Бардык учурларда керек болор 40 кеңеш

  • 23.02.2021
  • 3244

1. Алган буюмдарыңды ээсине кайтарып бер.

2. Сенден күткөндөн көп нерсени жаса.

3. Мактасаң адамдардын көзүнчө макта. Сынасаң эл жок жерде көзүнө айт.

4. Мүнөзүңдү ооздуктай бил.

5. Адамдарга эки жолу мүмкүнчүлүк бер, бирок үчүнчү жолу бербе.

6. Кеңешиңди бирөөлөр сөзсүз угат деп ойлобо.

7. Акча бакыт алып келет деп күтпө.

8. Ийгилигиңди ал сага кандай бейкуттук, ден-соолук жана сүйүү тартуулаганы менен баала.

9. Эгерде бай болгуң келсе, байлыгыңды көбөйтүүнү ойлобой, ач көздүгүңдү тый.

10. Чоң нерселер жөнүндө кыялдан, бирок майда нерселерден ыракат алганды бил.

11. Бирөөлөрдүн сырын сакта.

12. Адегенде үч жолу ойлон, анан унчукпай кал.

13. Эч качан артка чегинбе, акыркы күчүң калгыча кармаш. Анткени бардыгы бүткөндөй болгон учурларда – бардыгы сакталып калган кездер болот.

14. Бардык нерсени көрө бил, көп нерсеге көзүңдү жумуп кой, бир аз нерселерди оңдоп-түзө.

15. Сага жолуккан ар бир адам, сен билбеген нерселерди билет.

16. Бирөөлөрдүн ийгилигине кубан.

17. Кудайдан акча менен буюм-тайым сураба, акылмандык жана кайраттуулукту сура.

18. Өзүңдү башка бирөөнүн ордуна коё билүүгө тарбияла. Дүйнөгө башкалардын көзү менен караганды үйрөн.

19. Бүгүнкү күндүн жыргалын сез, эртең болчу нерселерге көп ишенбе.

20. Эски досуңду унутпа.

21. Адамдарды капчыгынын эмес, жүрөгүнүн кеңдигине карап баала.

22. Турмуштагы көңүл калуулар менен азап тартууларды жашоонун бир бөлүгү катары кабылда.

23. Көргөн жакшылыгыңды унутпа, жасаган жакшылыгыңды унут.

24. Жаңы дос күтсөң, эскисин чанба.

25. Эгерде акча керек болсо, башкалардан изде; эгер кеңеш керек болсо досторуңа жөнө; эгерде эч нерсенин кереги жок болсо, туугандарыңа бар.

26. Идеалга эмес, бийиктикке умтул.

27. Өз эрдигиңди канаттулар менен айбанаттарды аткандан көрсөтпөй, башка жолду тап.

28. Чектен чыксаң, эң жагымдуу нерсе да, эң жагымсыз нерсеге айланат.

29. Бетиңдин бырышын жазып, үнүңдү акырын чыгарып, жай бас; акырындап сырткы абалың, ички дүйнөңдүн өзгөрүлүшүнө алып келет.

30. Каада-салтты сыйла.

31. Денеңди жан-дүйнөңдүн табытына айлантпа.

32. Каалаган нерсеңе жеткен соң, андан ыракат алганга убакыт тап.

33. Өзүңдүн курч акылыңды бирөөнү таарынтканга эмес, таң калтырганга пайдалан.

34. Жашоодон ыракат ала билүү – мына ушул бакытты чакыруунун эң мыкты ыкмасы.

35. Бакытты башка жактан издебе: ал ар дайым сени менен жүрөт.

36. Жашоого карыз болгуң келбесе, бүгүнкү бүтүрчү ишиңди эртеңкиге калтырба.

37. Башкаларды түшүнгүң келсе – өзүңө үңүлө кара.

38. Өзүңдү башкалардыкы менен эмес, өз ченемиң менен баала.

39. Буйрук бергенден мурда, аткарганды үйрөн.

40. Кирерден мурда, ал жерден кантип чыгышты ойло.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз