Ишкерликтеги ийгиликтер сыры

  • 19.07.2021
  • 3439

2002-жылы психолог Даниэль Канеман экономист Верн Смит менен бирдикте экономика жаатында Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан. Алар ачык-айкын эмес, түшүнүксүз шарттарга туш келгенде адамдар экономикалык маанилүү чечимдерди кантип кабыл алышарын көргөзүшкөн. 2011-жылы анын, инвесторлор чечим кабыл алаарда колдонмо катары пайдалана турган, сатуучулар оптималдуу маркетиг стратегиясын иштеп чыгуу үчүн, жаңы ишканаларды уюштуруучулар команданын курамын кантип түзүштүн долбоорун иштеп чыгарда, ар башка адамдар ар кандай жагдайларда колдонууга жарамдуу “Жай ойлонуп, тез чеч” деген китеби чыккан. Даниэль Канеман ал эмгегинде ишкерлер алар үчүн салынган тузактардан кантип сактанышты, сөзсүз эле ийгиликтүү ишмерлерден үлгү алыш керекпи, эмне үчүн кызматкерлердин эмгегин кыйынчылык туудурса да, сөзсүз иштин жыйынтыгына эмес, анын аракеттерине карап баа берүү керектиги жөнүндө айтып берген.

Эмне үчүн ишкерлер тобокелчиликке барышат

Компаниянын негиздөөчүлөрүнө өзүнө-өзү өтө бекем ишенүү эффектиси же когнитивтүү аталган жаңылыштыкты кетирүү мүнөздүү. Башкача айтканда, адам реалдуу нерсеге караганда, өз ой-пикирине катуу ишенип алат.

Көпчүлүк убактарда адамдар кандай тобокелчиликке баратканын түшүнбөгөндүктөн, тобокелчиликке барышат. Эгерде, эмнеге барканын түшүнгөндө ал ишке бармак турсун, жанына жолошмок эмес. Адамдар өтө ишенчээк келишет, алар кооптуу чечимдерден сак болгула деп эскерткен маалыматтарды кабыл ала беришпейт.

Ишкерлер жалпы жонунан – аябагандай оптимистер. Ашынган оптимистер. Ал тургай алардын идеяларына объективтүү баа берүү үчүн жалдап алган атайын билимдери бар адамдарды да угуп коюшпайт. Эгерде алардын кеңештерине кулак салганда; көп маанилүү каталарды кетиришмек эмес.

Ийгиликке жеткен адамдардын көпчүлүгү, өз өмүрүндө акылга сыйбаган иштерге барышкан. Бирок бул нерседен, ийгиликтин ачкычы ошондо экен деп тыянак чыгарбаш керек.

Биз ийгиликтүү ишкерлерден үйрөнгүбүз келет, бирок алардын бардыгы – оптимистер, алар ашыкча тобокелчиликке көп барышат. Парадокс мына дал ушул жерде. Бул өтө деле жакшы стратегия эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй: эгерде сиз бир жаңы новатордук идея ойлоп тапсаңыз, ал идеяңызды өз ишкердигиңизде пайдалангандан көрө, аны унутуп коюп башка бирөөгө жалданып иштеп кеткениңиз пайдалуурак. Ошол эле убакта кээ бир идеялар өтө чоң пайда алып келиши мүмкүн – бул идеянын мыктылыгынан же жөн гана жолу болгондуктан болушу мүмкүн. Бирок дал ошол мисалдарга көңүлүбүздү көбүрөк бөлүп, оптимизм менен өзүңө бекем ишенүү — ийгиликтин ачкычы. Көпчүлүк учурларда бул андай болбойт.

Бир жагынан караганда, эгерде лоторея билетин сатып албасаңыз, эч качан утпайсыз.

Башкалардын чечимине кантип таасир этсе болот?

Эң татаал нерсе – адамдарды өзүңө пайдалуу чечимдерди кабыл алууга мажбурлоо. Бул нерсе менен психологияга таасир берер илим шугулданат. Анын эксперттеринин бири – Роберт Чалдини. Бул маселеге кызыккандарды анын иштери менен таанышууну сунуштайм.

Адам менен талашып-тартышып олтурбай, аны бир нерсе кылышка зордобой, анын бир аз кызыкчылыгын пайдаланып, өзгөрүүгө дуушар кылуу – бул чоң өнөр. Эбин таап аракет кылсаңыз, бир аз опузалоо жана убада берүү аркылуу керектүү натыйжага жете аласыз.

Бир гана таасир берүүчү психология эмес, – бардык жүрүш-туруш экономикасы адамдын жакшы жагына өзгөрүлүшүнө багытталган. Адамдарды өзүңөргө керектүү жактарга айдагандын ордуна, алардын жолундагы бөгөттөрдү тазалап, алардын сапарын жеңилдетүү керек.

Психологиядагы бул идеянын пайда болгонуна жүз жылга чамалап калды, бирок ал мага ушул убакка чейин эң гениалдуу сыяктуу сезилет: Эгерде адамдарга таасир кылып, аны өзгөрткүңүз келсе, сиз каалаган нерсеге, алардын тезирээк жетишине көмөк кылгыла. Бул кыстоо көргөзгөнгө караганда жакшы жыйынтык берет.

Call-out culture жана топтошкон элдин психологиясы

Топтошкон элдин кыжырын келтирүү өтө оңой. Элди көкүтүп, колтугуна суу бүркүү анча деле кыйын иш эмес, эгерде жалпыга бирдей тиешелүү сезимдерди чакырган нерсе болсо, – эмнегедир бардыгы андан кандайдыр бир ыракат табышат. Көпчүлүк биригип алып бир нерсеге нааразычылык билдирип турса, бул – ар бирине жагымдуу.

Эмоциялары менен сезимдери сеникине окшош топтун мүчөсү болуш жагымдуу нерсе. Жинденүү — бул аябай күчтүү сезим. Бир нерсеге нааразачылыктын пайда болушунан тартып, ошол нааразычылыкты туудурган нерсени толук талкалай турган экинчи кайталангыс процесстин башталышы үчүн, болгону140 белгиден турган бир твит жетиштүү. Бул нерсени бойкот кылуунун же өнөктөш менен кызматташ болуудан баш тартуунун белгиси катары караса болчудай.

Эгерде сиз ошондондой коллективтүү жинденүүгө дуушар болсоңуз, андан чыгуунун оптималдуу стратегиясы кырдаалга жараша чечилет. Эгерде иш ырбап баратса, унчукпай коюу жарабайт: унчукпай чыдап угуп жатасызбы, демек, сиз жөнүндө айтылгандын бардыгын моюнга алганыңыз ошо, сиз чындап эле күнөөлүүсүз.

Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй: ачуулануу – бул позитивтүү эмоция, ал мээде кубануу кандай импульстарды жаратса, дал ошондой эле ипульстарды пайда кылат.

Адамдар ачууланып жинденгенди жакшы көрүшөт. Канчалык каардуу болсоң, ошончолук коркушат. Ачуулануу сиздин ошол ачууланып жаткан  нерсени өзгөртүүгө далалатыңыз бар экенин билдирет. Ал эми коллективдүү жинденүү – наркотик сыяктуу нерсе.

Утулбаш үчүн кантип ойноо керек?

Менин сиздерге бере турган негизги кеңешим: ката кетирем деп шектенген сайын, бир аз токтоңуз жана ойлонуңуз. Тормузду тебиңиз.

Жүрүш-туруш экономикасы индивидуалдуу оюнчулар финансыга тобокелчилиги зор инвенситицияларга байланыштуу чечимдерди кабыл алыштан качуу керек деп эсептейт.

Эксперттердин чечими, өзгөчө инвестициялык фонддун чечими – бир топ эле ишенимдүү. Өздөрү терең түшүнбөгөн активдерге акча салган инвесторлор чоң тобокелчиликке барышат. Балким алардын тобокелчилиги өздөрү ойлогондон бир нече эсе чоң экенин аңдашпайт.

Эгерде утушка ээ болгуң келсе, анда ошол акчадан бир бөлүгүн утулуу үчүн бөлүп койгула. Кудум казинодогудай. Бул сиздин утулгандан кийинки жашооңуздагы жаш төгүү менен өкүнүчтөрдүн жеңил өтүшү үчүн арналган сумма. Чоң тобокелчиликти талап кылган инвестицияларга азарт оюндарына мамиле кылгандай мамиле кылгыла.

Тандоо маанилүү болгон убактарда же туура чечим кабыл алам десеңиз аны эч качан бөлүп алып тар ченемде карабай, жалпы абалга жараша аракет кылгыла.

Ушуга окшогон башка учурлар менен салыштырып көргүлө. Көйгөйдү ар кандай элементтерге бөлүп карагыла (ишкерликтин шартында бул – базардын абалы, команданын курамы ж.б.у.с.). Аларды өз алдынча бөлүп кароо, ага баа берүүдө гало-эффектиге барбоого  көмөк болот (ой жүгүртүүгө байланыштуу  кетирилген жаңылыштыктар – бүтүн нерседен алган таасирлер анын бөлүкчөлөрүн түшүнүп кабыл алууга таасирин тийгизет.— Inc.)

Жасалма интеллект дүйнөнү кантип өзгөртөт?

Акыркы мезгилдеги болуп жаткан эң маанилүү маселе – бул жасалма интеллекттин өнүгүшү.

Бул адамдардын жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү алып келет. Мурда статистикалык болжолдоо клиникалык изилдөөлөргө караганда так иштейт деп жүрсөк, көрсө азыр анык болгондой, жасалма интеллекттин болжолдоолору андан так болуп чыкты. Эгерде керектүү маалыматтар жетиштүү болсо, жасалма интеллект бири-бирине көз карандысыз жана өтө татаал байланыштарды таап чыгат.

Жасалма интеллект инфаркт күтүлүүчү учурду догдурлардан да так аныктап эле тим калбастан, ал доктурлар тарабынан кетирилиши мүмкүн болгон каталарды да аныктап бере алат. Эгерде адамдар өз ой жүгүртүүлөрүнүн бир бөлүгүн жасалма интеллектиге ишенип өткөзүп беришсе, биздин жашообузда чоң өзгөрүштөр болмок. Адамдар менен жасалма интеллектин ортосунда карым-катнаштын кандайча өнүгөөрү өтө кызык.

Жасалма интеллект адамдар жасабай турган каталарды кетиришет, бирок адамдар жасалма интеллект кетирбей турган каталарга жол берет. Биз, алар тарабынан кетирилген, өзүбүз эч качан кетирбей турган, болбогон эле каталарды көргөнгө жөндөмдүүбүз.

Адамдар роботко карагана бири-бирине көбүрөк ишенет, анткени алар роботторду түшүнүшпөйт. Бирок, бул убактылуу нерсе.

Азыр аэропортторго айдоочусу жок поезддер менен барабыз, бул эч кимди деле таң калтырбайт. Ал эми алар жаңы пайда болгондо адамдар ага түшкөндөн коркушчу – анын айдоочусу жок эле да! Мындай өзгөрүштөр бардык жерде жүрүп жатат.

Биз жасалма интеллект берген  кеңештерге ишенебиз — анткени алар бир топ жакшы. Төгөрөгү төп эмес деңизчи, бирок адамдар берген кеңештерден бир кыйла мыкты.

Жасалма интеллекке биротоло ишеним артууга аз эле убакыт калды.

Эгерде жасалма интеллекттин технологиялары биз ойлогондой жогорку темп менен өсүүсүн улантса (буга азырынча ишенүү эрте), анда эле бизди социалдык тармактарда чоң өзгөрүүлөр күтүп турат.

Көп адамдар жумушсуз калат. Роботтор кара жумуштагыларды эле алмаштырбайт, доктурлардын, адвокаттардын жана ушу сыяктуу акыл эмгеги менен иштегендердин кесиптери коркунучта. Азыр эле роботтор дерматологдорду, радиологдорду ийгиликтүү алмаштыра баштады. Социалдык жаңылануу оор өтөт.

Эмне үчүн жаман натыйжа үчүн жазалабаш керек?

Бизде кыймыл-аракетибизге көзөмөл бир топ чектелген, чечимдерди ачык айкын эмес, түшүнүксүз жагдайларда кабыл алууга туура келет.

Сиз баарын туура жасасаңыз да, кокустуктардан улам бардыгы талкалануу менен бүтүшү мүмкүн. Ошондуктан, кызматкерлердин ишин ар кандай шарттарга көз каранды болгон иштин жыйынтыгына эмес, алардын аракеттерине карата берген туура.

Жетекчилер иштин жыйынтыктарынан анын ички маанисин жеткиликтүү түшүнө алышпайт.

Биз түштөн кийин кыйын боло беребиз: эгер жыйынтык начар болуп калса, ага чейинки кабыл алган чечимди сындап киребиз: “Кандай туура эмес чечим болгон!” Бул эркиңден тышкары, автоматтуу түрдө болот. Өзүңдүн көз карашыңды өзгөртүп, башкалардын ишин жыйынтыгына эмес, анын аракетине жараша баалоо үчүн өзүңдүн ой жүгүртүүңдө олуттуу төңкөрүш жасоо керек.

Кызматкерлер керек учурда өз алдынча тобокелчиликке коркпой баруусуу өтө маанилүү.

Компанияларда кызматкерлерин иштери жаман болсо жазалашат, ошондуктан ашыкча тобокелчиликке баруудан коркушат.

Эң жакшы стратегия — чоң тобокелчиликти талап кылган чечимди бир киши эмес, коллектив менен кабыл алуу.

Чындап келгенде, мен айткан нерселер, — жүйөлүү мааниси болсо да, эң жөнөкөй эле нерселер.

Ушундай жөнөкөй нерселер менен башыңарды оорутканым мен үчүн уят сыяктуу. Бирок бир жагынан алганда адамдар кээде өз ой-пикирине караганда, эксперттердин айтканына оңой ишенишет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз