан аралашып жүрөбүз. Жаратылышты талкалаган корпоративдик акулаларга,  колунда жок адамдардын жерлерин тартып алгандарга иштейбиз; биз массалык маалымат каражаттарында эмгектенбиз жана адамдардын сезимдерине, пикирлерине көңүл бурбоону, алардын сезимдери менен каалагандай калчоону кесиптик милдет катары түшүнөбүз, албетте, бул акча табуунун жолу деңизчи, бирок терең ойлоп көрсөк жан дүйнөгө азык болуп берер жакшы иштерден эместигин түшүнөбүз.

6. Туура аракеттенүү

Ар бирибиз жакшы сапаттардын ээсибиз. Баарыбыздын талантыбыз, сүйүүбүз, байкоо жөндөмүбүз, өз философиябыз жана башка сапаттарыбыз бар. Көпчүлүгүбүз муну бала кезибизден эле сезебиз. Бул сапаттарыбыздын көмөгү менен келечекте кандайдыр бир бийиктиктерди багынтууну кыялданабыз, бирок көп учурда ал кыялдарыбыздан адашып, акырында өз тагдырыбызга жазылбаган, таптакыр эле башка иштер менен алектенип жүргөнүбүздү көрөбүз.

Турмушка болгон мындай канааттанбоо менен жүрөгүбүзгө сүйүү, урмат-сый, сабырдуулук жана боорукерликти сиңире албайбыз, бара-бара ачуулуу, таарынчаак адамга айланабыз. Көпчүлүгүбүз өз табиятыбызга туура келбеген иштерде иштеп, өз кыялдары салынган табыттын акыркы мыктарын кагып жүргөндүктөн, ой-тилегине жетүүгө аракет жасоо керек деген кеңешти эске алганыбыз жаман болбостур.

7. Туура байкоо  

Кээде жашоонун майда-барат, аки-чүкүсүн байкабай, кийин өкүнүп калмай жайыбыз бар. Шериктерибиздин биз үчүн кылган майда сезилген көп иштерин байкабайбыз, балдарыбызга жетиштүү убакыт бөлбөй жүрүп, алардын өз алдынча, бизге бейтааныш чоң адамдарга айланып кеткенин кийин көрөбүз. Ата-энелерибиз карып, бул дүйнөнү таштап кеткенден соң, алардын көздөрү тирүүсүндө жетишерлик сый-урмат көрсөтө албай калганыбызды эстеп, оозубузду кармап өкүнөбүз.

Биз бир убакта эле бир нече иштер менен алектенебиз, ошондуктан өз жеке турмушубузга да, кылган кызматыбызга жана башка иштерибизди да оңгулуктуу көңүл бура албай, чарпылып-чачылабыз. Будданын окуусу бизди ар бир иш-аракетибизди, укканыбызды, көргөнүбүздү сүйлөгөнүбүздү шашпай ойлонуп жасоого чакырат. Келгиле, жөн гана калдактай бербей, эмне кылсак да байкап иш кылалык.

8. Күчтү туура топтоо

Бизге адам катары эң зор энергия жана чеберчилик берилген, биздин жетер ийгиликтерибизге чек жок. Бирок бизди артка тарткан нерсе – бул акылдын адашуусу. Бүгүнкү адамдардын көңүлү ар кыл иштерге бөлүндү. Тигинисин да, мунусун да алып кетсем, жулуп кетсем дегендер толо. Бир убакта эле эки үйдөн тамак аңдыган ачка калат эмеспи.

Эгерде сиз сегизинчи чекитке жеткен болсоңуз, туура жолдо бара жаткандайсыз жана Будданын бир убакта көңүлдү, дитти бир эле ишке топтооңузду каалаганын кубануу менен кабыл аласыз деп ойлойбуз. Эч нерсеге алаксыбай көңүлүбүздү бир жерге топтоо аркылуу, биз өзүбүздүн эң мыкты ийгилигибизди жарата алабыз. Бул акыл-эстин дисциплинасы жана буддизмде сүкүт кылуу дайыма алдыңкы орунда турат.

Сен өзүңдүн кемеңдин капитанысың жана ал кемени таза жүрөгүң менен башыңды бийик көтөрүп башкара алаарыңды эсиңден чыгарба.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз