Аль Пачино: Бийлик алсыздарды чарчатат

  • 11.09.2023
  • 3437

*      *     *

Чынчыл болуу коркунучтуу.

*      *     *

Жаңы эскини кулатат. Бул табигый көрүнүш.

*      *     *

Акыл азабынан дене кыйналат.

*      *     *

Мен өлгөндө гана пенсияга чыгам деп ойлойм.

*      *     *

Саясат жана кылмыштуулук бир эле нерсе.

*      *     *

Достук жана акча зайтун майы менен сууга окшош.

*      *     *

Бийлик алсыздарды чарчатат.

*      *     *

Эң күчтүү адамга да дос керек.

*      *     *

Эч качан душмандарыңды жек көрбө. Алар сенин акылыңа акыл, күчүңө күч кошот.

*      *     *

Эмне ойлогонуңду эч кимге эч качан билдирбе.

*      *     *

Мага көрүнбөгөн адамдар менен ойногонду жакшы көрөм.

*      *     *

Душмандарың артка  калтырганыңдан пайдаланып күчтөнөт.

*      *     *

Сиз өтө кадыр-барктуу адам болгондуктан, кооптуу болуп калдыңыз.

*      *     *

Адамдарга ишенип жолго чыккандар жарым жолдо калат.

*      *     *

Каржы курал сыяктуу. Саясат – мылтыктын качан атыларын билүү.

*      *     *

Мен финансист үчүн бардыгын жасамакмын, бирок аны менен эч качан согушмак эмесмин.

*      *     *

Тообо кылбай, күнөөнү моюнга алуунун эмне кереги бар?

*      *     *

Эң бай адамдын достору эң күчтүү.

*      *     *

Макияжыңызга жана бетиңиздеги боёкко ишенбеңиз. Жолдор жакшы, бирок канализация алардын астынан өтөт.

*      *     *

Балдар бул дүйнөдөгү жалгыз байлык. Бул акча менен бийликтен да маанилүү.

*      *     *

Жеке мен жолдошторго жардам берүү ар тараптан пайдалуу деп эсептейм. Маселе ушул жерде.

*      *     *

Эгер кимдир-бирөө мени бир күнү өлтүрөр болсо, ал мени жумушум үчүн эмес, мени жек көргөнү үчүн өлтүрүшүн каалаймын.

*      *     *

Мен өмүрүмдө бир да жолу татыктуу адамга кол көтөргөн эмесмин. Бул дүйнөдө менде бир гана нерсе бар. Ал кайраттуулугум жана берген убадаларым. Мен эч качан айткан сөзүмдөн кайтпаймын.

*      *     *

Сага эч ким эркиндик бере албайт. Эч ким сага теңдикти, акыйкаттыкты же башка нерсени бере албайт, баарына өзүң гана жетесиң.

*      *     *

Биздин милдет калктын 99%нан калган 1%ын коргоо. Маселе, ушул 1% менен өмүрүбүздүн жарымын өткөрөбүз. Биз өз ишибизди канчалык мыкты жасасак, бул 99% калк бизге ошончолук аз муктаж болот, алар сабатсыз. Эки көчөдө, менттер жана кылмышкерлер күзөттө турушат. Калгандарынын бардыгы сейилдөөгө же дүкөнгө барышат.

Которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз