АҢГЕМЕ
Күтүлбөгөн жерден ордунан турду, поездин терезесинен колун жаңсады:
- Мына, көрүп жаткан кичинекей жол, эки дарактын ортосундагы дөңчөнүн этегин айланган жол... Эч нерсеси жоктой көрүнөт, туурабы? Бардык жерде учурай турган жөнөкөй жол... Бул менен бирге кайда барарымды, кайдан келгенимди, тегеренгенде чаң болгон топурагынан башка эч нерсесин тааныбаган бул жол, менин жашоомдо бир элек сыңарыдыр.
Он беш жылдан бери ушул жолдо ар ай сайын саякатка чыгамын. Бул узун жолдун эки тарабында жана анын айланып-айланып өзгөргөн жерлерин жадыбалдай жатка билемин. Жаткан жеримден көзүмө жабышкан чымындын баласынан, ай чыккан абада сеңселген дарагына чейин, ал тургай бул жолдордо кайсы жерде эмне барын көзүмдү жумуп айтып бере алгыдай усталаштым. Бирок, жылдар бою бул кичинекей жолдун бөлүгүн, жол деп деле айтууга болбой турган кызыл топурактуу жерди ар дайым жаңыдан, алгач ирет көрүп жаткандай куштарланам, караймын. Аны ар бир көргөнүмдө чочулайм. Анда эркиндиктин, сагынычтын, күтүүнүн, бардык сулуулуктун ырларын уктум.
Күмөнсүз, ооба, бул жолдо алгач ирет көзүмө көрүнгөн окуянын маңыздуу элесинин тиешеси бар. Стамбулдан суук, жамгырлуу күнү кеттим. Тун балам он күн мурда каза болгон, аялым оорулуу, башка кайгыларым да бар. Кыскасы, тагдыр менен күрөшүп жаткан күндөр болчу.
Сизде дагы ушундай болушу мүмкүнбү, билбейм. Жолго чыгуу мен үчүн дайыма жакшы анан унуттуруучу касиетке ээ. Кайгыларыбыз, сагынууларыбыз менен тыгыз байланышы бардай. Бир жолчунун айтканындай, тиги жерде эң оор коркунучта болгон кайгы, эки жүз киллометр жогоруда башка адамдар арасында дагы жеңил, чыдай ала тургандай өтөт. Кайгыдан кайгыга айырма бар. Меники болсо, кайгынын эң чоңу – бала кайгысы. Жана ошол күнү да жамгыр жаап жаткан. Ах, сизге бул жамгырлуу күндөр мага эмнелерди жашатканын кантип түшүндүрөм десеңиз? Мындай күндөрү мен такыр башкача адам болуп калам. Башка адам... Бардык эң жаман, эң караңгы, эч оңдолбой тургандай тараптарым менен жанданып, каарым менен жалгыз калам. Мындай убакта жашоо бардык булактарын бекитет. Бир гана азап менен кайгынын булагы калат жана мен анын бууланган күзгүсүндө бардык өмүрүмдүн эң жаман жактарын өзүмдөн көрөмүн. Бул жолу да дал ошондой болду. Күнүмдүк өкүнүчтөрүмдөн алыстап, өзүм гана боло тургандай жашоого бел байлаганымда Хайдарпаша жери мага абдан чоң караңгы кунарсыз сыяктуу көрүндү.
Поезде рух арбагындай отурдум. Исмитке нымдуу, суук абада келдик. Эч нерсе ойлонгон жокмун, эч кимди көрбөдүм, вагондордун үстүнө, терезелерине тийген жамгыр үнүн угуп келдим. Табытта жаткандар жер алдындагы чыныгы үнсүздүктө өз демин ушинтип угушса керек. Кээде ичимдеги боштукту чагылгандай келип уулумдун элеси тешип кетет, бираз мөөнөткө анын кичинекей сулуу жүзү, чоң жөргөмүштөй жамгырдын төрт жагыма тарткан күл өңү кайгы торумдун ичинде жашап жатты. Ал убакта мен бул кайгыдан кутулуу үчүн колдорум менен жүзүмдү жаап, ордумду алмаштырам. Андан соң кайрадан жамгыр үнүн угуп, кайрадан ичке, чиеленген тордун алдындагы адамга кыйынчылыктын, коркунучтуу түштөй көрүнгөн, күнсүз, өңсүз элестеги жаратылышка караймын. Измиттен соң аба ырайы дагы бир канча жерге чейин ушундай болду. Андан соң жамгыр токточудай сезилди, асман көгөрдү, булуттар арасынан баткак аралашкан ааламга түрдүү түстөр, эки күн жааган жамгырдын суугун унуттура турган ысык башталды.
Поезд жайлады. Ошондо мен, кичинекей бул жолдо, алгач ирет, кичинекей күндүн килемдей жайылып турганын көрдүм. Шиберлүү мажүрүм талына кубанычтуу жаркыраган, жерге ысык, ачык сүйүнүч сыяктуу бириккен күн... Жана ошол эле убакта ичимди азапка салган муң үнү... Ал убакта жашагандарымды кантип айта алам? Бул айлардыр топурактын түбүндө караңгылыктан жоголгон көктүн кокусунан кичинекей бүчүр аркылуу жашыл абага жана жарыктыкка жолугушуу сыяктуу нерсе... Мына, ошол күндөн баштап бул жол, менин жашоомду өзгөрттү. Эркиндиктин, тазалыктын, рух жандануусунун символу, эшигимде күндүн, жаркырай турчу абанын башталышы болду. Жана сыйкырдуу арзуу, баарысын кайгы-муң, сүйүү-кубаныч, байлыгымды бул жерге таштап кеткенди, бул кичинекей жол менен кетүүнү кааладым.
Эгерде бул жол менен кетсем, жашоомдогу бардык нерсе өзгөрөт, азаптарым бүтөт, сагынычым токтойт, жапжаңы адам болуп каламын. Андан бери тогуз жыл өттү. Өлгөн баламдын кайгысын убакыт жана жаңы төрөлгөн балдарым унуттурду. Кичинекей кыйынчылыктарым оңолду, ордуна башкалары келди. Бирок бул жолдун маңызы мен үчүн ошол бойдон калды. Аны менен ар бир жолукканымда дайыма окшош тынчтык сезими мени өзүнө тартып, ар биринде ошол жерге баарын таштап, ушул жолдо жоголуу муктаждыгын сездим. Ал эмес азыр дагы баарын таштап кетип калуу муктаждыгындамын. Аттиң... Бул качыш муктаждыгыма карап тагдырдын азабына тушуккан, жашоосу балакеттерге толгон байкуштай элестетпеңиз. Баарысы сыңар мен деле тагдырдын жакшы же жаман жактары менен кезиктим. Ал эле эмес, аны күнөөлөгөнгө акым да жок.
Жакшы жарга кезиктим, жакшы акча табамын, жашоо сызылган жолунда түз жана рахаттуу өтүүдө. Бирок мен буга карабастан, ага ыраазы эмесмин. Ичимде өз жашоомду жашабай жаткандай сезим бар. Дагы да жакын болушумду каалайсызбы? Бул жашап жаткан жашоо меники эместей, каалаган убакта бирөө келип "кана тур, кезегиң келди, өзүң бол!"деп кыйкырса, ишенип чуркарым бышык. Бул сезим менде өтө эле курч... Ар кандай көпчүлүктө өзүмдөн башка ар ким болууга ыраазымын. Көйнөк алмаштыргандай денеңди алмаштыра билсек кана, бир ууч кум арасынан бир даана кум боло алуу жана мындай болгонуңду билбөө. Эмне билейин, маска, же номер, же жөн гана жооп берүү ышкырыгы, бир чекит, кнопка, бардык нерсе боло алуу...
Балакетим мындай, мен кээде өзүмдү тапкан адаммын. Эмнеге күлүп жатасыз? Мени акмак сыңары кабыл албаңыз. Бул күлкүңүздөн сиз, бул азапты жашабаганыңыз белгилүү. Өзүн өзү табуу... Бул чынында коркунучтуу, бирок ошол эле убакта көңүл бурууга боло турган эс алуу. Мас тууралуу ойлонсоңуз, стакан колунда, стол үстүндө дароо ойгонот, өзүн, тегерегин көрөт, буюмдар менен өзүнүн ортосундагы айырманы таанууга өтөт, арактын унуттуруучу касиети бейиштей сезилет... Бул ойлонуу бир мөөнөткө же бир секунд ичинде гана болот. Бирок бул секунд, бир жардын башында көздөрү ачылган адамдын коркконундай...
Караңыз, бул алгач кандай болгонун, анда уулубуз өлө элек болчу. Кыштын бир күнү жубайым, балдарым менен олтурганбыз. Мен жазып жатканмын, уулум бутумдун түбүндө ойноп жаткан, жубайым менден бираз жогоруда, бир нерсе өрүүдө. Кичинекей кызым анын тизесине жөлөнүп, колунун кыймылы менен кыймылдап жатты. Бөлмөбүз ысык, тынч эле. Үй бүлө делген керемет көрүнүштүн бирөөсү эле, сырттан кирген жарык, бууланган терезебизге, бөлмө ичинде анча-мынча басып жүргөн көлөкөлөрүбүздү көргөн жолчуларга кичинекей кызганыч сезимин жаратат жана бош өткөн өмүрү үчүн аларды кайгылуу ойлорго батырышы мүмкүн эле.
Кандай болду, билбей калдым. Бир убакта, кокустан отурган жеримден уйкудан ойгонгондой кыймылга келдим, тегерегиме таңыркап карай баштадым. Адам, буюм, жанымдагы бардык нерсе менден алакаларын үзгөн сыңар. Мынча жылдык жубайымды, өз балдарымды, үйүмдү, бөлмөнүн ар бир бурчундагы элесимди, ал эле эмес жазып жаткан нерсемди, эч бир нерсени тааныбадым. Ал убакта күзгүдөн өз жүзүмдү көрсөм, аны да тааныбасам керек эле. Өз чындыгымда, түштөрүмдүн чындыгында ойгондум. Бул Бауднлаиренин эки бөлмөсүнө, Гуанженин Афинна бейишинде көргөн түштөрүнөн чындыкка кайтканына окшош эле. Бул дагы жөнөкөй нерсе, жашоосунда дароо ойгонгон рух, өзү өзүнө тарбия бергенде чирип кетиши толук мүмкүн. Бирок бул нерселер менин ичимде, күндөрдүн оордугу тууралуу кабарым жок туруп кайнаган мендигим менен кандай байланышы бар? Бул кара чачтардын өңү кубара баштаган, сулуулугу чарчоого алмашылган аял ким? Бул суроо менен бирге ал жубайым экендиги, балдар өз балдарым болгонун билчүмүн. Өзүмдөн өзүм килтейген он жылды, жабылуу бөлмөдө, керемет жана маңызсыз буюмдардын ортосунда кантип жашаганымды сурап жаттым. Акыры чыдай албадым, бир шылтоо таап, көчөгө качып чыктым. Бүгүн болгондой эсимде, суук, ызгаардуү кыш кечи. Көчөдө эч ким жок. "Эмнеге, эмнеге ушундай болду?" деп токтоосуз сурап жаттым. Чарчадым, кичинекей кофеканага кирдим. Тааныбаган бир канча адам тамеки жыттанган, түтүндүү абада күлүп, каткырып сүйлөп жатышат. Мен бир бурчка олтурдум. Ушул күнгө чейин түн бир оокумда кино, театр үчүн чыкпасам жөн жай чыккан эмесмин. Мындай жорукту түшүнө алчу эмесмин. А азыр жат көрүнүштөй сезбей, жылуулук издеп жаттым. (" Бул жер, биздин шкаф болсо керек деп ойлондум да айланама акырын көз жүгүртө баштадым.
Адам жүзүнүн эң маңыздуу дүйнө экендигин ушул түнгө чейин эч түшүнгөн эмесмин. Жашоо деген ошол карта оюну сыяктуу, актёрлорун ушунчалык күчтүү кабылдашса, алардын ар бир кыймылына карап өз колун коёрун ойлоп көргөн эмесмин. Жүз бырышынан, көзүнүн алдындагы тырыштан, илеп четиндеги эзелки сөздүн, сүйлөшүүдөн мурунку божомолдун, маанисиз көз караштын бир белги болгонун ойлондуңуз беле?
Маңдайымда мага артын салып, карта ойногон адам отурат. Орто бойдогу, арык, төбөсү таз, отуз-отуз беш жаштарда, күнүгө квартирада, көчөдө, ашканада жолугушуп калчумун.
Бүкүрүйгөн, оң колу менен көрүнбөгөн уулу жөргөмүштү кармап жаткандай колун сермеледи. Бул каарданган адамдын арык колу, баш сөөгү тез-тез аркага титиреп турушу коркунучтуу эле! Эки жолу жанындагылар менен сүйлөшүү үчүн мен жакка бурулду. Кызыктай көрүнүмү бар экен. Кең маңдай, көзүнүн, оозунун тегереги тырыш-бырыш. Бирок көздөрү өтө жаш, жана калың болчу. Укмуш кыймылдар менен бир жинденип, сүйлөп, шанска каргыш айтып ойноп жатты. Анан акырын ордунан турду, жогоруда айтканымдай колдорун бир сыйра силкти.
Кокустан картаны таштады. Маанилүү нерсе болгондой ордунан туруп ойлонду. Андан соң акырын далысын кыймылдатып, колдорун сербеңдетти, бир нерсе кубалап жаткандай түр менен... Бирге ойноп жаткан досу менен эсептешип, башын бүкүрөйтүп, өз ичине бекинген абалда жай басык менен кофеканадан чыгып кетти. Эмне үчүн оюндун ортосунда картаны таштады? Эмне ойлонду? Эмне чечим чыгарды? Эмнеге бүкүрөйдү, эмне үчүн ал жерден кетип баратканда кайгылуу эле? Кызык...
А маңдайымда олтурган дагы бирөө болсо, эч токтобой буттарын салаңдатып, бир жактан тырмагын кемирип жатты. Кызык адам! Кичинекей жүзү табышмактуу. Ким билет, канча жылы азап-тозок, сырлар менен өткөнүн? А жанындагысы сүйлөп жатканда кенен жайылып, өзү төрт тарапка чачылып кеткендей отурат экен.
Булардын баарын көрүп, ойлонуп үйгө келдим.
Бул үнсүз тынчтыкты көрүүм, менин өз жашоомдо бузула баштаган тозокту жеңилдетти. Бул мен үчүн чоң сабак болду. Жашоом туралуу ойлоно баштадым. Болгон аракетим, күчүм эски күндөрүмдү кайрып берген жок. Күнүмдүк жашоомо издөөсүз, жашай элек түштөрдүн азабы кирди. Жашоо оюну эң чоң көктүк менен маңдайымдан чыгып, өткөн күндөрүм менден эсебин сурап жатат. Ошол күндөн баштап бир күн дагы жалгыз эмесмин, дасторкондо, ал тургай төшөгүмдө, иш бөлмөмдө бир конок бар, тиштери түшө баштаган, өч алууга жакын, көзүндө бошко сарпталган өмүрдүн баарысын топтоп алган бир байкуш, мага өкүнүчүн кыйылдаган үнү менен шыбырап жатат: "Өмүрүңдү эмне кылдың? Мен бул шыбыраган үндөн улам эмне кыларымды, кайсы жерде болгонумду, өзүм менен чогуу баарысын, жашаган өмүрүмдү, келечек жылдарымды, тегерегимдеги бардык нерсени унутуп, бул жашоону жек көрүүдөмүн. Качып, кутулууну каалаймын. Уйку дагы мага шыпаа боло албайт. Анткени, анда да түштөрдүн залимдиги бар. Бул түштөрдү сизге кантип айтып берем? Убагында абдан сүйүлгөн жаш кыздын, кайда болгону, кандай тагдырда жашаганын билбеген сары чачтуу, чоң көк көздүү, ичке моюндуу бир кыздын түшүмө тынымсыз кириши... Бул оорулуу баш, өзүнөн өзү көлөкөсүнөн деле, өзгөргөн, коркунучтуу ааламды жаратып алууда...
Мына, ушул жол, кичинекей кереметтүү жол, мен рух ааламында жүргөндө маңдайыма чыкты жана жашоомо жаңы дем берди.
Эгерде бир күн бул жолго түшсөм, албетте, бардык тынчтыкты, сагынычымды, эски түштөрүмдү таап, таптаза эркин адамга айланамын.
Муну билемин, бирок бул жолго түшө албашымды да билемин. Болбосо, бул жол – бир өмүр жашоого боло тургандай эле...
Түрк тилинен которгон Мээрим САЙДИЛКАН