Али Ибн-Синанын кыскача өмүр таржымалы

  • 25.08.2020
  • 4102

Абу Али Ибн-Сина, менин баамымда илим жаралган замандардан бери чыккан окумуштуулардын арасынан жаркырап бөлүнүп турган көрүнүктүү өкүлү.

Мен бир эле учурда илимдин ар кандай тармактарында чоң бийиктиктерди багындырган адамдарга суктанчумун. Авиценна так мына ошондой адамдардын катарына кирет эмеспи.

Бала кезинен тартып эле ал ошол учурдагы белгилүү илимдердин бардыгына жөндөмү бар экенин көргөзө баштаган.

Жаш Али суроо бергенден тажабаган бала болуптур. Ал ар дайым жаңы нерселерге кызыгып, улам бир жаңы нерсени билип турган. Албетте, анын мындай жөндөмүн теңтуштары гана эмес, улуу адамдар да байкап, анын келечекте улуу иштерди жасарына ишенишкен. Алар жаңылышкан эмес.

Он жашында ал куранды жатка билген, ушундай жаш кезинде мындай ийгиликке баары эле жете бербейт.

Ал дүйнөгө өзүнүн илимий эмгектери менен, анын ичине медицина жаатындагы ишмердиги менен таанылган. Ага чейин айыкпас дарттардын катарына кирип, далай адамдын өмүрүн алган сокур ичегини дарылоо ыкмасын биринчилерден болуп тапкан.

Анын бул ачылышы өз өмүрү үчүн чоң коркунуч жараткан, анткени адамдын денесине жүргүзгөн изилдөөлөргө ал учурда тыюу салынып, аны бузган адам өлүм жазасына тартылчу.

Бирок бул ачылыш анын көптөгөн жетишкендиктеринин бири гана болгон. Медицинадан башка ал математика, астрономия илимдеринде чоң ийгиликтерди жараткан, мааниси терең рубаилерди жазган.

Бардыгынан өкүнүчтүү нерсе, ал өлгөндөн кийин, анын өмүр бою жыйнап, жазып келген илимий жана адабий чыгармалары экстремистер тарабынан өрттөлүп жок кылынган. Бул адамзат үчүн орду толгус жоготуу эле.

Ошентип билимсиз жана түркөй адамдар Авиценна бүт өмүрүн коротуп чыгарган китептеринин баарын өрттөп жиберишкен. Ал жада калса үйлөнбөптүр, артында тукум улар туяк жок, бүт өмүрүн толугу менен илимге арнаган.

Эми элестетип көргүлөчү, эгерде Авиценнанын эмгектери биздин күнгө жеткенде анын канчалаган илимий эмгектери, асыл ойлору жашообузга оң таасирин берет эле. Бизге жеткен айрым эмгектери, ойлору, рубаилери эле адамзат үчүн табылгыс казына болуп жатпайбы.

Бүгүн өзүмө жаккан анын акылман ойлорун сиздер менен бөлүшүүнү чечтим.

Жаштайыңдан акыйкаттын изги жолун тандагын,
Талашпагын түркөй менен, андан кеңеш албагын”.

Биздин жашообузда ар ким эле кеңеш берүүгө чебер. Болгондо да көпчүлүк учурларда ал кеңештер буйрук сыяктуу угулганын айтпайсыңбы.

Бул ыр саптарында Авиценна акыйкат издеген адамга, башкача айтканда, бактылуу болуш үчүн эч кандай кеңешчинин кереги жок экендиги жөнүндө айтып жатат.

Ар бир адамдын өз чындыгы болот эмеспи. Өз ишенимин жана бактысын өзү издеп табышы керек, бул жерде эч кандай кеңешчинин кереги жок. Жалгыз кеңешчи жана шеригиң – бул өз жүрөгүң.

Байкашымча, жашоодо анча деле жарытып иш кылбаган адамдар, өздөрүнүн эч нерсеге жарабаган кеңештерин бергенге маш, ал эми чоң ийгиликке жетишкен адамдар турмуштан ар ким өзү сабак алышы керектигин жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, азыркы “акылмандар” биринчи кезекте өз жүрөгүңдөгү нерсени ук дешет. Авиценна бул жөнүндө миң жылдардан мурда эле айтып кеткен экен:

Бой көтөрүп кыйынсынган түркөйлөргө барганда,
Эшектей бол, эшектердин арасында калганда.
Эшек кыял аларда көп, арасына жолотпой,
Кууп чыгат арасынан, окшошпосоң аларга
.

Авиценнанын бул таамай айтылган сөздөрү өздөрүнүн диний илимдерин беттерине кармап, бой көтөргөн айрым араб акылмандарына арналгансыйт. Албетте, буга окшогон жалган бой көтөрүүчүлүк улуу окумуштуу-акынга жаккан эмес, алар тууралуу оюн төрт сап ырга батырган.

Таң калыштуусу, бул төрт сап ыр бүгүнкү күндө да күчүн жогото элек, арабызда билимсиздигинен, түркөйлүгүнөн өздөрү жалган жолго түшкөндөрү аз келгенсип, башкаларга тыңсынып, бейишке түптүз кире тургансып кекирейип жүрүшпөйбү. Сокур фанатизм жана акылсыздык алардын көзүн байлап, өздөрүнүкүнөн башка көз караштагы ойлорду карманган адамды динсиз, каапырга чыгарышат.

Чындыгында эле динге болгон мамиле Авиценнанын тушунда деле бүгүнкү күндөгүдөй болгонбу? Мени ал бүгүнкү күндөгү абалды даана жана так сүрөттөп салганы таң калтырат. Бөтөнчө айрым динде жүргөн адамдардын сын пикирлерге болгон мамилелери канча кылымдан бери эч өзгөрүүсүз келатканын айтпайсызбы.

Айтмакчы, Абу Али биз сөз кылып жаткан саптарында андай адамдар менен талашып кереги жоктугун айтат. Эшектердин арасына барганда алардан өзгөчөлөнөм десең мээңди чакча кылышарын бил да, унчукпай алардын бири катары жүрө берген жакшы дейт.

Ал мындай жекирүүлөрдү ичеги карын ооруларын изилдөө үчүн, тыюу салынганына карабай өлгөн адамдардын денесин союп көрө баштаганда өз башынан өткөзгөн. Ошондуктан анын жогорку айткандары жөн жай эле айтылган эмес. Анын эмгектеринин көзү өткөндөн кийин өрттөлүшү ал ислам аалымдары менен кандай мамиледе болгонун, айрым маселелер боюнча көз караштары дал келбегенин далилдеп турут.

Мен жаңы нерсе укмайынча, жаңы нерсе үйрөнмөйүнчө бир саат да жашай албайм.

Мынакей анын жашоого болгон мамилеси. Мен бул көз карашты толугу менен кабыл алам жана колдойм, күн сайын жакшы жагыбызды арбытып өсүп-өнүгүп турууга бардыгыңыздарды чакырам.

Улам жаңы билим алып, аны өз турмушунда колдоно билүү – бул адамзаттын алга жылышын камсыз кылар эң маанилүү шарт. Азыркы учурда адамдар, айрыкча жаштар болгон бош убактыларын социалдык желелерде, пайдасыз, бир мүнөттүк кызыкчылыктарын канаттандыруу менен өткөзүшөт. А ошол учурда  өмүр деген токтобой жандап өтүп жатат.

Албетте, күндөн күнгө өсүү жолунан жаңылбай алга жылуу татаал иш экенин жакшы түшүнөм. Бирок улуу иштер майда нерселерден башталат эмеспи. Ошондуктан, менин кымбаттуларым, билимиңерди өөрчүткүлө, жакшы китептерди окугула, жагымдуу жана илимдүү адамдар менен мамиле түзгүлө.

Көңүл коюп, бул кичинекей макаланы окуп чыкканыңыздар үчүн чоң рахмат, бардыгыңыздарга жакшылыктарды тилейм!

Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз