Жамгырда калган жинди жана кир терезе тууралуу уламыш

  • 05.07.2021
  • 3086

Бир адам акылманга келип сурайт:

— Айтыңызчы, канткенде акылман боло алам?

Акылман ага мындай деди:

– Көчөгө чыгып бир саат кыймылдабай туруп, анан кайра кел.

Тигил акылмандын айтканына таң калды, бирок каяша кылбай айтканын жасады. Ошол убакта көчөдө катуу жаан төгүп жаткан. Тиги байкуш шөмтүрөп суу болуп, жарым саат араң чыдады. Кайра акылманга келип суроо узатты:

— Айтканыңыздай сыртта туруп келдим, — дейт ал акылманга. — Эч нерсе өзгөргөн деле жок ко?

— Жамгырдын алдында турганда эч нерсе сезген жоксуңбу? — дейт акылман.

— Эмнени сезмек элем? — дейт тиги ачууланып. — Бир да кургак жерим калбай, шөмтүрөп жинди немедей болуп турдум!

— Мына, сен маанилүү ачылыш жасадың, —дейт акылман. — Эгерде, адам өзүнүн жинди экенин мойнуна алса, оңолуунун жолуна түшкөнү ошол! Акылмандыктын башталышы деген так ушул.

Кир терезе

Бир үй-бүлө жаңы батирге кирет. Эртең менен эрте турган аялы терезеден жуулган кирлерин жайып жүргөн кошуна аялды көрдү.

— Карасаң, жууган кирин, кирин кетирбей чала жууптур, — деди ал күйөөсүнө.

Гезит окуп жаткан күйөөсү унчуккан жок.

— Самыны начар болсо керек же өзү кир жууганды билбеген неме. Көрсөтүп коюш керек окшойт, – деди ал токтоп калбай.

Бул сөзүн ал тиги аял кир жууган сайын айтчу болду. Бир жолу терезени карап кыйкырып жиберди:

— Оо! Бүгүн таптаза жууптур! Кошуна аял акыры жүрүп кир жууганды үйрөнгөн экен.

— Жок андай эмес, — дейт күйөөсү, — болгону бүгүн мен терезени жууп койдум.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз