Муса Мураталиев: Искендер жана Асанкайгы (шедевр)

Азыркыларга жомок

Бул окуя илгери-илгери, кадимки эле Асанкайгы жашаган заманда болгон дешет. Асанкайгы жерде кыбыр эткендин баарына боору ооруп, аларды канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, коргоп туруучу адам болот.

– Байкуштарым-ай! Кыйбай турам! Алардын камын же деп кудай менин акылыма салып атпайбы! Бу, жан-жаныбар, курт-кумурска, бөйөн-чаян макулук тарткан азап адамдыкынан кем эмес! – дейт.

Жолунан жаман абалда калган макулук кабылды дегиче Асанкайгы аны ал абалдан куткармайын кетпейт. Токойдо кумурска чөмөлөсү күйүп атса үстүндө чепкенин сыйрып өрттү өчүрүп кирет. Көлчүккө түшүп калган ылааны көрсө аны көлчүктөн алып чыгып күнөстүү жерге бапестеп жаткырып жанында турат. Ылаа канаты кургап учуп кеткенге дейре ал жерде тура берет.

Күндөрдүн бир күнүндө кыргыз жерин Арстанбап өрөөнү тараптан Искендердин колу басып кирет.

Кыргыз каны шашылыш акылмандарын чакыртып: ары кеңешип, бери кеңешип Искендердин жортуулун кантип токтотуунун амалын издейт. Акылмандары кымбат баалуу дүр-дүнүйө тартуулоодон бөлөк жол жок дешет. Кан элине салык салып сокудай күмүш, сокбилектей алтын жыйнатат, ага кошуп жер жайнаган мал топтотот. Аны Искендерге тапшырып, жөн гана кайра бастыра бербей, улуу жол башчынын көңүлүн таап, оң жооп алып келчү киши издешет.

– Даяр тартууну баскынчы колуна тапшырып, кайра тирүү келер жан барбы? – деп кан элине жар салдырат.

Мен барайын деген бир да жан табылбайт. Кан жаны кашайганда:

– Жоо көрбөгөн жүүнү боштор! Кыргызда жатып өлгүчө атып өл деген, тартууга менин башым да кошулсун! Кербенди өзүм баштап барамын! Кайтпай калсам бирөөнү кан көтөрүп алгыла! – дейт.

– Ырайым кылыңыз, каным! – деп ошондо Асанкайгы кепти алат. – Искендерге мен барамын. Бирок… эгерим менин бир шертиме көнсөңүз гана…

– Шертиңди айт! – деп кан Асанкайгы кебине ынайт.

– Баскынчы биздин жерди пул менен малдан жутаганы үчүн басып кирген жок. Ага ким-кимибиздин жаныбыз баалуу. Ал биздин жаныбызды алыш үчүн келди! Ага сокудай алтын, сокбилектей күмүш эмес чымындай жан керек. Ошол чоң олжо. Алдаяр каным, Искендер кылычынын мизине кетчү сиздикиндей жан менде да бар. Ошону алсын! Ага эл дөөлөтү эмес мен керт башымды тартуулап барайын. Ушул менин шертим!

Кан тегеректеп турган акылмандары менен бир пикирге келишкенден кийин, жай эскертет:

– Сенин жаның кыргызга керек, бир айла таап, алтын башыңды аман алып кел! – дейт кан.

– Мен айла-амал издегенден эч нерсе чыкпайт. Баары кудайдын буйругунан!

Асанкайгы колуна аса-муса алып тагдырына жазылган менен жүздөшүү үчүн адым коёт. Бообаш-Атанын сеңирдей белин ашып түшүп, бейиши жер токойлуу өрөөн Арстанбапка өтөт. Македондук кошуун өрөөндө өтөк, жайык, ачык жер калтырбай ээлеп чардап жаткан болот. Сен кимсиң? Кайдан келдиң деген киши болбойт. Кеч киргенге дейре Асанкайгы жоо аскерин аралап басып ээн-эркин жүрө берет. Топ аскер түнөк алган улуу жаңгак шагы астына ал да чепкенин айкарасынан жамынып, уйкуга кирет. Асанкайгы тырп этпей уктап кеткенде анын жолбун киши экенин көрүп жоо аскерлер карыянын чепкенин үстүнөн сыйрып алып, жаңгактын бийик бутагына илип салышат. Шондон соң да Асанкайгынын уйкусун буза алышпайт. Биртикеден кийин дыбыратып күн жаап, анын аягы катуулап барып көнөктөп куйган нөшөргө айланат. Канча жолу мындайды көргөн жоо аскери калканын жамынып, тынчып калышат. Асанкайгы жаткан жердин үстүндөгү шак жаан өткөрбөй, үстү кургак бойдон калып, мемиреп уктай берет.

Таң агарып атканда аскерлер туруп, машыгуу үчүн чогулушат. Тилмеч жалгыз уктап жаткан чоочун кишинин жанына келип:

– Алда кокуй-ай! – деп чалды кабыргадан ары тээп калат. – Эй, тур! Сен кайдагы немесиң?

Асанкайгы көзүн ачып маңдайда бутакта илинүү турган өзүнүн чепкенин көрөт. Анын астына тушташ алкынган ак боз айгыр минген улуу кол башчы турган болот. Искендер эртең мененки сыркаарга карабай ак көйнөкчөн! Демейде кийчү зоот чапкыты жок турду. Айбаты келбетине шайкеш, сүрү эч бир күч жеңип алгыс, куду жаналгычтай көрүнөт. Жанында кол башчысын тыгыз курчаган сакчылары жапырт соот чапкыт жарагы менен дагы бир сүр болуп, көк темиринен көз таят. Арыда аскерлери топ-тобу менен колуна кыны жок кылыч алып жол башчысы алдында машыгуу өткөрүп атышат.

– Улуу даражалуу Искендер! Маңдайыңда шакка илинүү турган чепкенди бери бердиртчи. Даракка чыкканды билбеймин, – дейт Асанкайгы.

Карыянын кебин тилмеч шак которот.

– Малайы жок туруп бирөөнү малайдай жумшаган бу ким? Жоготкула нары! – дейт Искендер.

– Ырайым эт, улуу даражалуу жол башчы! Мен кыргыз эли жиберген аманатты алдыңа тартуу кылып алып келдим, – дейт Асанкайгы.

– Элиңде кеп билген адам жок беле? Же одонолуу кеп айтып мени осол кылайын дедиңби? Ал үчүн башыңан айрыларыңды билесиңби!

– Улуу урматтуу Искендер, кишинин жанын алууга жер менен жөрмөлөгөн жөргөмүш деле жарайт… Оболтон элде баш кесмек бар, тил кесмек жок деген… Мен жакшы кабар – элимдин улуу өтүнүчүн алып келдим.

Жини катуу келген император:

– Башын алып салгыла! – деп кыйкырып иет.

– Улуу урматтуум, ачууңузду сурап калдык, кулак салыңыз, – деп жанында дайыма коштоп жүрчү төрөлөрдүн бири Искендерге кайрылат. – Тентип жүргөн селсаяк кеби сиз үчүн не болуп кетиптир? Алды менен бу селсаяктын текебер сүйлөшүнүн себебин билишсин.

Бирок император көнбөй:

– Күн туугуча башы алынсын! – деп мурдагы буйругун бекемдейт.

Сакчылар дароо Асанкайгыны курчап, ортого алышат. Ошол саат Искендер: «Ий!» – деп айкырып иет. Баары жабыла караганда император өз желкесин өзү тарс-турс койгулап, атынан ыргып түшөт. Коштоп жүргөн жоон топ атчандар Искендер артынан дабыр-дубур аттарынан түшүшөт. Чукул төрөлөрү Искендерди ортого алып:

– О, улуу алдаяр! – деп жабыла карап императордун желкесиндеги ийненин көзүндөй кара чекитти көрүшөт.

– Кол салуу жерден болдубу, асманданбы? Буйрук бериңиз, биз ким болбосун ташын талкан кылууга даярбыз! – деп сакчылары тизе бүгүшөт.

Ошондо өзүн бир макулук чагаарын орой абышка алдын ала билгенин Искендер түшүнөт. Желкеси шишик тээп дулдуюп чыгат. Бүткөн бою калтырап, эски талмасы кармачудай көрүнөт.

– Тентиген чалды бери чакыргылачы. Менин денемди аралап, жүлүнүмө жеткен бул балакетти ал билген.

Тилмеч императордун сөзүн которуп, ээрчите басып, Асанкайгыга жерден өйдө боло албай, чөгөлөп калган императордун желкесин көргөзөт.

– Каракурт чагыптыр! – дейт Асанкайгы. – Бөйү уусуна кабылгандан көрө кылычтын мизине кабыл дейт… Кишинин жанын чай кайнамга жеткирбей алат!

– Дабаасын билет экенсиң айыктыр! – деп жаалап ийишет төрөлөр.

Асанкайгы олтура калып шишиктин ортосундагы кара чекиттен улам кан аралаш уу соруп жерге түкүрүп турат. Чай кайнамга жетпей Искендер эсин жыйып, өйдө болот. Асанкайгыны аскерлер кайра жаңгак дарактын жанына алып кетишет.

Күн тоонун башынан кылтайганда Искендердин тентиген абышканын башын алуу мөөнөтү келет. Аскерлер курчап Асанкайгыны четке чыгарып баратканда алардын астын торой баскан кол башчы:

– Абышка, сен мени бир ажалдан аман алып калдың, – деп кол сунат. – Сен ким болбо, каныңан кечтим! Элиңе кайтып барганда кол башчың менен жолукканда ал жиберген белеги арзырлык болду деп менден ыраазычылык билдир.

– Баары кудайдын буюрганынан! – дейт Асанкайгы.

– Мага айтчу кандай кебиң бар?

Асанкайгы үн катпаганда кепти Искендер өзү улайт:

– Мен жеринен акылман кишини урматтап келем. Сен менин сыйыма татырлык киши экенсиң! Мен эмне кылып сенин жакшылыгыңды актай алам?

– О, даңктуу атанын тукуму, улуу кол башчы Искендер! Менин сураганым, элимдин азаттыгын колуна бер! Кылычыңды кынына кат, артыңа кайт!

Искендер жаңы туулган күндү карап, Бообаш-Атанын чокусу тарапка көз жүгүртө тунжурай түшөт.

Асанкайгы артына кырк унаага сылай жүктөлгөн дүр-дүнүйө – Искендердин белеги менен аса-мусасын таянып жолго жөө чыгат. Айылына жете электе артынан Искендер аскерлери Арстанбаптан чыгып кетишти деген кабар жетет.

Кыргызда Асанкайгынын ким экенин билбеген жан жок, анын Арстанбапты кантип бошоткону туурасында билген аз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз