Самсак Станалиев: Жоругу жорго сөзгө айланган Шолоховдун Дед Щукары

  • 27.07.2021
  • 3578

Адабиятчылардын  изилдөөлөрүнө караганда жазуучунун каармандарынын бир канчасы турмушта болгон адамдар. Андан да кызыгы – Шолоховго мени жазгын деп өздөрү каарман болгондор да көп. Ал тургай ал мен болчумун деп бир каарманды  бири-биринен талашкандар бар экен. “Көтөрүлгөн дың” романы жарык көргөндө андайлардын саны арбыган дешет. Айрыкча Кондрат Майданниковдун  тегерегиндеги  талаш-тартыштар, Шолохов мени жазыптыр, менин эле өзүм, бир бурмалап койгон жери жок деп чыгышкандар да болуптур.

Роман жарык көргөндөн кийин ушундай сөздөр жаңыдан эл арасына тарап жаткан маалда Дон казактарынын ансамбли Москвага концерт коюп келишет. Шаардык гезиттердин бири “ансамбль менен кошо М.Шолоховдун “Көтөрүлгөн дыңындагы” Дед Щукар кошо келди” – деп жазып жиберишет. Аны уккан башка гезит редакциясы түз эле Дед Щукарды таап, интервью алып, сүрөтү менен жарыялап салышат. Москва гүрү-күү түшүп калат.

Көрсө, Дед Щукарь дегени дед Воробьев экен, ансамблдин көзгө басар мүчөсү, бийлесе көздү кубанткан, ырдаса бойду балкыткан өнөрлүү адам экен. Анысы аз келгенсип сүйлөсө жанды эргиткен, адамдын ичи-койнуна кирип, дил тазартып тамаша айтканда алдына киши салбаган, аңгемелешкенин арбап алган жан экен. “Дед Щукардын прототиби сизби?”- деп сурагандарга оозу-мурду кыйшайбай: “Мен Дед Щукардын прототиби эле эмес, анын дал өзүмүн да. Шолоховдун атын чыгарган мына менмин го”, - деп жооп бергенди адат кылып алыптыр.

Айтор, аны москвалыктар Кудайындай сыйлашат. Ар бир концерттен кийин көрүүчүлөрдүн урматына бөлөнөт, белгилүү адамдардын сыйына балкыйт.

Воробьев дегендин өзү карапайым дыйкан адам болуптур. Болгон өнөрү кетменин устарадай курчутуп алып, анан ошонусун бүт айылга көрсөтүп мактана берчү бир кокуй болгон өңдөнөт. Анысын арык чапканда, эгин сугарганда алып барып, бирок пайдаланчу эмес экен. Көрүнө жерге коюп коюп, башка кетмени менен иштептир. Мактаган кетменинин сабы ийри болуптур. Анткен менен ал кургур караңгыда жол тапкан, капылет жерден сөз айткан, ыйлаганды күлдүргөн күйүмдүүлүгү менен элге алынып кетиптир.

Роман чыгар замат эле “Шолохов мени жазыптыр, Мишка досум ишке жараган экен, мен Дед Щукармын”, - деп чыгыптыр. Эл да аны ошентип аташчу экен, анткени андан чын эле романдагы каармандын прообразын көрүшүптүр. Ошентип анын Воробьев аты өчүп, Дед Щукарь аталып кетет. Ансыз да айылдагыларга тамашасы менен таанылган Воробьев эми Дед Щукарь делинип, жоругу жорго сөз болуп, кыялы канат байлап, өзү да ар кайсыны ойлоп таап, Шолоховдун Дед Щукарынан ашып түшөт.

Ошондой күндөрдүн биринде айыл дүрбөлөң түшөт. Эмне болду дешсе, “Кремлден чоңдор келе жатышыптыр, Дед Щукарды көрүшөт имиш”, - деген сөз тарайт. Чапкылаган эле чоңдор дейт. Райондон киши келип, Дед Щукарга барса, анысы бир кебелбей баягыл кетменин кайрап отурат имиш. “Келсе келсин, алар мени көрбөй жүрүштү беле, көрүшкөн да. Мунусу аякка жаңы барган бирөөсү го. Кызматта турганда Дед Щукарды көрүп алайын,” – деген да деп камырабай коёт. Кийин десе “Көтөрүлгөн дыңды” алигиче окуй элексиңби? Дед Щукарь деген Дед Шукарь. Анын кийими ушундай эле болгон”, - деп сөз жебейт.

Аны кийинтишет, эмерек-семерек сатып беришет. Бирок Кремлден киши тургай ит да келбейт. “Эмне болду?” – дешсе, “ал байкуш мени көргүчө эле кызматынан ыргып кетиптир”, - дейт. Ушундай экен. Кээде ал: “Үйгө журналисттер келишиптир, сүрөткө тартып алышты. Сүрөтүмдү гезиттин бир бетине бакыйтып чыгармак болушту. Акчасы көп болот экен, нак төлөп беришти. Жарымын гана алдым”, - деп “айыл радиосу” аталган бир, эки адамга арак берип, “эч кимге айтпагыла” демиш болуп акырын айтып койчу экен. Алар болсо ал сөздү айыл тургай районго жайып жиберишчү дейт.

Чын-чынында Воробьевдун Дед Щукарга окшош жагы көп экен. Анын сырын билбегендер, ага анча ишенбегендер жолукса романды колуна ала коюп “Шолохов мени карап туруп жазган да, кээде үйүнө чакырып калчу, көрсө мага байкатпай кебете-кешпиримди, сөздөрүмдү жазып жүрчү экен. Мына бул сөздөрдү ал ошол бойдон жазыптыр. Эринимдеги тырыгымды көрдүңбү, кайырмактан болгон. Шолохов дал өзүн жазып жатпайбы, жазганда да укмуш жазган да”, - деп маңдайынын бырыштарынын дал келгенинен бери далилдеп жиберчү экен. Мындайда сыпайы киши тургай, сырдаштары да, а түгүл аялы да таңгала ишенип калышчы дешет.

Бир жолу Москвага ансамбль менен дагы барат. Баягы Щукарды жазган гезиттердин бири “Дед Щукардын Москвага жасаган визити” деп жазып жиберет. Кадимки Маршал Буденный ага кадимкидей кызыгат. Экөө таанышышат. “Көтөрүлгөн дыңды” көкүрөгүндөгү ордениндей көргөн Буденный аны аябай сыйлап, романдагы окуяларды, Дед Щукардын өзүн сурай берет. Мындайда тигил булбул болуп сайрайт, өз башынан өткөн окуя кылып айтып берет. Ошондо маршал Буденныйдын оозу ачылган дейт. Көрсө, ал “Көтөрүлгөн дыңды” Шолоховдон да мыкты айтып берген экен. Анысын байкап калган кайран шер: “Убакыт жок, “Көтөрүлгөн дыңды” өзүм кайра жазсамбы деген ниетим бар. Шолохов жакшы жазган, бирок толуктай турган жерлери бар”, - деп коёт. Ошондо кайран Буденный мурутун булкуп ыргытып: “Чын элеби?” – деп ордунан тура калган экен. Анын калп-чынына жеткен эч ким жок дейт, анткени Дед Щукардын айтканы гана элде калыптыр.

Буденный ага бир сыйра кийим кийгизип, колуна көп акча берип, белек тартуулап анан: “Мени Шолохов менен үстөл үстүнөн тааныштырып кой. Үчөөбүз гана болобуз”, - дептир. Шуулдаган Дед Щукарь: “Тааныштырам, ал менин колумдагы иш”, - деп койкоюп айтыптыр.

Боорду эзген Воробьев Шолоховдон да күчтүү даңаза алат. Буденныйдан сый көргөн  эргул Шолоховго келип: “Эй, жубарымбек, мен дагы ушинтип бир жактарга барсам сен капа болбойсуңбу? Билсең сенин атыңды чыгарып жатам”, - дейт. Анда Шолохов: “Жок, каршы болбоймун, оң каарман болуп жүрсөң гана каршы болбоймун. Түшүндүңбү?” -дептир.

“Кыргызстан маданияты” №7(1505) сентябрь, 2002   

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз