Элмира АЖЫКАНОВА: Жакшы бар, Батья!

  • 03.08.2021
  • 4088

АҢГЕМЕ

Иш көп, убакыт тар. Таразда жашаган эже-жездемдин тоюна  шашылыш барып, кайра тез кайтышым керек. Ошон үчүн кечки поездге олтуруп, тундө жол жүрүп, эртеси тойго катышып, кайра түнкү поезд менен кайтам деп баратам.

Темир жол бекетинин жүргүнчүлөр келип-кетүүчү тарабына өттүм. Бишкек-Москва поездине эл жабалактап түшө баштаптыр. Меники 8-вагон, 21-орун экен. Вагонумду таап, ичине кирдим да орунумду издеп жөнөдүм. Кыжы-кыйма жүргүнчүлөрдү аралап барып, 21-орунга  жайгаша баштадым. Күрмөмдү чечип илип, чоң сумкамды олтургучтун алдындагы үкөккө салдым.

Номурларды караштырып, өз ордун издеген жүргүнчүлөр поезддин ичинде кымгуут. Өздөрүнөн да жүктөрү көп.

- 20-орун ушул бекен? – деди москоол денелүү ороң-бараң сүйлөгөн аял.

- Ооба, ушул жерде экен, - деп маңдайымдагы орунду көрсөттүм. Чачын мулуйтуп эркекче кырктырган, турмушунда анчейин жакшылык көрбөгөндөй кебетеси жүдөө, менден улуураак аял кир чалган  эски баштыгын жерге күп эткизе таштады.

- Эже, карай туруңузчу. Мен азыр келем, - деп вагонду аралай басып кетти.

Менден улуу экени көрүнүп турат. Мейли, эже дей берсин. Не болсо да аман-эсен жетип алсак болду.

Тигил аял кайра тез эле жулуңдап жетип келди.Олтургучтун бетин көтөрүп жерде жаткан баштыгын үкөккө салды да, үстүнө талп этип олтурду.

- Рестораны ачыла элек экен иттики, - деп койду.Кызык аял экен. Баса, андан көрө бул аялбы? Аялга окшош эркектер бар эмеспи. Көкүрөгүн карадым. Аял эле экен.Кара жанын карч уруп, эркектин ишин кылган неме окшойт деп ойлодум.

Аңгыча поезд солк этти. Акырын ордунан козголуп жыла баштады.

- Эже,кай жерге чейин барасыз? – деди мага.

- Тараздан түшүп калам.

- Ошол жактык болосузбу?

- Жок, эжемдикине конокко баратам.

- А жакшы. А мен андан ары Түлкүбаска чейин барам. Анан Сары-Агашка такси менен кетем. Жарым сааттык жол. Кызыма баратам.

Чынымды айтсам анын кайда барары мени кызыктырбайт деле болчу. Жол жүргөндө терезеден сыртты карап, өзүмчө болгонду жакшы көрчү элем. Бирок айла жок, сүйлөшүп барууга туура келет.Анан сегиз саат бою тиктешип олтура бермек белек.

Тигил аял чөнтөктөрүн сыйпалап сигаретин, шереңкесин алып чыкты да:

- Мен тамеки тартып келейин, – деп ордунан туруп кетти.

Поезд улам ылдамдап, бир ыргакка түшүп шарактап кетип барат. Күн кызарып батканы калыптыр. Тигил аял тамбурда тамекисин тартып турса керек.

Мен чарчаганымды сездим. Узунуман тушүп жаткым келди. Бир аз уктап алсам деле болмок. Бирок тигил аял аркы-беркини сүйлөй берип, жайыңа коё турган эмес.

Аңгыча ал эки бөтөлкө пиво көтөрүп, тамеки жыттанып жетип келди.

- Келиңиз эже,  пиво ичебиз, -  деп бөтөлкөлөрдү үстөлгө тарс эттире койду.

- А жок,  мен ичпейм, өзүңүз иче бериңиз,  – дедим.

- Эмнеге ичпейсиз? Анда арак алып келейинби?

- Жок, арак да ичпейм, мындайларга таптакыр жокмун, - дедим калп айтып. Албетте, иччү  жерде ичип эле жүрөм дечи. Бирок бул жерде эмес да.

- Кап, - деп кейип калды тигил. – Анда мен өзүм иче берейин, - деп бөтөлкөнүн оозун ачып,  кулкулдатып көтөрүп жута баштады.

- Идиш берейинби?   Менде желим стакан бар.

- Кереги жок, мындай эле ичем. Стаканга ыраазы болбойм мен.

Бир бөтөлкөсүн тез эле бүтүрө жаздап койду.

- Эже, атыңыз ким? – деди бир убакта.

- Бактыгүл.

- Аа бактылуу окшойсуз ээ?!  Күйөөңүз, балдарыңыз  барбы?

- Бар.

- Ошондой, тартиптүү неме экенсиз. Негизи күйөөсү барлар созулуп маданияттуу болушат,  мен сыяктуу калжаңдабай...  А менин өз атым – Батма. Бирок баары эле Батья дешет.

Поезд кайсы бир станцияга бир азга токтоп кайра жүрдү. Күн уясына батып кетти. Эми тез эле күүгүм кире баштайт. Казактын кең жайык талаалары кыйырына көз жетпей созулат. Поезд жылбай элеай-талаа тегеренип артка жылып жаткандай. Тиги Батья бир азга унчукпай калды. Пиво магдыратып койду окшойт.

- Билесизби,мен үчүн бүгүн өтө кубанычтуу күн. Ушул күндү сегиз жыл бою күткөм.

Эки алаканы менен көкүрөгүн таптап-таптап койду. Нуру өчкөн кайдыгер көздөрүнө жылуулук кирип күлмүңдөй түштү.

- А болсун. Кандай күн?  Төркүнүңүзгө баратасызбы?

- Жо-ок, менде кайсы жыргаган төркүн?! Аман эле болушсун алар. Мен эркиндикке чыктым да, эже!  Сегиз жыл түрмөдө жаттым да.

- Сегиз жыл?  Түрмөдөбү?

- Ананчы!  Убийство менен түшкөм негизи.

Пивосун чалкалап жутуп жатып мени не дейсиң дегендей көз албай карады.

Мына сага дедим ичимден. Ошондой,бул жөн аял эмес болчу. Жүрүш-турушу түрмө“жыттанып”турганын эми түшүндүм. Кичине кооптоно түштүм. Кимди өлтүргөнүн сурагым келди. Бирок батына албадым.

Батья бошогонбөтөлкөнү вагондун ортосундагы жолго тоголотуп ийди. Дароо эле экинчисин ачты дабир көтөрүп жутуп, оозун бекитип жанына койду.

- Эже, мени киши өлтүргүч экен деп коркуп калдыңыз ээ?

- Жок, корккон деле жокмун, - дедим сыр бербей.

- Анда эмнеге унчукпай олтуруп калдыңыз? – деп вагонду жаңырта жыргап күлүп алды. Күлкүсү да карсылдап эркектердикиндей.

- Чоңкырсыкка кириптер болгон тура деп ойлонуп калдым, - дедим.

- Ооба эже,кырсык болду ушундай. Мынча болду айтып берейин сизге. Эки жашар кызым менен ажырашып кеткем. Күйөөм алкаш болчу. Жакшы эле чыдадым, болбоду. Бир жылдан кийин экинчи күйөөмө тийдим. Өзүмдөн эки жаш кичүү эле. Кандай десем, официалдуу үйлөнбөдүк. Экөөбүздүн тең паспортубуз жок болчу. Жасаталы десек башка да документтерибиз жок болуп чыкты. Кыскасы, азабы көп экен.Ошентип никебиз жок эле чогуу жашап калдык. Башта жакшы эле ынтымактуу элек. Анан бара-бара ал мени кызганып кол көтөрө баштады. Чынында бизди арак завод бузду да. Ошол жерге бекер жумушка кириптирбиз. Балакеттин баары ошондонбашталып олтурбайбы.

- Ал жерден арак берчү беле?

- Жок, бербейт. Бирок баары бир эптештирип алып чыгабыз да. Үйгө алып келебиз, дүкөнгө өткөрөбүз дегендей. Досторубуз келет. Алардын көңүлүн алабыз. Кызыгандан кийин ар кандай сөз чыгат экен. Тиги күйөөм мени досторунан кызгана баштады. Мен деген жаш кезимде сулуу элем да.Ошентип экөөбүздүн урушубуз күчөдү. Чынымды айтсам, менин ачуум тез келчү. Анан кантип бычак менен сайып алганымды билбейм. Табарсыкка сайыптырмын. Тез жардам чакырышыптыр. Алар келгиче эле кансырап өлүп калбадыбы. Анан болду, ошо...сегиз жыл беришти.

Колундагы пивосун дагы бир көтөрүп жутуп алды.

-  А тиги кызыңыз  эмне болду?

-  Кызым ошондо төрткө чыгып калган. Такылдап сүйлөп, тили да таттуу эле. Казакка тийген сиңдимдин колунда калды. Байкуш сиңдим балдар үйүнө өткөртпөй чуркап жүрүп алып калды. Азыр ошо кызыма  кетип баратпайымбы.

Кызы жөнүндө айтканда жүзүнө жылуулук кирип, көздөрү нурданып, мээримдүү көрүнүп аялга окшошо түштү. Кантсе да эне да.

- Кызыңыз чоңоюп калгандыр азыр?

- Ооба да. 5-класста окуйт. Он экиге чыгып калды ананайыным.

- Ал билеби сиздин түрмөдө олтурганыңызды?

- Жок,  мени Россияга иштегенге кетти деп коюшкан. Алиги окуяны көргөн эмес. Кээде мүмкүнчүлүк болуп калганда телефон чалып турдум. Байкушум, үнүнөн сезилет мага таарынганы. Качан келесиз деп сурай берет анан  ыйлап калат.

Батьянын үнү бузулуп, көздөрү жашылданып, кубанганы да, өкүнгөнү да каректерине калкылдап чыкты. Мойнуна орогон чаар-ала  жоолугун чечип, көздөрүн, оозу-мурдун сүрүп-сүрүп алды. Канткен менен  аял да, Кудай мындай тагдырды башка салбасын. Аны бир чети аяп кеттим. Бирок эмне дейм?

- Батма, эми ошол кырсыктын баары артта калсын, ошону менен чыгып кетсин, - деп көңүлүн уладым.

Кимден болсо да бир  жылуу сөз уккусу келип турган учуру экен. Башын ийкегилеп, дагы эмне айтат дегендей  мени үмүттүү карап калды.

- Өткөн өттү,  кеткен  кетти. Эми деле алдыда далай өмүр бар. Кайрадан баарын жаңыча башташ керек, - дедим.

Жылуу сөз кимге жакпайт. Батьянын көңүлү жандана түштү. Оюндагыны айттым окшойт.

- Ооба эже,  түрмөнүн справкасы  менен барсам паспортту тез эле жасап берет дешти.  Паспортум колго тийсе эле жашоону баштайм да... Эми  күйөөгө тийбейм сволуштуку.  Күйөөгө момундай тойдум, – деп колу менен кекиртегин туурасынан сызып койду.

Ошентип Батья экөөбүз аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп далай жолду арбытып коюптурбуз. Вагондун терезесинен  тээ ыраакта жылт-жылт эткен гана жарыктар көрүнөт.Таразга жетерибизге аз  калды. Мен күрмөмдү кийип, сумкамды үкөктөн чыгарып, жерге түшкөнгө камдана баштадым. Поезддин ыргагы жайлап,  Жамбылдын станциясына жакындап калды. Батья да буюмдарын жыйнаштыра  баштады. Эки станциядан кийин эле Түлкүбас.

Экөөбүз кош айтышып, эшик тарапка жөнөдүм. Поезд солк-солк этип токтоду. Камданып турган бир топ жүргүнчүлөр жерге түшүп калдык. Артка баса түшүп 8-вагондун терезесин карадым. Сапарлашым мага күлө багып кол булгалап жатыптыр. Мен да ага кол булгалап кош айттым. Поезд кайрадан бир силкинип алды да,  жыла баштады. Мен элдин шары менен таксилер токточу аянтка карай бастым.   

- Жакшы бар, Батья! Ишиң оңолсун, эми жакшы жолго түш! – деп өзүмчө ичимден ниет кылдым.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз