Эсенбай Нурушев: Поэтикалык махабат же музалар икаясы

  • 30.09.2023
  • 5570

"Акындардын арзуусу: эростон эсхатологияга" аттуу адабий-философиялык эсселерден.

Омор акын (Султанов) бир ырында мындай дейт:

Биз акындар чындыгында кокуйбуз.
Мас болгондо жаш болуп ыр окуйбуз.
Сүрбөй өмүр кетебиз деп чочубай,
Сүйбөй өлүп кетебиз деп чочуйбуз.
("Биз, акындар". III том.).

Карандай акылдын аңытынан алганда акындын бу сөзү тек бир поэтикалык көйрөңдүктүн кезектеги көрүнүшү өңдөнүп кетет. Ырас ко, кантип эле тирүүлүктө өмүр сүрүү жыргалынан ушу сүйүү деген каран калгыр сезим кымбат болсун? Арзуу ишине калганда туюму тумсак, жүрөгү тоң окурман автордун мунусу бир болсо турмуштун ыпыр-сыпырынан деле илме кайып бирдеме көрүп, аны платонизм маанайындагы романтикага айланта салган поэтикалык адат, же болбосо жалпы эркектер журтунан ургаачыларга көбүрөөк жакын турган акындардын айласыз аялсаактыгы (женолюб, ловелас) деши мүмкүн. 

Антейин десең акындар тургай биринчи Эркек - Адам ата өзү аялсаак болгон. Интеллектуалдар арасындагы тамашада айтылгандай, Кудай эркекке түбөлүк жаша деп бейишти энчилеп берсе, аны ургаачыга айырбаштап жиберип, аерден куулуп, ошол күндөн ушул күн аялдын азабын тартып, анын көзүн карап күн көрүп жүрөт. Ургаачы деген шайтаның болсо жерде да жөн жүрбөй, кудай аталгандардын үйүндө – пантеондо (храм всех богов) эркектер менен теңтайлашып, ал жерден орун-очок алганга үлгүргөн. Эзелки Месопотамияда кудайлардын ысымы жазылган "Чоң тактайдагы" (скрижаль) 2500дөн ашык тизмеде алардын саны итапкан чыгат. Индуизмдин санскритче жазылган эң байыркы ыйык жазмалар жыйнагында (Ведаларда) ургаачы кудайлар жайнап жүрөт. Үч жарым миңдей кудайы бар жапондор ушул азыр да Аматерасуга - Күн кудайына табынышат. Ал - жерди, андан соң ааламды жараткан биринчи эркек Идзанаги менен биринчи аял Идзанаминин тун кызы болгон.

Феминизм деген балакетти баштаган да ушу ургаачы кудайлар болуптур. Мисалы, Зевстин аялы Гера күйөөсү менен кеп талашып, кудайлардын кеңешмесинде да кайым айтыша берген, ачуусу келген Зевс бир ирет анын эки колун алтын чынжыр менен байлап, бутуна оор дөөшүлөрдү илип, Асман менен Жердин ортосуна асып койгон. Бирок ошондон кийин деле Зевске каяша айткандан кайткан эмес. Эркектердин диктатурасына (патриархатка) кыр көрсөткөн адат аялдарда сыйкы ошондон калса керек. (М. Богословский. "Боги как люди. Мифологические и религиозные представления о богах и их взаимоотношениях с людьми”. www.ateist.ru.; Н. Попова. Словарь античных мифологических сюжетов. Любовь богов и смертных. 2010).

Кудайлар – эркегиби, ургаачысыбы – тукумун бузбаш үчүн кудай уркундагыларга гана үйлөнгөнгө же турмушка чыкканга милдеттүү болушкан, бирок бул ыйык эрежени алар сактай алган эмес. Алар деле махабат деген балакет сезимге туруштук бере албаптыр. Кудай-бийкелер кадимки эле кулпенде жигиттерди жалындап сүйүп, бул үчүн кудай деген статустан кечкенге да кайыл болушкан. Гесиоддун "Теогониясында" кудайлардын кудайы делинген Зевс алты жолу үйлөнгөнү, аялдарынын көзүнө чөп салганы, баары болуп анын жетимиштен ашуун ойнош-тамыры, алардын ичинде кадимки эле кулпенде аялдар көп болгону айтылат. Ургаачы кудайлар деле айыш-аширет иштерден оолак боло алган эмес. Күйөөсүнө кыянат кылгандары да чыккан, Библияда айтылган Самсон менен Далила жөнүндөгү уламыш ушунун символу сыяктанат.

Ошентип, сүйүү ишинде кудайлар өздөрү минтип кутуруп жатышса, акындарга эмне, аларга, орус агайындар айткандай, "сам Бог велел". Жованни Боккаччонун атактуу "Декамеронундагы" каармандардын бири музалар жөнүндө сөз кылып, алар мага бир ыр жазганга да шыкак бере алган жок, ал эми аялдар мага миңдеген ырларды жазганга себепкер болду, демек, сулуу бийкелерге суктанып, мен Парнастан да, аерде жашаган музалардан да алыстаганым жок, тескерисинче, музалар менен аялдардын окшоштугун байкадым дейт. (Декамерон. День четвертый. М., 2001).

Муза деп эллин доорунда эргүүнү, ылкамды айтышкан. Байыркы гректердин түшүнүгүндө адамга улуу, жаркын идеялар ойлоо процессинде келбейт, баарын жогору жактан кудайлар жөнөтүп турат, аларды Зевстин жана эстемдин (память) кудайы Мнемозинанын тогуз кызы – периштелер алып келишет, алар билгизбей бешенесинен өөп кеткендер ашкере таланттуу болушат.

Кийин – жаңы тарыхта - музаларды конкреттүү адамдар, көбүнесе аялдар алмаштыра баштаган. Ар бир улуу эркектин артында өзгөчө бир аял турат, бул калетсиз иш, - деп жазышат ушул темага арналган китептин авторлору. – Анткени улуулуктун өзү ылкамга, эргүүгө муктаж болот, а мунун эң башкы жана алмашкыс булагы Сүйүү болгон жана боло берет. Ал айым ким болбосун – кай өз аялыбы, кай көңүлдөшүбү же жашыруун таазимкечиби (поклонница) – меселе мында эмес, башкы кеп – ал генийге муза болгонунда. Мындай мамилелер көп учурда май менен сүттөй мамыр-жумур болбойт, тескерисинче, азаптуу, күйүттүү жана бактысыз болот. Бирок мындай алакаларсыз көркөм өнөр, адабият, илим, атүгүл саясат да кунарсыз болуп калмак. Адамзат тарыхындагы өлбөс-өчпөс шедеврлер үчүн биз ошол айымдарга милдеткербиз. ("Музы" великих. Женщины, вдохновлявшие гениев. М., 2011).

Таң каларлыгы ушу – акын канчалык таланттуу, даңазалуу болсо, анын музалары ошончолук көп болгон. Баарын айтып отурбай, эки эле ысымга – Пушкин менен Гётеге токтоло кетели.  

Наталья Гончаровага үйлөнмөк болуп жатып, Пушкин аны "жүз он үчүнчү ынтыгым" ("сто тринадцатая любовь моя") деп атаган экен. Мындан тышкары анын "донжуандык тизмеси" жөнүндө айтылып жүрөт, аны Пушкин өзү түзгөн дешет. П. Губердин китебинде акын таза сезимди билбеген, ашкере аял жандуу адам катары мүнөздөлүп, ушул сапаты акыры анын түбүнө жетти деп ырасталат. ("Донжуанский список Пушкина. Потаенная любовь поэта". 2015).

Бирок Пушкиндин замандаштары, аны жакшы билген аялдар - Мария Волконская (Раевская), Анна Керн жана башкалар - өз эскермелеринде ким менен жолугуп, сүйлөшпөсүн акын аларга эстетикалык сүйкүм калтыра алганын, татынакай айымдар менен жаш бийкелерге ашык болууну өзүнүн акындык парзы деп эсептегенин белгилешкен. Пушкин көп эле аялдарга, селкилер тургай өзүнөн бир топ жаш улуу, күйөөлүү айымдарга да ыр арнап, кала берсе императрица Елизавета Алексеевнага тымызын ашык болгон ("Елисавету втайне пел"), "чын-чынына келгенде ал өз музасын гана сүйгөн, көргөн-билген, көзү түшкөн бийкелерди поэзияга киргизип, ырга сала берген", б.а. поэтизациялаган.

Мындан бир жылдай мурда эле изилдөөчүлөр жаңы табылган документтерге жана кат-кабарларга -  эпистолярдык материалдарга таянып, акындын он бештен ашык музасын аныктап, алардын кимисине кайсыл ырын арнаганын бышыктап, сүрөттөрү менен кошо жарыялашты. Бир гана "NN" деген ырдын адресаты алиге чейин белгисиз бойдон калды. ("Родина" журналы, 2018, №1). Пушкиндин "аялдарын" авторлор "поэтикалык махабат" деп аташты.

Атактуу Иоганн Вольфганг фон Гётенин да музалары көп болгон, алардын аты-жөнүн санап чыгыштын өзү эле бир нече баракка жетет дешет. Алардын бири Шарлотта фон Штейн акындан жети жаш улуу болгон, алардын мамилеси он төрт жылга созулган. Шарлотта акындын ышкысын ооздуктап, боюна жууткан эмес, аны такай белгилүү бир аралыкта кармаган. Ошосуна карабай ал Гётени кадимкидей кызганган, ага жалындуу каттарды жазган. Акыры акындын үйлөнүп жатканын укканда ачуусуна туттугуп, ага жазган каттарын кайтарып берүүнү талап кылган жана алардын баарын өрттөп салган.

Гётенин дагы бир музасы деп Фридерика Брионду айтышат. Акын он сегиз жаштагы бу бийкени Страсбургга жакын кыштактардын биринен жолуктурат, экөө тең бирин бири жактырып калышат.  Алардын махабаты болгону эки күнгө, айрым маалыматтарда – бир айга гана созулат, Гёте кайра келем деп кетип, ошо бойдон келбей калат. Фридериканы унута албай, сабыла сагынып, бир топ жыл таштап койгон поэзиясына кайра кайрылып, ашыгына арнап ырларды жазат, акынды кийин дүйнөгө тааныткан "Прометей" менен "Фаусттун" алгачкы сомололорун (черновиктерин) да ошондо түзгөн экен. Сегиз жылдан кийин Гёте орто жолдон ошол кыштакка капыстан кайрылып калат, Фридерика кара далы болуп, мурдагы сезимдери муздап, кадимкидей сууп калган экен, ошо бойдон ал өмүрү өткөнчө турмушка чыкпаптыр. "Бир ирет Гётенин сүйүүсүнө кабылган аял андай махабатты эч кимден таппайт", - деп айткан экен ал сиңдисине.

Генийдин эң акыркы музасы Улрика Леветцов болуптур. Бу бийкени Гёте жетимиш үчкө келип калганда Чехиядагы Мариенбад курортунда көрөт, Улрика ошондо он жети жашта экен. Кийинки эки жылда да алар ошол жерде жолугушуп, көп күндөрдү бирге өткөрөт. Акыры Веймардын улуу герцогу өзү баштаган жуучулар ортого түшүп, он тогуздагы Улриканы жетимиш бештеги Гётеге кудаламак болгондо колуктунун жакындары анын азырынча турмушка чыгууга ниети жоктугун айтышыптыр. Буга катарлаш генийдин уулу менен келини, жакын жар-жамааты, достору да акидей асылып жатып, акыры аны бу чечимден айнытыптыр. Картайган абышка менен секелектей көрүнгөн селкинин никеси, сыйкы, таптакыр акылга сыйбас иштей болуп көрүнсө керек.

Гёте картайганда тапкан бийкесин унута албай, абдан азап чегиптир, бу сезимин өмүрүндөгү эң улуу махабат деп атаптыр. Ага жолтоо болгондорго таарынычын Улрикага арнаган "Мариенбад эллегиясында" туюнткан экен.

 Ошол эллегияда:

Так у ворот она меня встречала

И по ступеням в рай меня вводила,

Прощальным поцелуем провожала,

Затем, догнав, последний мне дарила,

И образ тот в движенье, в смене вечной,

Огнем начертан в глубине сердечной, - деген саптар бар. (Вильгельм Левиктин 1924-жылдагы котормосу. Левик учурунда Шекспир, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне сыяктуу ондогон европалык акындарды которгон).

Улрика мунун баарын караманча танып келген. Эскерүүлөрүнүн биринде айтылгандай, Гёте менен ал өбүшкөн-сөбүшкөн эмес, экөөнүн ортосунда күйдүм-сүйдүм да болгон эмес, болгону курортто ал кыздарды ак сөөктөрдүн осол оюндарына үйрөтмөк болгон экен, тигилер андан уялгандан жерге кирип кете жаздаптыр. Ошентсе да өмүрүнүн соңунда Улрика минтип жазыптыр: "Ортобузда эч кандай сүйүү болгон эмес деп айтканга болбойт". Ал 96 жыл жашап, өмүр бою күйөөгө чыкпай, дүйнөдөн так өтүптүр.

Айтмакчы, биз билген атактуу акындар, баары эмес, албетте, көпчүлүгү өңчөй жаш бийкелерге сакап болушкан. (Сакап болуу – ашык болуу, сүйүп калуу, мажнун болуу. Бу сөз биздин эски манасчыларда кезигет, бирок эмнегедир сөздүктөргө кирген эмес). Айрымдарын эстетсек, мисалы, Ф.Тютчевдин Елена Денисевасы, Н.Некрасовдун Фекла Викторовасы, Ф.Достоевскийдин атактуу Аполлинария Сусловасы ("Идиоттогу" Настасия Филипповнанын протиби) алардан 23-25 жашка кичүү болушкан. Василий Жуковский отузга чыга элегинде он эки жаштагы Мария Протасовага ашык болуп калат, ага чейин жылына ашып барса беш-алты ыр жазса, ашыктык аны жылына кырк-элүүдөн ашуун арзуу лирикаларын жаздырат. Акыры Маша бойго жетип, эрге тийип кеткенде бир досуна мен үчүн поэзия бүттү, ага түк көңүлүм чаппай калды деп даттанган экен. Тээ  кийин, 60ка чукулдап калганда он жети жаштагы Екатерина Рейтерн аттуу бийкеге сакап болуп, бир жылдан соң ага үйлөнөт. Бирок алардын бактысы көпкө уланбайт, адегенде акын өзү, төрт жылдан соң анын жаш жесири каза болот. (А.Н. Веселовский. В.А. Жуковский. Поэзия чувства и "сердечного воображения". СПб. 1904. Журнал "Социальные и гуманитарные науки". №3, 2017). 

Дүйнөлүк генийлер арасынан аялзатын чыгармачылыктан, улуу идеялар менен ойлордон алагды кылган азгырык сымал карагандар да болгон. Конфуций, маселен, ишине жолтоо боло берген окшойт, бир ирет аялын үйдөн кубалап жибериптир. Вольтер да ушундай жагдайга туш келсе керек, айласы куруганда "ким менин эки аялымды алса, ага үчүнчүсүн кошуп берет элем" деп тамашалаптыр. Байыркы философтордун бири үч жыл бою жерден башын албай жүрүптүр, себеби башын өйдө көтөрсө эле көзү бир ургаачыга урунуп, ага көңүлүм байланып калбасын деп корккон экен. Жованни Боккаччонун бир каарманы ашыгына жетпей, жанынан аша кечкиси келген жаш жигитке ургаачылардын бардык кемчиликтерин санап берип, "тукум уланта турган ишиңди жасап бүткөн соң аялдан безе качыш керек" деп кеңеш берет. (Дж. Боккаччо. Малые произведения. Ворон. Л., 1975).

Бирок Боккаччо өзү европалык акын-жазуучулар ичинен аялды биринчи ирет романдын башкы каарманы кылган автор, эркек менен аялдын теңдиги жөнүндөгү маселени да алгачкылардан болуп козгогон, аялдар жөнүндө трактаттарды жазган. ("О знаменитых женщинах", 1360-1362). Жаш кезинде Неаполдо чиркөөдөн Мария аттуу бийкени көрүп, сүйүп калат. Анысы королдун кызы делинет, кара сөөктүн - плебейдин тукумунан болсо да акын аны поэзиясы, таланты менен акыры өзүнө ашык кылат, бирок экөөнүн махабаты көпкө созулбайт, Мария жазуучунун көзүнө чөп салып, башка бир эркектин колун кармап кетет. Баккоччо аны жекирбейт, тетирисинче, Мария менен өткөргөн ысык күндөрүн, эски сезимдерин эстеп, бир катар чыгармаларды, айрыкча "Фяметта" романын жазат.

Баккоччонун ушул мисалынан музалардын бир табышмагына жооп тапса болчудай. Атап айтканда, таланттуу акындардын тегерегинде эмне үчүн аялдар үймөлөктөп көп болгон? Аларды генийлердин акылы кызыктырганбы? Мындай болушу да мүмкүн, бирок акыл деген аял жүрөгү үчүн дайыма эле аргумент боло албайт. Ургаачы түшкүрүң акылдуу эркекке караганда көбүнесе байлыгы көп, акчалуу немеге тез ооп кетет.

Кеп, балким, келишимдүү келбетте чыгар? Мунун да жүйөөсү бар, бирок сырткы сымбат утурумдуу келет, анын тез эле сыры күбүлүп, кээде сыны да калбай калары анык. Анын үстүнө таланттуу акындардын баары эле тыш келбети жагынан ашкере деле айрымаланып кетишкен эмес.

Анда кеп эмнеде? Кеп – акындын талантында жана анын ПОЭЗИЯсында. Бир гана поэзия менен музыка – акыркысы сөзү жок поэзия эмеспи – ар кандай аялдын, анын ичинде кудайдын кызынан бетер өзүнүн урк-тегине, коомдогу даражасына, сулуулугуна кекирейип, анча-мынча эркекти теңине албай текеберсинген, атүгүл сезим-туюм дегенден ныпым куржалак калгансып мисирейген ургаачынын деле жүрөгүнө жетип, делебесин козгоп койо алат. Ошону үчүн алар таланттуу акынга жан дүйнөсү менен тартылып, ага ичтен же сырттан кадимкидей ашык болуп калышат. Мындай музаларды көбүнчө поэтикалык махабат деп коюшат. Музалардын көбү көңүлү түшкөн акындарга денесинен башка бардыгын үргүлжү бойдон бергенге даяр болушат. ("Отдаюсь тебе всецело — кроме тела". Барбара Хессе-Буковская).

Поэтикалык махабаттын ток этер маңызы мына ушундай. Муну Омор акын да ырастайт:

 Ырым, жаным, мени сага сүйгүзгөн,
Ошол гана ийсиндирген, ийгизген.
Өзүм болсо бечера эле немемин,
Өзүңдөйгө салакасын тийгизген.

Музаларга "салакасын тийгизген" биздин акындын өзүндө кандай жана канча поэтикалык махабат болгон? Бул жагынан фактологиялык материал жок, ошондуктан аларды акындын ырларынан гана болгоолоп көргөнгө туура келет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз