Фрэнсис Скотт Фицджеральд: Каттамга чейинки үч саатта

  • 03.11.2020
  • 3419

АҢГЕМЕ

Көздөгөн иштин баары оңунан бүтүп, азыр чарчап турса да, ага карабай Дональддын маанайы көтөрүңкү, өзүн шайдоот сезип, жүзүндө кыпындай капачылык жок. Эми өзүмө да көңүл бурайын деп чечти. Кудай буюрса.

Учак жерге конор замат ал сыртка чыкты да, жайдын толук кезиндеги түндө эски темир жол вокзалындай таризде салынган аба майданына бет алды. Чынында ал анын азыркы учурда тирүүбү, эгер болсо дале ушул шаарда жашап жатабы, ал турмушка чыгып, аты-жөнүн өзгөрткөн жокпу, – булар тууралуу такыр кабары жок. Шаар тургундарынын номерлери жазылган телефон китепчесин аңтарып жатып, толкундоодон өзүн кармана албады. Ал жерден анын атасынын телефон номерин издеди. Албетте, бул жыйырма жыл аралыгында атасы деле өлдүбү же барбы, бир Кудайга маалым.

Жок. Судья Хармон Холмс – Хилсайд 31-94.

Нэнси Холмс тууралуу сураганда, аялдын шаңдуу үнү жооп берди:

- Нэнси азыр турмушка чыгып, азыркы аты – Уалтер Гиффорд. Ким экен бул?

Дональд унчукпастан трубканы ордуна койду. Демек баары түшүнүктүү, анын кийинки каттамга чейин болгону үч сааттай убактысы бар. Уалтер Гиффорд тууралуу эчтекени эстей албады, телефон китепчесин барактаганча карбаластады. Ал башка шаарга турмушка чыгып кеткен чыгар.

Жок. Мында жүрөт, Уалтер Гиффорд – Хилсайд, 11-91. Номерди терип атканда колдору калчылдап кетти.

- Алло?

- Саламатсызбы, Гиффорд айым болду бекен? Эски досу сурап жатат.   

- Бул мен. Угуп жатам сизди.

Аялдын сыйкыр үнү ага качанкы өткөн иштерди эске салгандай болду.

- Кандайсың Нэнси, бул мен – Дональд Плант. Жыйырма жылдан бери көрүшө элекпиз.

- Аай-иий! – таң калган аялдын назик үнүнөн анын кубанганын же аны таанып турганын айырмалай албады.

- Дональд! – кайрадан назик үн угулду. Бул сапар үн тааныгандан мурун да, кандайдыр бир мандем менен чыккандай болду. - … Сен качан келдиң? Кайдасың азыр? – аялдын жүрөгү алып-учуп жатканы билинип турду.

- Аба майданынан сыртка чыктым. Болгону бир аз убакытка.

- Жакшы. Кел да, мага жолугуп кет анда.

- Уктай элек белең?

- Жок али! – аял дагы толкунданып чыкты. – Үйдө жалгыз муздак виски ичип олтургам. Такси кармап келе кал…

Жолдо баратып Дональд аны менен кантип сүйлөшкөнүн бир сыйра баштан сыдырып эскерди. Аба майданында турам дегеним, менин дагы деле мартабалуу бойдон экенимди билдирет. Ал жалгыз олтурам дегенине караганда, бечара акыркы күндөрү сынынан кайтып, коштоп жүрчү сырдаш курбулары деле калбай калгандай. Күйөөсү иштери менен сапарда же эчак уктап калган. Анын элеси алиге чейин он жаштагы кыз кезиндей сакталып, виски ичип олтурам десе бир алдын чочуп кетти. Кайра буга өзү күлүп жиберди. О, Кудай! Ал деген азыр отуздагы аял да.

Айтылган дарек боюнча ийри жол менен барган такси дарбазанын алдына келип токтор замат, эшиктин кире беришиндеги жарык жерде колуна стакан кармаган келишимдүү, кара тармал чачтуу айым көзгө урунду. Келишимдүү аялдын тулку-боюна суктанган Дональд таксиден түшөрү менен:

- Гиффорд айым?

Кире бериштин жарыгын күйгүзгөн аял аны бир топко тааныбагандай элейип карады да, анан жайдары күлүп жиберди:

- Дональд, бул сенби? Аай-иий, ушунчалык өзгөрүпсүң. Куш келипсиң!

«Андан бери канчалаган суулар акты» - деген сөздү улам-улам кайталай ичкериге ээрчише жөнөшкөндө, Дональд ичинен кабатырланып жаткандай болду. Мунун бир себеби – алар акыркы ирет кез келише калганда ал велосипед тээп баратып, Дональдды теңине албай, мурдун чүйрүп өткөнү, анда жаш өспүрүм Дональд бир нерсе дешке жарабай эндирей туруп калганы азыр эсине түшкөндөн улам болуш керек. Эгер жоро-жолдоштор менен көпчүлүктүн арасында олтурганда ушундай абал жаралса, анда ызы-чуулуу жерде башкага алаксымыш болуп, абалды жөндөп кетсе болот. А эгер азыр ошондой ыңгайсыз абал жаралса, анда иштин өлгөнү, бардык аракетиң текке кетет. Ушуларды ойлоп, эки анжы ойдо калганда, мындан чыгып кетүүнүн амалын кылып:

- Сен ал кезде жапжаш элең, сулуу да элең. Азыр да ошол бойдон, сулуу бойдон экенсиң. Ушуга толкунданып турам, - деп жиберди.

Сөздү убагында айт да, темирди кызуусунда сок. Ал азыр ушул сөздү убагында айтты. Мындай жылуу-жумшак сөзү тээ бир кездеги сыпайы гана тааныш бала кездеги досторго караганда, аларды азыр бир топ жакындатып жибергендей болду.

- Виски ичесиңби? – жадырай сурады аял. – Жок? Мени жалгыздап ичет экен деп такыр ойлобо. Болгону бүгүн анча маанайым жок. Жумуштап кеткен күйөөмдөн эки күндөн бери дайын жок. Күйөөмдүн сулуулугунда талаш жок. Ал да сага окшоп, чачыңардан бери окшош бир караганда, - анан аял тартынган түрдө: – Же Нью-Йоркто бирөөнү таап алдыбы, ким билет. 

- Ушул сөздү сен айтып жатканыңа такыр ишенбейм, - деди ал. – Мен үйлөнгөн соң алты жыл жашадым. Бул алты жыл аралыгында курганымды кызганычтын айынан эзип-жеп жибердим. Өзүмдү да кыйнадым. Ошентип жүрүп аны бир күн «жеп» алдым. Ал өлгөндө чынын айтсам, бир чети буга аябай кубандым. Мени да кыйнабай, өзүңдү да кыйнабай, өлүп кеткениң деле бир жагынан туура болду, курганым деп ойлодум.

Ал муну айтып жатканда, аял аны ынтаа коюп угуп, анын абалын сезгендей аяп карады.

- Арты кайырлуу болсун, - деди ал сөзүн айтып бүткөндө. Бир аздан соң: - Сен аябай өзгөрүптүрсүң. Башыңды бурчу мындай. Атамдын сен тууралуу «Бул баланын башы башкача иштейт» деп айтканы эсимде.

- А сен ишенген эмессиң?

- Жок, эмнеге? Ишенгем албетте. Буга чейин мен баштуунун баары эле акылын иштетет деп жүргөм. Ошого ушул нерсе эсимде калыптыр.

- Дагы эмнелер эсиңде анан? – ал андан күлүп сурады.

Аял бир маалда ордунан атып туруп, бир-эки кадам артка жылып:

- Ай сениби ушул, - Нэнси аны жемелемиш болду. – Эмнелер эсиңде! Анан бир күн сен бузуп таштадың да мени.

-  О, кой айланайын! Кайдагыны айтасың да, - Дональд буга чычалап кетти. – Мен да ичет окшойм.

Аял стаканга виски куюп жатып, эркектин бетин батынып тиктей албай, жүзүн буруп кетти.

- Эмне ошондогу секелек кезде өбүшкөндөн бир эле менмин деп ойлойсуңбу?

- Мындан башканы сөз кылсак болбойбу? – аял уялыңкы сурады. Анан заматта жумшара түшүп: - Болсо болгондур, эмнеси бар анын! Эх, ошол ырдалып бүтпөс таттуу күндөр.

- Чана тепкен күндөрчү?

- Ии, баса. Труди Жеймстин үйүнө конокко барсак керек эле ошондо. Анан тиги жайында Фронтенакта болгонбуз.

Баарынан да ошол кышта кечиндеси чана тепкендери күнү-күнүнкүдөй эсинде. Дональд ошондо уялып жатып, биринчи жолу анын алкымынан жыттап, анан өпкөн. Тиги болсо муну анча этибарга албаган немедей башын өйдө көтөрүп, Саманчынын Жолун жылмайып тиктеп калган. Алардын жанында башка чанада олтурган жуптар да бири-бирине кыналып, өспүрүм секелек кыздын кичинекей моюнунан жыттап, өпкүлөп жатканын көргөн. Бирок экөө тең албырган илептерден өөп коюуга даай алышпаган ошондо.

- Анан баягы Мактын үйүнө конокко барып, балдар почта оюнун ойношкондо мен барбай калгам. Ошондо мен кызамык болуп оорусам керек эле, - деди эркек.

- Ал эсимде жок.

- Сен болгонсуң ал жерде. Ойноп жатып сени бирөө өпкөнүн угуп, бала туруп кызганып, өлүп кала жаздагам.

- Кызык. Эсимде жок такыр. Мүмкүн эстегим да келген эместир.

- Эмнеге? – жайдары сурады андан. – Экөөбүз тең мотурайган жаш балдар элек. Билесиңби, Нэнси, кийин ыраматылык келинчегиме да өткөндөн кеп уруп калганыбызда, сен тууралуу дайым эскерип, сени кандай сүйсөм, Нэнсиге да ошондой ашык болгом деп калар элем. Сага болгон балалык сүйүүм ушунчалык күчтүү болгон экен, кийин биз башка шаарга көчүп кеткенибизде, сени эстеп, унуталбай жаман болуп жүрдүм.

- Иий жаным, чындаппы?

- Анан эмей! Мен кийин…. – Алар азыр эки кадам аралыкта туруп, ал ага азыр биринчи жолу арзуусун билдирип жаткандай жүрөгү элеп-желеп. Аял ага оозу жарым ачыла түшүп, көздөрүн кылгыртып карады.

- Анан? – деп сурады аял. – Бул сөзүң мени уялтып жатса да, кулагым сүйүп жатат. Мен сени эстеп азап чегип жүрдүм десем, менден өтүп азапты сен тарткан турбайсыңбы.

- А сенчи! – Дональд дале толкунданып жатты. – Мени дарыканада таштап кеткениң эсиңдеби? – деп сурады каткырып. – Кетип баратып да жөн кетпей мага тилиңди көрсөтүп чыгып кеткенсиң.

- Эч бири эсимде жок. Ошондо мени сен таштап кеткенсиң  деп ойлоп жүрсөм, -  деди аял эркектин колун кармалап. – Үстүдө мен көп жылдардан бери карай элек сүрөттөр чапталган альбом турат. Азыр мен аны таап чыгам.  

Дональд беш мүнөттөй эки ойдун арасында чайналып турду – биринчиден, бир эле окуя эки адамдын башында эки башка сакталып калганы, экинчиден, жашы отуздан ашкан Нэнси азыр да аны секелек кездегидей өзүнө тартып, арбап жатканы. Жарым саат ичинде анын мээсин аялы өлгөндөн кийин токтоп калган сезимдер кайрадан тээп чыкты.

Алар бири-бирине кынала олтуруп ортолорунда турган сүрөттөр чапталган альбомду утур-утур барактап көрүп жатышты. Нэнсинин жүзүнө нур тамып, кубанычында чек жок.

- Эх, ошол сонун күндөр. Анан да мени ошол бойдон, жаш бойдон, сулуу бойдон жүрөгүңдө сактап жүргөнүң кандай жакшы. Сага бир нерсе айтайынбы... Эгер муну ошондо билсем кана! Сен мени таштап кеткениңде, мен сени ушунчалык жек көрүп жүрдүм.

- Ай, бечарам. Кымбатым менин, - деди эркек жумшак үнү менен.

- Бирок азыр андай эмес, - деди аял анын көңүлүн алгысы келип, - Азыр экөөбүз алгач өбүшөлү да, жарашып алып, анан….

Экөө узакка өбүштү. Экөөнүн тең жүздөрү албырып, кыналган жүрөктөр биринен бири өтүп дүкүлдөп, баштары айланып, чыңалып чыкты.

- Бетпак аял экенмин… - деди аял бир топтон кийин. – Эри туруп дагы бирөөсү менен өбүшкөн.

Дональд толкундануудан башы айланып, дале өзүнө келе элек. Ким менен өбүштүм азыр? Нэнсиби? Же жанымда олтуруп альбомду барактап олтурган жөн гана көрүнчүбү? Оо, Кудай!

- Токто! – деди Дональд, - Мен сүрөттөрдү толук көрүп бүтө элекмин.

- Кереги жок. Менин да башым айланып, чыңалып чыкты.

Дональд бир нерсенин башын акырын кылтыйтты:

- Бири-бирибизди кайрадан катуу сүйүп калсак ит эле болобуз го.

- Эчтеке эмес, – демин ичине кысып күлүп жиберди аял. – Болор иш болот, боёсу канат. Баарын унутуп салам.

- Күйөөңө айтып салба анан?

- Эмнеге айтпашым керек? Айтам эле. Мен айтып эле жүргөм ага.

- Койсоң эй. Эркектин шагын сындырбай жүр антип.

- Жарайт. Айтпайм.

- Келчи жаным. Тосчу дагы бетиңди, - деди Дональд алактаганын койбой. Бирок Нэнси альбомду барактап жатып, бир сүрөттү кадала тиктеп калды.

- Мына сен! - кыйкырып жиберди ал, - Карасаң.

Ал да сүрөткө кадалды. Сүрөттө Дональд чолок шым кийип, арткы катарда. Алардын артында парус кайыгы турат.

- Эсимде, - деди аял толкундануу менен күлүп, - Сонун күндө түшкөнбүз. Кэтти тарткан болчу. Кийин андан бул сүрөттү уурдап алгам.

Дональд бир топко дейре сүрөттү тиктеп, өзүн жакшы тааный албай турду. Бир аздан соң сүрөттөгү өзү эмес экенине толук ишенди.

- Мен эмес ал сүрөттөгү.

- Ии, эми эстедим. Фронтенакта элек… Жайдын күнү. Биз үңкүргө ойногону чогуу барганбыз.

- Үңкүргө дейсиңби? Мен Фронтенакта болгону үч күн тургам. – Ал саргара түшкөн сүрөттү дагы жакшылап карады. – Ооба, бул мен эмес дедим го. Бул Дональд Бауэрс. Менин адашым. Бир караганда мага окшошуп да кетет.

Аял артына кетенчиктей түшүп, ага үңүлүп карады. Андан эми боюн ала качып жаткандай туюлду.

- Дональд Бауэрс бул сен да туура айтамбы?! – ал кыйкырып жиберди. – Иий токто! Бул сен баягы Дональд  Плант белең.

- Муну сага чалганда эле айтым го.

Аял аны тиктеген бойдон эми чындап боюн ала кача баштады.

- Плант! Бауэрс! Мен жинди болуп баратамбы же мас болуп калдымбы? Мен сени ал экен деп ойлоптурмун. Токто! Мен азыр эмне дедим?

Дональд өзүн басуу учун альбомду тынбай, ойду-келди барактап жатты.

- Эчтеке, - деди Дональд. Ал жок кезде түшүшкөн сүрөт жана андан кийинки окуялар анын көз алдына кинодогу кадрдай тартылып жатты: Фронтенак… Үңкүрдүн ичи… Дональд Бауэрс. – Демек сен мени таштап кеткен экенсиң да!

Нэнси аркы бөлмөдөн үн катты:

- Муну эми эч кимге айтпай эле кой. Көбүртүп-апыртып жиберчү узун кулактар толтура.

- Айта турган деле эчтекеси жок мунун, - күңк этти ал. Анан өзүнчө ойго батты: «Иий энең… Мунун азыр, сен ошондо мени бузуп таштагансың дегенинде кеп бар тура. Түшүнүктүү. Көрсө...»

Ошондогу өспүрүм Дональд Бауэрсти эстегенде терең-терең дем алып, аны ушунчалык жек көрөрүн дагы бир ирет эстеп, кызганычтан улам жаалы ичинде кайнап чыкты. Дональд Бауэрс азыр маңдайында турса, үстөл үстүндөгү бычакты ала коюп, аны пияздай туурап салгысы келди. Тиги бөлмөгө беш кадам аттап баргыча ошондон берки жыйырма жыл көз ирмемде өтүп, он жаштагы Нэнси азыр отуз жаштагы Уалтер Гиффордго заматта айланып калгандай туюлду.

- Эмне болсо ошол. Нэнси, кел дагы өбүшөлү, - ал муну Нэнси олтурган үстөлдүн артына бир бутун таштап, анын далысына артынан колун таштап коюп айтты. Нэнси анын колун түртө салып, олтурган жеринен туруп кетти.

- Койчу ай, тамашаңды. Баятан учакка олтурушум керек деп жаттың беле.

- Эчтеке эмес. Кийинки каттам менен деле кете берем.

- Кой, жолуңа түш, - деди аял суз гана. – Мени да түшүн.

- Сен мени кантип эстебедиң! – кыйкырып жиберди ал. – Дональд Плантты кантип унутуп салдың! Мен сени ушул убакка дейре…

- Эстейм. Сени деле тааныйм. Качанкы өткөн күндү эстей бериштин не кажети бар, - аял муну чоочун адамга айтып жаткандай айтты. – Такси кармаңыз да, кетип калыңыз. Таксинин номери – Крествуд, 84-84.

Такси түнкү жолдо аба майданын көздөй зуулдап учуп баратты. Жолдо баратып Дональд утур-утур башын чайкап, өзүнөн-өзү бушайман: «Тууй ата! Сени сүйбөсөм, сүмүрөн калайын… Сен деп жыйырма жыл азап чегип… Сүйбөгөнгө сүйкөнбө деген ушул да». Учак абага көтөрүлүп, бара-бара түнкү кара асмандагы булуттарга сүңгүп кирип кеткенде, учак ичиндеги адамдар убактылуу бул дүйнөдөн бөлүнүп, бул Дональдга бир нерсени эске салды: бая ал беш мүнөт ичинде бир убакта эки дүйнөдө жашаганга үлгүрдү. Биринде он эки жашар ойнок бала болсо, экинчисинде отуз экидеги чоң эле киши.

Дональд ушул убакка чейин жүрөгүндө аздектеп сактап жүргөн бир аруу нерсесин эми чындап жоготуп алганын сезип, ичи эңшерилип, аңгырай түштү. Бирок ар бир пенде жаш отуздан ашканда көп нерсени бир четтен жогото баштайт. Чалынат, турат, ыйлайт, сооронот. Бирде кайгырса, бирде күлөт. Мунун баары адам үчүн чоң сабак болуп, бара-бара кексеге айланганда, бир кездеги аруу санаган, ыйык деп ойлогон кыялдары эчтекеге арзыбаган нерсе экенин түшүнүп, бырс күлүп алары бышык. Же эсте мурункудай сезимдерди козгоп жибербей, жөн гана таттуу көз ирмем катары гана кала берет.

Сени мен жаз гүлүнө теңеп,
Нур чачкан Күнүм деп жүрсөм,
Айсыз түндө бир өзүңдү издеп,
Көктөгү Айым деп жүргөм.

1941-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз