Оскар Уайльд: Булбул менен Роза

  • 01.07.2021
  • 3703

ЖОМОК

— Эгерде мен ага кызыл роза алып келип берсем, ал мени менен бийлейм деди, – ыйламсырады Студент, – бирок менин багымда бир дагы роза гүлү өспөйт.

Анын айтканын Эмен дарагындагы уясында олтурган Булбул угуп, жалбырактардын арасынан аны таң кала карап калды.

– Ушунча бакта бир дагы кызыл роза жок! – деп арманга баткан Студенттин көзүнөн жашы тегеренди. – Эх, кээде бакытка болбогон эле бир нерсе үчүн жетпей кур каласың! – Акылмандардын жазгандарын калтырбай казып окуп чыктым, философиянын купуя сырларына каныктым, а тагдырым болгону бир роза гүлү жок болгон үчүн эле кыйроого туш келгени туру.

– Мына, акыры, чыныгы ашык болгон кишиге жолуктум, – деди Булбул өзүнө. – Мен аны тааныбасам да ар бир түн сайын ал жөнүндө ырдап келдим, ар бир түнү ал тууралуу жылдыздарга айтып жүрдүм, акыры бүгүн аны көрүп олтурам. Анын чачтары гиацинт гүлүндөй капкара, а эриндери өзү издеген роза гүлүндөй кызарат; бирок арзуусу анын өңүн пил сөөгүндөй кубартыптыр, кайгысы маңдайына өз мөөрүн басыптыр. 

– Эртең кечинде канзаада кече өткөрөт, – деп шыбырап жатты жаш Студент, – ага менин сүйүктүүм да чакырылган. Эгерде мен ага кызыл роза тартууласам, ал мени менен таң аткыча бийлейт. Эгерде мен ага кызыл роза тартууласам, аны өз кучагыма алам, ал башын ийиниме жөлөп, анын жумшак алаканын кыса кармайм. Бирок менин бакчамда кызыл роза жок, мен жалгыз калам, ал жаныма басып да келбейт. Ал мен жакка кылчайып да койбойт, ушуну ойлогондо жүрөгүм кайгыдан жарылып кетчүдөй.

– Бул чыныгы ашык адам, – деди Булбул. – Мен жөн гана ырга салган сезимди, ал өз башынан өткөзүп жатат; мен үчүн кубаныч тартуулаган нерсе, бул үчүн муң-кайгы. Чынында эле сүйүү – бул керемет. Ал кандай гана көз жоосун алган асыл-заттар болбосун, андан кымбат. Берметтер менен зээр буюмдарга сатып ала албайсың, аны бир дагы базардан таппайсың. Аны сата да албайсың, алтынга да алмаша албайсың.

– Ал жерде музыканттар болушат, – деп улантты жаш Студент. – Алар арфалар менен скрипкаларда ойношот, менин сүйүктүүм алардын керемет музыкасына кошулуп бийлейт. Ал жерге таманы тийбей чимирилип бийлесе, айланасында жасанып кийинип алышкан хан сарайдагылар суктанып карашат. Ал мени менен бийлемек турсун карап да койбойт, анткени менде ага тартуулай турган кызыл роза жок. – Жаш жигит чөпкө көмкөрөсүнөн түшүп, алакандары менен жүзүн жаап алып ыйлап кирди.

– Ал эмнеге ыйлап жатат? – деп сурады жанынан өтүп бараткан кичинекей жашыл Кескелдирик, куйругун ары-бери кыймылдатып.

– Чын эле, ал эмнеге капа? – деп кошула кетти күн нуруна канаттарын жаркылдатып учуп келе жаткан Көпөлөк.

– Эмнеге ыйлап жатат? – назик үнү менен коңшусунан сурады желге ыргалып турган Жылдыз гүл.

Ага кызыл Роза керек экен, – деп жооп берди Булбул.

– Кызыл роза үчүн элеби!? – таң калышты баардыгы. – Ой, аябагандай күлкүлүү экен!

Уяты жогураак кичинекей Кескелдирик, каткырып күлдү. Бир гана Булбул Студенттин абалын түшүнүп, Эмен дарагынын бутагында сүйүүнүн купуя сырларын ойлонуп олтурду.

Мына, эми ал өзүнүн каралжын канаттарын бир серпип алып, абага көтөрүлдү. Ал токой үстүнөн көлөкө сыяктуу кайкып учуп, бакчанын үстүнөн көлөкөдөй зуулдап өттү. Токойдун ортосундагы аянтчада бутактары кенен жайылган Роза бадалы өсүп турган. Аны көргөн Булбул ылдыйлап келип анын бутагына конду.

– Мага кызыл роза гүлүңдөн берсең, мен сага эң сонун ырымды ырдап берем, – деди ал.

Бирок Роза башын чайкады.

– Менин гүлдөрүм ак, – деп жооп берди ал, – алар деңиз толкунундай ак, тоонун чокусундагы карлардай аппак. Эски кум сааттын жанында өскөн менин бир тууганыма барып көр, балким издегениңди ошондон табарсың.

Булбул эски кум сааттын жанында өскөн Розага тез эле учуп жетти.

–Мага кызыл гүлүң болсо берчи, мен сага өзүмдүн эң сүйүктүү ырымды арнап ырдап берейин!

Бирок бул Роза да башын чайкады.

– Менин гүлдөрүм сары түстө, – деди ал, – алар янтарь тактысында олтурган ханышанын чачтарындай сары, алар чабыла элек талаада өскөн алтын түстүү гүлдөрдөн да сарыраак. Студенттин терезесинин түбүндө өскөн менин бир тууганыма бар, ал сен каалаган нерсени берет.

Булбул Студенттин терезесинин түбүндө өскөн Розага учуп жетти.

– Мага кызыл гүлүңдөн берчи, мен сага өмүрүмдөгү жараткан эң мыкты ырымды ырдап берейин!

Бирок Роза башын чайкады.

– Менин кызыл гүлдөрүм ушунчалык назик, – деп жооп берди ал. – Алар көгүчкөндүн таманындай кызыл, алар мухит түбүндөгү үңкүрлөрдө толкун менен кошо ыргалган кораллдардан да кызыл. Бирок менин каным кышкы катуу суукта тоңуп, кан тамырларымда катып калды, аяз менин бөйрөктөрүмдү иштен чыгарды, бороон бутактарымды сындырды, бул жылы гүлдөй албай калдым.

– Бир эле сап кызыл гүл бер, мен андан ашык сурабайм, – деп жалынып жиберди Булбул. – Болгону бир гүл! Сен аны кантип алыштын ыкмасын билесиңби?

– Билем, – деди Роза бадалы, – бирок ал өтө опурталдуу, мен сага аны айтыштан да корком.

– Айта бер, – деди Булбул. – Мен коркпойм.

– Эгерде сен кызыл роза гүлүн алгың келсе, – деди Роза бадалы, – аны айдын нуруна киринип, өзүңдүн мукам ырыңдын назик үндөрү аркылуу жаратууга тийишсиң, сен аны жүрөгүңдүн каны менен боёйсуң. Сен менин тикенектериме төшүңдү такап ырдашың керек. Таң аткыча ырдап чыксаң, менин тикенектерим жүрөгүңдү сайгылап, андан аккан жылуу каның, менин каныма келип кошулат.

– Өлүм – бир кызыл гүл үчүн кымбат баа! – деп кыйкырып жиберди Булбул. – Жашоо ар кимге кымбат! – Токойдо алтын арабасында сызган күндү, бермет кайыгында сүзүп бараткан айды суктана карап олтурган кандай жакшы. Долононун таттуу жытына магдырап, өрөөндөгү сүйкүмдүү гүлдөрдүн, түбөлүк жашыл өңүнөн оңбогон арчаларды көрүп туруунун өзү канчалык ыракат. Бирок Сүйүү Өмүрдөн кымбат, кичинекей бир чымчыктын жүрөгү – сүйгөн адамдын жүрөгүнө салыштырганда түккө да турбайт!

Булбул каралжын канаттарын күүлөп, кайрадан көк асманга көтөрүлдү. Ал бакчанын үстүнөн көлөкө сыяктуу кайкып учуп, токой үстүнөн көлөкөдөй зуулдап өттү.

Студент Булбул аны таштап кеткен жерде дагы эле турбай жаткан, анын сулуу көздөрүнүн жашы алигиче кургай элек болчу.

– Кубана бер! – деп кыйкырды ага Булбул. – Кубана бер, сенде кызыл Роза болот. Мен аны ай жаркырап тийгенде нуруна чайынып, өзүмдүн мукам ырларымдын назик үндөрү аркылуу жаратам, анан аны жүрөгүмдүн каны менен кызарта боёйм. Кылган кызматым үчүн сенден бир гана нерсе сурайм: өз сүйүүңө бекем болуп аны сакта, анткени Философия канчалык акылман болбосун, Сүйүүдө акылмандык андан да көп, Бийлик канчалык күчтүү болбосун, Сүйүү андан күчтүү. Анын канаттары кызыл жалындын түсүндө жана анын тулку бою жалын сыяктуу түс менен боёлгон. Анын эриндери балдан таттуу, а жыты жыпарын чачкан гүл сыяктуу.

Студент башын көтөрүп, чыканактап жаткан боюнча укту, бирок ал Булбулдун эмне айтканын түшүнгөн жок, анткени ал китепте жазылган нерселерди гана билчү.

А Эмен дароо түшүнүп, капа болду, себеби ал анын бутактарына уясын салып алган ушул кичинекей чымчыкты жакшы көрчү.

– Мага акыркы жолу ырдап бер, – деп шуудурады ал. – Мен сени эч качан унутпай эстеп жүрөм.

Булбул акыркы ырын сайрап жатты, Эменге анын ыры жез кумгандан куюлган суунун шылдырындай угулду. Булбул сайрап бүткөндө Студент ордунан туруп, чөнтөгүнөн чөнтөк дептери менен карандашын алып, кобуранып үйүнө жөнөдү:

— Ооба, ал сырткы форманын чебери, муну эч ким талаша албайт. Бирок анын ырында сезим деген нерсе барбы? Менин оюмча жок болуш керек. Мындай карап көрсөң, ал көп сүрөтчүлөргө окшош: чеберчилиги бар, бирок бир тамчы да чындыгы жок. Ал эч качан башкалар үчүн өзүн курмандыкка чала албайт. Ал музыка тууралуу гана ойлойт, ал эми искусство өзүмчүл болорун бардыгы эле жакшы билет. Анткен менен, анын айрым кайрыктары укмуштуудай кооз экенин моюнга албай коюуга болбойт. Бирок анын маанисиз, күндөлүк жашоого эч кереги жогу өкүндүрөт.

Ал үйүнө келип, өзүнүн кууш керебетине жатып өз сүйүүсү тууралуу ойлоду; бир аздан кийин уйкуга кетти.

Асманда алтын ай нурун чача баштаганда Булбул роза бадалына учуп келди, анын бутагына конуп, тикенегине төшүн жөлөдү. Түнү менен ал көкүрөгүн тикенекке такап алып сайрады, муздак хрусталдай ай жүзүн ага буруп, ырына магдырады. Түн бою ал тынбай сайрай берди, сайрай берди, а тикенек барган сайын ал шордуунун төш этине тереңдеп кирип, жаратынан жылуу кан шорголоду.

Адегенде ал махабат бала менен кыздын жүрөгүнө кантип кирери тууралуу ырдады. Роза бадалынын бутагынын эң учунда укмуштуудай кооз гүл ачыла баштады. Ыр артынан ыр уланды, желекчелердин артынан желекчелер ачылды. Адегенде роза дарыянын үстүндөгү суюк тумандай, таң жаңы атып келе жаткандай бозоруп, аткан таңдай күмүш сындуу жалтырап турган эле.

Күмүш күзгүдөн көрүнгөндөй, тунуп турган сууда чагылышкандай – бутактын учунда ачылган роза гүлү дал ушундай болчу.

А Роза бадалы Булбулга тикенекке бекемирээк жабышуусун жалынып-жалбарып суранды.

– Катуурак кыса түш сүйүктүү, Булбулум, дагы бекемирээк ыкта, дагы... дагы... антпесең роза гүлү кызаргыча таң атып кетет!

Булбул тикенекке баштагыдан да бекем ыктаган сайын, ыры да барган сайын көркөм, барган сайын катуу чыга баштады, анткени ал жигит менен кыздын ортосундагы жалындаган арзуу тууралуу ырдай баштаган.

Ошондо розанын желекчелери жигит өз колуктусун биринчи жолу ээрдинен өпкөндө кызарып чыккан сыяктуу, назик кызыл түскө боёлду. Бирок тикенек Булбулдун жүрөгүнө жете элек эле, ошондуктан розанын жүрөгү аппак болчу, Булбулдун жүрөгүнүн ысык каны гана розанын жүрөгүн кызарта алмак.

А Роза бадалы кайрадан Булбулга тикенекке бекемирээк жабышуусун баштагыдан да катуу жалбарып суранды.

– Катуурак кыса түш сүйүктүү, Булбулум, дагы бекемирээк ыкта, дагы... дагы... антпесең роза гүлү кызаргыча таң атып кетет!

Булбул Роза бадалы жалынып-жалбарган сайын тиккенекке төшүн бекем такай берди, такай берди, акыры тикенектин учу булбулдун жүрөгүнө жетип, ал бүт денесин чыдатпаган катуу ооруну сезди. Барган сайын ооруга чыдоо кыйын боло берди, ал ансайын анын ыры катуулай берди, анткени ал Ажалдын келиши менен гана өз бийиктигине жеткен Сүйүү, мүрзөдө да өлбөй турган Сүйүү тууралуу ырдап жаткан.

Ошондо роза гүлү чыгыштан аткан таңдай кызарды. Анын таажылары тегиз кызарып, жүрөгү рубиндей кыпкызыл түскө боёлду.

А Булбул үнү барган сайын акырындап, акырындап, мына эми анын каралжын канаттары эки жакка жайылып, титиреп, көздөрүн туман баскансып тунара баштады. Тамагын бирөө муунта кыскандай, ырынын акыркы кайрыгын кайырып, аягына чыкпай басылды.

Асмандагы ай өңү бозоро түшүп, таңдын атканын унутуп селейди. Кызыл Роза ал кайрыкты угуп, маңдайынан соккон жумшак желге желекчелерин делбиретип эсин жоготту. Кереметтүү кайрыктарды шамал алып учуп, тоо коюнундагы капчыгайдагы уктап жаткан койчуларга жеткизди. Кайрыктар дайра боюндагы камыштарды шуулдатып, алар аны андан ары деңизге жеткизишти.

– Карагылачы! – деп кыйкырып жиберди Роза бадалы. – Кыпкызыл роза гүлү ачылды!

Булбул жооп берген жок. Ал узун чөптүн үстүндө жүрөгүнө узун тикенек сайылган боюнча өлүп жаткан.

Түштө Студент терезесин ачып бакчага көз жүгүрттү.

– Ах, кандай бакыт! – деп кыйкырып жиберди ал. – Мына, кызыл Роза. Өмүрүмдө мындай кызыл Роза көрө элекмин! Мунун узун латынча аталышы болсо керек. – Ал терезеден эңкейип гүлдү үзүп алды. Башына калпагын кийип, Профессордун үйүн көздөй шашып жөнөдү.

Профессордун кызы босогодо көк жибек жипти түрүп олтуруптур. Алдында кичинекей ити жаткан.

– Сиз, эгерде мен кызыл роза гүлүн алып келип берсем, мени менен бийлейм деп убада кылгансыз! – деди ага Студент. – Мынакей, дүйнөдөгү эң керемет кызыл Роза гүлү. Кечинде жүрөгүңүздүн тушуна сайып алсаңыз, биз бийлеп жүргөндө ал мен сизди кандай сүйөрүмдү айтып берет.

Бирок кыз кабагын бүркөдү.

– Кызыл Роза гүлү мен кийе турган көйнөккө жарашпайт деп ойлойм, – деп жооп берди кыз. – Анын үстүнө хан сарай кызматчысынын жээни мага чыныгы асыл таш чөгөрүлгөн керемет кооз төөнөгүч жибериптир, анын кайдагы бир гүлгө караганда бир нече эсе кымбат экенин элдин баары билет.

– Кандай жакшылыкты билбеген немесиз! – деп ызалана түшкөн Студент розаны жолго ыргытып жиберди.

Роза арабанын дөңгөлөгүнүн алдына түшүп, тебелендиде калды.

– Жакшылыкты билбеген менби? – Студенттин суроосун кайталады кыз. – Кандай орой адамсыз! Деги сиз кимсиз? Болгону бир бечара Студентсиз. Качандыр бир убакта сиздин туфлиңиздин боосунун илгичи хан кызматкеринин жээниники сыяктуу күмүштөн болоруна дегеле ишенбейм. – Ал ушинтип айтты да туруп алып басып кетти.

– Сүйүү деген кандай келесоочулук, – деп ойлонуп бара жатты Студент үйүнө. – Анда Логика берген пайданын жартысы да жок. Ал эч нерсени далилдебейт, ар дайым аткарылбас нерсени убада кылат, болбой турган нерсеге ишендирет. Ал бул турмушта укмуштуудай ыңгайсыз, ылайыгы жок нерсе, а биздин кылым – ыңгайга карап жашаган кылым, ошондуктан Философияга кайтып, Метафизиканы үйрөнүшүм керек.

Ал үйүнө келип, чаң баскан калың китепти алып, үңүлүп окуй баштады.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз