Чоюн Өмүралиев: Ишеним

  • 10.07.2021
  • 3050

АҢГЕМЕ

Кең Ала-Тоо ичинде
Түркүн-түркүн жандар бар.
Райкан

— Мына, баягы ит Майгара тура. Талонду тешти эми. Бу жеткен ит, тешти дей бер... Тиштин жумшагын курт жейт...

Постуда турган милиционерди жер түбүнөн тааныган шоопур наалый баштады. Абакелеп жатып араң түшкөм. Ушул турган Куланакка кечке жол тостум. Машина чыкпайт. Кыбырап мурутум өстү. Шуудурап маңдайкы терек өстү. Эми кечке таяган сайын тереңинен дуңулдап Ала-Мышык тоо өсө баштады. А алган машина жок. Чубап өткөнү алдайт экен, болбосо илгеркидей Молдокемдин учурундагыдай машине каат болсо, жолоочунун жолдогусу деп жөнөй бермекмин салып-уруп.

Май куюп жаткан жеринен ушуга жалындым: /Чыны өзүм эле курдуудай/ «Келинчегим балинсага жатты эле бала алып, ошого келгем, байкеси, ала кет» деп эгилип калпты ышкыртып ийгем. Күнү кечке канча машине өтсө ошончо жалдыраган кишиге жанын, ыйманын жеп коюш заматта эле экен.

- Кишинин жумшагын киши жейт...

Айла канча, аны жеп аткан өзүм экенимди сезип эле баратам. «Мен да айласыз жеп атам» дедим, албетте ичимден айттым. «Мүмкүн жебей да калармын» дедим, дагы ичимден. Шоопур наалый-наалый газын алда кайдан эле акырындатты. Мүмкүн токтотпос деген түтпөгөн үмүт да.

Калдайган чоң машине, ичиндеги мен, шоопур — үчөөбүз «бөйпөктөп» постко жакындадык. Өткөрүп иер... Чаар таяк көтөрүлгөндө көзүм чыбырала боло түштү. Шоопур эми чындап күңк-мыңк сөгүнүп, жерге түштү.

- Эрежени эмне бузасың,— деген чыйылдаган, бирок өктөм доош эшиттим. Адамда ар жок, «өлө албай жатып, өлөң айтат болуп» эрежени бузбай өзүн тааныштырбайбы адегенде» деп ойлоп коём мен анда.

Шоопур үлдүрөп актанып атты.

- Эй эмне, көчүгүңө жаргылчак байлап алгансыңбы, түшпөйсүңбү мени коркутпай,— деди алиги чыйылдаган үн. Айнекти бири-бирине сүрүштүрсө ушундай чыйкылдайт. Денем ичиркенип алды. Түштүм. Майгара тигинин документтерин карап атат.

- Аксакал, (бу менден кичүү экен) шоопурда деле айып жок эле, бир жолкусун... Айылга автобус да каттатпай таштаптыр, май каат болуп аткан тура...

- Бар, кабинанын сыртына эмне деп жазылыптыр, ошону окуп келчи, буга да айт, өзү окуйлек тура,— деди сөзүмдү чорт кесип. Тамаша го десем «бар, бар турба» дейт. Барып келдим.

- Кана айтчы, эмне деп жазылыптыр?!

Кечке жол тоссоң, керкейген намыскөйлүгүң жуулуп, тегеле элпек болуп кетет экенсиң.

- «Пассажиров не брать»,— дедим илептүү сүйлөмдү муңайым айтып. Күлүмүш эттим.

- Вот та-ак! — деди ал. Илеби жер өрттөйт. Аныкы эмне, түгөнүп атыппы. Анан шоопурга:

- Жыл бүтүп баратпайбы, талонуңа бир эн салып коёюн ээ баатыр акеси,— деди,— бул айда мени да «нарушениең аз, иштебейсиң» деп атышты эле чоңдорум.

Тешкичин оңтойлоду.

- Чын, чын аксакал, салбайт элем, аялы, баласы балинсада экен. Үйүмдө киши жок дегенинен эле... — шоопурум чебеленип кетти. Кубарган талонду тиштеп турган тегерек жез топчудай сары тешкич саамга арсарсый түштү. Кудум өз кулагын тешкен аткансып саал кыңайган шоопурум мөгдөй салбырап берди.

Тешкич чырт этти. Иш бүттү. Эн түштү.

- Эми, капа этпесең, кара тизмеге түшүрүп коёюн. Атың?.. Машинаң...? Номуру?.. Бар эми жолуң шыдыр болсун, достум. Мени эстеп жүр ээ, хе-хе-хе...

Тешээрин тешип жасакерленгендей күлүп коёт. Мынча зарылып жол тоспосом ушул окуядан кийин шоопурдун жүзүн карай албас элем. Айла канча, бетти дагы тултуйтушка туура келди. Кулакты жапырайын да бара берейин дедим.

- Алыска барчу автобус толо, ортосуна салбады. Ушу менен эптеп, аксакал...

Мен ушул тапта чын эле аялым, балам балинсада жаткандай муңайып кеттим.

- Ой, кандай немесиң түшүнбөгөн! Сен өлсөң мына мен, мен жооп берем, башым менен жооп берем, шоопур деген өлбөйт, мына сен өлөсүң жанындагы, анан мен агам тааныбаган бирөө үчүн жооп берем, уктуңбу, өлөрманын...

Бычактай тийди. Ушу көз ирмемде анын погонун көрдүм. Эки кичине жылдыз. Бир жылдызы сапсары, жаңы тагылыптыр. Машина жүрүп кетти. Эми аянаар жан калбады. Өзүм үчүн да, шоопур үчүн да ызам келдм.

- Өсүп келатыпсың азаматым, өс, өс! Бирок дилиң чаар, тилиң заар экенсиң,— дедим,— кара тизме... өлүм... Башка сөз оозуңа кирбейби?..

- Калппы анан, өлүп аласың, жата бересиң кыйраткансып. Азабыңды тирүү тартат. Катын баласын бага албай мына мендейлер тартат...

Молдокем «эзели милийса менен чырдашпа» дечү. Бирок мынчалыкка жеткенде, ичиңе шайтан түшпөй койбойт экен. Ошердеги дежур балдар арага түшпөсө бу насааттын жайын иш жүзүндө көрөт белем, ким билет. Тиги сөзүн укканда чабаар бармакты биротоло чабайын дедим.

- Бөрк ал десе, баш алган эме экенсиң, машине бош кетти, эмне болду! Автобус каттабай атканын көрүп турасың...

- Сени машинанын кабинасы менен кетирсем майнеке болоюн. Айбан кылып ушу Нарынга, ооруган катыныңдын үстүнө карытпасамбы... Баса эмне турасың дейм да буерде. Муну пост дейт, турба мында, ана, жолуң ачык, жөнө, жорголо!

«Жөнөйм, жорголойм, кимдин айбан экенин далилдейм!»

Чын эле жолго салдым. Ойлонбой айттым, кандай ойлонбой айтсам ошондой ойлонбой жолго салдым. Кимибиз айбан болуп атканыбызды да ойлобойм. Кыш. Кеч. Айылга дейре итапкан жол.

Башымды бийик көтөрүп, асфальтка таманымды такалуу аттай тарсылдатып шаңдуу жөнөдүм. Сыртым шаңдуу эле, а ичим... Чын да, кишиден түңүлө албаган жаман экен. Колуңдан келсе бирөөгө жакшылык эле кылгың келет. Адамдарды кулач жайып бир айкөлдүк менен сүйгүң келет. Анан бир айбан демиңди суутуп, кыялыңды айрандайт да турат. Аялым: «Бүт элди өзүңдөй ойлойсуң» дечү. Бүт элди өзүңдөй ойлогон жаман экен. Баарынан жаманы, бирөөгө жалаң жакшылык тилеген киши алардан да жакшылык күтүп, үмүтү өчпөй туруп алат экен. Досторум: «Ай сенин ашкере гумандуулугуң» дешчү. Бу да жаман экен. Бирөөнүн тескери жагын көрсөң да жаманга кыйбай «адам дээринде асыл го, ошол асылдыгын сезбей көзү да, көкүрөгү да туюк өтүп бараткан бир шорлуу экен го» деп кайра аяп, кыйылып туруп алат экенсиң. Анан мына сага! Бүт дүйнөгө... бүт баарына таарынчу учур карайлатып бир келет экен. Ичиңден бир сыздап ыйлайт экенсиң. Ичиңден элеби?!.

...Бир жолу (адамга ишеничи өчпөгөн пенде жолдуу) бир досум экөөбүз дүнүйөлүк маселени талашып-тартышып баратабыз. Жаш баладай жагалданган жаз эле. Баары абалкыдай: өмүр өргө чапкан, өлгүң келбеген, бул аалам кудайынан кумурскасына чейин бир ынтымакка уюган төгөрөгү төп бир ажайып учур эле. Бир кезде күн себелей түшүп эле анан барып чакалагандай бир жамгыр төктү акетайың, асфальттан кыян жүрүп кетти. Бейкапар эл заматта быкпырдай кымгуут түшүп үйлөргө, мекемелерге, почтого, китепканага кире-кире качышты. Биз да көлчүктөрдү кечип, чалпылдап чуркадык. Алдыбызда туура тартып бош автобус турат. Култ-култ кирип кеттик. Бирөө отурат чоңун беш саат күтүп тажагандай ыңгыранып «Байкеси, бир үч-төрт мүнөт баш калка, мындай да өткүн болорбу» деп бажактай кеттик.

- Эмне, энеңердин төрүбү бул,— дейт кербезденип ширенкедей купкургак неме.

- Эми, аксакал, өзүң көрүп... —деп баратат досум, анда да «аксакалыбыз» «алла» дегендей эле оозубузда десең. Ошо өзү көрүп туруп ошенткенде бир шайтаның ичке түшөт экен.

- Түштүк, кеттик! Сен эмес жаз жибите албайт мындай курушкандарды,— дедим, секирип түштүм. Ал да. Анан экөөбүз тең сүйлөшүп алгансып баягыга бир каткырдык дейсиң! Каткырган бойдон кете бердик. Эми эч жакка шашкан жокпуз. Болору болду, боёсу канды. Асман да каткырып, жамгырын чыпкалай берди. Терезелерден жүздөгөн көздөр, кийими кургак кишилердин көздөрү жабалактап карайт. Биз кимгедир кыбабыз кангандан, жиндидей каткырып, сууга салган чычкандай шөмтүрөп бараттык. «Кайран гана ичкилик эмнени кылбайт» дештиби, жыргап күлүп атышты терезедегилер. Аларды жыргатып, маскарапоздой каткырып биз бараттык. Айла канча, адамга ишеничиң, кыйбастыгың аргасыз кээде апенди да кылат экен. Жүзүбүздөн суу шорголоп мойнубузга, койнубузга кирип атты. Бир кезде мен ууртума жылжыган суунун шорлуу боло баштаганын сезгем...

*     *     *

Артыман көптө барып машина жетти. Ал постто өз нөөмөтү келип, милдетин өтөп турган шоопур экен.

— Ка-ап, бекер кылды ээ, эми менин таманым жооруйт эмеспи,— деди артыңдан табалуу. — Азыр машина өтүп атпайбы,— дейт,— болбосо илгеркидей суюк каттасынчы, ээн талаадан тороюп карышкырга жем болмок мындайлар, — дейт.

Улам машине өткөн сайын узатып карап турдук, бирине да бурулуп кол көтөрбөй койдуң, кете бердиң. «Тикини, тикини, дагы бара түш, жорголой түшсөң» дейт. Көрүнбөй калдың. Анан ал да, биз деле унутуп калгандай болдук. Ортодо дагы бир шоопурду кармап. «ичиптирсиң» деп оо кыйлага текшерди. Соо эле экен. «Ичкендей көрүндү эле, кечээкинин салы чыкса эмне, кур дегенде» дейт. Соо чыкканына сүйүнбөй кайра кейийт. «Каап, бул айда масым жок эле, эми иштебейсиң деп жыйналышка салат ээ»,— дейт көгөрүп. Даары курусун, мындайлар өзүн да, наамды да булгайт экен, бирөөнүн да көөнүн кирдетет экен. Анан ошентип турганбыз. Оо кайда, бир далайдан соң капыс эле «жүрү, айда» дейт. Ушуякты нускады. Айдап жөнөдүм. «Түшүп кеткен го» дейт. Ырас эле итапкан узап кетипсиң. Тээ алда кайдан каргадай эле көрүндүң. Жакындаганда ылдамдыкты азайттык. Карап да койбойсуң. «Айдай бер», деди. Бурулуп койбодуң, ким экенибизди да көрбөдүң. Өтүп кеттик. «Айдай бер» деди. Ылдый барып кайра бурулдук. Жай келаттык. Өчөшкөндөй өткөн машинелердин бирин да тоспой койдуң. Жакындап келдик. Эми токтотуп сүйлөшөт ко деп ойлодум эмнегедир. Эмнени сүйлөшөрүн ким билет эле, бирок сүйлөшөт ко дедим, мынча келбейт эле да.

- Токтотоюнбу,— дедим.

- Айда, анык айбан экен, тебелетчү ит экен,— дейт. Үнү ушундай заар чыкты, карай калсам көзү кутургандай кызарып, чеке тамыры борбоюп тээп чыгыптыр. Азат боюм тик турду. Жанында киши жок, рулда өзү жалгыз болсо андан кайра тартчу ит эместей. (Ушинтип айтты, улгайган шоопур «ит эместей» деп айтты) Э, даары курусун, куттуу жолдо айтып да бекер. Ак-Кыянын алдындагы айылчы, ошого жеткиче кыжынып бүттү. Ошол жерден түш дедим. Мен жанакы баланы айлына жеткирем деп ачык айттым. Бышып кетти, «жылбайсың, дежурить кыласың» дейт. «Сага салган күндү кудайдан көрдүм, мына путевка, мына номур, жаз! Сенден да чоңураак бирөө бардыр кеп ылгаган. Эртең ошого өзүм барам, жайыңды айтам» дедим, түшүрүп салып баса бердим.

- Кызматтагы кишини ара жолго таштадың дешпес бекен?

- Антпес,— деди улгайган шоопур,— колунда таягы бар, дагы бирөөнү опуруп-жапырып түшүп кетет дечи...

Бир аз тына түшүп:

- А чымымды айтсам, сага шаштым, иничек. Жөө кеткениңден бул жерге эле барат ко депмин, анын үстүнө кечке анын карамагында элем да. Бу ээн талаада «кайсы башына таш тийген эме» деп бирөө болбосо бирөө токтоп салып кетеби деп кайрылгыча шаштым. Өзүм жеткирип келейин дедим. — Ал мага бир чети күнөөлүүдөй ырайлуу жылмайып койду. Мен да күлүп жооп кылдым. Күнү бою күлгөнүм ушу...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз