Самат Кенжебек: Саат

  • 19.07.2021
  • 2833

АҢГЕМЕ

Саат жүрүп жатат. Чык-чык-чык, чык-чык. Мен дале көзүмдү ача элекмин. Жанатан бери сааттын гана чыкылдаган добушун тыңшап жатам. Башка кыбыр эткен жан жок. Анан сенин бышактап ыйлаган үнүң чыга баштады. А мен жата бердим. Саат жүрүп жатат. Саат жебеси туура 89 жолу чыгылдаганда сырттан машиненин добушу чыкты. Так эле биздин короого келип токтоду. Эшиги ачылып кайра тарс жабылды. Мен көзүмдү ачкан жокмун.

- Мен азыр кетем... - дедиң бышактап.

- Ммм - деп койдум жай гана.

- Сенден түбөлүккө кетип жатам, түшүнүп жатасыңбы? - ошондо гана көзүмдү ачтым.

- Чын эле кетип жатасыңбы?

- Ооба... Эмне унчукпайсың? Бирдеме десең боло?

- Эч нерсе дей албайм...

- Айтчы, кал деп айтчы? Айтсаң мен калам! - деп эки көзүңдүн жашын көлдөттүң.

- ...

Көзүмдү кайра жумдум. Саат жүрүп жатты. Сырттагы машиненин эшиги ачылып, кайра жабылды. Дагы бир жолу ачылып жабылды. Анан жүрүп кетти. А мен көзүмдү ачкан жокмун. А саат мурдагы калыбында жүрүп жатты. "Чык-чык, чык-чык, чык-чык".

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз