Михаил Шолохов: Адам тагдыры

АҢГЕМЕ

КПССтин 1903-жылдан бери мүчөсү Евгения Григорьевна Левицкаяга

Жогорку Донго согуштан кийинки алгачкы жаз болуп көрбөгөндөй эрте да, күрдөөлдүү да келди. Марттын этегинде эле Приазовье жактан жылуу шамал согуп кирген, эки-үч күн өтпөй Дондун сол жээгиндеги кум таптаза такырайып, талаадагы калың кар астында калган коо-колоттор көөп чыкты, муз бетин чарт сындыра тээп атылып чыккан талаа дайрачалары туш-тушка оюн сала жайыла тарамданып, жолдор такыр эле жан өткүс болуп калды.

Жол жүрүп болбогон кабагы бүркөк ушундай ала-шалбырт маалда мага Букановская станицасына барууга туура келди. Аралык деле анчалык эмес эле – көп болсо алтымыш чакырым чыгаар, - бирок ошонун өзүн басып өтүү оңойго турган жок. Жанымдагы шеригим экөөбүз күн чыга электе эле жолго чыкканбыз. Каамыттын кайышын чирене тарткан семиз кош ат оор арабаны араңдан зорго сүйрөп баратты. Күпчөгүнө чейин кар менен муз аралаш нымдуу кумга баткан дөңгөлөктөр араң эле айланат, ошентип бир саат өтүп өтпөй аттардын капталынан, сандарынан, куюшкандын ичке кайыштарынын астынан самындын ак көбүктөрү куюла баштады да, эртең мененки таза аба аттын тери менен жабдыктар чылпылдата майланган ысык кара майдын жытына толуп чыкты.  

Аттар жүрө албай калган жерлерден биз улам арабадан түшө калып, жөө басып аттык. Эриген суу кар таман астында шалпылдап, баскан да кыйын эле, бирок жол четинде хрусталдай күнгө чагылышкан муз дагы эле кете элек экен, басканга оңой болобу деп ал жакка чыксак, ого бетер тайгаланып баса алчудай эмеспиз. Ошентип алпурушуп отуруп алты саат дегенде жолдун тең жарымын – отуз чакырымды араң өттүк да, Еланка дайрасы аркылуу өтө турган өтмөккө жеттик.

Моховск хуторуна тушташ, анчалык чоң эмес, кургакчыл ысык жайда кээ бир жерлери кургап да калчу, саздак, чети кайыңдуу чакан дайра бир чакырымдай жерге жайылып агып жаткан экен. Андан үч адамды гана араң көтөргөн эски, түбү жалпак кайык менен гана өтүүгө болор эле. Аттарды коё бердик. Тиги өйүздөгү колхоздун сарайында бизди өткөн кышта калып кеткен эскилиги жеткен «виллис» күтүп турган эле. Шоопур экөөбүз абайлап, чалдыбары чыккан кайыкчага отурдук. Шеригим болсо буюмдар менен жээкте калды. Жээктен ары жыларыбыз менен эле түбү чириген кайыктын улам бир жеринен суу фонтан сыяктуу атылып чыга баштады. Бирок эптеп аркы жээкке жетип алгычакты ойрону чыккан кайыктын тешиктерин колго урунган бирдемелер менен жамаачылап, сууну улам сузуп салып жүрүп отурдук. Бир саттан кийин эптеп Еланканын аркы өйүзүнө чыктык. Шоопур хутордон машинесин айдап кайыкка жакын келди да, калакты кармап туруп мындай деди:

- Эгерде мобу каргыш тийгир дагара сууга чөгүп кетпесе, - эки саатка чамалап келип калабыз, андан эрте күтпөгүлө.

Хутор тээ четте жайылып жатты, причалдын жанында болсо тирүү жан жок, ээн жактардагы кеч күздө же жаздын башталышында болор кулак мурун кескен жымжырттык өкүм сүрөт. Суудан нымдын шабадасы уруп, чириген кайыңдын жыты келип турду, ал эми ойноктогон желаргы тумандын көгүлжүм түтүнүнө төнгөн алыскы талаалардан жаңы эле кардан бошонгон жердин билинер билинбес аңкыган жытын жеткирип жатты.

Жакын жердеги кум жээкте чырпыктан согулган тосмо кулап жаткан экен. Мен ага көчүк бастым да, чылым чекмекке колумду чолок тонумдун оң чөнтөгүнө салдым, бирок кара басып «Беломордун» кутусу чылгый суу болуп калыптыр. Суудан өтүп баратканда толкун жарымы сууга батып бараткан кайыктын кырынан аша чаап бел кырчоого чейин киргил сууга жайпап кетип жатты эле. Анда оюма чылым келиптир дейсиңби, кайык чөгүп кетпесин деп жанталашып, калакты таштай салып, улам суу сузуп атпадымбы, эми байкабай кетирген жаңылыштыгыма кайгырып, чөк түшө отуруп алып чөнтөгүмөн суу болуп калган кутуну алып чыктым да, саргара түшкөн ным папиросторду чырпыктын үстүнө бирден жая баштадым.

Чак түш болду. Күн тимеле май айындагыдай ачуу тийип турду. Папиросторум кургай түшөр деп үмүт кылдым. Күн кайнап чыккандыктан, жолго аскердик пахталуу күрмөмдү калың шымы менен кийип чыкканыма өкүнүп да калдым. Бул кыштан кийинки алгачкы табы жылуу күн эле. Чырпык үстүндө кулак мурун кескен тынчтыкты тыңшай, башымдагы эски аскердик тумакты чечип, күчөнө калак шилеп келгенден кийинки суу болгон чачымды кургата, мунарыктаган көк бетиндеги чокмороктошуп каалгый сүзүп өтүп жаткан апакай булуттарды карап коюп жалгыз отурган өзүнчө сонун эле.        

Көп өтпөй хутордун четки үйлөрүнүн биринен жолго чыккан эркек киши көзүмө чалдыкты. Турпатына караганда – беш-алты жаштагы кичинекей балакайды колунан жетелеп алыптыр. Алар өтмөктү көздөй жай илкип баратышты, бирок машинеге тушташ жакындап теңеле түшкөндө мен жакка бурула басышты. Нооча бойлуу, бир аз бүкүрөйө баскан эркек киши күңгүрөгөн жоон үнү менен амандашты:

- Салам, тууган!

- Салам, – дедим анын сунган шадылуу колун сыга кармай.

Эркек балакайга эңкейди да:

- Байкең менен учураш, балам. Ал деле сенин атакеңдей шоопур окшойт. Бирок биз экөөбүз жүк тарткан машинеде жүрсөк, ал мобул кичинекей машинечени тебет экен.     

Асмандай көпкөк көздөрү менен тигиле, ууртунан жылмайган балакай тартынбастан мага тыпыйган муздак колун сунду, анысы тимеле үшүп кызарып кетиптир. Мен баланын колун жеңил кыса сурадым:

- Эмне мынча колуң муздак, абышка? Күн ысып турса, сенин үшүп атканың кандай?

Бөбөктай наристенин ичти жылыткан баёолугу менен менин тиземе жабыша түштү да, таң кала апакай кирпиктерин өйдө көтөрдү.

- Менин эмнем абышка болуп турат, байке? Мен кичикий баламын, таптакыр үшүгөн да жокмун, колумдун муздактыгы – анткени кар томолотуп ойногом.

Ийнинен бөксөрөк буюм мүшөгүн чече өх деп менин жаныма отурган атасы кобурап калды:

- Бул жол шерик менин шорума жаралган экен. Аны менен жүрүп менин да эсим оомой болду. Кадамыңды кененирек таштасаң, бул таптакыр эле тыпылдап калат, анан буга карап басып көр. Бир кадам коёр жерди үч ирет адымдайм, айтор, экөөбүз ат менен ташбакадай эки башка басык менен келатабыз. Анүстүнө мындан көз албай карап турууга туура келет. Бир аз бери болсоң эле чалчык сууну кечип кеткени же музду оозуна сала коюп, момпосуйдай соруп атканы. Жо, мындай жүргүнчү менен жөө саякаттаган эркек кишинин иши эмес экен. – Ал унчукпай калып, анан сурады: - Сен тууган, кыязы, чондоруңду күтүп атат окшойсуң? 

Мен ага шоопур эмесмин деп айткым келген жок, ошондуктан:

- Күтүп турууга туура келет, - дедим.

- Тиги тараптан келишет ко?

- Ооба.

- Кайык жакын ортодо келбес бекен, билбейсиңби?

- Эки сааттан кийин келип калышы керек.

- Али көп турбайбы. Мейли, келгенче эс алып отура турабыз, шаша турган жөнүбүз деле жок. Өтүп баратып эле карасам, өзүмдүн шоопур тууганым отурган тура, кой, аманчылык сурашып, бирден чылым чегели деп эле сага кайрылып калдым. Жалгыз өзүң чылым чеккиң да, өлгүң да келбейт. Бопорос чеккениңе караганда, бай окшойсуң. Нымдап алган турбайсыңбы? Билесиң да тууган, ным тамеки сыркоологон аттай, эч нерсеге жарабайт. Келе, андан көрө менин күчтүү чылымымдан тарталы.

Ал жайкы шымынын чөнтөгүнөн өңү өчкөн кызыл жибекке түтөкчө кылып оролгон чылым калтасын алып чыгып жайды, мен ошол замат анын бурчундагы «Кымбаттуу жоокерге Лебедянск орто мектебинин 6-классынын окуучусунан» деген жазууга көзүм түштү.

Экөөбүз тимеле тилди ачыштырган күчтүү чылымдан улам соруп коюп, көпкө унчукпай отурдук. Мен андан бул балакайды ээрчитип алып кайда баратат, күндүн ырайы моминтип турганда аны мынчалык алыс жолго кубалаган кайсы муктаждык деп сурайын деп турганда, өзү озунуп сурап калды:

- Сен анан согуш бүткөнчө машине айдап жүрдүңбү?

- Ооба, ошентсе да болот.

- Фронттобу?

- Ооба.

- Мен да ал жакта, тууган, көрбөгөндү көрүп, азабына кокомо чейин тойгом.

Ал шадылуу колдорун тизесине коюп, бүкүрөйө отурду. Мен аны капталынан карап туруп өзүмчө жаман болуп кеттим... Сиз кудум күл сепкендей, айтып болгус муң менен кайгыга толгон, пенде дит багып карай алгыс тунарган нурсуз көздөрдү көрдүңүз беле? Мага кокустан жолуккан жолоочу шеригимдин көздөрү ушундай эле.

Куурайдын бир чырпыгын сындырып алып, ал бир мүнөтчө унчукпай кум бетине кандайдыр бир ойго келбеген бирдемелерди чийгилеп отурду да, анан сөзгө кирди:

- Кээде түнү бою кирпик какпай чыгасың, караңгы боштукка тигиле карап жатып: «Эх, жашоо, кайсы күнөөм үчүн сен мени ушунчалык майып кылдың? Кайсы айыбым үчүн мынчалык мертинттиң?» деген ойго кетесиң. Көөдөй караңгы түндөн да, жаркырап тийген күндөн да жооп ала албайсың... Жооп жок, ага жетпей да калат окшойм! – Анан күтүлбөгөн жерден уулчасын мээримдүү түртмөлөй минтти: - Барагой, алтыным, суунун жээгинде ойной тур, чоң суу келген жерде балдарга эрмек болор бирдеме дайыма табылат. Бирок кара, бутуңду суу кылба!

Биз жана унчукпай тамеки тартып отурганда эле мен акырын атасы менен баласын дыкаттап карап, мага түшүнүксүз көрүнгөн бир жагдайга абдан таң калгам. Баланын кийими жупуну, бирок таза эле: кийгени кең этеги узун, эчкинин терисинен тигилген күрмө, бутундагы тыпыйган өтүгү да ичинен жүн байпак менен батчудай кылып тигилген экен, тытылып калган курткасынын жеңинин чебер колдон чыккан тигишинен аялдын камкордугу, эненин эптүү колу байкалып турду. Атасы болсо таптакыр башкача көрүнөт: бир нече жеринен күйгөн жүн купайкесинин тытык жерлерин эптеп-септеп орой тигип коюптур, эскилиги жеткен шымынын жыртыктарынан жамаачылары эркектин колу менен арыдан бери чоң-чоң адырайта кабылганы көрүнүп турат; бутуна болсо дээрлик жапжаңы солдат өтүк кийип алыптыр, жүндөн токулган бышык байпагын күбө жеп салганына караганда, аларга аялдын колу дегеле тийген эместей... 

Мунун баарын көздөн сыдырып отуруп, мен: «Бул же жесир, же аялы менен чыгышпаган неме болсо керек» деп ойлогонмун.

Ошентип ал уулун көзү менен карай узатып, күңкүл жөтөлдү да, кайрадан сөзгө кирди, мен болсо дитимди коё тыңшап калдым.

- Менин жашоом деле башында элдикиндей эле болчу. Өзүм Воронеж губерниясынан болом, миң тогуз жүзүнчү жылы туулганмын. Граждандык согушта Кызыл Армияда, Киквидзенин дивизиясында болдум. Ачкачылыктын арааны күчөп турган жыйырма экинчи жылы болсо Кубань тарапка ооп кеттим, кулактарга жалданып эшектей иштедим, ошончүн гана аман калдым окшойт. Үйдө калган атам, энем карындашым үчөө ачкадан өлүштү. Коколой башым гана калды. Тууган атмайдан да тирүү жан калган эмес, жылан сыйпагандай, эч жерде мага боор тартаар бирөө жок. Анан бир жылдан кийин Кубандан кайтып келдим да, тамды сатып жиберип, Воронежке кеттим. Адегенде жыгач усталардын артелинде иштеп жүрдүм, андан заводго өттүм, слесардын ишин үйрөндүм. Көп өтпөй үйлөндүм. Аялым балдар үйүндө тарбияланган экен. Жетим да. Бирок бактыма жакшы кыз туш келген экен! Шаңкылдаган шайыр, акылдуу, жароокерлигин, тил алчаак элпектигин айтпа, иши кылса, менин теңим эмес эле. Азап-тозоктун баарына кенедей кезинен жедеп бышып, мүнөзү да ошого жараша калыптанса керек. Четтен туруп карасаң – тамшанар деле өң-келбети жок, бирок мен ага четтен эмес, тике карачумун да. Ошондуктан мага бул дүйнөдө андан ашкан сулуу, андан ашкан сүйкүмдүү аялзаты жок эле, болбойт дагы! Кээде жумуштан өлө чарчап же сиркең суу көтөрбөй жиниң кайнап келесиң. Опурулуп бир тийсең да башка аялдарчылап ажылдап беттен алып бир ооз орой сөз айтпайт. Демейдегидей эле мээримин чача тосуп алат да, сени отургузаарга жер таппайт, кенедей тамак болсо да эң даамдуу жери сага тийсин деп турат. Аны карап туруп эле жүрөгүң жибийт, анан кучактап туруп: «Кечир мени, кымбаттуу Иринка, мен сени жок жерден капа кылдым. Түшүнсөң, жумушум бүгүн ойдогудай болбой калды» дейм. Ошентип кайра эле табышып, камыр-жумур болуп кетебиз, жан-дүйнөм да тынч ала түшөт. Сен тууганым, билесиңби, мунун жумуш иштеген адам үчүн канчалык маанилүү? Эртеси болсо уйпаланган бойдон ыргып турам да заводго жөнөйм, ишенесиңби, кандай ишти кармабайын, тимеле майын чыгарам! Алганың акылдуу болсо деген ушу турбайбы. 

Колго айлык тийип калган кээ бир учурларда жолдошторуң менен сеп этип да коёсуң. Кай бирде үйгө кетип баратасың, бутуң болсо тимеле эптеп сүйрөлүп жер чийип бараткан болот, бери жактан карап турганда өзүңө өзүң кускуң келер. Чолок көчөлөрдү бери кой, чоң көчөгө батпайсың. Мен анда алдуу-күүлүү жигит элем, ичкендин да акесин таанытчумун, бирок үйгө дайыма өз бутум менен жетчүмүн. Кээде жетерге аз калганда биринчи ылдамдык менен, башкача айтканда, төрт буттап жөрмөлөп да жүрүп калчумун, бирок ошентсем да эптеп жетчүмүн. Ошондо да менин Иринкам башка тажаал аялдардай бакырып-өкүрүп чатак чыгармак тургай, дым деп жаман сөз айтпайт. Болгону күлүп гана коёт, анда да мени мастыкка салып капа болбосун дегендей кылып, билдирбеске аракет кылат. Бутумду чечет да: «Дубал жакка жат, Андрюша, антпесең уйкусурап кулап түшөсүң» деп шыбырайт. Мен болсо төшөккө арпа салынган мүшөктөй кулап түшөм да, көзүм алачакмактап жатып калам. Уйку соо ортосунда бир гана анын бирдемелерди шыбырап, башымдан акырын сылап жатканын туям, демек, мени аяп жатканы да...

Эртеси жумушка эки саат калганда мени тургузат, мунусу мени өзүнө келип алсын дегени. Ичкенден кийин жүрөгүмө тамак барбасын билет, ошондуктан туздалган бадыраң же башка жеңилирек бирдеме таап коёт да, кырдуу ыстыкан толтура арак куят. «Башыңды жазып ал, Андрюша, бирок эми минтип ичпе э, кымбатым» дейт. Ушундан кийин анан кантип ишенимин актабай коё аласың? Унчукпай, ага болгон ыраазычылыгымды көзүм менен айтам да аракты тартып жиберем, бетинен өөп, анан эч нерсе болбогондой жумушка кете берем. Непадам эле ал мас болуп келген мага кыйкырып же ызы-чуу чыгара турган болсо, кудай урсун, машаяк болсом да эртеси эле кайрадан өлөрчө тоюп алмакмын. Мындай иштер катыны кыпкызыл жинди башка бүлөлөрдө болуп эле жүрбөйбү; мен андай ажаан шуркуялардын далайын көргөм, билем.           

Анан балдар төрөлө баштады. Адегенде уулдуу болдук, бир жылдан кийин дагы эки кызыбыз төрөлдү. Мына ошондо мен эски достордон кол үздүм. Айлыгымдын чып-чыргасын коротпой үйгө апкелем, бүлөмдүн саны да өстү, мындайда арактын балекетин аласыңбы. Жекшемби күндөрү гана бир күрүшкө пийва ичип коём, ошону менен тамам.

Жыйырма тогузунчу жылы машинелерге кызыга баштадым. Авто ишин үйрөндүм да жүк ташуучу машиненин рулуна отурдум. Ошондон ары кызыгып кеттим да, заводго кайра баргым келбеди. Руль айлантып жүргөн мага көңүлдүүрөктөй көрүндү. Ошентип жүрүп он жылдын кандай өтүп кеткенин сезбей да калыпмын. Тимеле уктап жатып тургандай өтүп кетиптир. Он жыл дейсиңби! Улгайган адамдардын киминен сураба, өмүрүнүн өтүп кеткенин байкаптырбы деги? Эч ким байкабайт! Өткөн өмүр – тээтиги көк түтүн чүмкөнгөн алыскы талаадай. Тобо, эртең менен келатканда баары жактын баары чайыттай ачык болчу, жыйырма чакырым басып өтүп карасам эле талааны түтүн чүмкөй басып калыптыр, эми бул жерден туруп токойду бийик отоо чөптөн, айдоо жерди чөп чабыктан ажыратып көр...

Он жыл бою тыным дегенди билбей иштедим. Тапканым жакшы эле, жашообуз элден ашса ашаар, асти кем эмес болчу. Балдарыбыз да дурус чыкты: үчөө тең «эң мыкты» деген бааларга окушту, улуусу Анатолий математикага абдан шыктуу чыкты, алтургай, ал жөнүндө борбордук гезитке да жазышты. Анда бул илимге болгон ынтаа кайдан экенин өзүм да билбейм, байкеси. Бирок бул менин маанайымды көкөлөтүп, сыймыктанып жүрдүм, тимеле башым көккө жеткичекти сыймыктанчумун!

Ошентип он жыл ичинде биз анча-мынча тыйын-тыпыр топтоп, согуш чыгаар алдынан эки бөлмөлүү, киченекей кампачасы менен коридору бар чакан үй куруп алдык. Ирина болсо эки эчки сатып алды. Дагы эмне керек? Балдар сүттүү ботко жеп калышты, үстүбүздө үйүбүз бар, курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн, баары ойдогудай. Бирок атаңгөрү, үйдү ыңгайсызыраак жерге куруп алыптырмын да. Бизге жер тилкесин авиазаводдун жанынан беришкен. Жертөлөм башка жерде турганда, балким, жашообуз да башкача болмокпу... Анан эле согуш чыгып кетти. Экинчи эле күнү аскер комиссариатынан чакыруу келди, үчүнчү күнү – эшелонго чыккыла деди. Мени үйдөгүлөрүмдүн төртөө тең – Ирина, Анатолий жана кыздарым – Настенька менен Олюшка чогуу узатып барышты. Эркек да, уулум сыр берген жок, бирок кыздарымдын көзүнөн канткен менен кылгырган көз жаш жылтырап турду. Он жетиге келип калган Анатолийимдин сууктан чыйрыгып аткансып улам ийиндери калтырап, Иринам болсо... Чогуу түтүн булатып жашаган он жети жылдык турмушубузда мен аны эч качан мындай абалда көргөн эмесмин. Түнү бою ийиндерим менен көйнөгүмдүн төшү анын көз жашынан кургаган жок, эртеси таң эртең менен деле ошол көрүнүш кайталанды... Вокзалга келдик, мен боорум ачыгандыктан, ага дит багып карай албайм: эриндери көз жаштан шишип кетиптир, чачы саксайып, жоолугу ийнине түшүп турат, жашылданган көздөрү болсо акыл-эсинен ажырган адамдыкындай тунарат. Командирлер вагондорго чыккыла деп буйрук берди, ал болсо боюн мага таштай, колдору менен моюнумдан бекем кучактап алды, кыйылган дарактай денесинин калтыраганын айтпа... Балдар да, мен да кой десек да эч кимибизди уккусу жок! Башка аялдар күйөөлөрү, уулдары менен сүйлөшүп жатышты, менин аялым болсо бутакка жабышкан жалбырак сымал мага жабышып калган, денеси гана титиреп, оозунан сөз чыкпайт. Мен чыдабай кетип: «Кымбатым, Иринка, өзүңдү колго ал, жок дегенде, коштошоордо бир ооз сөзүңдү айтсаңчы» дедим. Ал көз жашына какап да, сүйлөп да кирди, сөз сүйлөйт, эчкирет: «Берекем менин... Андрюша... биз эми... бул жарыкта... эч качан көрүшпөйбүз...», - дейт.

Ансыз да аны аяп жүрөгүм тилинип турса, анын айтканы бул. Алар менен коштошуу мага да абдан оор болуп жатканын, мен кайненемдин куймагын жегени баратпаганымды түшүнсө, билсе боло. Ошол жерден жиним келе түштү! Колдорун мойнумдан булкуп бошоттум да, ийнинен акырын түртүп жибердим. Акырын эле түрткөндөй болгом, бирок менде оңбогондой жинди күч бар да! Ал үч кадамдай артка чегине түштү да кайра эле колдорун созо мен тарапка жүткүнүп келатканы, мен болсо ага: «Ушинтип да коштошобу? Эмнеле мени күн мурунтан тирүүлөй көөмп атасың?!» дедим. Бирок анын дендароо ахыбалын көрүп туруп, кайра эле кучактап калдым...

Ушул жерге келгенде жолоочу шеригим аңгемесин тык токтотту, тунжурай түшкөн тынчтыкта мен анын тамагы кысылып, үнү чыкпай кырылдай түшкөнүн уктум. Анын толкунданганы мага да өткөндөй болду. Көзүмдүн кыйыгын сала аңгемелешиме карап, анын өлүк адамдыкындай күңүрттөнгөн көздөрүнөн бир тамчы жашты да көрө албадым. Ал башын жерге сала шылкыйып отурду, эки жакка шалдайта таштап койгон шадылуу колдору гана майда калтырап, ага кошо ээги, бекем кымтынган эриндери да титиреп жатты... 

- Кой, достум, эстебей эле койсоңчу! – дедим акырын, бирок ал укпай калды көрүнөт, толкунданганын чымырканып араң басты да, таң каларлыктай өзгөрө түшкөн киркиреген үнү менен күтүлбөгөн жерден мындай деди:

- Өлөр өлгөнчө, акыркы демим чыгып кеткиче, өлүп баратып да ошондо аны түртүп жибергениме өзүмдү эзели кечирбейм!..

Ал кайрадан узакка дейре тунжурап унчукпай калды. Чылым ороп чегейин деди эле, бирок кагазы улам тытылып, тамекиси тизесине төгүлүп жатты. Акыры эптеп тамеки ороду да бир нече жолу баса-баса соруп жиберип, жөтөлө кебин улады:

- Иринадан боюмду тартып алып, бетин алаканыма алып өөп кирдим, эриндери тимеле муз десең. Балдар менен коштошуп, вагонду көздөй чуркадым, тепкичине жүрүп баратканда жабыштым. Поёзд акырын ордунан жылып баратты, эми балдарым менен аялымдын жанынан өтүшүм керек. Карап, өтүп баратам  – жетимсирей түшкөн балдарым бирине бири жабыша үймөлөктөшүп турушуптур, мага колдорун булгалап, жылмайгылары келет, бирок ага түк окшошпойт. Ирина болсо колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырган бойдон, эриндери дубалдай купкуу, селейип катып калыптыр, шыбырап бирдемелерди айткансыйт, көзүн ирмебей мени тигиле караган бойдон катып турат, арымы катуу шамалга каршы кадам таштагысы келгендей тула бою менен алдыга ийилип алыптыр. Эсимде, ал ошол турган турпаты боюнча: көкүрөгүнө кайчылаштыра кысып алган колдору, купкуу эриндери, бакырайган жаш толгон көздөрү менен бир өмүргө калды... Түшүмө да ошол бойдон көп кирет... Аны эмнеге түрттүм экен ошондо? Эстеген сайын жүрөгүмдү мокок бычак менен тилип жаткандай болом...

Бизди Украинада, Ак Чиркөөгө жакын жерде бөлүк кылып түзүштү. Мага ЗИС-5 машинесин беришти. Фронтко ошону минип аттандым. Эми согуш туурасында сага айтып отурбайын, башында не апаат болгонун өзүң менден жакшы билсең керек. Үйдөгүлөрдөн бат-баттан кат алып турганым менен аларга анда-мында гана жазып жүрдүм. Болгону баары жайында, аз-аздан согушуп атабыз, азырынча чегинип жатканыбыз менен бирок жакында күчүбүздү жыйнап, фрицтерге көргүлүктү ошондо көрсөтөбүз деп жазасың, бүттү. Башка эмнени жазмак элең? Кыйын кезең эмес беле, кат жазганга да чоло жок. Чынын айтсам, арыз-муңумду төгүп кат жазганды мен жактырчу эмесмин, чимкиригин кагазга шыбап, аялдарына, сүйгөн кыздарына иши болсо да, болбосо да күн сайын көз жашын көлдөтө кат жазчуларды жинимдей көрчүмүн. Карасаң тимеле, кыйналып аткан имиш, аны өлтүрүп да коюшу мүмкүн имиш. Мына ушуга окшогон шымчан наалыма канчыктар тылда жыргап аткансыган шоруң каткыр катындары менен балдарына арманын айтып, алар аяса деп турат да. Аларга эмне, тылда биздикинен жеңил болуп атыптырбы? Бүт өлкө ошолорго таянып турбады беле! Мынчалык опол тоодой оор жүктүн астында бүгүлүп кетпеши үчүн биздин аялдар менен балдарыбызга кандай ийин керек эле? Эч ким бүгүлгөн жок, баарына чыдап көтөрүштү! Мамындай бир ыйлаак, жүүнү бош неменин эмгекчил аялга жазган арман каты тиги байкушту тимеле союл менен бутка чапкандай кылбайбы. Мындай катты алган бечара аялдын колунан иши түшпөйбү да жумушка көңүлү болобу. Жок! Сен башка түшкөндүн баарына чыдап көтөрүү үчүн эркек болуп жаралгансың, жоокерсиң. Эгерде насилиңде эркектикине караганда аялдын угуту көбүрөк болсо, анда кынжыйган көчүгүңдү кооздоп жапкан барпырама юбка кийип ал, жок дегенде артыңдан аялга окшошосуң, бар да кызылча ото же уй саа, фронтко сендейлердин кереги жок, ал жакта сенсиз да сасыктар толтура!

Бирок мен бир жыл да согуша албадым... Эки ирет жарадар болдум, бирок экөө тең жеңил болду: биринчисинде – колумдун этин ок шылып кетти, экинчиси – бутума ок жедим; адегенде самолёттон атылган ок тийсе, экинчиси – снаряддын сыныгы тийген. Немис менин машинемди төбөдөн да, капталдан да тешкилей аткылап жатты, ошенткен менен башында жолдуу болуп жүрдүм. Ошентип жүрүп-жүрүп, акыры жетер жериме жеттим... Кырк экинчи жылдын майында Лозовенькинин астында момундай бир оңтойсуз учурда туткунга түшүп калдым десең: ошондо немис тимеле алдыга чамынып аткан, көрсө, биздин жүз жыйырма эки миллиметрлик гаубицалык батареябызда снаряды жок калыптыр; менин машинеме толтура снаряд жүктөштү, ага өзүм да гимнастёркам далыма жабышып калгычакты кара теримди агыза көмөктөштүм. Салгылашуу улам биз тарапка жакындап келаткандыктан абдан шашылышыбыз керек эле: сол жактан бирөөлөрдүн танкалары татырайт, оң жакта, алдыда да атышуу жүрүп жатат, айтор, опуртал кысмактаган кысмактап келатты...

Ошол кымгуутта биздин авторотанын командири менден: «Соколов, өтүп кете аласыңбы?» деп сурайт. Бул жерде эми минтип сураштын деле кереги жок да. Тиякта жолдошторум кырылып атса, мен бул жерде башымды катып отурмак белем? «Эч кеп жок! - дедим ага. – Мен өтүп кетишим керек, тамам!». «Анда сыз! Темирди жаны чыгып кеткенче бас!» - деди командир.

Мен сызган бойдон кеттим. Өмүрүмдө мынчалык айдаган эместирмин! Картөшкө ташып баратпаганымды билип турам, бул жүктү тартып баратканда абайлаш керектигин да түшүнөм, бирок тигил жакта балдар жылаңач колу менен согушуп атса, жол туш тараптан аткыланып атса, кайдагы этиеттик.

Алты чакырымдай айдап өттүм, мына батарея турган тетиги кыштактын жолуна буруларыма аз гана калды, карасам эле, - атаңдын көрү-үү, - биздин жөө аскерлер грейдердин оң жагынан да, сол жагынан да ээн талаага жайыла аткылашып атышыптыр, алардын катарына жанаша миналар да жарыла баштаптыр. Эмне кылсам? Артка кеткенге болбойт. Болгонунча дагы бастым! Батареяга чейин бир чакырымдай гана аралык калды, мен жолго бурулуп да калгам, бирок өзүбүздүкүлөргө жете албай калдым, тууган... Кыязы, алыстан ата турган замбирек менен так менин машинемди мээлеп туруп урган окшойт... Мен жарылган добушту да, эч нерсени уккан жокмун, болгону башымдын ичинде бирдеме жарылып кеткендей болду да, калганы эсимде жок.

Ошондо кантип тирүү калганымды – түшүнбөйм, чуңкурдан сегиз метрдей арыраакта канча жатканымды да билбейм. Эсиме келдим, бирок бутума тура албайм: башым салаңдап, дене боюм безгек тийгенсип калтырап чыкты, көзүм ийне сайып ийгенсип караңгылашат, сол ийнимде бирдеме кычырайбы же сынгандайбы кандай, бүт денемди тимеле эки сутка бою союл менен сабагансып, жан чыдаткыс оору сыздатып турду. Көпкө чейин боортоктоп сойлоп отуруп анан акыры эптеп өйдө турдум. Эмне болгонумду түшүнө албай, дагы эле башым маң. Эсимде ныпым эч нерсе жок. Кайра жаткандан корком. Жатсам эле ошол бойдон турбай, тиги жакка кете берчүдөй сезилет. Ошентип бороонго кайыккан теректей эки жакка ыргала теңселип тура бердим.

Эсиме келгенде эки жагымды жакшылап карандым – жүрөгүмдү бирөө кычкач менен кыскандай болуп кетти: тегеректин баарында мен ташып бараткан снаряддар жайнап жатат, арыраакта талкаланып, дөңгөлөктөрү асманды карап, аңтарылган машинем жатат, салгылашуу болсо эмнегедир эми арт жагымда жүрүп жаткан экен. Бул кандайча? Жашырганда эмне, так мына ушул учурда буттарым өзүнөн өзү бүгүлүп кетти да кыйган теректей куладым, анткени – фашисттердин туткунунда калганымды түшүндүм. Согушта мына ушундай да болот тура. Эх, тууган, туткунга өз эркиң менен түшүп калбаганыңды түшүнүү өтө оор иш. Муну жон териси менен сезип көрбөгөн адамдын жүрөгүнө жеткириш кыйын, бул эмне экенин ага адамча жеткиргидей түшүндүрүштүн өзү оор.

Ошентип жатам, угушума караганда танктар калдырап келаткандай. Төрт немис танкасы газын баскан бойдон жанымдан өтүп, мен снаряд тартып келаткан жакты көздөй кетишти... Буга кантип чыдайсың? Анан алардын артынан замбиректерди чиркеп алган сүйрөмө тягачтар созулду, талаа ашканасы өттү, артынан согулуп атып бир ротага жетип жетпей кемиген жөө аскерлер кетип баратышты. Аларга көз кыйыгымды салып, жер менен жер болуп тымпыйып жатам, көзүмдү жуумп алганмын: анткени аларды көрөйүн деген көзүм жок, тимеле жүрөгүм айланат... Баары өтүп кетти го деп башымды көтөрсөм эле менден жүз метрдей арыдагы туштан алты автоматчан өтүп бараткан экен. Карап турсам, түз эле мени көздөй бурулушту. Унчукпай келатышат. «Мына, өлөт деген ушул турбайбы», -дедим. Өйдө болуп отурдум, анткени жаткан жеримде тырайып өлгүм келген жок. Ичинен бирөөсү мага бир-эки кадам жетпей токтоду да, ийнинен автоматын шыпырды. Адам пендеси ушундай бир кызык жаралган экен: ошол тапта мен корккон да, жүрөгүм болк деп да койгон жок. Болгону аны карап ойлонуп: «Азыр мени көздөй кыска татыратып калат, кайсы жагыма атат болду экен? Башымабы же көкүрөгүмөбү?». Айтор, денемдин кайсыл жагын калбыр кылса да баарына кайыл элем.

Келбеттүү, өңү каралжын тарткан, эриндери жиптей жука, жүлжүйө караган жаш жигит экен. «Мындай неме ойлонбой туруп атып салат», - деп турам. Ошондой эле болду: автоматын түшүрө калды да – мен болсо анын көзүнө тике карап унчукпай турдум, жашы улгайыңкыраак жанындагысы, ефрейтор окшойт, бирдеме деп кыйкырып, аны четке түрттү да мага жакындап, өз тили менен бирдемелерди балдырап, менин колумду чыканагымдан бүгө кармалап, каруу-күчүмдү сыйпалап көрдү да: «О-о-о!» деп күн батышка кеткен жолду жаңсап көрсөттү. Кара жумушка жарактуу мал, биздин рейхке иштеш үчүн жөнө деди шекилди. Кожоюн боло калганын көр мунун, иттин гана баласы!

Бирок тиги кара торураак неме өтүгүмө тигилип туруп калды, чынында мыкты өтүк эле. Колу менен көрсөтүп: «Чеч» деди. Жерге отуруп чечтим да, ага узаттым. Колумдан тимеле жанталаша жулуп алса болобу. Чулгоомду да кошо чечип, отурган жеримден өйдө сунуп калдым эле, ал өз тилинде кыйкырып-бакырып сөгүп, автоматын кайра оңдой кармаланып итиреңдеп калды. Калгандары баары кыраан-каткы күлүштү. Ошентип тынч эле ары узап кетишти. Бир гана жанагы неме жолго чейин жетти да кайра үч жолу бурулуп карады, тимеле карышкырдын бөлтүрүгүндөй көзүнөн заар чачырайт. Кудум эле ал меникин эмес, мен анын өтүгүн чечип алгандай, тообо.

Эмне кылам анан, тууган, менде башка аргам калган жок. Жолго чыктым, воронеждик жалпак тил менен келиштире сөгүнүп алдым да батышка, туткунга жөнөдүм!..        

Баса турган деле алым жок, саатына бир чакырым басам, андан артык баса албайм. Кадам таштайын деп алдыга жүткүнөсүң, бирок мас сыяктуу темтеңдеп жолдун биягына бир, тиягына бир чыгып баратасың. Бир аз баскан соң эле артыман биздин туткундардын колоннасы кууп жетти, булар ошол эле мен жүргөн дивизиядан болуп чыкты. Аларды он чакты автоматчан немис айдап алыптыр. Астында келатканы мени менен теңеле түшкөндө эч бир сөз айтпай дебей эле мени автоматтын туткасы менен баштан ары бир койду. Кулап түшсөм ошол жерден жалпайта атып салмакпы, бирок мени биздикилер жөлөп, кармап калышты, ортого түртүп киргизе салышып, бир топко чейин колуман жетелеп барышты. Ээсиме келгенде алардын бири: «Кулай көрбө, кудай сактасын! Болгон күчүңдү жыйнап бас, антпесең өлтүрүп салышат» деп шыбырады. Аны уккан соң шайым калбаса да болгон күчүмдү жыйнап басып кете бердим.

Күн уясына отурары менен немистер күзөттү күчөтүштү, дагы жыйырма чакты автоматчанды кошуп, бизди ылдамдата айдап жөнөштү. Катуу жаракат алгандар калгандардын артынан кууп жете албагандыктан, аларды жолдон эле атып салып кете беришти. Экөө качмакчы болушту, бирок алар айлуу түндөгү ээн талаада сонун бута болуп беришерин эске алышкан эмес окшойт, албетте, экөөн тең тырайта атып салышты. Түн оогондо биз жарым күйгөн кандайдыр бир кыштакка жетип келдик. Баарыбызды мунарасы талкаланган чиркөөгө айдап киришти. Полу чылгый таштан экен же астыга төшөгөнгө ныпым саман болсочу, эч кимибизде шинел деген жок, баарыбыз бир кат гимнастёрка менен дамбалчанбыз. Кээ биринде жадагалса гимнастёркасы да жок, ичинен кийчү чыт көйнөкчөн. Булар негизинен кенже командирлер эле. Аларды немистер катардагы жоокерлерден айырмалай албасын дешип гимнастёркаларын чечип салышкан. Анан замбирекчилерде да гимнастёркасы жок болчу. Замбиректин жанында чечинип алып иштеп жаткан жеринен эле туткунга түшүшкөн да булар.

Түндө нөшөрлөгөн жаан төгүп, ийне-жибибизге чейин суу болдук. Бул жагында имараттын төбөсүн оор снарядпы же самолёттон ыргыткан бомбабы, шыпырып кетиптир, бул жагында болсо чатыры октун сыныгынан улам илме тешик, жадагалса, төрүнөн да алакандай кургак жер таппайсың.

Ошентип түнү менен чиркөөдө караңгы сарайга камалган койлордон бетер ойдолоктоп отуруп чыктык. Түнчүндө байкасам бирөө мени жеңимден тартып: «Жолдош, жаракатың жокпу?» - деп калды. Мен болсо: «Сага эмне керек, тууган?», - десем ал: «Мен аскер дарыгеримин, балким сага жардам керектир?» - дейт. Мен ага сол ийним кычырап, шишип, оорудан жаным сыздап баратканын айттым. Ал шак эле: «Гимнастёркаң менен ички көйнөгүңдү чеч» деди. Мен чечтим эле, ал ичке манжалары менен ийнимдин улам бир жерин ныгыра кармалап, ооруганын айтпа эми. Тишимди тишиме баса кычыратып: «Сен адам догдур эмес, кыязы мал догдур окшойсуң. Эмнеле ансыз да ооруп аткан жеримди улам баскылап, деги кишини аёо дегенди билесиңби?» дедим. Ал дагы эле кармалаганын токтотпой, жини келгендей бурк этти: «Сенин ишиң унчукпай туруу! Карасаң муну, ооруп атат деп коёт дагы. Бекем тур, азыр мындан да катуу ооруйт». Ошентип колумду силкти эле, көзүмөн от чагылыша түштү.

Эсиме келгенде: «Бул эмне кылганың, таш боор фашист? Ансыз да талкаланган колумду биротоло жулуп салайын дедиңби». Карасам кыткылыктап күлүп анан минтет: «Азыр оң колу менен чаап жиберетко дегем, бирок сен чыдамкай жигит экенсиң. Колуң сынган эмес, чыгып кетиптир, мен ордуна салып койдум» дейт. Чынында эле жанагыдай сыздаган оору акырындап тарап баратты. Мен ага ыраазычылыгымды айттым, ал болсо унчукпай караңгыда калгандарды кыдырып: «Жарадар болгондор барбы?» деп сурамжылап, андан ары кетти. Чыныгы догдур деп ушуну айт! Өзү туткунда жүрсө да, караңгыга карабай минтип өз парзын аткарып жатканын карабайсыңбы. Бул түн тынч болбоду. Жадагалса, сыртка чыгып заара ушатканга да уруксат бербей жатышты, муну сакчылар бизди жуптап чиркөөгө айдап кирип жатканда эле эскертишкен. Какаганга муштаган болуп арабыздан бирөөнүкү кыстап келбеспи, шоруң кургур кудай такыба неме болгондуктан, күнөөгө баткысы келбейт да. Эптеп чыдаган болуп атты эле, анан аргасы куруганда ыйлап жиберсе болобу. «Ыйык храмды булгай албайм!- дейт.- Туугандар, мен динге ишенген христанмын го! Эмне кылайын, туугандар?» Биздикилер кандай эл экенин билесиң да? Бирөөлөр кыткылыктап күлүп жатса, башкалары сөгүнүп кирди, дагы бирөөлөр болсо азилге салып кеңеш берип жатышты. Айтор, мунун мүшкүлү баарыбыздын маанайыбызды бираз көтөргөндөй болду эле, бирок аягы жаман болуп бүттү: бечара сыртка чыгаргыла деп эшикти койгулап кирди эле, фашист эшик аркылуу татырата ок чыгарды, жанагы кудайчыл немени, ага кошо үч кишини өлтүрдү, бирөөсүн өлөөрчө жарадар кылган экен, ал таңга маал үзүлүп кете берди.

Өлгөндөрдү бир жерге жыйнап коюп баарыбыз отура кеттик, тымтырс боло ойго чөмүлдүк: башталаары минтип алаамат болуп атса, кийин кандай болор экен...Бир саамдан кийин акырын үн чыгара шыбыраша кеттик: ким кайдан, кайсы облустан, туткунга кантип түшкөнүн сурамжылап киришти, караңгыда бир взводдонбу же бир ротаданбы, бири бирин жоготкондор бар окшойт, акырын бирден аттарын айтып чакыра башташты. Тыңшап атам, жанымда эле бирөөлөр акырын күңкүлдөшө сүйлөшүп атышат. Бирөөсү минтет: «Эгерде эртең, баарыбызды айдап жөнөөрдүн алдынан катарга тизип, комиссарлар, коммунисттер жана жөөттөр чыккыла дешчү болсо, анда сен, взводный эмессиңби, бекинип турба! Аныңдан түк майнап чыкпайт. Гимнастёркаңды чечип салсаң эле катардагы жоокердей көрүнүп калам дейсиңби? Мунуңдан эч нерсе чыкпайт! Мен сен үчүн жоопкер болгум келбейт. Биринчи кылып сени көрсөтөм! Мен сенин коммунист экениңди, партияга кир деп мени үгүттөгөнүңдү билем го, мына эми ошол иштериңе жооп бер». Муну мага жакыныраак сол жагымда отурганы айтып жатат, ал эми ага жооп кылып аркы четтен жаш жигиттин үнү угулат: «Мен дайыма жакшы адам эмес деп сенден шектенчү элем, Крыжнев. Айрыкча сабатым жок демиш болуп партиянын катарына өткөндөн баш тартканыңда шегим ого бетер күчөгөн. Бирок сени эч качан саткын болот деп ойлочу эмесмин. Анткени сен жети жылдыкты бүткөнсүң да?». Тиги болсо өз командирине түк камаарыбай туруп минтет: «Бүтсөм бүткөндүрмүн, эмне экен?». Көпкө чейин дымып калышты, анан үнүнө караганда взводдун командири окшоду, акырын жалооруду: «Мени айтпай эле койчу, жолдош Крыжнев». Бырс күлдү берки. «Жолдоштор деген, — дейт, — фронттун чегинен арыда калды, мен болсо сага жолдош эмесмин, сен менден суранбай эле кой, баары бир сени көрсөтүп берем. Өзгөнү деп өзүм өлмөк белем».

Унчукпай калышты, менин болсо мындай карасанатай итчиликтен бүткөн боюм калтырап чыкты. «Жок дедим, — өз командириңди сатканга мен сага жол койбойм, иттин баласы! Ушул түндө бул чиркөөдөн тирүү чыкпайсың, айбан, сени тарптай кылып бутуңдан гана сүйрөп чыгышпаса карап тур!» Таң бир аз жарыганда карасам, жанымда тултук бет локуйган жигит жатат колун жазданып, жанында тизесин кучактап, тыртыйган арык, мурду кетирекей, кылтыраган жалаң кабат көйнөкчөн, өңү кубарган жигит отурат. «Мунун мобул семиз айгырга жалгыз алы келбейт дедим ичимде. Муну өзүм жайлабасам болбойт».

Жеңинен тартып шыбырай сурадым: «Взводный сенсиңби?». Ал унчуккан жок, болгону башын гана ийкеди. «Сени саткысы келген мобулбу?» — дедим жаткан жигитти көрсөтүп. Ал кайра башын ийкеди. «Кана, — дедим, — муну тепкиленбегидей кылып бутунан бекем кармап тур! Бол бачым!» — өзүм болсо салмагымды сала тигинин үстүнө куладым да, манжаларым ошол бойдон кекиртегине жабышып калды. Кыйкырмак тургай, дым дегенге үлгүргөн жок. Бир нече мүнөт карыштыра кармап турдум да, анан өйдө болдум. Тили оозунан бултайып чыккан бойдон тынчыды саткын!

Ошондон кийин жүрөгүмдүн айланганын айтпа, колумду ушунчалык жуугум келди, адам эмес, тимеле сойлоп келаткан жыланды муунткандай болдум... Өмүрүмдө биринчи жолу киши өлтүрүшүм, анда да душман эмес, өзүбүздүкүн жайладым ушинтип... Өзүбүздүкү деп коём да, кайдан? Бул деген жаттан да жаман саткын эмеспи. Турдум да взодныйга: «Кеттик бул жерден, жолдош, чиркөө деген чоң», - дедим.

Эртеси баарыбызды жанагы Крыжнев деген неме айткандай, сапка тизди да, автоматчандар менен курчап калышты, үч эсесчи офицер чыгып өзүлөрүнө зыяндуу адамдарды ылгай башташты. Кимиңер коммунист, кимиңер комиссар, жөөтүңөр кимиңер деп сурашты, бирок андайлар жок болуп чыкты. Жанагы түндөгү иттин баласы да жок болуп чыкты, болсо дароо айтмак экен, анткени дээрлик жарымыбыздан көбүбүз коммунисттер элек, командирлер да бар болчу, анан комиссарлар болбой коёбу. Эки жүздөн ашуун кишинин арасынан төртөөн гана, бирөө жөөт, анан катардагы жоокер үч орусту алып кетишти. Жөөт ко таанылып турат, берки үч орустун шоруна үчөө тең карасынан келген, чачтары тармал болуп чыкпаспы. Мына ошондой түспөлдөш немелерге келип туруп эле: «Юде?» деп сурашты. Тигилер болсо оруспуз дешти, анысын ким угат, «чык бери» деди, бүттү.

Шоруң каткырларды атып салышты да бизди андан ары айдап кетишти. Саткынды экөөлөшүп муунтушкан жанагы взодный Познандын өзүнө жеткичекти жанымда чогуу барды, улам-улам колуман кыса кармап коёт. Познанга келгенде экөөбүздү эки жакка бөлүп жиберишти. Ага момундай бир себеп болду.

Билсең тууганым, туткунга түшкөн биринчи күндөн тартып эле мен өзүбүздүкүлөргө кетүүнү ойлоп койгом. Бирок кармалбагыдай кылып качайын деп жүрдүм. Познанга жетип, лагерге жайгаштырганча бир жолу да мындай ыңгайлуу учур болбоду. Познандагы лагерде так ошондой учур болду: майдын аягында бизди лагердин жанындагы токойчого көр казганга жиберишти, ал жакка өзүбүздүн эле мерт болгон аскер туткундарын көмүшмөк, ошол маалда ич өткөктөн биздин туугандар тимеле боодой кырылды. Ошентип Познандын топурагын казып атып, көз кыйыгымды сала эки тарапты да чалып атам, тигине биздин эки сакчыбыз шам-шум эткенге отурушту, үчүнчүсү күнгө магдырай кактана үргүлөп кеткенин байкадым. Күрөктү ыргыттым да, акырын бадалдын ичине кирдим... Андан ары чуркаган бойдон түз эле күн чыгыш жакты көздөй урдум...

Сакчылар кечирек билип калса керек. Ошентсе да бирок арыктап, өлөсө болуп калган мага бир сутка ичинде кырк чакырымды басып койгудай шумдук күч кайдан келгенине өзүм да таңмын. Бирок качып кетем деген кыялымдан майнап чыкпады: каргыш тийген лагерден бир топ ыраактап кеткен төртүнчү суткада кармап алышты. Изкубар иттерди артыман салган экен, аларың мени бат эле орулбаган сулу ичинде жаткан жеримен таап алышты. Таң атканда ачык талаа менен кеткенден чочулап, караанымды көрсөтпөйүн деп сулунун ичине кирип жатып алгам, токойго чейин үч чакырымга жетпеген аралык калган. Данды алаканыма салып ушалап, анан бир аз чайнамыш этип, чөнтөгүмө да толтуруп алган элем. Анан эле иттин үргөнү угулду, тытырап мотоцикл да келатат... Жүрөгүм үзүлүп кеткендей болду, анткени иттер үргөнү жакын эле жерден чыга баштады. Бети-башымды тамтык калтырбай тытып кетишпесин деп көмкөрөмөн жата калдым. Көз ачып жумганча учуп жетишти да үстүмдөгү болгон жылдыр-жулдур кийимимди дал-далынан жулуп кетишти. Энеден туума жылаңач бойдон калдым. Сулунун үстүндө иттер мени каалагандай жулкулдата тарткылап ары-бери тоголотушту, анан акыры килейген бир дөбөт көкүрөгүмдү алдыңкы эки таманы менен ныгыра басып алды, карасам так кекиртегимди мээлеп калганы, бирок азырынча тийишпей турат. Анан эки мотоцикл менен немистер жетип келишти. Адегенде колдору талыганча сабашты, анан кайра иттерди айдакташты эле, терим шылынып, тытылып үзүлгөн этим туш тарапка учту. Ошентип жылаңач, канга боёлгон бойдон лагерге алып келип ташташты. Качканым үчүн карцерде бир ай отурдум, бирок эптеп аман калдым... өлгөн жокмун!.. 

Туткунда көргөн кордугумду эстеш оор, айтып берген андан бетер оор, тууган. Тиякта, Германияда жүрүп көргөн адам чыдагыс азапты, ал жакта кыйналып каза болгон дос-жолдошторумду эстегенде жүрөгүм көкүрөктө эмес, кекиртегимде уруп киргенсийт, дем алалбай кетем...

Эки жыл туткунда жүргөн мезгилде мени кайда гана айдап барышпады! Бул мезгил ичинде Германиянын жарымын айланып чыктым: Саксонияда болдум, ал жактагы силикат заводунда иштедим, Рур областындагы шахтада да иштеп көмүр ташыдым, Баварияда болсо белим үзүлгөнчө жер каздым, Тюрингде да болдум, иши кылып, немис жеринин кыбык-кычыгынан өйдө кыдырып чыктым. Ал жакта жаратылыш ар кандай болгону менен биздин тууганды уруп сабаганы, атканы бүт эле окшош эле. Бизди кудай урган карамүртөздөр сабашкандай, малды да эзели антип сабабайт бизде. Муштум менен да урушту, буттары менен да тепсешти, резиңке таяктар, колдоруна тийген темир менен да сабашты, мылтыктын кундагы менен... башка жыгачты айтпай эле коёюн. Сенин орус болгонуң үчүн, жарык ааламды көрүп турганың үчүн, андан тышкары, ал шүмшүктөргө иштегениң үчүн сабашчу. Башкача карап койдуң, минтип баспадың, минтип бурулбайсың деп деле сабай беришчү. Иши кылып акыры өлтүрүш үчүн, өз канына тумчугуп, келтектен уугуп өлсүн деп жанча беришчү. Кыязы, баарыбызды өрттөгөнгө Германияда мештер да жетишпесе керек. Берген тамагы да бүт эле жерде бирдей: жүз элүү грамм теңи таарынды кошулган эрзац-нан менен чөптөн кайнатылган шылдыраган суюк бирдеме. Ысык сууну бир жерде берсе, бир жерде берчү эмес. Анын баарын эмнеге айтып отурам, өзүң көр: согушка чейин салмагым сексен алты кил болсо, күзгө барып, элүү килге жетпеген салмагым калды. Сөөгүм менен эле терим калган, ошол сөөктү көтөрүп жүргөнгө да шай келбейт. Тигилерге эмне, өлөсүңбү каласыңбы иши жок, жумушту жаса, жасаганда да жүк тарткан ат кыла албаган жумушту келе деп турушчу.

Cентябрь башында бизди, жүз кырк эки советтик туткун аскерди, Кюстрин шаарынын жанындагы лагерден Дрезден анчалык алыс эмес жердеги Б-14 лагерине которушту. Ошол мезгилде аталган лагерде эки миңге жакын биздикилер бар экен. Элдин баары таш талкалаган жерде иштеп, немистин ташын кол менен кесип, кол менен майдалап талкалап, айтор, иштин баары колго жасалат экен. Адам башына берилген күнүмдүк норма төрт куб метр, адам деп коём, эптеген кыбыраган жаны калган пенделер десем туура болор. Анан баары ушунда башталды: эки айдан кийин жүз кырк адамдан болгону элүү жетибиз калдык. Бул кандайча дээрсиң, тууган. Шумдук бекен? Бул жакта өлгөндөрдү көөмп үлгүрө албай жатсаң, бир жагынан немистер Сталинградды ээлептир, эми андан ары Сибирди көздөй кетишиптир деген имиштер лагерди аралап жүрөт. Кайгыдан кайгы басып, көзүңдү жерден ала албайсың, чоочун болсо да ушул немистин жеринде өлгүң келет. Лагердеги сакчыларга болсо жыргал, күн сайын дарылдап ырдап, шапар тээп атышканы, сүйүнүп жатышат да.

Бир күнү жумуштан кечинде баракка келдик. Күн бою жамгыр төккөндүктөн, үстүбүздөгү жыртык кийимдерибиз чылпылдап, өтмө катар суу; суук шамалдан иттей титиреп тоңгонбуз, тимеле тишибиз тишибизге тийбейт. Кургана турган, жылына турган жер кайда, анүстүнө өлөөрчө ачкабыз. Бирок кечкисин бизге тамак берчү эмес.

Мен үстүмдөгү тамтыгы чыккан кийимди керебетке ыргыттым да: «Буларга го төрт кубдан иш керек экен, а бизге бир эле куб көзүбүздөн чыккыча жетет», - дедим. Болгону ошенттим, бирок өзүздүн эле арабыздан кайсы бир карасанатай менин кейигенден айткандарымды төкпөй-чачпай лагердин комендатына жеткирип барыптыр.    

Лагердин коменданты бизде, алардын тили менен айтканда, лагерфюрери Мюллер деген немис эле. Пакене бойлуу, чымыр, тостойгон көзү каш-кирпигине чейин апакай болчу. Орусча экөөбүз сүйлөшүп аткандай эле сүйлөчү, анысы аз келгенсип, түпкүлүктүү волгалыктардан бетер «оолоп» сүйлөгөнүчү. Сөгүнгөндүн тимеле акесин таанытчу. Бул каргыш тийген неме мындай өнөрдүн баарын кайдан үйрөнүп алган дейсиң. Кээде ал баарыбызды блоктун – баракты алар ушинтип коюшчу, маңдайына баарыбызды тизип алып, оң колун даяр кармаган бойдон өз эсесчилеринин үйүрү менен келип калат. Оң колунда мээлейи, анын ичинде болсо манжаларына зака кетпес үчүн каптап алган коргошуну бар. Өтүп баратып, четинен мурунга уруп канжалатып кете берет. Муну ал «сасык тумоодон сактануу үчүн» деп койчу. Күн сайын ушул. Лагерде төрт блок болсо баарын кезектештирип ушинтип «алдын ала дарылап» чыгат. Абдан так жүргөн желмогуз эле, жекшембиси жок иштей берчү.

Бирок бул келесоонун мээси бир нерсеге жетчү эмес: чапкылап чыгаардан мурда өзүн кызытып, тапка келтирип алуу үчүн сап маңдайына туруп алып он мүнөттөй ашатчу. Ал тимеле оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып сөгүнөт, биз болсо мындан кадимкидей эс ала түшөбүз. Анткени канткен менен бул өзүбүздүн сөздөр эмеспи, алардан тууган жери жыты келип тургансыйт... Анын сөгүнгөнүнө биз жеңилдей түшкөнүбүздү билсе өзүнүн немис тилинде сөгүнмөк. Буга менин бир гана москвалык досумдун кыжыры шакардай кайнаар эле. «Мобу сөгүнүп жатканда көзүмдү жуумп алып, Москвада, Запцептеги пийвоканада отургандай болуп кетем, ушунчалык пийва ичким келет дейсиң, тимеле башым айланып чыгат», - деп калчу.

Мына ошол комендант мен жанагы кубметр туурасында айткандын эртеси мени чакырып калбаспы. Кечинде баракка котормочу менен эки сакчы кирип келишти. «Соколов Андрей ким?» дешти. Мен турдум. «Бас, биз менен, сени герр лагерфюрердин өзү келсин деп жатат». Эмнеге келсин дегени түшүнүктүү. Өлтүргөнү да. Мен жолдошторум менен коштоштум, алар өлүмгө баратканымды баары билишчү, үшкүрүп алдым да жөнөдүм. Лагердин короосунан баратып жылдыздарга карап коём, алар менен да коштошуп: «Мына сен да кыйналып бүттүң, Андрей Соколов, лагерчесинен айтканда - номур үч жүз отуз бир» деп ойлоп баратам. Иринаны, балдарды ойлоп, боорум ачып кетти эмнегедир, анан аларды аяганым басылды да, эмнеси болсо да тапанчанын оозуна тике карап, жоокердей өлөйүн, душмандар акыркы мүнөттөрдө өмүр менен коштошуу кантсе да мага кыйын экенин көрбөсүн дедим...

Комендант отурган жерде – терезеде гүлдөр турат, биздеги жакшы клубдардагыдай таптаза. Үстөлдү тегеректеп лагердин бүт чоңдору отурат. Беш адам шнапстан согуп атышыптыр, ысылык кылгандары чочконун майы. Үстөл үстүндө оозу ачылган килейген шише, нан, чочко майы, кайнатылган алма, ар кандай консервалар салынган ооздору ачылган банкелер жайнайт. Мунун баарын көрөрүм менен – сен ишенбейсиң, жүрөгүм ушунчалык айланды, аз жерден кусуп жибере жаздадым. Тимеле иттей ачкамын да, адам жеген тамакты да унутуп калганым качан, бул жерде маңдайыңда баары толтура жайнап турса... Эптеп кускум келгенин бастым, бирок көзүмдү үстөлдөн өзүмдү күчкө салып атып араң алдым. Маңдайымда тапанчасын улам колунан колуна ыргыта салмактай ойноп алагүү Мюллер отурат, көзүн ирмеп койбой теше тиктеп караганы башкача. Эки колумду капталыма кыса, тамтыгы кеткен тамандымды жерге урган болдум да үнүмдү катуу чыгарып: «Согуш туткуну Андрей Соколов сиздин буйругуңуз боюнча келди» дедим. Ал: «Ии, русс Иван, төрт кубметр жер казган сага көптүк клып аткан экен да?» - деп сурады. Мен: «Так ошондой, герр комендант, көптүк кылып жатат», - дедим. «А бир кубметр сага көр казганга жетеби?» - «Так ошондой, герр комендант, жетет, алтургай, ашып да калат».   

Ордунан турду да: «Мен сага абдан зор урмат көрсөтөйүн, азыр айткан сөздөрүң үчүн атып салам. Бул жер ыңгайсыз, короого чыгалы, ошол жерден кол коюп бересиң», - деди. «Ыктыяр сизде», - дедим. Ал бир аз туруп ойлоно түштү да анан тапанчасын үстөлгө ыргытып, ыстыканга толтура шнапс куйду, нандын бир кесимин алып, бетине саланын бир тилимин койду да мага сунду. «Өлөр алдынан немис куралынын жеңиши үчүн алып жибер, русс Иван», - деди.

Мен анын колунан ыстыкан менен ысылыкты алып баратып, бул сөздөрдү укканда – тимеле ичим куйкаланды! Ичимде: «Мен, орус жоокери, немис куралынын жеңиши үчүн ичет экенмин да?! Башка эч нерсе каалабайсыңбы, герр комендант? Баары бир башта бир өлүм, арагың менен жерге кир!», - деп ойлодум.

Ыстыканды, ысылыкты кошо үстөлгө кайра койдум да: «Сыйыңыз үчүн ыраазымын, бирок мен ичпейм», - дедим. Ал мылжыя: «Биздин жеңиш үчүн ичкиң келбейби? Анда өз өлүмүң үчүн ич», - деди. Жоготор эмнем калды? «Өзүмүн өлүмүм үчүн, азап-тозоктон арылганым үчүн ичейин», - дедим. Ыстыканды алдым да эки тартып ичке көңтөрдүм, бирок закүскөгө тийгеним жок. Эрдимди алаканым менен сылык аарчыдым да: «Сыйыңарга ыракмат. Мен даярмын, герр комендант, жүрүңүз, короого чыгалы да, мени кетер жагыма жөнөтүңүз», - дедим.

Тиги мени карап эле калды, анан: «Жок дегенде өлүм алдынан бирдеме жеп албайт белең»,- дейт. «Мен биринчи ыстыкандан кийин закүскө кылбайм», - дедим. Ал болсо экинчи ыстыканды толтуруп мага сунду. Аны да ичтим, бирок ысылыкка дагы эле тийген жокмун, ичимен эрдемсип: «Жок дегенде короого чыгып өмүр менен коштошуу алдынан аракка тоюп алайын», - деп атам да. Комендант аксаргыл кашын өйдө көтөрдү да: «Эмне эч нерсе жебей атасың, русс Иван? Ал, тартынба!», - дейт. Мен кайра эле: «Кечиресиз, герр комендант, мен экинчи ыстыкандан кийин да закүскө кылып көнгөн эмесмин». Жаагын тултуйта бырс этти да, каткырып жиберди, күлүп атып беркилерге немисче бирдеме деди: кыязы менин айткандарымды досторуна которду окшойт. Тигилер да каткырып калышты, отурган үстөлдөрүн жылдырып, баары мени бурулуп карап калышты, байкасам, кичине боор тарткансып башкача көз менен тигилип калышыптыр. Жумшара түшүшкөндөйбү, кандай.

Комендант мага үчүнчү ыстыканды куюп узатты, өзүнүн болсо күлкүдөн колу калтырап жүрөт. Бул ыстыканды шашпай жутуп, нандын кичинекей үзүмүн оозума алып, калганын үстөлгө койдум. Ачкадан өлүп баратсам да бул каргыш тийгирлерге алар ыргыткан сөөктү баса калгым келбегенин, менин да өзүмдүн орус катары намысым бар экенин, булар канчалык аракет кылбасын, мени малга айландыра алышпаганын көрсүн деп атам да. 

Коменданттын кебетеси олуттуу тарта түштү да, көкүрөгүндөгү эки темир крестин оңдоп, үстөлдүн ары жагынан куралы жок чыгып келип: «Эмесе мындай, Соколов, сен – чыныгы эр жүрөк орус жоокери экенсиң. Сен тайманбас жоокер экенсиң. Мен да жоокермин, ошондуктан татыктуу душманды урматтайм. Мен сени атпайм. Анүстүнө, бүгүн биздин каарман аскерлерибиз Волгага жетип, Сталинградды толугу менен ээлешти. Бул бизди абдан кубандырат, андыктан мен сага кеңпейилдик менен өмүр тартуулайм. Блогуңа кете бер, бул болсо сенин эрдигиң үчүң», - деп колума бөлкө нандын теңин жана майдын бир тилимин карматты.

Нанды боорума бекем кысып, майды сол колума кармадым да иштин мындай кескин бурулушунан өзүмдү таптакыр жоготуп койдум, ыракмат деп да айтпаптырмын, сол жагым менен бурулуп эшикти көздөй жөнөдүм, азыр далыман атып салса, мобул нанды балдарга жеткире албай калат экем деп камтама болуп баратам ичимен. Жок, аткан жок. Ошентип өлүм дагы бир жолу жандап өттү, мен анын муздак илебин кадимкидей сездим...

Коменданттын бөлмөсүнөн тың эле басып чыктым, бирок короого чыгарым менен башым айланкөчөк. Баракка эптеп жетип, эшигин ачаары менен ичине, цементтелген пол үстүнө эс учуман танган бойдон куладым. Биздикилер мени таңга жетпей эле жулкулдатып ойготушту: «Эмне болгонун айтып бер!» - дешти. Мен коменданттын бөлмөсүндө болгон ишти айтып бердим. «Тамакты кандай бөлүштүрөбүз?» — деп сурайт жанымда жаткан кошунам, доошу болсо тимеле титирейт. «Баарына тегиз тийгидей бөлөбүз», — дедим ага. Күтүп атып таңды да атырдык. Нан менен майды ичке бекем жип менен кесип бөлдүк. Ар бирине ширеңкенин кутусундай үзүмдөн тийди, ар бир күкүмүн эсепке алдык, саланы өзүң билесиң, ошончо кишиге жетмек беле, эптеп ооз майламыш эттик. Ошентсе да баарын эч ким таарынбагыдай тең бөлдүк.

Көп өтпөй тыңыраак деген үч жүз кишини тандап, саз кургатууга алып кетишти, андан соң Рур областына – шахтыга айдашты. Мен ал жакта кырк төртүнчү жылга дейре болдум. Бул мезгилде биздикилер Германиянын өпкөсүн куушура кысып калышкан эле, ошондуктанбы, фашисттер туткундарга баягыдай жийиркенбей калышкан.

Бир күнү бизди, күндүз иштеген сменаны катарга тизишти да башка жактан келген чоочун обер-лейтенант тилмеч аркылуу: «Ким армияда кызмат кылганда же согушка чейин айдоочу болгон, — бир кадам алдыга чыккыла» - деди. Мурда шоопур болгондордон сегиз киши алдыга чыктык. Баарыбызга эски иш кийим беришти да сакчылардын кайтаруусунда Потсдам шаарына алып кетишти. Келерибиз менен баарыбызды туш тарапка бөлүп жиберишти. Мени немистердин жол, коргонуучу чептердин курулушу менен алектенген ишкана сөрөйү «Тодте» дегенге жиберишти.

Мен «оппель-адмиралда» армиянын майору чини бар инженер немисти тартып жүрдүм. Кудайын карабай семирген фашист болчу! Бою мыртыйган, курсактуу, артынан карасаң тимеле катындыкындай бир кучак көчүгү бар, узун туурасы бирдей неме болчу. Мундиринин алдыңкы жакасынын үстүнөн үч богогу салаңдап, моюндун артында болсо үч май баскан бырыш былкылдап турчу. Мен байкагандай анда үч пуддан кем эмес таза май бар. Майпаңдап басканда тимеле паровоздой бышылдап, тамакка отурду дегенде кудай бетин салбасын! Кээде былчылдатып кечке бирдемелерди жейт, артынан улам фляшкадагы коньяктан ууртап. Мага да анча-мынча бирдеме артып калчу: жолдон эле шак токтой коюп колбаса, быштактан кесет, коньяктан атып коюп артынан чайнайт, көөнү келип турганда мага да бир тилим колбаса кесип итке сөөк ыргыткандай ыргытат. Эч качан колума берчү эмес, антсе өзүнүн аптарыйкаты кемип калат десе керек да. Канткен менен бул жерди лагерь менен салыштырып болобу, мен да аз-аздан адам кейпине келип, алтургай, эттене баштадым.

Эки аптадай семиз майорумду Потсдамдан Берлинге, ал жактан артка ташып жүрдүм, андан кийин аны фронтко жакын тилкеге, биздикилерге каршы коргонуучу чеп курулар жерге жиберишти. Мына ушул жерден мен уйку дегенди таптакыр унуттум, түнү менен өзүбүздүкөлөргө, мекенге кантип качам деп ойлончу болдум.

Полоцк деген шаарга келдик. Таңга маал мен биринчи жолу биздин артиллериянын кандайча дүңгүрөтүп жатканын уктум, билесиңби, тууган, жүрөгүм тимеле кабынан чыгып кете жаздаганын? Бойдок кезде Иринага жолугушууга барып жүрчүдө да мынчалык соккон эместир! Салгылаштар Полоцкиден чыгышыраак, он сегиз чакырымдай эле жерде жүрүп жаткан экен. Шаардагы немистердин сиркелери суу көтөрбөй калышкан, менин семизим болсо күчүн ичкиликтен чыгарчу болду. Күнү бою экөөбүз шаар кыдырабыз, кайсы жерге кандай коргонуучу чеп куруу керектигин айтып, буйрук берип келет, түнкүсүн жалгыз отуруп ичкиликке кирет. Ошентип атып шишип да кетти, көздөрүнүн асты качан караба, шишимик тартып турчу болду...

«Кана, — дейм ичимде, — мындан ары күтүүнүн кажети жок, убакты саатым келди! Качканда да жалгыз кетпей, бул семизди кошо сүйрөй кетейин, биздикилерге кереги тийип калар!» - деген чечимге токтодум. Урандылардын арасынан салмагы эки килдей таш таап, аны чүпүрөккө ородум, кокус чаап калсам кан чыкпасын деп атам да, жолдон келатканда телефондун зымынан да бир үзүм алып алдым. Керектүү нерсенин баарын белендеп, алдыңкы отургучтун астына катып койдум.

Немистер менен биротоло коштошуп качаарга эки күн калганда кечинде машинеме май куюп келатсам, бети-башы ботала, бутуна тура албай калгычакты ичкен немистин унтери дубалды кармалап темтендеп барат. Акырын түштүм да, урандылардын арасына кирип, болгон кийимин башындагы пилоткасы менен кошо шыпырып, аны да жанагы жерге тыктым да зуу койдум.   

Июндун жыйырма тогузунун эртеси майорум мага шаар сыртына, Тросница тарапка жеткир деп буйруду. Ал жакта да коргонуучу чептердин курулушуна жетекчилик кылчу. Жөнөп калдык. Үргүлөгөн майор арттагы отургучта магдырап келатат, жүрөгүм тимеле кабынан ыргычудай дикилдейт. Ылдам бараттым, шаар сыртына чыккандан кийин машинени токтотуп эшике чыктым, карасам артыман эки жүк машине келатат. Ташты алып чыктым да эшикти кененирек ачтым. Семиз болсо чалкалап жатат, коңурукту кош тартып, тимеле катынын койнунда жаткансып бейкапар. Таш менен сол чыкыйга берип калдым. Башы шылк дей түштү. Бышыктап дагы бир соктум, өлтүргүм келген жок. Аны тирүү жеткириш керек эле, биздикилерге көп нерселерди айтып бермек. Кабынан «парабеллум» тапанчасын сууруп чыгып, чөнтөгүмө салдым, монтировканы тиги кулап кетпеси үчүн арткы отургучка сайып, телефон зымын майордун мойнуна ородум да эки учун монтировкага бекем байладым. Катуу ылдамдыкта капталына ооп калбасын деп атканым. Анан жанагы мастан чечип алган мундирди арыдан бери кие салып, машинени түз эле жер дүңгүрөп, согуш жүрүп жаткан жакка айдап жөнөдүм.

Немистердин алдыңкы чеги эки дзоттун ортосунан өтөт экен. Жертөлөдөн автоматчылар чыга калышты, мен алар машиненин ичинде майор баратканын көрсүн үчүн атайын жайлаттым. Бирок алар кыйкырып киришти, тиякка барууга болбойт деп колдору менен жаңсап, мен болсо түшүнбөгөн кишидей газды тептим да ылдамдыкты сексенге чыгардым. Алар эстерине келип пулемёт менен аткылап киришкенде, эчак эки оттун ортосундагы жерде качкан коёндон бетер ары-бери буйтап баратканмын.

Арттан немистер атып, алды жактан өзүбүздүкүлөр тимеле жин тийгенсип автоматтан татыратып атышты. Октон маңдайкы айнек төрт жеринен тешилип, радиатор илме тешик болду... Тигине, көл үстү жагында токойчого жетип калдым, биздикилер машинени көздөй чуркап, мен токойчого кирип кеттим, эшикти ачып жерге кулап түштүм да аны өпкүлөп кирдим, демим кыстыгып, аба жетпейт...

Гимнастёркасынын ийнинде мен али көрө элек погондору бар жаш жигитче мага биринчи болуп жетип келди да тишин кашкайта: «Ии, шайтан алгыр фриц, адашып калдыңбы?» - деди. Мен үстүмдөгү немис мундирин алып ыргытып, пилотканы таман астыма тебелей таштап туруп ага минттим: «Айланайын, балакайым! Уулум! Менин эмнем фриц болуп турат сага, мен деген таптаза воронеждикмин? Туткундан качып келатам, түшүндүңбү? Азыр машинеде отурган тетиги чочкону батыраак чечкиле да анын портфелин алып мени командириңерге алып баргыла». Аларга тапанчамды тапшырдым да колдон колго өтүп кечке жүрдүм, кечинде дивизиянын командири – полковник менен бет маңдай отурдум. Ага чейин мени мончого түшүрүп, курсагымды тойгузуп, суракка алганга да үлгүрүшкөн, кийим да беришкен, ошондуктан полковниктин жертөлөсүнө денем да, дилим да тазарып, кадимки жоокердей келдим. Полковник үстөлдөн тура калып, бардык офицерлердин көзүнчө мени бекем кучактап: «Немистерден ала келген кымбат базарлыгың үчүн сага ыракмат, жоокер. Сенин майоруң менен анын портфели биз үчүн 20 «тилден» да кымбат. Сени мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө командачылыкка өтүнүч жиберем» - деди. Бул жылуу сөздөрдөн териме батпай кубанып, толкунданып, эриндерим титиреп, сөзгө эп келбей минттим: «Жолдош полковник, мени аткычтар бөлүгүнө кошуп коюуңузду суранам». Бирок полковник күлүп жиберди да  мени далыман таптап калды: «Ушу сенден азыр кандай жоокер чыксын, бутуңда араң турасың го? Сени бүгүндөн калбай госпиталга жөнөтөм. Ал жакта дарылап, жакшылап карашат, андан кийин бир айга отпускага барып келесиң, бизге кайтып келгениңде анан кай жакка жиберерди көрө жатаарбыз» - дейт.

Полковник да, анын жертөлөсүндөгү бардык офицерлер да мени менен жылуу коштошушту, мен да абдан толкундандым, анткени эки жыл ичинде мен адамдык мамиле деген эмне экенин унуткан элем. Дагы бир нерсени байкап койсоң тууган, мен начальниктер менен сүйлөшкөн сайын көнүмүш адатым боюнча башымды ийниме тартып алып жүрдүм, анткени уруп жиберет деген коркуу адат болуп калган. Бизди фашисттик лагерлерде мына ушундай абалга жеткиришкен. 

Госпиталдан дароо Иринага кат жаздым. Болгонун болгондой кыска жаздым, туткунда болгонумду, ал жактан немистин майорун кошо алып качканымды жаздым. Анан да токтоно албай кетип, полковник мени сыйлыкка көрсөтүүгө убада берди деп баладан бетер мактанып салдым...

Эки апта жалаң тамак ичип уктоо менен гана өттү.

Тамакты аз-аздан, бирок утуру берип турушту, көп жеп жиберсең өзүңө жаман, турбай калышың мүмкүн дешти. Айтор, жетишинче тыңыдым. Эки жумадан кийин тамакты карагым да келбей калды. Жазган катыма үйдөн жооп келген жок, чынын айтканда, куса боло баштадым. Тамак ойго да келбейт, уктайын десем уйку жок, башыма ар кандай жаман ойлор келет… Үчүнчү жума дегенде Воронежден кат алдым. Бирок аны Ирина эмес, кошунам, темир уста Иван Тимофеевич жазыптыр. Мындай катты алууну кудай эч кимдин башына салбасын!.. Ал кырк экинчи жылдын июнунда немистер авиазаводду бомбалашканын жана оор бир бомба так менин үйүмө тийгенин жазыптыр. Ирина менен кыздарым дал ошол кезде үйдө болушкан экен… Алардын изин да таппадык, тамдын ордунда аңырайган терең чуңкур гана калыптыр. Катты акырына чейин чыдап окуй албадым. Көзүм караңгылашып, жүрөгүм муштумдай түйүлүп катты да калды. Керебетке жатып бир аз өзүмө келген соң, катты аягына чейин окудум. Кошунам немистер бомбалап жатканда уулум Анатолий шаарда болгонун жазыптыр. Кайра келиптир да, жанагы чуңкурду карап, кайра шаарга кетиптир. Кетип баратып фронтко өз ыктыяры менен суранаарын айтып кетиптир. Болгону ушул.

Жүрөгүм кичине ылдыйлап, кулагыма кан жүгүргөндө мен Ирина бекеттен мени менен ушунчалык кыя албай кыйналып коштошконун эстедим. Көрсө ал аялдык сезими менен биз бул жарыктан эми жолукпасыбызды билген тура. Мен аны түртүп жибериптирмин. Жылдап кураган баш паанек үйүм, үй-бүлөм бар эле, анын баары бир ирмемде кыйрап, коколой баш жалгыз калдым. «Же бу шордон арылбаган жашоом түшүмө кирдиби?» - деп да ойлоп кетем. Туткунда жүргөндө күн сайын түнү менен Ирина, балдарым менен сүйлөшүп, аларга дем берип, мени ойлоп сар-санаа болбогула, мен өлбөйм, бекеммин, аман-соо силерге кайтып келем, кайрадан баарыбыз чогуу болобуз дечү эмес белем... Демек мен эки жыл бою өлүктөр менен сүйлөшкөн экенмин да?!

Ушул жерге келгенде ал унчукпай калды, анан каргылданган үнү менен акырын минтти:

- Келе тууган, тамеки тартып алалычы, антпесек эмнегедир демим кыстыгып кетти.

Тамеки тарттык. Ташкын суу баскан токойдон тоңкулдактын ургулаганы угулуп турду. Жылуу ойноок жел баягыдай эле кайыңдын кургак жалбырактарын ыргап; көпкөк асманда чымырата тартылган парустардын астындагыдай булуттар сүзүп өтүп жатты, бирок эми кайгыга чөмүлгөн үнсүз бул мүнөттөрдө күрдөөлдүү жазга даярданып, жашоонун тирүүлүгүн тастыктаган бул бейкут дүйнө мага башкача көрүндү.

Унчукпай отуруу кыйын эле, ошондуктан мен:

— Анан эмне болду? – деп сурадым.

— Ананбы? — жайбаракат жооп узатты аңгемелешим. — Мен полковниктен бир айга отпуске алып, бир жумадан кийин Воронежде болдум. Бир кезде үй-бүлөм менен жашаган жерге жөө бардым. Дат баскан суу толгон үңүрөйгөн чуңкур турат, тегерегинин баарын калың куурай баскан... Тимеле көрүстөндөгү кулак-мурунду кескендей жымжырт. Канчалык оор болгонун айтып деле кереги жоктур, тууган! Кайгымды ичке жутуп турдум да, анан кайра вокзалга кеттим. Ал жакта бир саат да кала алган жокмун, ошол эле күнү дивизияга кайттым. Бирок үч айдайдай өткөн соң булуттан чыккан күндөй сүйүнүч жарк этти: уулум Анатолий табылды. Фронттон, кыязы башка жагында жүргөн окшойт, мага кат жазып ийиптир. Дарегимди Иван Тимофеевич кошунадан алган экен. Көрсө, ал адегенде артиллериялык училищеге түшүптүр; математикага болгон шыгы так ошол жерден пайдасы тийген тура. Бир жылдан кийин училищени артыкчылык менен аяктап, фронтко кетиптир, капитан наамын алдым деп жазат, «кырк бешинчилердин» батареясына командалык кылып, алты ордени, медалдарым бар дейт. Кыскасы, атасынан баары жагынан озуп кетиптир. Эми сыймыктанганымды айтпа! Канткен менен канымдан жаралган уулум капитан, анан батареянын командири болуп жатса бул азил эмес да! Ордендери да бар тура. Мейли, атасы «студебеккерде» снаряддарды, башка аскер жүктөрүн ташый берсин. Атасынын иши ошону менен бүтөт, капитан наамы бар анын келечеги али алдыда эмеспи. Ошону менен түнкүсүн менде абышкалык кыялдануу башталды: согуш аяктаса, уулумду үйлөнтүп, өзүм да алар менен кошо турам, устачылык менен алектенем, небере багам дечү болдум. Айтор, кадимки эле абышканын оюндагысы да. Бирок бул жагынан да каражолтой болуп чыктым. Кышында биз тыным албай чабуулга өтүп, ошондуктан бат-баттан кат жазышып турганга да чолобуз тийген жок, согуш аяктап, Берлинге жакын кирип барган бир күнү эртең менен Анатолийге кат жазып, ошондон эртеси күнү эле жооп алдым. Көрсө, уулум экөөбүз германдык борборго ар кандай жол менен жакындап келген экенбиз, арабыз деле анчалык алыс эмес экен. Эми жолугушат турбайбызбы деп ак эткенден так эте күтүп калдым. Бирок акыры жолугуштук... Так тогузунчу май күнү, Жеңиш Күнү менин Анатолийимди немистин снайпери атып өлтүрдү. Түштөн кийин мени ротанын командири чакырып калды. Карасам, ал жакта мага бейтааныш артиллериянын подполковниги отурган экен. Бөлмөгө кирип барсам, ал наамы жогору адам кирип келгенсип ордунан тура калды. Менин командир ротам: «Сага келиптир, Соколов», — деди да өзү терезе жакка бурулуп кетти. Денемден ток уруп өткөнсүдү, бир жамандыкты сезгендей ичиркендим. Подполковник мага жакын басып келди да акырын: «Кайрат кыл, атаке! Сенин уулуң, капитан Соколов, бүгүн батареяда каза тапты. Жүрү мени менен!» - деди.

Эсеңгирей түштүм, бирок эптеп кармандым. Эми анын баарын, полковник менен чоң машинеге түшүп сынган кыйраган нерселер тоо болуп үйүлгөн көчөдөн баратканыбызды түшүмө киргендей эстейм, тизилип турган жоокерлердин сабын, кызыл баркыт менен жабылган табытты туманда жүргөнсүп эстейм. Анатолийди азыр сени көрүп тургандай көрдүм. Табытка жакын барып карадым, анда жаткан уулум да, уулум эмес да болуп көрүнөт. Уулум дайыма ууртунан жылмаюу кетпеген, кууш ийин, кекиртек жагында оркойгон кокосу бар эле, мында болсо жапжаш, далылуу, келбети келишкен жигит жатат, жарым ачылуу көздөрү мени кыйгап, тээ ыраакты тиктегендей. Эриндеринин бурчунда гана мен билген баягы уулумдун, Толиктин жылмайганы биротоло калыптыр. Аны бетинен өптүм да четке чыга бердим. Подполковник сүйлөдү. Уулум Анатолийдин жолдоштору көздөрүнүн жашын аарчып жатышты, менден болсо көз жаш чыкпайт, кыязы, алар жүрөгүмдө тоңуп калса керек. Жүрөгүмдүн сыздаганы балким ошондондур?...    

Ошентин мен чоочун, немис жеринде өзүмдүн акыркы кубанычым менен үмүтүмдү жерге бердим, командирин кайтпас сапарга узата уулумдун батареясы дүң дедире атты, ичимде бирдеме үзүлүп кеткенсиди...Эс-мас бойдон эптеп өз бөлүгүмө жеттим. Көп өтпөй аскерден бошотушту. Кайда баруу керек? Кайра эле Воронежгеби? Эч качан! Урюпинскиде тээ кышында эле жаракатынан улам армиядан бошогон бир таанышымды эстедим, - мени бир кезде чакырган эле, - ошону эстедим да Урюпинскиге жөнөп кеттим.    

Досум аялы экөөнүн балдары жок болчу, шаар четиндеги үйлөрүндө экөө гана жашап турушкан экен. Шеригим майыптыгы болсо да авторотада айдоочу болуп иштеп атыптыр, мен да ошол жакка жумушка орноштум.

Ошолордукуна баш калкалап жашап калдым, батырып алышты. Биз райондорго ар кандай жүктөрдү ташып, күзүндө буудай ташууга жөнөтүшчү. Тигине, кумда ойноп жаткан тетиги жаңы уулчам менен так ошол мезгилде табышып калдым.

Кээде сапардан шаарга кайтканда, - түшүнүктүү да, адегенде эле чайканага баш багасың, аны-муну алып, анан албетте, чарчаганыңды жазмакка жүздү согуп аласың. Чынын айтканда, мен бара-бара ушул жаман өнөкөткө абдан берилип кеттим... Бир жолу чайкананын жанынан ушул балакайга көзүм түштү, эртеси келсем – дагы жүрөт. Үстү-башы самтырган жыртык кийимчен неме: дарбыздын ширеси катып калган бети башы бозала чаң, чачы таралбаган, таштандыда калгандан бетер кирдегенин айтпа, бирок көздөрү тимеле жаандан кийинки жылдызчадай жылтырайт!

Мага балакай ушунчалык жагып калды дейсиң, алтургай, тообо, аны көрбөй калсам кадимкидей кусаланам, тезирек көрсөм деп сапардан батыраак кайтканга ашыгып турчу болдум. Балакай дайыма чайкананын тегерегинде шимшилеп, ким эмне берсе ошону менен курсагын тойгузуп жүрчү. 

Төртүнчү күн дегенде совхоздон буудай тартып келатып, түз эле чайкананы көздөй бурулдум. Карасам, балакай бутун салаңдатып тепкичте отуру, кебетесине караганда, ачка да бечара. Терезеден башымды чыгардым да ага: «Эй, Ванюшка! Бол бат, машинеге отур, элеваторго алып барып келейин, келген соң экөөбүз тамак ичели», - деп кыйкырдым. Менин кыйкырыганымды угуп селт эте түштү, машиненин тепкичине тырмыша чыгып келип, акырын минтет: «Байке, а сиз менин атым Ваня экенин кайдан билесиз?». Бакырайган көздөрү менен эмне деп жооп айтаар экен деп күтүп турат. Мен болсо көптү көргөн кишимин, ошончүн баарын билем дедим.

Ал оң жактан кирди, мен эшикти ачып, аны жаныма отургузуп алдым да жөнөп кеттик. Жаны жай албаган чыйрак балакай кокусунан эмнегедир унчукпай ойго батып калды, кез-кезде упузун, учу өйдө кайрылган кирпиктеринин астынан карап, үшкүрүп коёт. Чымчыктай болуп туруп үшкүргөндү үйрөнүп алганын кантесиң. Үшкүрө турган маалыбы азыр? Аны-муну сурамжылап кирдим: «Сенин атаң кайда, Ваня?» «Фронтто каза болгон» дейт шыбырап. — «Апаңчы?» — «Поёздде келатканыбызда бомбадан өлгөн». — «А кай жактан келаттыңар эле?» — «Билбейм, эсимде жок…» — «Анан бул жерде таптакыр жакын кишиң жокпу?» — «Эч кимим жок». — «Кайсы жакта түнөп жүрөсүң?» — «Оң келген эле жерде».

Ушул жерден көз жашым тимеле кайнап кетти, ошол замат ичимде минттим: «Экөөбүз эки жерде куураганыбыз болбойт, муну бала кылып алам!» дедим. Ошол замат эмнегедир көөнүм ачылып, жеңилдей түштүм. Ага ийиле ыктадым да акырын сурадым: «Ванюшка, сен менин ким экенимди билесиңби?» Ал да үшкүрдү: «Кимсиз?». Мен болсо кайра эле акырын гана: «Мен — сенин атаңмын» дедим.

О кудай, ал анан көрүп ал, эмне болгонун! Ал мойнума асылып, бети-башыман өпкүлөп кирди, ичке үнү менен кабинени башына көтөрө чыңкылдап жатты: «Атакем менин! Мен билгем! Мени издеп таап келериңди билгем! Баары бир табат деп ойлогом! Мен сени келет деп абдан күттүм!». Мага жабышып алып тимеле шамал жапырган чөптөй титирейт. Көздөрүм тумандап, тула боюм титиреп, колдорум тимеле калтырайт... Ошондо колуман руль кантип чыгып кетпегинен таң калам! Бирок баары бир жол четиндеги арыкка кирип кетип, моторду өчүрдүм. Көзүмдөгү туман таркап кеткенче айдагандан корктум, непада дагы бирдемени сүзүп аламбы дедим. Ошентип беш мүнөттөй турдум, уулум болсо мага жабышкан бойдон тынчып калды, кээде гана селт этип коёт. Аны оң колум менен кучактап, өзүмө кыстым да сол колум менен машинени кайра артка буруп, батириме жөнөдүм. Кайдагы элеватор дейсиң, мындайда көзгө элеватор көрүнөбү.

Машинени дарбазанын тушуна таштап коюп, жаңы уулумду колума көтөрдүм да үйгө алып жөнөдүм. Ал кичинекей колдору менен мойнума тимеле жабышып алыптыр. Бетин кырылбаган жаагыма жабыштырган бойдон катып калгансыйт. Ошол бойдон көтөрүп кирдим. Кожоюн менен кожейке да ырас, үйдө экен. Кирдим да аларга көзүмдү ымдап, шаңдуу үн менен минттим: «Мына, өзүмдүн Ванюшкамды таап келдим! Кана, бизди жакшылап тосуп алгылачы, туугандар!». Баласы жок досум менен аялы бечаралар иштин жайын түшүнүштү да ары-бери чуркап, түйшүккө түшүп калышты. Мен болсо жабышып калган баламды түшүрө албайм. Акыры эптеп кепке келтирдим. Колун самындап жууп, анан үстөлгө отургузушту. Кожейке ага сорподон куюп, анан анын жанталаша жеп атканын карап, көзүнөн жашы он талаа агып турду. Мештин жанында туруп, алжапкычынын учу менен бетин басып алып ыйлап жатты. Анын ыйлап атканын көргөн Ванюшка чуркап барып этегинен тарта: «Эжеке, эмне ыйлап жатасыз? Атам мени чайкананын жанынан таап алды, буга баарыбыз кубангандын ордуна сиз болсо ыйлап атканыңыз кандай?» - деди. Тиги болсо, кудайым ыраазы болгур, андан бешбетер эреркеп, көз жшын ого бетер көлдөттү, тимеле көз жаштан суу болуп чыкты!

Тамактанып алган соң мен аны чачтарачка алып бардым, чачын кыскартып, үйгө келген соң дагарага салып өзүм жуунттум да таза ак шейшепке ородум. Ал мени бекем кучактаган бойдон уктап калды. Акырын керебетке жаткырып, элеваторго кеттим, буудайды түшүрүп, машинени токтоочу жайына коюп, дүкөндөргө чуркап жөнөдүм. Ага ноотудан тигилген кичинекей дамбалча, көйнөк, сандал жана мочалкадан тигилген картуз сатып алдым. Апкелсем баары эле чоң болуп чыкты, сапаты да анчалык эмес окшоду. Дамбалды көрүп кожейке мага сүйлөнүп да алды. «Сен эмне, ушул ысыкта балага нооту дамбал кийгизип келесоосуңбу!». Айтты да ошол замат тиге машинкесин алып чыгып үстөлгө койду, сандыгын аңтарып бирдемелерди тапты окшойт, айтор, бир сааттан кийин эле Ванюшкама сатинден тигилген турса менен жеңи чолок ак көйнөк даяр болду.

Экөөбүз чогуу жаттык да мен ошондо биринчи жолу таштай катуу тынч уктадым. Бирок түнү үч-төрт ирет ойгондум. Тура калсам эле ал чымчыктай болуп колтугумда жатат, акырын дем алганы угулат, аны карап тимеле жаным бир жыргайт дейсиң, аны сөз менен айтып болбос! Ойготуп албайын, абайлайын десиң, бирок болбой эле турасың, ширеңкени жагып алып көпкө карап турасың...  

Таңга маал ойгонуп кетсем тимеле демими кыстыгып калыптыр, бул эмнеси деп башым маң. Көрсө уулум шейшептин астынан чыгып туурасынан жатып алыптыр, демимдин кыстыкканы мойнума бутун артып алган тура. Ошентип аны менен тынч уктай албасам да, бирок ансыз уктай да албайм, абдан көнүп алыптырмын. Түнүчүндө туруп алып көпкө тигилем, кээде уюлгуган чачынан жыттап коём, жаным жай алып, кайгыдан муздап калган жүрөгүм кадимкидей жибий түшөт.

Адегенде ал мени менен машинеге түшүп алып рейстерге барып жүрдү, анан мындай иш жарабасын түшүндүм. Менин жалгыз башыма эмне керек, бир кесим нан менен пияз, бир чымчым туз болсо болду, жеп алам, ошону менен кечке ток жүрө берем. Бала менен жүргөндө бул жарабайт – ага сүт табыш керек же жумуртка бышырып бериш керек, ысык тамак ичпесе да болбойт. Аны багайын десем ишим калып кетчүдөй. Ошондуктан чыгынып туруп аны кожейкенин кароосуна калтырдым, кечке дейре көзү шишигенче ыйлап отуруп, анан кечинде мени тоскону элеватор жакка качып кетиптир. Түн бир оокумга чейин ошол жакта акыйып күтүптүр. Ошентип адегенде кыйналып жүрдүк. Бир жолу күнү бою чарчап келип эртерээк жатып алдык, балакайым болсо уктагысы жок, чымчыктай ар демени чыйпылыктап сайрап атты эле, бир оокумда үнү чыкпай калды. «Эмнени ойлоп атасың, уулум» - деп сурадым. Ал болсо шыпты тиктеп жаткан бойдон кайра менден сурайт: «Атаке, жанагы кайыш пальтоң кайда?» - дейт. Менде өмүрү кайыш пальто болгон эмес! Бирдеме деп алдаганга туура келди. «Воронежде калган» - дедим. «Эмнеге мени ушунчалык көп издедиң?»- дейт. «Мен сени, уулум, Германичдан да издедим, Польшадан издедим, Белоруссияны баштан аяк кезип чыктым, сен болсо Урюпинскиде турбайсыңбы». «Урюпинск деген Германияга жакынбы? А биздин үйдөн Польшага чейин алыспы?». Ошентип уйкуга кеткенче ушинтип кобураша беребиз.

Сен тууганым, бала эмне үчүн кайыш пальтону эстеди дебейсиңби? Бул жөн жерден эмес. Демек анын атасы бир кезде кайыш пальто кийип жүрсө керек, ошол эсине түшүп атпайбы. Анткени баланын эс тутуму жайкы чагылгандай эле: бир жарк этет да, ошол замат кайра өчөт. Анын эси ошол чагылгандай бир туруп жарк этип, кайра өчүп калып аткандай.

Экөөбүз Урюпинскиде дагы бир жылдай туруп калат белек, бирок ноябрда бир күнөөгө баттым: ылай жолдо бараткам, бир хутордо машинем тайгаланып жолдон чыгып кетсе болобу, кырсыктай болуп так ошол маалда кайдан жайдан бир уй чыга калган экен, ошону сүзүп албайымбы. Калганы түшүнүктүү да, катындар чыга калып айкырык салышты, эл чогулду, аңдып тургандай автоинспектор ошол замат пайда болду. Канчалык аке жакелесем болбой эле шоопурлук китепчемди тартып алды. Уй болсо ордунан тура калып, куйругун тик көтөргөн бойдон татырактап кете берди, а мен китепчеден айрылдым.

Кышы бою жыгач уста болуп иштедим, анан чогуу кызмат өтөгөн бир досум бар болчу, -ал силердин областтагы Кашар районунда турат, шоопур болуп иштейт, - ошону менен кат жазышып калдым эле, мени өзүнө чакырды. Жарым жылдай жыгач устачылык кылып турасың, анан биздин областтан сага жаңы китепче беришет дейт. Уулум экөөбүз мына ошол Кашар тарапка минтип жөө жүрүш менен бараткан чагыбыз.

Сага кандай десем, мен жанагы уйду сүзүп албаганда деле баары бир Урюпинскиден кетмекмин. Анткени ичтеги кайгым бир жерде узагыраак отургуза койбойт. Ванюшка бир аз чоңойсо аны мектепке бериш керек, ошондо жаным жай алып, бир жерден орун очок алып отуруп калармын. Азырынча экөөбүз минтип орустун жерин кезип жүрөбүз. 

— Баскан кыйынго ага, — дедим мен.

— Бул өз буту менен деле баспайт, мени көбүрөк минет. Желкеме отургузуп алып кете берем, бутун жазгысы келгенде – менден түшө калып улактан бетер чунаңдап чуркап кетет. Ошентип тууган, мунун баары эчтеке эмес дечи, экөөбүз эки бакыр бир тукур болуп жашай берет элек, бирок жүрөгүм такыр болбой калды, поршенди алмаштырыш керек окшойт... Кээде туруп ушунчалык бир мыкчып кирет дейсиң, көзүм караңгылашып, өзүмдү коёрго жер таппайм. Өлүп калып уулумдун жүрөгүн түшүрөмбү деп корком. Анысы аз келгенсип дагы бир кырсык жабышты: күн сайын түндө каза болгон өзүмдүкүлөрдү көрчү болдум. Көбүнчө түшүмө мындай кирет, мен темир зым артында турам, алар тиги жагында турган болушат. Ирина, балдар менен кечке баары сүйлөшөбүз, зымды колум менен эки жакка түрүп салайын десем эле ал менден ары жылып кетет, - тигилер менден ыраактап барып көз көрүнөө эрип кеткендей болушат... Таң калыштуусу: күнү бою тың жүрөм, менден «өх» деген онтоо да, ныпым үшкүрүк да чыкпайт, түнкүсүн ойгонуп карасам эле жаздыгым чылк көз жашка сууланып калган болот...

Токой тараптан менин шеригимдин үнү чыгып, суудагы калактын шарпылдаганы угулду. Мага чоочун болсо да жакын боло түшкөн мына бул адам ордунан туруп мага шадылуу, жыгачтай катуу колун сунду:

— Кош бол, тууган, жакшы бар!

— Сен да Кашарга аман-эсен жетип ал.

— Ыракмат. Эй, уулум, кеттик кайыкка.

Балакай атасына чуркап жетип, оң жагына тура калды да, атасынын купайкесинин этегин кармаган бойдон арышын кенен таштап бараткан эркектин катарында тыпылдай басып жөнөдү.

Жетимсиреген эки киши, согуштун көзгө көрүнбөгөн бороону чоочун жактарга айдап салган кумдун эки бүртүгү... Буларды алдыда эмнелер күтүп турду экен? Мына бул майтарылбас эрки бар орус адамы баарына чыдайт, атасынын жанында жүрүп баарына чыдаганды билген, Мекен чакырса жолундагы тоскоолдуктардын баарынан өтө алган, тетиги балакай да өсүп жетилет деп ойлогум келип турду.

Алардын артынан муңая карап турдум... Биздин коштошуубуз ушуну менен ойдогудай бүтмөкпү, бирок экөө арыраак узай түшкөндө тыпылдап бараткан Ванюша мага кайрыла калып, мала кызыл колдорун булгалап калды. Жүрөгүмдү жумшак, бирок катуу бирдеме чеңгелдеп кысып жибергенсиди, ошол замат тескери бурулуп кеттим. Жок, согуш отун аралап жүрүп чачы агарган улгайган эркектер түшүндө гана ыйлабайт. Алар өңүндө да ыйлашат. Мында башкысы – убагында тескери бурулуп кеткенди билүү керек. Мында эң башкысы – эркектин бетинен ылдый куюлган ысык, оңой менен чыкпаган көз жашты көргөн баланын жүрөгү канабасын...

1956–1957

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Жумабек

    жакшы аңгеме, жакшы да которулган. Шолохов деген Шолохов да!

Комментарий калтырыңыз