Акыл-эсти аңтарган эң мыкты кеңештер

  • 18.01.2024
  • 3853

Адам өзүн жоготуп, эмне кылууну билбей турган учурда дайыма эле жооткоткон жылуу сөз жардам бере албайт. Ал эми мурда ошондой абалды башынан кечирген адамдын айткан кеңештери, ой-пикири көңүлдү гана көтөрбөстөн, жашооңду түп тамырынан өзгөртүүгө мажбур кылат.

1. Баасын эмес, баалуулугун ойлогула.

Көпчүлүк адамдар кымбат баалуу буюмдардын ээси болууну самашат, бирок ал буюмдарды алууга аларга коюлган өтө эле кымбат баалар токтотот. Мисалы, атактуу сүрөтчүлөрдүн эмгектери.

Бирок бул учурда сүрөттүн баасын эмес, анын баалуулугун, анын тарыхый-маданияттын мурасы катары карасаңыз анын баа жеткис экенин көрөсүз. Албетте, мындай  бийик эстетикалуу маданий эмгекти сатып алсаңыз жүрөк жылыбай койбойт.

Эгерде кандайдыр бир буюм сатып алгыңыз келсе, анын баасына карабаңыз. Негизгиси ал буюм адамдын керегине жараган нерсе болсун.

2. Көп адамдар өздөрүнө кереги жок кымбат буюмдарды, өздөрү тааныбаган бирөөлөргө мактаныш үчүн эле сатып алышат.

Бул айтылган ой учурдагы коомдо аябай актуалдуу. Адамдар буюмдарды бирөөгө мактаныш үчүн эле сатып алышат. Көпчүлүк учурда алар iPhoneтин акыркы моделин кредитке алышат да социалдык тармактарда ал буюмдун ээси болгонуна мактанышат.

Чындап келгенде андай кымбат смартфон адамга бекер берсе да кереги жок. Сүйлөшкөнгө арзан, ыңгайлуу телефон деле жетиштүү, бирок адамдар атак-даңкты жакшы көрүшөт, iPhone алып жүрсө эле өзүн замандын агымынан калбай, алдыда жүргөн кыйын адам катары сезет.

Мындай кымбат баалуу буюм менен өзү тааныбаган адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, коомдо кандайдыр бир статуска ээ экенин көргөзгүлөрү келет. Ал эми аны тааныбаган адам анын чындыгында ким экенин, бул буюмду сатып алыш үчүн карызга малынганын кайдан билсин. Бирок ал адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, кыйын адам экен дегендей ой калтырбадыбы. Ага ошол эле керек болчу.

3. Бирөөнү жамандоо менен өзүң мыкты болуп кетпейсиң.

Көп адамдар өздөрүндө толтура кемчиликтер менен жетишпеген жактары болгондуктан, өздөрүн акташ үчүн башкалардын кемчиликтерин чукулап башташат. Бирок башкаларды каралоо менен өздөрү жакшы болуп кетпейт. Тескерисинче, коомдо ушакчы, эч нерсени жактырбаган куу тумшук катары таанылышат.

4. Эгерде Сиз чындап эле бир нерсе жасагыңыз келсе, аны жасоонун жолун табасыз, эгерде жасагыңыз келбесе анда сөзсүз шылтоо издейсиз.

Чынында эле, эгерде адам бир нерсени жасаганга берилип киришсе, аны аткаруунун ыгын таппай койбойт. Анын кыялдарын ишке ашырышына эч ким тоскоол боло албайт. Адамды максаты алдыга жылдырат.

Эгерде адам эч нерсе кылгысы келбесе, аны шапалак менен да алдыга жылдыра албайсың. Эгерде каалоосу жок болсо, анын кызыкчылыгы да болбойт.

5. Эгерде дүйнө Сиз адилет болгон үчүн, ал да Сизге адилеттүү мамиле жасайт деп ойлосоңуз жаңылышасыз – бул Сиз жалкоолукка тийишпесеңиз, ал да Сизге тийишпейт деп үмүт кылгандай кеп.

Дүйнөдө өздөрүн тынчтыкты сүйгөн адам катары эсептегендер толтура. Алар биз башка адамдарга бейпилчилик кааласак, алар да бизге ошондой эле мамиле кылат деп ойлошот. Бирок жашоодо таптакыр тескерисинче. Коом эч качан адилеттүү болгон эмес, тескерисинче, ал таш боор. Ал адамды какап-чакабай эле жутуп алганга жөндөмдүү.

Дүйнөнүн ак көңүлдүгүнө ишенүү жакын барсаң баса калып жеп кетер жолборс менен жолугушканга барабар.

6. Сиз мурдагы турмушуңуз менен биротоло коштошмоюнча, жаңы турмушту баштай албайсыз.

Адамдар баардык көйгөйлөрүнө кол шилтеп, жаңы турмушту актай барактан баштагылары келгенин көп айтышат. Бирок андай кыла алышпайт, анткени өткөн иштерин унутуп таштай алышпайт, ошондуктан келечекке кадам жасоого алдары жетпейт. Муну төмөндөгү мисал менен далилдесек болот. Жигити таштап кеткен кыз узак мөөнөткө депрессияга кабылат. Ал тамак жебейт, уйкусу бузулат, жаздыгын жаш менен жууйт. Экөөнүн түшкөн сүрөттөрүн карайт. Жигитке телефон чалып сүйлөшүүгө аракет кылат. Ага СМС жазат. Анын соцтармактагы барактарын карайт. Бул туура эмес!

Ажыраштыңбы, жашоонун бул барагын айрып сал да жаңы күнгө жаңы күч менен кадам таштап, бакытыңды башка жактан изде.

7. Жашоодо тобокелчиликке баргандан коркконуң, чындыгында өзүңдү көп нерсени жоготуп алуу тобокелчилигине дуушар кылганың.

Эч качан тобокелчиликке барбайбыз деген адамдар аябай жаңылышат. Тобокелчилик ар бир иште бар.

Адам көчөдө бара жатат дейли. Ал жыгылып буту-колун сындырып алышы мүмкүн. Машине айдап баратып кырсыкка дуушар болуп калат. Тобокелчиликтин алдын ала албайсың. Ал ар дайым күтүлбөгөн жерден келет.

8. Башка бирөөнү туурап жашагыңыз келсе, анда Сиз убактыңызды бекер коротосуз.

Адамдар өзүнөн бөлөк ким болсо да болгулары келишет. Алар бирөөлөрдүн жашоолорун туураганга даяр, башкалардын идеалдарын ээрчип, башкалардын ою боюнча жашагылары келет.

Ар бир адам өзгөчө жаралган. Ар кимдин өз жашоосу бар, ал башкалардын көлөкөсүнө жашынбай өз жашоолору менен жашоосу керек. Башкаларды тууроо – убакытты бошко кетирүү.

Ар кандай абалда адам өз жашоосу менен калыш керек. Ар бир адам өз жашоосу менен жашап, ошого жараша кыймыл-аракеттерди жасоого, өз чечимин кабыл алууга укуктуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз