Гүлсүнай Маамова: Жаза

  • 21.07.2021
  • 4133

АҢГЕМЕ

Оочу-Калачынын күн чыгышындагы жон боордон ылдый өйдөлөгөн марза четине кызыл кирпичтен салынган үйдүн пайдубалы түптөлө баштаганда жакшы тилек менен отургузулган төрт-беш түптөй жүзүмтак асылга кирип калганы качан. Түп жагы кыйла жооноюп, көөлөмдө иш билги Сами астейдил кунтун салып хамтак кылганынан болсо керек, ар жеринен темир куур менен тикеленген сабактары төрт чарчылана бекитилген шыргайларды бойлоп жайыла, калың бериктерин оголе жазы байлагандыктан эми гана чүмөк ата баштаган шиңгилдер бир караганга байкала бербейт.

Чарбактын этек жагындагы эски үйдүкү окшойт, бир кезде чети оюуланган жалгыз табакалуу эшиктен кирген Иза дал ушул көлөкөсү калың жерден өтүп баратып кошунанын коргонунан ылдый саздакта өскөн топ сада-кайрагачта чак-чак эте берген сагызгандын шакылдагын күтпөгөндүктөн селт эте түшүп: «Өлүп кет, өз башыңа көрүнгүр ээ»,- деп каргап артына түкүрүндү. Анан ичинен ырымдаганына көңүл жай боло түшкөнсүдү. Жок, баары бир сагызган оюн бузуп жибергенине кыжырлана топ сада-кайрагачтан душманынын караанын издей, көзү түшсө уруп жиберүүнү көздөп, жерден муштумдай кесек алды. Балээни көрсүнбү, ыргытылган кесек коргондун кырына жетпей «топ» деди.

Босогодогу көөнөрүп, кейпи кеткен батинкеден улам эринин келгенин билип, саамга аялдай, жаңеле сагызгандын шакылыктаганына да карабай, али бүткөн боюна жагым таратып турган ички сезимине суу бүркүп жибергендей муздап алды денеси. «Саат экиде жолугушабыз» деген охоюнун турпаты көз алдына элестеп ичи тызылдады.

Сырттан чыккан дабышты утурлаган Сами солкулдаган боюна сары атлас көйнөгү жарашып, көкүрөгү жарашыктуу аялын көргөндө мурдагыдан да чырайы ачылып кеткенин баамдады. Бир кездеги адатынча жерден так көтөрө өпкүлөп тегеретип-тегеретип жибергиси келди. Андайда жадырай күлүп, дүйнөсү түгөл келинчегинин аксаргыл жүзүн кан тээп, аппак билектери менен анын мойнунан кучактай ого бетер ык сала калмайы бар. Азыр болсо бир албырып, кайра сустая түшкөн аялына антүүгө батынбай туруп калды астанада. Кол учун берген Иза:

- И-и, келген экенсиң, жүрө түшсөң болмок, - деди какшыгы, чыны билинбей.

Бир топко көрүшпөгөн жубайлар бул жолу эмнегедир ысык жолугуша албады. Сами ашканада жана эле кайнап чыккан чайдын шуулдаганын тыңшай, райкомдун тапшырмасы деп жыл он эки ай тездетилген ыргак менен курулуп жаткан короо-сарайдын курулушунда жүрүп тажап келгенин, үй-бүлөлүк жылуулукту эңсегенин туйду тереңден. Бүгүн кандай болбосун ортодогу мамилени оңдобосо болбойт, үйдөн бекер безип жүрүптүрбү, жарын ынандырып, керек болсо кызматтан баш тартып, мастери жок эле жумушчу болсо да баштагыдай бапырап жашасак деп ниеттенди. Анан бир жумадан бери алынбай түктүйүп өскөн сакал-мурутун кырганы ээгин самындап, эшик туштагы күзгүгө карана кетти.

Иза адегенде эмне кыларын билбей далдырай түшкөн эле. Ички үйдөгү чоң күзгүдөн карап бой турпатына көз жиберди. Орто бойлуу, аксаргыл жүзүнө кара карандаш жүгүртүлгөн ичке кара кашы, сурмалуу көзү жарашкан, эч кимден кем дебегидей сулуу келин карап турду. Эки анжыланып, эмне кылсам, барбай эле койсом бекен деди. Андай дейин десе тереңиндеги тымызын каалоо жанотун жеп, азгырып, барбай коюуга болбосун туюнткансыйт. Эмне экен, охой күткөн жалгыз мен бекемин, барам эле деди акыры оюн бекемдеп. Анан бөтөн бирөө барчылап эшикти ичинен илип, жаңы ак атлас эмчек тарткычын, ага өңдөш ич көйнөгүн алып кийди шифоньерден. Тандап туруп жол-жол зымы бар, өңү айтып тургандай, миңзым көйнөгүн үстүнө салганда ого бетер жарашып калды, узун чачынын түрмөгүн жазып алды өрүп. Шылтоонун жакшысы ушул, Кайракумдун базарына түшүп чыгам дейт эрине, кой деп көрсүн…

Сумкасын билегине илип, туфлийин кийген соң, ысмыс жок эле эрине:

- Келиндер менен Кайракумга, Чумчук аралга түшөбүз, балдарды өзүң ал бакчадан, - деди.

- Чактүштөбү?! Чай демдедим, бир отуруп чай ичели, эртең деле барсаң болот да, базар качабы?

Жубайы барбаса деген кыязда үмүттүү карады, анүстүнө чарчап келсе…

- Чай ичпейм мен, анда жүр өзүң да, чогуу барып келели…

Жүдөгөн кебетесинен айнып кетти адегенде ооз учунан айтылган кепке муюй түшкөн Сами.

- Анча дегдеп калыптырсың, барып келе бер, чарчап турам, сен келгенче жуунуп-пуунуп алайын.

Шаарга кетчү чоң жолго чыккан Изанын көзүнөн учканы – ак «жигули». Башканын баарын баштан чыгарып, алдыдагы оюну кызык жолугушуунун саресемеси басып ашыгып баратты. Тигине, тиги жолду кесип өткөн чоң каналдын аркы өйүзүндөгү дүкөндүн далдаасында туруптур. Келер-келбесин билбей бушайман болуп турса керек, охоюнун сүйүнгөнү маңдайдагы алакандай күзгүдөн билинип турду, кумардан уткансып. Иза машиненин арткы эшигин ачып, отурар менен ал жанындагы тырмактай кнопканы басканда индия музыкасы төгүлдү жүрөктү делбиретип. Ак «жигули» ак куш болуп сызып бараткансыды көкмөк болуп мелмилдеген Сыр-Дайраны бойлоп.

Эртеден бери аки-дүкү болгон жүрөгүн басып, эмнеси болсо да бул тиричиликтин көйгөйүн унутуп, канчага созулса да жанга жагым сезим койнунда наздангысы, көлкүлдөп эригиси келди ушуга жетем деп сарсанаа чеккен, бук болгон көңүлү жазыла Изанын. Мукамы келишкен музыкага кошулуп жигулинин ичине француз атыры таралды. Бул экөөнө гана таандык сезим отун жандырды… өткөндөгү окуя тартылды көз алдына, анда да Сами жок болчу үйдө, Айпара конокко барып келели деп коёр  жанын койбой алып чыккан үйдөн. Көрсө конокко дегени – ушул «жигули» менен табият койнуна сиңип кетишкен жашыл адырларды аралайт. Алдыңкы орундагы эки жигитке унчукпаганы менен Айпара экөө чүкчүңдөшө кетишкен.

- Ии, эмне болуптур, күйөөң Сами азыр соо жүрдү дейсиңби, курулушта студент кыздарды жандап, сени ойлоп да койгон жок чыгар… Обу жоктонбосоң сыйлап жаткан соң.

- Ээ буга айткан кайран сөз, эми эмне болсо болду, көрө жатармын. Же өзүмө өзүм ишенбейминби чебелектегидей,- деген өзүн-өзү ичинен басып. Адегенде асти колун бөтөн эркек кармап көрө элек Иза асманы айдан түйүлгөн. Акыры «кыздын көөнү болбосо, таздын көөнү», кампания үчүн деп атышып мындай жуп отуруштарда болбой койбочу, ичимдиктен алдырышкан…

Арткы орундукта назданган Иза алдыга ийилип, ылдамдыкты дагы да ашырган жигиттин рулду бек кармай, тамырлары бөртүп чыккан колунун үстүнө алаканын басты. Денедеги кан тамыр лукулдай согуп, чың билекте жашчылыктын күчү ташып туруптур, делебеси козголо, аппак билеги охоюнун тармал чачтуу моюнуна оролду. Ак «жигули» жол четинен токтоп, артына бурулуп келинди өпкүлөгөн Нажи:

- Азыр, мындай түшүп, шам-шум эткенге бирдеме алып алалы, үйгө барбадым «колго түшүп» калбайын деп.

Иза да ичи сыйрыла, ачка экенин эми эстеди. Эки нандын ортосуна басылган шишкебек, кагазда бадай таттуу оролгон анжир, бир бөтөлкө аракты колтуктай чыккан охою машинени түз эле күн чыгышка созулуп жаткан каналды бойлото айдады. Бул таштан-ташка урунуп тээ Өзгөрүштүн капчыгайын жара аккан Кожо-Бакырган суусунун теске салынган бир нугу. Дарыя эрте жаздан өрөөн бойлоп тарам-тарам болгон бетон каналдарга бөлүнүп кетип көз жетпеген, чети адыр этектеп саңгалакка туташкан пахта, тамеки, жүзүм бактарынын суусун кандырат да кышы менен мелмилдеп, бетин майда чыбырчык толкун каптаган Сыр-Дайрага ташталат. Чоң жолдон ыраак, канал бойлоп өскөн тыт, суу талдары аралаган ак «жигули» көздөн далдоо жерге кирип кетти…

- Кел, Иза! Мен сенин дайым сулуу жана жаш болуп жүрүшүң үчүн ичемин, тилегимди актап кой?

Жалынып-жалбарган кепке жибип, пияладагы арактан жутаар менен ачкарын неменин башы тегеренип, көңүлү делбирди булуттун үстүндө жүргөндөй каалгып. Анан барып кең дадылуу жигиттин кучагына кантип киргенин да өзү да байкабай калды.

Атлас эмчек тарткычтан башкасы машиненин арткы айнегинин астында жатты…

Денеси жазылып, уйпаланган келин өзүнө келгенде убак бешимден ооп, тыт жалбырактарында ойногон күндүн нурлары эбак өчүп калыптыр. «Күн жаайт окшойт», ичиркенип алды, көөдөнүнөн сызылган бир сезим жектеп, эмелеки ишинен көңүлү жипкирип чыкты эмнегедир. Өткөндө да ушундай абалга кабылган, жетерине жеткенче өзүн коёрго жер таппай, көкшүнү сууп өлгөн соң киргил сезим аңдыйт да турат. Же бул азгырыктуу жолдон баш тартканга күчү жетпейт, ананкысы улам кызыктырып…

Көңүлүн орогон кыжаалаттан арылуу үчүн береги шар аккан канал суусуна жуунуп алмай болду, тазараар. Акырын жерге түштү жылаңач жыңайлак. Капталдарына бетон төшөлгөн зор каналдын кырынан буттарын салаңдатып ылдый отурду, чымын-куюн болуп чимирилип жаткан иримден башы тегерене түшүп, жүрөгү аркасына тартып кетти үрөйү уча.

- Нажи!!! - Көзүн жуумп, отурган жерине катты. Бир кезде толуп-ташып, балыр жайнаган капталын көмгөн суу жол-жолдон айдоолорго бурулуп отуруп бөксөргөн сайын балырлар кургап, өңү өчүп ыпыраганы менен бутуна жумшак тийди.

Нажи машинеден чыгып келди.

- Чака менен суу куюп жиберчи?

Эңкейип, желим чакага каналдан суу сузуп алган Нажи бери боло бергенде Иза каналдын так аркы өйүзүнүдө жапжакын эле жерде бой барабар жүгөрүлөрдү жүзүнөн ары шилей, бир колу менен кетменин желкесине кармаган, алакандай көзү жалтырап, эриндери бек кымтылган капкара мурутчан кишини көрүп, эки тизесин колу менен кучактап, ого бетер бүрүшө кирерге жер таппай шашып калды.

- Куй! Куюп жибер эми, селейбей?

Ийнине шуулдай төгүлүп, бут алдындагы кургап калган балыр суу тиер менен самындай тайгаланып, көз илешпеген тездикте келиндин салбарлуу денеси тайгаланып барып зыпылдап агып жаткан киргил сууга шалп эте кулап түштү.

- Нажи!!! - Заманасы куурулган ачуу чаңырык каналдын ылайка, жыламык суусуна чакап, тээтигиндей агып баратып чак этти. Өйүздөгү кара муруттуу кетменчен кишинин кол шилтей, тескери бурулганына көзү түшкөн Нажинин айласы кете алдастай, ушунчалык ылдам аккан сууга боюн уруп-уруп жиберип, чабак атымыш болуп жөнөдү. Жыпжылма, жылаңач денени кучактаганга аракет кылганына карабай балырдай жылмышып колго турбай, чимирик аткан суу кыйла жерге алып кетти экөөн тең. Жанале делбетап кылган ичимдиктен ныпым калбай, бар күчтөрүн жумшап далбасага түшүштү каналдын жээгине жетпей… Изанын үмүт кылганы Нажи, анын кандайдыр айла-амал таап бул кырсыктан куткараарына бел байлаган болот, кудайлап… Кайдан, анысы эми өз айласын таппай, ар-ар жердеги бетонду жара чыккан бирин-серин сербейген чөптү огожо кылган болот тырмышып. Ага болбой чимирик суу койнуна оп тартып аны да алсыратып баратты оозу-мурдуна толуп.

Акыркы ирет суудан башы сорок эте көмөкөйүн толтурган сууга деми кыстыгып, көзү түшкөнү бул болду. Нажи канал бойлоп тартылган зымга жетип, жээкке чыгууга тырмышып жатыптыр, ага жетпеди Иза…

- Ох! - Арманы менен өкүнүчү көөдөнүн куйкалап өз түбүнө өзү жеткенин баамдагансыды, жансерек көз алдына уулу менен кызы, анан Сами тартылып, башкага чама-чаркы да келбеди…  Анан эле узун, кара чачы аттын жалындай жайыла калкып барып, киргил сууга шимилип кетти… Изанын бул жарык жашоодо акыркы ирет көргөнү кабагы салыңкы бозоргон асман болду. Суу болсо эч нерсени көрбөгөн, билбеген эмедей зымырылып, чимирилип агып жатты чөп-чар, анда-санда жаман галош, майрык өтүк, чирик-мирик тактайдын таарындысы лып этип көрүнө калганы болбосо…

Эптеп чыгып, о кыйлада өзүнө келген Нажи көз ачып-жумганча болуп өткөн каргашадан не кылаарын билбей калчылдап отурду. Тытылган, шүүшүңдөп канталаган денесин сүйрөп Изаны издеди, эс акылын жыя албай канал жээктеп ары-бери чуркамыш этти төгүп келген жамгырга аралаш. Мурутчан киши эсине түшкөндө артын көздөй качып, демигип жетип келди машинесин пааналатып койгон жерге. 

Бая машинеден түшкөндө Иза тутамдай түшкөн окшойт, көк майсанын үстүндө миңзым көйнөгү жатыптыр эмеле карабашыл адамды оп тартып алган береги суудай жымылдап. Жерден алды да, эки жагын элеңдей карап, туфлий-суфлийине кошуп баарын ыргытты каналга. Жеңил көйнөк чаркөпөлөк айлана дирилдеп бара жатты ушуну менен жер бетинен жеңил ойлуулуктун изин үзгөнсүп…

Жамгыр болсо эми майда-майда дыбырай жылуу тамчылары менен жолду, жапжашыл дүйнөнү, кыпкызарып бышкан тыт мөмөлөрүн, каналдын капталындагы суу тийбей ыпырап, кургап калган балырларды жууп-чайып жатты…

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз