О`Шакир: Көк чай

  • 17.06.2021
  • 4567

АҢГЕМЕ

– Ах-ух-ах... Вай жыргал, жыргал! Вах-вах-вах! Чап, чап дагы. Ой өркөнүң өссүн! – мончонун буусуна моокуму кана ыракаттанган Айып жонуна шыпыргы чабылган сайын алкай берди кичипейил бозуланды. Тердеп-кургап чаап атат бозулан ансайын. – Жыргатпадыңбы тим эле. Өмүрлүү бол, ананайын.

Ысык буудан чыгып, муздак сууга чайкады боюн. Бассейнге секирди.

– У-ау, жашоо керемет. Уу-ху-ху, – муздак бассейнге дельфинден бетер сүңгүп сүздү. Башы суудан чыккан сайын анын «Уу-ху-ху!» дегени мончону жаңыртып, муздак суудан ичиркенип отургандардын да ышкысын козгоду бассейнге түшүүгө.

Шыпыргы менен жонуна чаптырса ахалап-охолоп, муздак бассейнге секирген сайын охулап-ухулаган Айып береги Коңкобайдын назарын өзүнө абыдан бурду. Денеси капкара болуп жылтырап, шайдоот кыймылы менен бассейнге сүзгөнүн тиктеген аны Коңкобай дельфинге окшоштуруп отурду.

Тамагы кургап суусаган Коңкобай суусунун кандырып келмек болду. Барга башбакты.

– Муздак жармаңыздан бир кружка... – деди Коңкобай барда иштеген келинге.

– Мага бир чайнек чай, – деди Коңкобайдын артынан удаа келген Айып.

– Сизге кара чайбы, көк чайбы? – сурады келин.

– Көк чай, – деди Айып.

Жармасын алып, бош үстөлгө көчүгүн койгон Коңкобай «А түштүктүк сарт өңдөнөт» деген бүтүмгө келди; көк чай сураган бейтааныштын ким экенин сыртынан божомолдоп. Жердешчил сезиминде бейтаанышын эми кыртышы да сүйбөдү анча...

Бир чайнек ысык көк чайды алган бейтааныш Коңкобайдан алыс эмес жердеги бош үстөлгө жайгашты. Баятан аны сөзгө тарткысы келди эле, эми азыр «сени менен эмнени сүйлөшмөк» элем деди ичинен тырчыккан Коңкобай. Шорулдатып чай ууртап отурган Айыпты негедир жактыра бербеди ичинен.

– Парга, парга чогулгула! – эки саат сайын мончого киргендерди тейлеген жигиттин үнү жаңырды.

Мончонун ысык буусун сүйгөн кардарлардын көбү бул учурду чыдамсыз күтүшөт. Эки саат сайын пихта майын буруксута себелеп, кыдырата отургандарды желпип берер тиги жигиттин үнүн уккандын баары шашылды. Элдин шарынан калбай Коңкобай да ысык буусу табына келген бөлмөгө жүткүндү.

Пихтанын жыпар жыты буу менен кошо дене-бойго сиңип, алка-шалка тердеди отургандар. Адаттагыдай мончого киргендерди тейлеген жигит да:

– Эңкейгиле, – деди желпүүрүн желектей булгалап.

Баары эңкейип, жондорун тосуп беришти желпүүргө. Алкыштарын аябады кызмат көрсөткөн жигиттен.

– Ой, азаматсың! Өмүрүң узун болсун! – дешти жарыша мактагандар.

– Мындай жыргалды бир гана «Даткага» келгенде көрөсүң, – деди ыракатка балкыганы.

– Ооба, башка мончолордо минтип тейлегендерин көрбөдүм, – деди аны коштогону.

– Шаардын тиги башынан бу башына мен да атайы келбедимби бүгүн. Көк-Жарда укмуш мончо бар дегенди угуп... – деди Коңкобайдын жанында бак-бак сүйлөп отурган киши бул жерге биринчи жолу келгендегисин айтып.

Ысык ташка «пыш-пыштап» суу чачылды дагы. Буу көтөрүлүп, пихта жыты каңылжаар өрдөдү.

Айып мончок-мончок шурудай мөлтүрөгөн терди денесинен сыдырды алаканы менен. Андан көз албай отурган Коңкобай өз тулку боюна караса, анча тердебептир. Нымшыганы гана болбосо, каршысында «ахалап-охолоп» ыракатка балкыган Айыптын денесиндегидей шурудай мончок тер көрүнбөйт. 

– Эми тамандарды тоскула, – деди желпүүрүн булгалаган жигит.

Отургандар тамандарын көтөрүп, колтуктарын кериле ачып чалкалап беришти желпүүр булгалаган жигитке. Ысыкка чыдабагандардын шаштылары кетип, сыртка дыр коюшту. Аз эле киши калды.

– Ие, Айып дос, кандай анан? Үйдөгүлөр жакшыбы? Айылга, Кочкорго каттап атасыңбы? – деди алиги бак-бак сүйлөп, бул жерге биринчи жолу келген адам.

– Барып атам... Жатышат. Чал-кемпир демдүү-күчтүү али.

Жанараакта көк чай ичип отурганда «түштүктүк сарт өңдөнөт» деп ой жоруган Коңкобай эми тиги бейтааныш өзүнүн эле кочкорлук жердеши экенине ынанды. Эч кандай дельфинге да, эч кандай сартка да окшоштура алган жок. Кадимки эле өзүнүн кочкорлук жердешине кезиккенине жетине албай, сөзгө аралаша кетти:

– Сиз менен жердеш турбайбызбы. Көк чай ичип отурганыңыздан сарт деп ойлоптурмун баятан.

Айып Коңкобайды анча жактырбагандай көз атты.

– Көк чайды эмне, түштүктүк туугандарыбыз эле ичет бекен?.. Аны бүт дүйнө жүзү ичет. Сарт боломбу, сарбагыш боломбу – көк чай ичсем эмне экен?! – Коңкобайды кекеткендей тиктеди Айып.

– Суусундукка көк чайдан өтөр эмне бар десең мончодо, – Айыпты жанындагысы коштоду.

– Мен кайсы кыргыз каяктан экенин оңой ажыратам го десем... Чай ичип отурганыңыздан... – сөзүн улай албады Коңкобай.

– Кыргызды бөлүп-жарганга кыйын окшойсуң э?! – Айыптын көзүнөн от жанып турду.

– Сарттарды сарт эле деш керек да... эмне?.. – Сөзгө чыйралып келаткан Коңкобайды Айыптын суроосу буйдалтты.

– Алдагы калтаңда канча жумуртка бар? – Коңкобайдын аласы жакка баш жаңсады Айып.

– Кандайча... Канча жумуртка бар? – суроого түшүнбөдү Коңкобай.

– Эки бутуңдун ортосунда канча энегиң бар деп атам? – зекип сурады Айып.

– Канчоо болмок эле, экөө да.

– И-и... Экөө деп атасың ээ?.. Бирөөсү жок болсо эмне болмок?

– Ортоңкусу жарабай калмак, шалтурук болуп калбайбы,– ха-халап каткырды Айыптын жанындагысы Коңкобайды шылдыңдай.

– Кыргызстанда түндүк-түштүк маселеси да дал ошол алаңдагы эки жумурткадай экенин унутпай жүр!

Муну уккан Коңкобайдын жаагы жап болду. Жооп таппай отуруп калды. Тигилер чыгып кетти.

Коңкобай ысык буудан чыгып, көк чай алды. Баятан жармадан суусуну канбай улам суусап куураган жаны эми гана суусуну канды көк чайга.

Август, 2019-ж.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз