Узак жана сергек жашоо сыры

  • 27.07.2021
  • 4931

Биз ушул убакытка чейин Абу Ибн Сина (Авиценна) 1000 жыл мурда иштеп чыккан  төмөндөгү 6 эрежени колдонуп келе жатабыз.

Биз бардыгыбыз ысымы Гиппократ жана Гален менен тең катар турган улуу дарыгер Абу Ибн Сина жөнүндө билебиз. Ал тууралуу көп сандаган китептер жазылган, бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары анын идеяларын ушул убакытка чейин колдонуп келишет, а биз анын акылман сөздөрүн турмушубузда пайдаланып жүрөбүз.

Окумуштууга жаратылыш тартуулаган бардык таланттарды санап чыгыштын өзү эле бир топ убакытты алат. Ибн Сина математик, философ, акын, музыкант катары көптөгөн мурастарды калтырган.

Динди мыкты өздөштүргөн соң (ал 10 жашында эле куранды жатка айтып тим болбостон, анын сүрөөлөрүн чечмелеп бере алган), Авиценнанын табигый илимдерге жана адам организминин түзүлүшүнө кызыгуусу арткан.

Ал өсүмдүктөрдөн дары жасаган жана алардын дарылык касиеттерин өзү ичип көрүп сыноодон өткөзүп, алардын организмге тийгизген таасирлерин илимий түрдө негиздеген биринчи окумуштуу. Анын “Дарылоо илиминин негиздери” азыркы тил менен айтканда 5 томдук медициналык энциклопедиясы – бул өтө чоң жана кайталангыс илимий мээнет.

Бир нече жүз жылдан бери Авиценнанын жолун улантуучулар анын ушул эмгегинен дарылоонун сырларын окуп үйрөнүп келишет. Бул эмгекте айтылган узак жана сергек жашоого жетүү үчүн берген кеңештери бүгүнкү күнү да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.

ОШОЛОРДУН ИЧИНЕН ИРГЕП АЛГАН 6 МААНИЛҮҮ КЕҢЕШИН СУНУШ КЫЛАБЫЗ

Сезим жана эмоцияны көзөмөлдөө

Дүрбөлөңгө түшүү – бул оорунун жарымы, өзүн кармана билүү – ден-соолуктун жарымы, ал эми сабырдуулук – айыгуунун башталышы.  
Абу Ибн Сина

Даанышман окумуштуунун мындан 1000 жыл мурда эле дененин оорусу менен психикалык жактан жабыркоонун ортосундагы байланышты көрө билгени кызык. Кайгыга батуу жана ачуулануу денени гана алсыратпастан, оорулардын келип чыгышына себеп болот. Өзүнүн дарылоо илиминин негиздеринде ал “ачуулануудан келип чыккан калтырама” ооруну айыктыруунун кызык ыкмасын сүрөттөгөн:

Бул ыкманын мааниси – оорулууну тынчтандырып, кызыктуу, көңүл ачкан аңгемелер, музыка, оюндар жана адамды таң калтырган оюн-зоокторду көргөзүү менен алаксытуу керек” – дейт.

2. Тамак-аш жана аны аралаштырбай ичүү тууралуу

Биринчи насыят – тамак-ашты чени менен же, экинчи насыят – шарапты аз ич.
Абу Ибн Сина

“Жеп ичкен тамак-аш кабыргаларды сыртка тиребей, ичиңди көптүрбөй, кулдуратпай жана кулгутпашы керек... Андан тышкары, тамак ичкенден кийин кускуңду келтирип, муундарыңды бошотуп шалдыратып, уйкуңду качырбагандай болушу абзел...”
Абу Ибн Сина

Бирок ашыкча жегендин зыяндуулугунан тышкары, Авиценна көп жеген тамактын санында гана эмес, а кээ бир тамактардын бири-бири менен дал келбестигинде, башкача айтканда “оңой сиңе турган” жана “сиңирүүгө кыйын” тамак-аштар болорун, ар бир тамак-ашты организм ар кандай кабыл аларын жазган.

Миң жылдан кийин, 1904-жылы академик Павлов тамак-аштын физиологиясы жана Авиценна айтып кеткен аралаштырбай жеп-ичүүнүн принциптери жөнүндөгү эмгеги үчүн Нобель сыйлыгын алган.

3. Кыймыл

Кыймыл көптөгөн дарыларды алмаштыра алат, бирок дүйнөдөгү бир дагы дары кыймылды алмаштыра албайт.
Абу Ибн Сина

Авиценна сергек жашоого багытталган физкультураны жашообузга киргизген кодекстин автору болуп калды десек жаңылышпайбыз. Ал бала кездеги кыймыл жана физикалык көнүгүүлөр – ден-соолугу чың карылыктын кепилдиги жана узак жашоого болгон узак жолдун башталышы деген. Планетадагы Лео Бокерия, Николай Амосов, Сигэаки Хинохара сыяктуу узак жашоочулары өзүлөрүнүн көп жашоолорунун негизги сыры кыймыл-аракет экенин жөн жеринен айтышпаса керек.  

3. Салмакты жана денедеги суунун тең салмактуулугун сактоо

Сууну тынбай жутуп жибербей, акырындан ууртап-ууртап ичүү керек. Өтө муздак суу ичүүнүн кереги жок.
Абу Ибн Сина

Ашык салмакты көзөмөлдөө жөнүндө айтканда Авиценна туура тамактануу жана диета тууралуу эле айткан эмес (көпчүлүк убактарда оорулууларга айыгуунун жалгыз дабасы катары ачкачылыкты кармоону сунуш кылса дагы). Ал салмакты бир деңгээлде жана организмди жаш бойдон кармап турууда суунун денедеги саны маанилүү экендигин белгилеген.

Авиценна өз эмгектеринде ашыкча семирүү же арыктоо – ден-соолуктун душманы экенин, ал өмүрдү кыскартып, карылыктын бат келишине шарт түзөрүн бир нече жолу баса белгилеп жазган. Карылыктын биринчи белгиси – денедеги суунун кургай башташы деген.

Азыркы учурдагы изилдөөлөр анын айткандарынын тууралыгын далилдеди.

  • Ашыкча салмак адам өмүрүн кыскарткан жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң биринчи себеби.
  • Дене клеткаларынын нымдуулукту кармап туруу жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы – кары адамдардын көйгөйлүү маселелеринин бири болуп келет.

4. Уйку

Уктай албай төшөктө уйку-соо ортосунда ооналактап жатуу – бардыгынан жаман нерсе.
Абу Ибн Сина

Ибн Сина уйкунун организмге пайдалуу экендигин гана жазган эмес. Ал кең-кесири кеңештерди берген:

"Жаткан төшөгүң, жазданган жаздыгың ден-соолукка таасирин тийгизет, жатканда башың буттарыңдан өйдө жайгашышы керек".

"Уктап жаткандагы эң жакшы абал уктаарда оң каптал менен жатып, уктагандан кийин сол капталга оодарылып алуу болуп эсептелет".

"Ашыкча уйку алыңды кетирип шалдыратып, мээңдин иштешин начарлатат".
Абу Ибн Сина

Башкача айтса дагы, Авиценна эң алгачкылардан болуп уйку адамды жашартаарын жана “жаштыктын гормону” мелатонин  тууралуу жазган.

5. Бекерчилик

Жашоодогу эң чоң казына сен чогулткан байлык эмес. Дүйнөдөгү эң чоң казына – бул ден-соолук, а аны сактоо үчүн көп нерсени билүү керек.
Абу Ибн Сина

Мындайда кантип айтпай коёсуң: бардык жаңы нерселер – бул унутулуп калган эски нерселер! Мээңди сергек кармаш үчүн аны дайыма иштетип туруш керек: китеп оку, көнүгүүлөрдү жаса, кроссворддорду чеч, табышмактардын жообун издеп тап.

Зеригүү стрессти жаратат, бекерчилик акыл-эстин начарлашына, а карыган кезде алжып калууга алып келет. Биз муну жакшы билебиз.

Авиценна бүт өмүрүн ден-соолукту сактоо искусствосуна жумшаган. Эң таң калыштуусу: анын ден-соолукту сактоо боюнча 1000 жыл илгери берген кеңештери бүгүнкү күндө жүрүп жаткан пандемия учурунда да күчүн жоготкон жок. Айрыкча дүрбөлөңгө түшүү тууралуу айтканын акыркы эки-үч жылда өз көзүбүз менен көрүп жатпайбызбы.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз