Жюль Ренар: Атак-даңк – бул карандай мээнет

  • 13.11.2023
  • 3920

Француз жазуучусу жана драматургу Жюль Ренар (1864-1910) көзү барында Стендаль, Бальзак, Гюго сыяктуу атагы таш жарып чыкпаганы үчүн катуу арданчу экен. Ал эмес кээде өз чөйрөсүндөгүлөргө тамаша иретинде «мен өлгөндө мүрзөмө: «Жюль Ренардын кадырына эч бир замандашы жеткен жок!» деген жазуу болсун» – деп көкүрөк ызасын ачык билдирчү болот.

Оозуна сала бергендей болуп, качан одүйнөгө узары менен чындап эле Ренардын чыгармалары дүйнө адабиятын дүң кылып, Европадагы талоонго түшкөн авторлордун бирине айланат. Ал өзү жөнүндө эң мыкты жазылган «Күндөлүккө» (Бул күндөлүк Ж.Ренар өлгөндөн кийин 1927-жылы жарыкка чыккан. О.Ш.) чыркыраган чындыкты манинтип алдыга жаят: «…өзүмө ушунчалык катуу болдум. Өмүрүмдө канча кажынып, жан-тенимди сыксам да, колума калем алсамбы, албасамбы деп, адабиятта абийирди ашкере сактап келдим. Ортозаар эмес, мыкты китепти жазып атканыма көзүм жетип турса да, анын бир эле барагындагы келжиреген жерди көрсөм, эргигеним токтоп калмайы бар…

Элден алыстап жүрүп, элдин ичин терең аңдабадым. Журналисттик кесиптин майда-барат ыйкы-тыйкыларын жерип келдим. Грек жана латын адабиятын кыйратып окубадым. Ашкере өзүмчүл болуп бүттүм… Бөлөктөрдүн маанилүү маселе жөнүндө айткан пикирлерине текебер көрүнгөнүм менен өзүм бир түккө татыбаган нерселерге кеңеш сураганымды кантейин…

Күркөлөрдү сагаалап, өз китебимди көрүүгө далай жолу эки көзүм төрт болду. Гезиттерге менин да аты-жөнүм чыкты бекен деп тирмейгенимчи.

… Өзүм жөнүндө өктөлөп, канча мактандым. Оголе, оголе көп көкүрөгүмдү муштагыладым го! Паскаль, Монтен, Шекспир жөнүндө далайды билгенсип бакылдаганым менен Паскаль, Монтен, Шекспирди да кыйратып окуганым жок.

Театрга барсам, чарк айланган чымчыктан бетер оңго, солго көрүнгүм келип, качанкы жаш кездеги атакка жетсем деген бүйрүм козголгонучу…»

Албетте, Жюль Ренардын мындай мүнөздөгү күндөлүгү өзүн өзү камчылап, өзүн өзү тааный тургандардын эстерине экмет.

Ренар өз абийринин алдында калп айта албаганынан улам ушинтет. Ал эмес күндөлүгүнүн бир жеринде: «Күндөлүк деген нерсеге биз келди-кеттинин баарын шыкай бергенибиз жарабайт. Аны биздин кулк-мүнөзүбүздү оңдоп-түзөөгө көмөк болсун үчүн чиймелешибиз керек» деп, өзүн өзү ашкерелегендин аркасы менен адамзатты абийирге чакырат. Төмөндө биз анын накыл ойлорун окурман таразасына кайрадан салууну эп көрдүк.

* * *

Сынчы деген ким? Жагымсыз пикирин билдирген эле окурмандардын бири.

* * *

Сынчы – бул ботаник. А мен багбанмын.

* * *

Чыныгы акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат.

* * *

Акын болсоң бол, бирок төшөккө келгенде кыялыңдагы баардык аялзатын ойлобой, ак никелүү катыныңды ойло.

* * *

Талант – бир барактагыны кандай жакшы жазса, кийинкилерин да так ошондой жазат.

* * *

Көп окуган калемгер гана башкаларды туурабайт.

* * *

Эч кимге окшобоюн десең, унутта калган жазуучуну туура. Жоктон көрө жогору деген ошол.

* * *

Эгер жакшы сүйлөсөң, жаз. Бирок кандай жакшы сүйлөсөң, ошондой.

* * *

Атак-даңк – бул карандай мээнет.

* * *

Мендейди мерес кылгандын баары – мендей мерестер.

* * *

Мен өлсөм эстелигимдин чокусуна чымчыктар учуп келип, суу ичер оюк жасап койгула.

* * *

Баарыбызды өлүм жөнүндө санаадан куткарган өлүмдөн башка ырайымдуу эч нерсе жок.

* * *

Карылык кантип келет? Бир күнү таң заарда айланага карасаң, апапак жаап салган кардын өзүндөй.

* * *

Айрым аялзатынын жыпар жытынан башка эч нерсеси жок.

* * *

Начар актёрду дүркүрөгөн кол чабуулар биротоло дердейтип таштайт.

* * *

Коён терисинин ичинде тирүү коён болбосо деле үрпөйүп турат.

* * *

Жаратылыштын жасатын келиштирген кудай адамга келгенде жастым кетириптир.

* * *

Өз жанын өзү кыйгысы келгендердин көбү качанкы түшкөн сүрөттөрүн айрып салгандан кийин жаны жай ала түшөт.

* * *

Баардык адамдын арасынан колунан кетмен түшпөгөн дыйкандар гана айылдын ажайып сулуулугуна сук артпаса керек.

* * *

Адам сизге ыймандай сырын төгүп атып, ыймандай сырын баары бир жашырат.

* * *

Жапжалгыз кезде деле жалгыздыкты сүйөм.

* * *

Керээлден кечке 8 саат чынчыл адам болгонго караганда, 4 саат ичинде баатыр болуу оңой.

* * *

Капаста отурган чымчык өзүнүн канаттуу экенин билбейт.

* * *

Жумуш деген эмне? Кээде балыгы жок суудан балык кармайм деп далалат чеккенибиздей, кур үмүткө алдануу.

* * *

«Өзүмдү ушундай күүлүү-күчтүү сезген эмесмин» деп ким айтса, карылык белгисин туйганы ошол.

* * *

Мамчиновникке: «Сиздин колуктуңуз мезгилсиз дүйнөдөн кайтыптыр» деп угузушса, ал бечара: «Бул маалымат расмий булактардан алындыбы?» – деген экен.

* * *

Чачтарачка: «Мага атырыңыздын да кереги жок», – дегенин эрдик көргөндөр да бар.

* * *

Эгер акча сени бактылуу кылбаса, мага бер.

* * *

Эгер бак-таалай үйү курулган болсо, анын узун кеңсесине кезектешүүгө туура келмек.

* * *

Башканын чыдамсыздыгына чыдамдуу болгула.

* * *

Бир гана убакыттын убактысы коробойт.

* * *

Мен шал болуп жыгылсам да, бирөөлөрдүн жүрүм-турумун сынга ала берем.

* * *

Өз кулагың менен укпаган кепти кайра бирөөлөргө жеткирбе.

* * *

Кудай барбы, жокпу – билбейм. А бирок анын жогу жакшы. Болбосо, ал деле өз беделин сактай алмак эмес.

* * *

Динге сокур ишенгендердин тынч уктаганын көрдүңөр беле?

Которгон О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз